Базар-Коргондогу борбордук стадионго Текебаевдин ысымы ыйгарылды

Асылбек Текебаевдин аты ыйгарылган Базар-Коргондогу стадион

Базар-Коргон районунун борборунда жаңыдан реконструкцияланган стадионго маркум Асылбек Текебаевдин ысымы ыйгарылды. 

3300 орунга ылайкташкан стадионго мамлекеттик бюджеттен 40 миллион сом каралып, былтыркы жылы оңдоо иштери башталган. Анын ачылышы кечээ, 2-ноябрда райондун 100 жылдык мааракесин белгилөө учурунда болду. Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков баштаган депутаттар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Борбордук стадион 1982-1983-жылдары ашар жолу менен курула баштап, толук бүтпөй калган. Асылбек Текебаев бир топ жыл журналист катары түрдүү массалык маалымат каражаттарында иштеп, “Ата Мекен” партиясынын Жалал-Абад облусундагы координатору да болгон. 2012-жылы жүрөк оорусунан улам 51 жашында көз жумган. Ал "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин бир тууган иниси. (RsK)