Парламентте фракция жетекчилери шайланды

Парламентке өткөн партия лидерлери фракция жетекчиси бойдон калышты.

КСДП фракциясын - Чыныбай Турсунбеков, “Ата Мекен” фракциясын - Өмүрбек Текебаев, “Кыргызстан” фракциясын - Канат Исаев, “Республика- Ата-Журт” фракциясын - Өмүрбек Бабанов, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясын Бакыт Төрөбаев жетектейт. “Бирбол” фракциясынын жетекчилигине Алтынбек Сулайманов шайланды. Бул партиянын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев болчу.

Бүгүн депутаттар парламенттеги ишине киришип жатып ант беришти, БШК төрагасы аларга мандаттарын тапшырды. (AzK)