Ачкачылык жарыялагандардын саны 29га жетти

Жалал-Абад шаарында ачкачылык жарыялаган аялдардын саны 29га жетти. “Азаттыктын” кабарчысы маалымдагандай, бүгүн эртең менен эки аял оорукана жиберилгенден кийин дарыгерлер дагы үч аялды ооруканага жаткыруу аракетин көрүүдө. Үчөөнүн арасында кош бойлуу аял бар. Наарызылык билдирген аялдар Камчыбек Ташиев баштаган үч депутаттын бошотулушун талап кылышууда. (YA/KKs)