Бул тууралуу куралдуу күчтөрдүн башчысы Райымберди Дүйшембиев президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуу учурунда билдирди.
Аскердик-транспорттук эки учакты Орусия Федерациясы аскердик-техникалык көмөк көрсөтүүнүн алкагында берген. Жакын арада учактарды Кыргызстанга расмий тапшыруу аземи өтөт.
Орусия Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө көмөк көрсөтүү жаатында мындан төрт жыл мурун 1 миллиард долларга бааланган аскерий техника берүүнү убада кылган. Быйыл июнь айында президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сапар менен Орусияга барган учурда бул маселе каралып, кыргыз-орус делегацияларынын сүйлөшүүлөрүндө бир нече документке, анын ичинде союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө декларациясына, аскерий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү келишимине кол коюлган. (ErN)