Кыргыз балы Катардагы көргөзмөгө коюлду

Кыргыз балы Доха шаарындагы көргөзмөдө. 2-февраль, 2020-жыл.

Кыргызстандын GIMNILI, «Маңыз», «Balary», «Kyrgyz Honey» жана «Nocturne» компанияларынын өкүлдөрү ушул тапта Доха шаарында өтүп жаткан эл аралык «Сук Вакиф 2020» бал көргөзмө-жармаңкесине катышып жатышат. Бул маалыматты Кыргызстандын Катардагы элчилиги таратты.

Көргөзмөнү Катардын Соода жана өнөр жай министрлиги менен Муниципалитеттер жана айлана-чөйрө министрлиги уюштуруп, ага дүйнөнүн 37 өлкөсүнөн келген 150 компания катышууда. 

Кыргызстандык өндүрүшчүлөрдүн бул иш-чарага катышуусуна Катардагы элчилик көмөктөшкөн. (ZKo)