Ош шаарындагы мектептер окуу китептер менен 62%га гана камсыздалган. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов билдирди.
Анын айтымында китеп таӊкыстыгын заманбап жол менен чечүү үчүн мектептерди аз-аздан электрондук китепканалар менен камсыздоо иштери жүрүп жатат.
Учурда Ош шаарында 59 орто билим берүүчү мектеп бар. Аларда 53 миӊге жакын окуучу билим алат. Бул мектептердин ичинде эки кыргыз-түрк жана төрт жеке менчик мектеп иштейт. Мамлекеттик билимканалардан айырмаланып, жеке мектептерде окуучулардын китеп менен камсыз болуусу 100%ды түзөт. (YI)