Аида Касымалиева вице-спикер болуп шайланды (видео)

Аида Касымалиева.

Жогорку Кеңештин вице-спикери кызматына КСДП фракциясынан Аида Касымалиева шайланды. Анын талапкерлигин депутаттардын 91и колдоду, 16 киши каршы добуш берди. Добуш берүү бюллетень аркылуу жашыруун добуш берүү аркылуу өттү. 

Буга чейин 14-декабрда КСДП фракциясы кезексиз жыйынга чогулуп, ушул орунда иштеген Асел Кодуранованы кызматтан алган. Бул сунушту көпчүлүк депутаттар колдоп беришкен.

Жогорку Кеңеш төрагасынын эки орун басары бар. Анын бири - “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын өкүлү Мирлан Бакиров. (КЕ)