"...Адам деген өзүм дейт тура бечара"
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
“Жандүйнө” рубрикасынын мейманы - Кыргыз Республикасынын эл артисти Тынара Абдыразаева. Ал залкар акын Алыкул Осмоновдун “Адамзат” аттуу ырын окуп берди. Эл артисти сахнада Антон Чеховдун “Алчалуу бак” дарамасында - Дуняшанын, драматург Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей" эпикалык драмасында - Кишимжандын, “Сейтекте” - Айчүрөктүн ролдорун жогорку чеберчиликте аткарып, көрүүчүлөрдүн алкоосуна татыган. (Аманбек Жапаров/Жанарбек Жолдошбаев)