Отунбаева: Атамбаев саясий туңгуюкка кептелди

Роза Отунбаева. Архивдик сүрөт.

Мындай пикирин экс-президент Роза Отунбаева «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» берүүсүндөгү маегинде билдирди:

«Атамбаевдин командасы Фарид Ниязов менен эле шоопур болчу. Алардын акылы менен жүрүп, мына эми саясий туңгуюкка кептелди. Аягында жанында эки-үч гана партиялашы калды, башка эч ким калган жок. Өзү жыйынтык чыгарсын, эл да чыгарат, жыйынтыкты».

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Акыркы саясий кырдаал: Келечек багыт кандай?

Роза Отунбаева 2010-жылдагы апрель окуясынын деми менен башталган иштердин баары ара жолдо калганын, тамыры кесилгенин кошумчалады. Ал КСДПнын бөлүнүп-жарылып жатканы да «лидердин өзгөчө мүнөзүнө таандык» деп белгиледи. Отунбаева Кыргызстанда экс-президент институту телчиге албай жатканын белгилеп, «экс-президенттин да өзүнүн сыйы, орду бар, жасай турган иши бар. Дайыма эле президент болуп отурушу керек бекен? Биз Атамбаевдин планын түшүндүк» деп айтты.

Роза Отунбаева 2010-жылы апрель окуясынан кийин Убактылуу Өкмөттү жетектеген. 2010-жылы июнда жалпы элдик референдум аркылуу Кыргызстандын өткөөл мезгилдеги президенти болуп шайланган. 2011-жылы декабрда президенттик кызматты Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берген. 

2016-жылы 31-августта ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев апрель окуяларынан кийин эле Убактылуу Өкмөттү түзүүгө каршы чыкканын билдирип, Роза Отунбаеваны 2010-жылы «бийликке мыйзамсыз келген» деп сындаган. (ZKo)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Эгемендик: Отунбаева аянттан кетип калды