Азаттык үналгысы
Азаттык үналгысы
Кургакчылык: Суу тартыш, түшүм азайды 
            <description>Кыргызстанда кургакчылык, сугат суунун тартыштыгы дыйкандардын негизги көйгөйүнө айланды. Изилдөөлөргө ылайык, климаттык оош-кыйыштын кесепети ириде айыл чарбасына тиет. Адистер мындан улам келечекте азык-түлүк жана суу коопсуздугуна байланыштуу курч маселер жаралышы ыктымалдыгын эскертишет.</description>
"4,1 млрд сом зыян келтирилген".  Шаирбек Ташиевди каматкан жагдай, "Кыргызнефтегаз" иши 
            <description>Ички иштер министрлиги (ИИМ) Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Улуттук коопсуздук комитетинин экс-төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Шаирбек Ташиевди каматкан айрым жагдайларды ачыкка чыгарды.   </description>
Ташиевдин кадрлары бар беле? Мэрлер, акимдер иштен алынды  
            <description>Президент Садыр Жапаров 31-мартта Нарын баштаган бир катар шаарлардын мэрлерин, айрым райондордун акимдерин алмаштырды. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев президенттин аймактагы кээ бир өкүлдөрүнүн жана акимдеринин орун басарларын дайындады.</description>
Климаттык оош-кыйыш:
Кыргызстанды кыйын кырдаал күтөбү?
            <description> Кыргызстанда 1992-2023-жылдар аралыгында абанын орточо температурасы 1,3 градуска көтөрүлдү жана жакынкы жылдары дагы жогорулашы мүмкүн. Мындай климаттык оош-кыйыштын айынан өлкөдө  жер көчкү, сел өңдүү табыгый кырсыктар дагы көбөйүшү ыктымал. Изилдөөлөргө ылайык, Талас шаарын, Кочкор менен Тогуз-Торо райондорун ташкын суу каптоо коркунучу жогору. Өлкөдө буга чейин адам өлүмү менен коштолгон ири табыгый кырсыктар катталган. Ушул тушта кооптуу аймактардан жүздөгөн адам көчпөй  жашап келет. "Азаттык" климаттык өзгөрүү, анын кесепети жана алдын алуу чаралары тууралуу даректүү тасма даярдады.</description>
Ташиевдердин айланасындагы жагдай, түкшүмөл ойлор
            <description>Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиев 26-мартта күбө катары милицияга экинчи жолу көрсөтмө бергени жөнүндө маалымат чыкканы менен ал өзү азырынча үн катпай турат. Бул жагдай, өз кезегинде, ар кандай түкшүмөл ойлорду жаратты. </description>
Лондондон кат. Абдыкеримов эмнени айткысы келет? 
            <description>“Аю холдингин” негиздеген ишкер, Лондондо жүргөн Шаршенбек Абдыкеримовдун социалдык тармактарда жазган билдирүүлөрү кызуу талкууда. Ал жылдар бою түптөгөн бизнесинен кантип заматта кол жууп калганын, саясатка кантип аралашканын жазган. Анын каттарында атайын кызматтын жетекчилеринен баштап жакындарына чейинки капачылыгы, жашоо тууралуу ой-толгоолору да камтылган. Абдыкеримовдун эскерүүлөрүндө УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, экс-премьерлер Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев өңдүү бир катар саясатчылардын, ишкерлердин аты аталат. Эл арасында “Шаки” деп таанылган ишкердин мындай билдирүүлөрүнүн артында эмне жатат?</description>
"Шакинин аткан таңы, баткан күнү". Олигарх ыймандай сырын ачтыбы?  
            <description>Кыргызстанда "АЮ Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасына бир аптадан бери ачык билдирүүлөрдү жарыялай баштады. </description>
Октябрь окуяларынан бери алмашпаган министр. Улан Ниязбеков генерал-полковник болду 
            <description>Президент Садыр Жапаров 23-февралда бир катар кызмат адамдарына жогорку аскердик жана атайын наамдарды ыйгарган жарлыктарга кол койду. Ага ылайык, ички иштер министри Улан Ниязбековго генерал-полковник деген наам алды.</description>
Ширшов Кыргызстандын атынан Москвадагы сүйлөшүүгө эмнеге катышкан?
            <description>Президент Садыр Жапаров 23-февралда “Кабар” маалымат агенттигине кезектеги маегинде орусиялык ишкер Алексей Ширшовго байланышкан суроолорго жооп берди.</description>
"Элдин үнүн угабыз". Жанар Акаев Ошко мэр болду
            <description>Президент Садыр Жапаров Ош шаарынын мэри кылып Жанар Акаевди дайындады. Ага чейинки мэр Жеңишбек Токторбаевди өзү жазган арыздын негизинде деген жүйө менен иштен алды.</description>
"Эду жана анын кырк чоросу". Кармалган Элдар Жакыпбеков ким? 
            <description>Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) атайын кызматта иштеп кеткен айрым адамдар "кызмат абалынан кыянат пайдаланууга" шек саналып жатканын билдирди.</description>
Президент Жапаровдун популизм тууралуу сыны, парламентте айтылган каяша 
            <description>Кундузбек Сулайманов депутаттык топтун лидери катары 10 мүнөттүк убакыт алып, атайын билдирүү жасады.
Садыр Жапаровдун сынына жооп берип жатып, айдоочуларды даярдоону өзгөртүүдө коомчулуктун пикири эске алынышы керектигин, болбосо нааразылык көбөйөрүн, парламент менен аткаруу бийлигинин ортосунда чыңалуу жараларын айтты.
"Биздин негизги милдетибиз - элдин үнүн бийликке жеткирүү. Биз айткандан аткаруу бийлиги жыйынтык чыгарышы керек. Жок дегенде элдин нааразылыктарын эске алуу менен мамиле кылуу керек. Биздин айткан сөзүбүздү, элдин үнүн популист катары кабыл алсак, анда кандай болот? Жакында бул тармакта иштеп кеткен адам катары мен да айдоочулукка он ай окутууну көп деп айттым эле. Бул менин эмес, элдин айткан ою. Бүгүнкү күндөгү авариялардын салыштырмалуу көп болуп жатканы, анда адам өмүрлөрү кыйылып жатканы баарыбызды ойлондурат. Ар бирибиздин үй-бүлөбүздө жок дегенде жакын туугандарыбыз бар. Каза таппаса дагы, жараат алгандар, майып болуп калгандар бар. Ар бирибиз күйүп жатабыз. Биз микрофонго чыгып айтып жатканда өзүбүздүн оюбузду гана, жеке пикирибизди гана сунуштаган жокпуз. Ар бирибиздин, жүздөгөн, миңдеген шайлоочуларыбыз бар, ошолордун сөзүн айтып жатабыз. Мен өзгөртүүлөргө каршы чыккан жерим жок. Ошол эле маалда биз сунуш айтып жатабыз. Элдин нааразычылыгын көбөйтпөгүлө. Эч убакта биз этикадан чыкпасак... Ушул жерде отурган 87 депутаттын бирөөсү дагы аткаруу бийлигин "акмак" деп айткан жок. Элди ойлобогон бийлик болду деп айткан жокпуз. Дагы иштеген жерде кемчилик болот. Болбой койбойт. Ошол кемчиликтерди да түздөп коёлу деген эле ой болду. Депутаттар менен аткаруу бийлигинин ортосундагы мамилени ушундайда басып калышыбыз керек. Мына кечээ күнкү комитеттерди көрүп жатасыздар. Депутаттардын айткан сындарын көрүп жатасыздар. Ушуну чечип албасак болбойт. Бул күндөн күнгө дагы өөрчүй бериши мүмкүн".
Кундузбек Сулаймановду парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу дагы колдоду. Ал бийлик бутактарынын ортосунда сөзсүз сый болушу керектигин белгилеп, парламенттин орду мамлекет үчүн маанилүү экенине токтолду.
“Бир депутаттын сүйлөгөнүн одоно сындоо эч кимге аброй алып келбейт. Анткени, депутат элдин өкүлү, анын микрофону бар. Депутатка эл көйгөйдү айт, маселени көтөр деп беш жылга мандат берген. Биз аткаруу бийлигин бардык маселеде колдоп, зарыл мыйзам долбоорлорун кабыл алып берип жатабыз. Ошол эле учурда парламентке да аткаруу бийлиги тарабынан сый мамиле көрсөтүлүшү керек. Аткаруу бийлиги айтылган сөздөрдөн жыйынтык чыгарат деген ойдомун. Эч качан парламент мажирөө болуп, микрофонсуз калып, баары боло берет деген мамилеге татыктуу эмес. Парламенттин ар дайым өзүнүн орду болгон жана мындан ары да боло берет”, - деди спикер.
Садыр Жапаров айдоочуларды даярдоодогу реформаны сындаган депутаттар тууралуу 3-февралда Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборуна (мурдагы "Унаа" ишканасы) барганда айткан. Анда айрым эл өкүлдөрү териштирбей туруп, “элге жагыныш үчүн ал маселенин туура-катасына карабай сүйлөп коюп жатат” деп билдирген. Ошол эле маалда мындай учурда алгач нааразы болгон тарап менен өкмөттү чакырып, маселени чогуу талкуулап алууну сунуштаган.
“Дагы бир жолу депутаттардан суранып кетем. Бир нерсени көтөрөрдө терең талдап алып, жети өлчөп, бир кесип, мамлекет менен элге пайдасы кандай экенин карап чыгуу керек. Мамлекет туура эмес кылып жатса, анда мен эч кимди кыйкырба деп айтпайм. Мен дагы эки жолу депутат болгом. Эч качан микрофонго чыгып алып, популисттик кылып кыйкырчу эмесмин. Кой, эртең уят болуп калбайын деп далилдеп алып туруп, чынында элге каршы болсо, маселе болсо алып чыгат элем”, - деди Жапаров.
Жогорку Кеңештин 28-январдагы жалпы жыйыны учурунда айдоочуларды даярдоодогу өзгөрүүлөрдү депутаттар Жанарбек Акаев, Кубанычбек Конгантиев, Дастан Бекешев, Кундузбек Сулайманов көтөрүп, Президенттин иш башкармалыгынын аракеттерин сынга алган эле.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын президенттин сөзүнө жооп бергени дароо талкууга түштү. Соңку жылдары парламентте, айрыкча бийликти колдогон депутаттар арасында өлкө башчысынын айткандарына жооп кайтаруу сейрек болуп калган. Дал ушундан улам парламент көз карандысыздыгын жоготту деген сындардын бутасында калган.
Талдоочу, журналист Адил Турдукулов президенттин соңку сынына парламентте реакция жасалганы туура болду деп эсептейт.
"Парламенттин үч негизги функциясы бар да. Биринчи, көзөмөл функциясы ошол өкмөттүн ишин көзөмөлдөйт, мыйзам чыгарат жана элдин үнүн жеткирет. Эми учурда мыйзам чыгаруу жагынан дагы, көзөмөл жагынан дагы абдан эле аксап жатат. Мыйзам жагынан дагы, ошол басым аркылуу дагы мындай аткаруу бийлигине туруштук бере албай жатат. Азыр аларда элдин үнүн жеткирүү деген эле функциясы калды окшойт. Бирок ошол жактан дагы алардын бутка чаап, сүйлөбөгүлө, популист болбогула дегени анча туура эмес нерсе болот деп ойлойм да. Анткени парламент дүйнө жүзү боюнча популисттик орган. Популисттик дегендин маңызы ошондо да. Ошол эл айткан кепти бийликке парламент трибунасында жеткирүү. Анан ал функциясын дагы чектеп койсо парламент деген формалдуу функцияларды аткарып алат да. Ошондуктан депутаттын дагы кичине болсо да каяша айтканы абдан жакшы, буга да жүрөк керек, буга да эрк керек. Ошондой депутаттар көбүрөөк болсо экен гана ниет. Кундузбек Сулайманов ошол үчүн депутат болуп келди да. Ал элдин арыз-муңун жеткирет. Эгер элдин арыз-муңу парламентте айтылбаса, эртең эле шайлоого барам деген талапкерлер да азайып калат. Депутат болуп келгенден кийин аларга кандайдыр бир сын пикирлерди айтып турууга, аларды тескерисинче колдоого жол ачып бериш керек деген ойдомун".
Саясатчы Мавлян Аскарбеков автомектептерден улам жаралган талкууну саясий окуялар менен байланыштырды.
"Конституция боюнча парламент бул бийликтин бир бутагы болуп эсептелет, ал эл тарабынан шайланган. Бийлик бутактарынын ортосунда тең салмактуулук сакталышы керек. Тилекке каршы биз өткөн чакырылышты дагы көрдүк. Эми азыркы чакырылышты дагы көрүп жатабыз. Экинчиден, Кундузбек Сулайманов кимдин досу экенин, спикер Нурланбек Тургунбек уулу кимге жакын экенин, кандай жол менен депутат болуп келгенин, биз саясатчылар жакшы билебиз. Ошондуктан алардын каш кайрап жатканы дагы жөн эмес. Түпкүлүгүндө чоң саясий күрөш башталуу алдында тургандай. Президенттин администрациясында тырмакчадагы "реформаторлорго" каршы аракеттер, кээ бир активисттердин, саясатчылардын Конституция, шайлоо тууралуу ойлору, берген комментарий, маектери алдыдагы чоң саясий окуянын башталашындай туюлат".
Садыр Жапаров 30-январдан тартып менчик автомектептердин лицензиясын токтоткон жарлыкка кол койгон. Анын алдында, Президенттин иш башкармалыгы Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк берүүнүн, автомектептерде окуунун жаңы тартибин бекиткен.
Ушул жылдан баштап жарандар мамлекеттик автомектептерде окуй турганы белгилүү болгон. Менчик автомектептердин жетекчилери 23-январдан тартып иши токтоп калганын, буга Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борбору бирдиктүү базаны жаап койгону себеп болгонун айтып чыгышкан.
Алар 27-январда мамлекеттик мекемеге барып, түшүндүрмө талап кылган. Автомектеп ээлери алардын лицензиясын же база менен иштөө укугун сот гана токтото аларын айтышкан. Ошолордун ичинен менчик эки автомектептин ээсине Ички иштер министрлиги кылмыш ишин козгогону белгилүү болгон, бири эки айга камакка алынган. Алардын жакындары, жактоочулары буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.
"Шамал" кайдан согуп жатат? 2026-жылы президенттик шайлоо өткөрүү тууралуу талкуу жанданды 
            <description>Кыргыз коомчулугунда социалдык тармактарда 2026-жылы президенттик шайлоо өткөрүү тууралуу талкуу башталды. Бир катар саясатчылар, активисттер буга байланыштуу пикирин айтып, жазып чыгышты. </description>
Кыргызстанда вице-президент болобу? 
            <description>Кыргызстанда вице-президент кызматы киргизилиши мүмкүнбү, жокпу, зарылбы деген суроолордун айланасында талкуу жүрө баштады. Бийликтеги саясий тандемди бекемдөө үчүн Баш мыйзамга өзгөртүү киргизилип, вице-президент кызматы болобу, жокпу деген божомолдорго бийлик өкүлдөрү жооп бере элек. </description>
Садыр Жапаровдун бийликтеги беш жылы: ийгиликтер, ара жолдо калган убадалар 
            <description>Садыр Жапаровдун ант кармап, президенттик кызматка расмий киришкенине 28-январда туура беш жыл толду. Анын бийлигинин тушунда Кыргызстан толугу менен президенттик башкаруу формасына өттү. Өкмөттүн түзүмү өзгөрүп, парламенттин ролу, ыйгарым укуктары кескин кыскарды. </description>
"Гимн - музыкалык, эпикалык бийик чакырык" 
            <description>Жогорку Кеңештин комитети мамлекеттик сынактан өткөн гимндин үч вариантын угуп, баарын четке какты. Эми бул чечим парламенттин жалпы жыйынында каралат. Кыргызстанда гимнди өзгөртүү аракеттери 2024-жылы башталган жана биринчи сынакта бир дагы чыгарма тандалып алынган эмес.</description>
"Музыкасы дагы, тексти дагы жараган жок". Гимн үчүн тандалган үч чыгарма  
            <description>Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети комиссиянын сынынан, сынактан өткөн, тандалып келген гимндин үч вариантын угуп, баарын тең четке какты. Эми бул чечим парламенттин келерки жалпы жыйынында каралат.</description>
"Тергөө абагында бир да сурак болгон жок". Кадыров менен Атазов үй камагына чыкты
            <description>Кыргызстанда "калайман башаламандык" уюштурууга шек саналып кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Шайлообек Атазов менен Кубанычбек Кадыров үй камагына чыкты. Бул маалыматты Бишкектеги Биринчи май райондук соту ырастады. </description>
АКШга элчи болуп Айбек Артыкбаев аттанабы? 
            <description>Кыргызстандын АКШдагы элчиси Айбек Молдогазиев жумуштан бошотулуп, Монголияга элчи болуп дайындалды. Монголияда элчилик ачылганы бул өлкөдөгү дипломатиялык миссияны алгач болуп башкарган Айбек Артыкбаев жумуштан бошотулду. </description>
Ашканадан генералга чейинки жол. Сыймык Жапыкеев ким? 
            <description>Кыргызстанда бийлик алмашуу менен аяктаган Октябрь окуяларынын башкы каармандарынын бири катары таанылган Сыймык Жапыкеев тууралуу талаш-талкуу токтой элек.</description>