Пакистанда поезд жардырылып, 20дан ашык адам каза болду

Жардырылган поезд.

Пакистандын Белужистан провинциясында Пакистандын коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлерин жана алардын үй-бүлөлөрүн ташып бараткан поезд жардырылды. Reuters маалымат агенттиги жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө шилтеме берип жазгандай, жардыруудан кеминде 24 адам каза болуп, 70ке жакын киши жаракат алды.

Жардыруу үчүн жоопкерчиликти “Белужистан боштондук армиясы” сепаратисттик тобу өзүнө алды. AP агенттигинин маалыматы боюнча, жанкечти-террорчу поезд Кветта шаарынан өтүп бара жатканда темир жолдун жанында бомба коюлган автоунааны жардырган.

Интернетте тараган видеодон поезддин эки вагону оодарылып, өрттөнүп кеткенин көрүүгө болот. Андын тышкары жардыруу болгон жердеги машинелер да жабыркаган.

“Аль-Жазира” телеканалынын журналисти темир жолго жакын жайгашкан имараттар менен үйлөргө да олуттуу зыян келтирилгенин айтты. Кветтадагы мамлекеттик ооруканаларда өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Пакистандын өкмөт башчысы Шахбаз Шариф кол салууну кескин айыптап, аны “коркоктук менен жасалган террордук акт” деп атап, жабырлануучулардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.

Ооганстан жана Иран менен чектешкен Белужистан Пакистандын эң чоң, бирок ошол эле учурда эң кедей провинциясы. “Белужистандын боштондук армиясы” аймактын көз карандысыздыгы үчүн күрөшүп келет. Бул топ АКШ, Улуу Британия жана Европа Биримдигине мүчө мамлекеттерде террористтик деп таанылган. (BTo)

Дагы караңыз

Киевде Орусиянын жапырт соккусунда бир нече киши каза тапты, жараат алгандар 50дөн ашты Зомбулуктан жабыр тарткандар үчүн “Коопсуз үй” программасы иштелетВашингтондо Ак үйдүн жанында ок атуу болуп, шектүү атып өлтүрүлдү Орусия Украинага соккуда баллистикалык ракеталар колдонулганын ырастады Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ишин баалоо тартиби бекитилдиЖол тескөөчүнү машинеси менен сүйрөп кеткен айдоочу кармалдыАзия чемпионаты (U-23): Кыргызстандык алты балбан медал алды