Адам укуктарын чагылдырган даректүү тасмалардын эл аралык фестивалы Кыргызстанда төртүнчү ирет өтүп жатат. Бул жолу ага Эстония, Монголия, Америка, Кытай жана Кыргызстандан 28 даректүү тасма катышууда. “Бир дүйнө - 2010” 27-октябрга чейин уланып, Кыргызстандын бардык аймактарында көрсөтүлөт. Иш чарага жергиликтүү укук коргоочулар катышууда. (КЕ)