Украинадагы согушта орусиялык полковник Кондрашкин каза болду

Андрей Кондрашкин

Украинадагы согушта Орусиянын 31-аба чабуул бригадасынын командири, полковник Андрей Кондрашкин каза болду. Бул тууралуу өзүн "Донецк элдик республикасы" деп аталган аймактын "Восток" батальонунун командири Александр Ходаковский билдирди. Ал Кондрашкин кандай жагдайда өлгөнүн айткан жок.

Украин журналисти Юрий Бутусов Кондрашкин башкарган бригада согуштагы бардык негизги салгылашууларга катышканын эске салды.

Бутусов орустардын 31-аба чабуул бригадасы орус бөлүгү азыр Бахмуттун жанында жайгашканын белгиледи.

Орусиянын Коргоо министрлиги Кондрашкиндин каза тапканына байланыштуу комментарий бере элек.

Өткөн аптада Украина Бахмуттун жанындагы Андреевка кыштагын бошотконун жарыялаган. Жекшембидеага жакын Клещеевка конушу да бошотулганы маалымдалган, бирок 18-сентябрда бул кыштакта айыгышкан салгылаш уланып жатканын Украинанын Куралдуу күчтөрү тастыктады.

Дагы караңыз

"Ак-Тилекте" оор жүк ташуучу 115 машина кезек күтүп туратСасык тумоо жуктургандар бир аптада 30% көбөйдүНью-Йоркто президент Байден Борбор Азия лидерлери менен жолугат ДСУ: COVID-19 кайдан чыкканын аныктоо үчүн Кытайдан толук маалымат керек