Украинанын эки аскерий учагы өлкөнүн чыгышында атып түшүрүлдү

СУ -25 учагы .

Бул маалыматты украин коргоо министрлиги ырастады. Министрликтин басма сөз катчысы Алексий Дмитрашкивскинин билдиргенине караганда, учкучтардын тагдыры белгисиз.

Украин бийликтерине чейин Снижне деген шаарчанын жанынан Су -25 үлгүсүндөгү учакты атып түшүрүшкөнүн жикчилер өздөрү кабарлашкан эле. Алардын  айтымында, учактан ал кулаганга дейре чыгып кетүүгө үлгүргөн  учкуч азыр изделип жатат.

Жикчилер билдиргендей, алардын огунан украин армиясынын дагы бир СУ -25 учагы зыян тарткан, бирок башка тарапты көздөй учуп кетүүгө үлгүргөн.

Аскерий  учактар  атып түшүрүлгөнү боюнча жаңы маалымат 17- июлда Украинанын орусиячыл жикчилер көзөмөлдөгөн  аймагында Малазиянын жүргүнчү учагы кыйрагандан кийин чыгып олтурат.

АКШнын чалгын мекемелеринин соңку иликтөөлөрүннө караганда, Малазиянын жүргүнчү учагын Украинадагы  орусиячыл жикчилер SA -11 ракетасы менен жаңылыш атып алган   болушу  мүмкүн.

Бул “Бук” ракеталык-зениттик комплексинин АКШ менен НАТОдогу классификациясы.  (UE)