Эмгек министрлиги жөлөкпул боюнча Интернеттеги маалыматты жокко чыгарды

Иллюстрациялык сүрөт.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги Интернеттеги социалдык тармактар аркылуу тараган жөлөкпул боюнча маалыматтын жалган экенин билдирди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. 

Ага ылайык, 5-декабрдан тартып "WhatsApp" мессенжери аркылуу “Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги 1991-жылдан 2008-жылга чейин иштегендерге 70 миң сом жөлөкпул берет” деген билдирүүлөр таратылган.

Министрлик мындай маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын билдирип, жарандарды башкаларга таратпоого чакырды. (BkA)