ЖЭБ боюнча сотто финансы министрин суракка чакыруу жөнүндө өтүнүч келтирилди

ЖЭБ боюнча сот отуруму. 3-апрель, 2019-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Баш калаанын Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупциялык иш боюнча соттук кароо уланууда.

Сотто Финансы министрлигинин өкүлдөрү Нурбек Мамасадыков жана Азамат Исаков жабырлануучу тарап катары суракка алынды.

Иш боюнча башкы айыпталуучулардын бири, камакта отурган мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты азыркы финансы министри Бактыгүл Жээнбаеваны суракка чакырууну өтүндү. Исаков мүчөлүк кылган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) катчылыгы тараткан билдирүүдө айтылгандай, сот бул өтүнүчтү четке какты.

Жараянда «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев да сөз алып, министрлик мурда «долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси жок» деп айтканын эске салып, соттук экспертизадан кийин ал пайда болуп калганын кошумчалады.

Учурда УКМКнын тергөө абагында Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, парламенттин депутаты Осмонбек Артыкбаев, Салайдин Авазов жана Айбек Калиев сымал жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкерлер олтурат. Алардын баары «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер менен айыпталууда. Айыпталуучулар өздөрүнүн күнөөсүз экенин айтып жатышат.

Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча кылмыш ишин кароо Бишкектин Свердлов райондук сотунда 18-февралда башталган. (ErN)