Нелсон Манделанын сөөгү жерге берилди
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Түштүк Африка Республикасынын мурдагы президенти Нелсон Манделанын сөөгү Түштүк-Капск провинциясындагы Куну кыштагына коюлду. Сөөк коюу Мандела чыккан коса элинин жөрөлгөлөрү менен коштолду. 10-декабрда Йоханнесбург шаарында өткөн тажыяга дүйнөнүн жетимиштей өлкөсүнүн өкүлдөрү катышкан.
Африкадагы апартеидге каршы күрөштүн каарманы, 27 жыл түрмөдө отурган, Түштүк Африка Республикасынын биринчи кара түстүү президенти, Нобель сыйлыгынын лауреаты Нелсон Мандела 5-декабрда 95 жашында дүйнө салган (Reuters video)