Бүгүн парламенттин жаңы жылдагы алгачкы жалпы жыйыны болот

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдагандай, бүгүнкү жалпы отурумда экономикалык маселелер, калктын 2010-2011-жылдын күзгү-кышкы мезгилине даярдыгы талкууга алынат. Мындан тышкары Токтогул суу сактагычында суунун зарыл болгон көлөмүн топтоо боюнча чаралар, Шайлоо кодексине өзгөртүүлөр өңдүү бир катар маселелер жана мыйзам долбоорлору каралаары күтүлүүдө. (KKs)