Президент Алмазбек Атамбаев 14-августта Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады. Анда мамлекеттик чек арадагы жалпы абал тууралуу, чек араны коргоо жана кайтаруу, ошондой эле канаатташ жайгашкан чек араларды бекемдөө боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында маалымат берилген.
Ошондой эле Раимберди Дүйшөнбиев Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине кошулуусунун алкагында мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участкасындагы бажы көзөмөлүн алып таштоого байланыштуу көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалымат берди. Жолугушууда мындан тышкары Мамлекеттик чек ара кызматынын коңшу мамлекеттердин чек ара ведомстволору менен кызматташуусун кеңейтүү маселелери талкууланган.