Волейбол боюнча эки лигада өлкө чемпионаты өтүп жатат

Бишкекте Волейбол боюнча эркектер арасында улуттук жана
жогорку лигада өлкө чемпионаты өтүп жатат. Волейбол федерациясынан
билдиришкендей, 2015-жылдагы чемпиондук наам үчүн эки лигада тең алты команда ат салышууда. Улуттук лигада “Ош бажы”, “Салам-Алик”, “Жаңы-Муун”, “Улуттук Гвардия”, “Жети-Суу” жана “Жаш күч” командалары ойношууда. Жогорку лигада “Динамо ИИМ”, “Чаткал”, “Дархан ОшТу”, “Улар”, “Теңир-Тоо Замандаш”, “Талас Шумкар” командалары өз ара таймашууда. Эки лигада мелдеш үч турда өтүп, алты команда бири-бири менен ойнойт.

Жогорку лиганын биринчи турдагы оюндары 30-январда, Улуттук лиганын оюндары 1-февралда аяктайт. Волейбол боюнча эки лигада тең өлкө чемпионатынын кийинки турдагы оюндары февраль жана март айларынын аягында болоору болжолдонууда. Былтыр Улуттук лигада чемпиондук наамды “Ош бажы” командасы алган. (ECh)