Нарында энелерге арналган кече өттү

Энелер күнүнө карата Нарын шаарында салтанаттуу кече өттү. Шаар жетекчилиги куттуктоо сөзүн айтып, Жумамүдүн Шералиев атындагы искусство мектебинин өнөрпоздору концерт тартуулашты.  23-майга чейин  мектептерде  ачык сабактар өтүп,  бала бакча, китепканаларда Энелер бурчтары уюштурулууда.  Ал эми 20-май күнү жергиликтүү бийлик  Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүндө жаткан энелерге гүл тапшырат. Президенттин жарлыгына ылайык, быйылтан тарта май айынын үчүнчү жекшембиси Кыргызстанда Энелер күнү деп белгиленет. (ThS/RK)