Сапар Исаков Атамбаевдин орун басары болуп шайланды

КСДПнын 27-апрелдеги жыйын.

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) саясий кеңеши 27-апрелде төраганын жаңы орун басарларын шайлады. Партия тараткан маалыматка караганда, төраганын орун басарлары болуп Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова, Мурадыл Мадеминов жана мурдагы премьер-министр Сапар Исаков шайланды. Жыйынды мурдагы президент, партиянын төрагасы Алмазбек Атамбаев башкарды. 

Төраганын мурдагы орун басары Фарид Ниязов партиядагы кызматынан кетип, "Апрель" фондуна жетекчи болгон. Бирок ал саясий кеңеште кала берери айтылган.

Партиянын 31-марттагы курултайында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев төрага болуп шайланган. Ага чейин партияны Ниязов төраганын орун басары катары башкарып келген. (SE)