Аба ырайы

20-майда Кыргызстандын аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, айрым жерлерде күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн  +9... +14, күндүз  +18... +23 градус,
Талас облусунда түнкүсүн  +7… +12, күндүз  +17…+22 градус,
Баткен облусунда түнкүсүн  +8…+13, күндүз +20…+25 градус,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11... +16, күндүз +21 ...+26 градус,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4... +9, күндүз  +14... +19 градус,
Нарын облусунда түнкүсүн +5...+10, күндүз +15... +20 градус болот.

Бишкекте 20-майда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14 градус, күндүз +20…+22 градус болот.