Гендик модификацияланган азыктарга тыюу салуу аракети көрүлүүдө

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык комитетинин төрайымы Дамира Ниязалиева билдирди. Анын айтымында, мыйзам долбоору экинчи окууда Социалдык комитетте 21-январда каралат.

Долбоордо гендик модификацияланган организмдерди жана азыктарды Кыргызстанда өстүрүүгө, өндүрүүгө, алып кирүү жана сатууга тыюу каралган. (AiT)