20-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болот

Ала-Арча өрөөнү, Чүй облусу.

“Кыргыз гидромет" агенттиги кабарлагандай, 20-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар түшөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз 3...8,

Талас жергесинде түнкүсүн -2...-7, күндүз 3...8,

Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0...5, күндүз 6...11,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1...-6, күндүз 3...8,

Нарын облусунда түнкүсүн -7...-12, күндүз 1...6,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -17...22, күндүз -7...-12 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, жолдорго муз тоңот. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз 4…6 градус болот.