Жашыруун казино табылды
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
УКМКнын Антикоррупциялык кызматы жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат 5-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин 259-1-беренесине ылайык, (Тотализатор жана букмекерлик мекемеден башка, оюн жабдыктарын колдонуп, оюн залдарын уюштуруу же кармоо) иш козгоду. Маалыматка ылайык, жашыруун казино Т.Зазазиев аттуу жаранга таандык. УКМКнын Антикоррупциялык кызматы Т. Зазазиевди 2013-жылы ушул эле кызматтын өкүлүнө пара сунуштап жаткан жеринен кармаган. Зазазиев бул кадамга мыйзамсыз курал сактагандыгы үчүн кылмыш жообуна тартылбаш үчүн барган.