27-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызстан.

27-майда Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши ыктымал. 

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;

Талас жергесинде түнкүсүн 12...17, күндүз 28…33;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 26…31;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 32…34 градус болот.