Полиция ок аткан адам Калифорниянын 39 жаштагы тургуну, Насим Агдам атуу аял болгонун билдирүүдө. Анын бул кадамга эмне үчүн барганы азырынча белгисиз. Дарыгерлер окуяда ок тийген 36 жаштагы эркек кишинин абалы оор экенин маалымдашты. Ошондой эле 27 жана 32 жаштагы эки аял жарадар болгон.
3-апрелде "YouTube" компаниясынын АКШнын Калифорния штатындагы Сан-Бруно шаарындагы башкы кеңсесине куралчан киши кирип барып ок аткан.
Сан-Брунонун полиция башчысы Эд Барберининин айтымында, кол салуудан соң аял өзүн аткан деген маалымат бар.
"YouTub"e компаниясынын башкы кеңсесинде 1700 адам иштейт.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
YouTube компаниясынын баш кеңсесине кол салуу болду