Экотехинспекция өткөн жылы 15 миңден ашуун текшерүү жүргүзгөн

Мамэкотехинспекция 2014-жылы 15 миң 474 текшерүү жүргүзгөн. Бул 2013-жылга салыштырмалуу 2 жарым миңден аз дегенди билдирет.

Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын коллегиясында аталган ведомствонун директору Таалайбек Нурбашев маалымдагандай, өткөн жылы 6 миңден ашык пландуу текшерүү жүргөн. (ZMa)