Украинада башкаруучу коалиция референдум өткөрүүнү колдобойт

Юрий Луценко, Украин парламентиндеги "Петро Порошенконун блогу" фракциясынын лидери.

Украинанын башкаруучу коалициясы улутчул "Оңчул сектор" уюмунун жалпы улуттук референдум өткөрүү идеясын колдогон жок. Бул тууралуу бүгүн Киевде "Петро Порошенконун блогу" фракциясынын лидери Юрий Луценко журналисттерге билдирди. "Самопомич" фракциясынын башчысы Олег Березюк болсо референдум өткөрүүгө эч кандай негиз көрбөй жатканын билдирди. 

Кечээ "Оңчул сектордун" лидери Дмитрий Ярош өз уюму бардык маселени укуктук алкакта чечүүнү талап кыларын айтып, өкмөткө ишеним көрсөтпөө, ыктыярдуу кошуундарды мыйзамдаштыруу, өлкө чыгышындагы жикчилер басып алган аймактарды блокадага алуу сыяктуу маселелерди референдумга алып чыгуу зарылдыгын билдирген.