Пакистандагы суу ташкындан 800 киши курман болду

 150дөй адамдын дайыны табыла элек. Улуттар Уюмунун гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү башкармалыгынын маалыматтарында жабыр тарткандар саны бир миллиондон ашты. Коңшулаш Ооганстанда суу ташкын 65 кишинин өмүрүн алды. Миңдеген үй-бүлөлөр ай талаада калышты.