Жогорку сот камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун доо арызын карайт

Садыр Жапаров сотто. 2-август, 2017-жыл.

Жогорку сот камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун доо арызын кароону 29-майда баштаган. Ал күнү судьялардын курамы толук келбегенине байланыштуу ишти кароо бүгүнкүгө жылган. 

Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Караколдогу "митингди уюштурган, ошол кездеги губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган" деген айыптын негизинде кармалган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 2-августта аны Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси (“Бийлик өкүлүн барымтага алуу”) боюнча күнөөлүү деп таап, он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен. Ошол эле жылы 17-сентябрда Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган. 

Садыр Жапаров муну бийликтин куугунтугу катары баалап, "соттор саясий буюртманы аткарып жатышат" деп билдирген. (NT)