“Мен бийчи” фестивалы өттү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Фестивал 14-сентябрда борбордогу “Спартак” стадионунда өттү. Аны кыргызстандык бийчи Атай Өмүрзаковдун продюсердик борбору уюштурду. Фестивалга Канада, Франция, Орусия, Германия, Казакстандан бийчилер келип, бийдин бир нече түрү боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашты. Негизги конок катары Британиядан келген белгилүү аткаруучу Крейг Дэвид болду. Экинчи жолу уюштурулуп жаткан “Мен бийчи” фестивалы быйыл Бишкек шаарынын 135 жылдыгына арналды. (Жанарбек Жолдошбаев)