Бишкекте жол кыймылын “Коопсуз шаар” боюнча уюштурууда айрым көйгөйлөр чыгууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда мэрияда өткөн жыйында айтылды.
“Айдоочулар жол эрежелерин сактай баштаганына байланыштуу айрым кесилиштерде тыгын пайда болуп, адамдар жумушка кечигип жатышат” деп билдирди шаар башкармалыгы.
Жыйындын соңунда 7-апрель жана Горький, Курманжан датка жана Чүй, Фучик жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде кошумча белгилерди жана жолчырактардын кошумча секцияларын орнотуу чечими кабыл алынды.
Ошону менен катар Чүй жана Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө жүргүнчүлөр өтүүчү экинчи тилке алынмай болду.
12-февралдан тартып "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи фазасы тест режиминде иштей баштады. Анын алкагында Бишкектеги 10 кесилишке камера орнотулуп, 17 стационардык, 20 көчмө программалык аппарат комплекстери коюлду. Эреже бузгандар айыппул төлөйт.
Жол эрежесин бузган-бузбаганын айдоочу uslugi.gov.kg сайтынан биле алат. (RK)