Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттин 30-майындагы жалпы отурумунда прокуратура органдарынын 2017-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча отчет берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу "Азаттыкка" билдирди:
- Башкы прокурорго өлкөдөгү саясий жана экономикалык кылмыш иштери, аларды иликтеп-тергөө иштеринин жүрүшү боюнча да депутаттар суроо бериши күтүлүүдө.
Жамшитов 29-майда Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринде маалымат берген. Ал башкы прокурорлук кызматка 26-апрелде Индира Жолдубаеванын ордуна дайындалган. (ZKo)