Сочи 2014: Олимпиада оту Түндүк уюлга жетти
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Сочи олимпиадасынын оту 65 миң чакырым басып, тарыхта биринчи жолу Түндүк уюлга жетти. “Жеңиштин 50 жылдыгы” атындагы муз жаргыч кемеге түшкөн сегиз өлкөнүн: Орусия, Норвегия, Финляндия, Канада, Швеция, АКШ, Исландия жана Даниянын өкүлдөрү олимп оюндарынын отун планетанын эң түндүгүнө алып барышты. Москвада сапары башталган Сочи олимпиадасынын оту 123 күндүн ичинде Орусиянын бардык аймактарын кыдырат.