Мусакеев абакта мурда күч түзүмдөрүндө иштегендер менен кошо отурат

Иллюстрациялык сүрөт.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеев Бишкектеги №1 тергөө абагында мурда күч органдарында иштегендер менен бирге кармалууда. Бул тууралуу Кыйноого каршы улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов маалымдады. Анын айтымында, Мусакеев кармоо шартына эч кандай нааразы эмес экенин билдирген. Кыйноого каршы борбордун кызматкерлери Дамир Мусакеевдин жакындарынын өтүнүчү менен абакка кирип чыгышты.

24-майда Бишкектин Свердлов райондук соту Мусакеевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгын (мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматы) жетектеп турганда кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн деген негизде беш жылга эркинен ажыратып, ал сот залынан камакка алынган.

Дамир Мусакеев бул кылмыш ишин экс-президент менен мамилеси жакшы болгондуктан саясий куугунтук катары баалаган. Асел Кодуранова жетекчилик кылган Кыргызстан социал-демократиялык партиясы да муну бийликтин куугунтугу катары баалап жатат. (TSh)