Вашингтон: фейк аккаунттар вирус боюнча жалган маалымат таратууда

Орусияга байланышы бар социалдык тармактарда миңдеген аккаунттар коронавирус тууралуу жалган маалыматтарды таратууда. АКШнын Мамлекеттик департаментинин кызматкери Филипп Рикер "жугуштуу вирустун жайылышына АКШнын тиешеси бар" деген жалган маалыматтарды тараткан каралоо өнөктүгү жүрүп жатканын билдирди.

Эл аралык француз радиосу (RFI) AFP агенттигинин маалыматтарына таянып, орусиялык пропагандисттер колдонгон варианттардын бирин мисал катары келтирди. Анда "COVID-19 вирусу АКШнын чалгын кызматы (ЦРУ) иштеп чыккан биологиялык курал болушу мүмкүн. Вирусту жаюу менен АКШ Кытайга каршы экономикалык согуш жүргүзүүдө" деп айтылат.

Мамлекеттик департаменттин кызматкери "Орусия америкалык институттарды жана союздарды бузуп, ичинен талкалоого ниеттенүүдө" деп айтты. Филипп Рикердин ырасташынча, жалган маалыматтарды таратуу үчүн "Твиттерде", "Фейсбукта", "Инстаграмда" фейк аккаунттар пайда болгон.

Global Engagement Center" уюмунун башчысы Леа Габриэль AFP агенттигине “бул роботтор эмес, ар бир аккаунттун артында адам отурат” деп билдирди.