Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 10-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен үч киши каза болду. Көз жумган бейтаптардын экөө Бишкек шаарынын, бирөө Ош облусунун тургуну болчу.
Жалпысынан көз жумгандардын саны 1185 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 570 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында жана Чүй, Баткен облустарында.
Ошентип, оору жуккандардын жалпы саны 63 960 кишиге жетти.
Бир күндө 416 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3444 адам жатат, дагы 3892 бейтап үйдөн дарыланууда.
Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3654 адамга жетти, алардын 3445и айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору беш дарыгерден табылды.
Кыргызстанда март айынын этегинде башталган эпидемия июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталды. (RK)
Дагы караңыз
Коронавируска 90% туруштук берген вакцина чыктыCOVID-19: Ооруканада жаткан 3457 бейтаптын 71инин гана абалы канааттандырарлыкДүйнөдө COVID-19га кабылгандардын саны 50 миллиондон аштыCOVID-19: “Семетей” госпиталында 215 орун даярдалдыБатышта коронавирус жуккандар кескин көбөйдү