Премьер-министр Темир Сариев бүгүн Коргоо боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Марат Кенжисариевди кабыл алып, аталган мекеме алдында Куралдуу күчтөрдүн жеке курамын жана материалдык-техникалык сапатын жакшыртуу боюнча чоң жоопкерчилик турганын билдирди. Өкмөт башчы ошондой эле армиядагы тартипти күчөтүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын айтты.
- 2014-жылы 7 аскер өз жанын кыйса, быйыл бир жоокер каза болду. Тартипке өзгөчө көңүл буруп, аскерлер арасында уставдык эмес мамилелерди толугу менен жок кылуу керек, - деди Темир Сариев.
Премьер-министр командирлердин жоопкерчилигин күчөтүү жана жоокерлердин аскердик-саясий даярдыгын жогорулатуу тапшырмасын берип, өкмөт аскер кызматкерлерин турак-жай менен камсыз кылуу, аскердик-техникалык базасын чыңдоону улантарын маалымдады.
Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Марат Кенжисариевдин айтымында, учурда жарандарды аскерге чакырууда алардын психикалык саламаттыгы жана даярдыгына өзгөчө көңүл бурулууда. (RK)