1-Май райондук соту Аликбек Жекшенкуловго байланыштуу ишти карады

Райондук сот Аликбек Жекшенкуловго байланыштуу коюлган айып менен козголгон эки ишти бириктирип кароодо. Бириккен оппозициялык кыймылдын мүчөсүнө тышкы иштер министри болуп иштеп турган мезгилде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген жана түркиялык ишкерди өлтүрүүгө көмөктөшкөн, деген айып менен кылмыш иши козголуп, сотко ашырылган.
Бүгүнкү жараянда бул иштерге байланыштуу күбөлөр суралды. Кийинки сот жараяны 26-июнда уланат.(ZKo)