Азаттык үналгысы
Азаттык үналгысы
"Канча кыздын тагдырын бузушат". Түркияда кулчулукка сатылган Салтанат
            <description>Салтанат 14 жашында Түркияга алданып барып, сексуалдык кулчулукка сатылып кеткен. Кийин качып чыгып, Түркиядагы кризистик борбордо бойго жеткенче жашаган. Азыр ал Иран менен чектеш жерде күрд улутундагы күйөөсү, үч баласы менен жашайт. 14 жылдан бери паспорт ала албай, Кыргызстанга келе албай жүрөт.</description>
Вандык кыргыздар: Памирден уланган мурас
            <description>Түркиянын чыгышындагы Ван аймагындагы Улуу Памир айылында жарым кылым мурда көчүп келген памирлик кыргыздардын урпактары жашайт. Бул айылда улуттук кийим-кече, тил жана салт-санааны сактоого аракет кылынууда. “Азаттык” Вандагы кыргыздардын бүгүнкү турмушун, айрыкча кыз-келиндердин жашоосу жарым кылым ичинде кандай өзгөргөнүн Улуу Памир айылынан көрсөтөт.</description>
"Күйөөмдү издейм". Согуштун азабын тарткан аялдар
            <description>Орусия Украинага басып кирип, согуш ачканына туура төрт жыл болду. Кан күйгөн майданда күйөөсүн жоготуп, ондогон аял жесир калса, далайы телмирип жол карап, дайынсыз кеткен жакынын күтөт. 2022-жылдын февралынан бери орусиялык 325 миңдей аскер набыт болгон. Жаракат алгандар менен дайынсыз кеткендерди кошкондо Орусияда жалпы жоготуулар 1 миллион 200 миңге жакындайт. “Азаттык” бул жолу Украиндагы уруштан улам аялдардын жашоосу кантип талкаланганын, алардын аянычтуу тагдырын баяндайт.</description>
Немис канцлердин партиялашы Раушан
            <description>Ала-Тоодо төрөлүп, Европанын чок ортосунда өз ордун тапкан Раушан Бүйүк Германиянын саясий турмушуна активдүү аралашып келет. Ал Айслинген шаарында Христиан-демократтык союз партиясынын тең төрайымы болуп, шайлоо өнөктүктөрүн уюштуруп, шайлоочулар менен түз иштешет. Былтыр Бундестагга шайлоодо Христиан-демократтык союз жеңишке жеткен, Германиянын канцлери Фридрих Мерц да дал ушул партиянын өкүлү.Кыргызстанда башталган жол аны Германиянын парламент имараттарына чейин алып келди.</description>
Германиянын саясатын кызыткан кыргыз кыздар  
            <description>Германиянын саясатында аялдар зор күч. Алар жергиликтүү кеңештерден тартып Бундестагга чейин мамлекеттик чечимдерди кабыл алууга активдүү аралашат. Канцлер Мерцтин партиясынан шайлоодо ат салышкан Раушан жана мигранттардын укугун коргогон Жыпара бул жараяндын күжүрмөн активисттери. “Азаттык” немис жеринде жашаган кыргызстандык аялдардын коомдук-саясий ишмердиги аркылуу Германиядагы шайлоо демократиясынын өзгөчөлүктөрүн баяндайт.</description>
"Тирүүмүн, апа, бизди окко салышкан экен!" Уулу Украинада туткунга түшкөн эне бийликке кайрылды
            <description>2025-жылы Украинада согушта туткунга түшкөн борборазиялыктардын саны соңку үч жылга караганда эки эсе көбөйдү. Учурда Украинада 100дөн ашуун борборазиялык жаран “согуш туткуну” деп кармалып турат. Алардын онго жакыны Кыргызстандын жарандары.</description>
Парламент: Мигрант качан депутат болот? 
            <description>Өлкөнүн экономикалык түркүгү болуп калган мигранттын добушу кимге керек? Парламентте мигрантка орун жок. Чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын укугун ким коргойт? «Биз жана дүйнө» берүүсүндө бул жолу чет өлкөлөрдө жашаган кыргызстандыктардын шайлоодогу добушунун мааниси, укуктары жана саясий салмагы тууралуу талкууладык. </description>
"Октябрдагы шайлоонун сабагын алдык"
            <description>30-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоодо чет өлкөлөрдө, жалпы 34 өлкөнүн аймагында 100 добушкана ачылды. Конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, бул жолу шайлоочулар аралыктан добуш бере алат. Буга чейин чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктардын көбү шайлоого катыша албай келген. </description>
"Москва Борбор Азиянын маанисин эми жогору баалоого аргасыз"
            <description>27-ноябрда Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) жыйыны өттү. Бул бирикменин милдеттери жана ага мүчө өлкөлөрдүн Кремл менен мамилеси тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна казакстандык саясат талдоочу Димаш Алжанов жооп берди.</description>
АКШнын "тынчтык планын" Киев менен Москва жактырабы?
            <description>Бейшембинин кечинде украин президенти Владимир Зеленский АКШ делегациясы менен "тынчтык планынын" долбоорун талкуулап, документ Украинанын эгемендигине шек келтирбеши керектигин билдирди. Ак үй бул планда эки тараптын тең жагдайы эске алынганын айтса, Кремль азырынча үн ката элек. Украинада согушту токтотуу тууралуу талкуу күчөгөн маалда орус армиясы коңшусуна чабуулун улантып жатат.</description>
“Украинада өлгүчө өз өлкөсүндө абакта отурсун”.
Москва согушкан мигрантты чыгарбайт
            <description>Орусиянын өкмөтү Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн чет элдиктерди өз мекенине экстрадициялабоо жөнөүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизет. Орус бийлиги мындай чараны “аскердик сырды жана купуя маалыматты сактоо максаты” менен түшүндүргөн. Жаңы өзгөртүүлөрдүн кесепети кандай болот?</description>
“Апа, Москвага кетпе!”
Мигрант аялдардын айтылбаган арманы
            <description>Эл аралык миграция уюму чет жактарда эмгектенип  жүргөн аялдардын абалын талдаган жаңы изилдөөсүн жарыялады. Анда кыргыз жана тажик аялдары мурдагыга караганда миграцияга көбүрөөк кетип жатканы белгиленет. Бирок бул аялдар чет жерде гана эмес, мекенине кайтып келгенде да эң аярлуу катмарга кирет.</description>
Чикаго: "Трак айдаган кыргыздар кыйналды" 
            <description>АКШда трак айдоочулар үчүн талаптар катуулап, эми коммерциялык айдоочулук күбөлүк алуу үчүн АКШнын жарандыгы, Green Card же атайын иш визасын алышы керек. Бул чечим миңдеген мигранттардын, анын ичинде кыргыз трак айдоочуларынын ишине түздөн-түз таасир этти. Алар эми ишсиз калабы? </description>
Чикагодогу рейд: Трак айдаган кыргыздар ишсиз калабы? 
            <description>АКШ президенти Дональд Трамп Чикагого Улуттук гвардияны киргизди. Иллинойсто тынымсыз рейд жана текшерүүлөр күчөдү. Ал жактагы кыргызстандыктардын абалы кандай? Кошмо Штаттардын бийлиги трак айдоочуларга жаңы чектөөлөрдү киргизди. Жаңы эрежелерден кийин кыргызстандык айдоочулар жумушсуз калабы? “Биз жана дүйнө” берүүсү бул жолку чыгарылышында ушул жана башка суроолорго жооп издеди.</description>
Орусиядан чыгып кетип, Сербиядан орун тапкан мигранттар 
            <description>Украинада уруш башталган үч жарым жылдан бери Орусияда мигранттардын жашоосу мурдагыдан да оорлошкону баарыбызга белгилүү. Полициянын тынымсыз текшерүүлөрү, коомдогу келгендерди жек көрүү жана согушка мажбурлап жөнөтүү коркунучу миңдеген мигрантты орус жергесинен чыгып кетүүгө аргасыз кылды. Алардын айрымдары эми Европага карай жол алды. “Азаттык” Сербиядагы кыргызстандыктардын жашоосун көрсөтөт.</description>
"Орусиядан айдалып, Сербияга келдик". Балкандагы кыргыз мигранттар 
            <description>Орусиядан качкан мигранттар Европага кантип кирет? Сербия Европага карай жол ачкан астанабы? Еврошаркетке кирбеген бул өлкө Орусиядан качкан мигранттарды кандай кабыл алат? Алдамчылык, эмгек эксплуатациясы жана үнсүз мигранттар. Белграддагы кыргыздар арыз-муңун кимге айтат?</description>
“Жолун ачтырууга 100 миң доллар берген". Көзү ачык, табыптарга ким кайрылат?
            <description>Кыргызстанда көзү ачыктарга алданып калган учурлар дагы деле токтобой келет. Жакында Бишкекте алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Милиция бойго жеткен кыз үч жыл бою “жол ачтырам” деп ошол аялга барып жүрүп, 100 миң долларынан кол жууган. Көзү ачык, табыптарга ким кайрылат? Алардын ишмердигин чектөөнү күчөткөн Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө абал кандай?</description>
Орусияда мунай заводдор өрттөнгөн сайын Кыргызстанда бензин кымбаттоодо
            <description>Үч жыл мурда коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачып, анын дээрлик бардык облустарын тынымсыз аткылап, бомбалап келаткан Орусиянын өзүндө соңку жылдары улам бир аймагы согуштук дрон чабуулуна кабылууда. Бул үчүн орус бийлиги Украинаны айыптайт, кээде кабылган чабуулдары тууралуу жаап-жашырууга аракет кылат. Бирок социалдык түйүндөргө тараган сүрөт-видеолордон ишканалар, айрыкча мунай иштеткен заводдор, кара май сакталуучу кампалар алоолонуп өрттөнүп жатканын көрүүгө болот. Украин тарап айрым учурда гана комментарий берип, соккуларын үч жылдан ашык убакыттан бери айласын кетирип жаткан коңшусунун согуштук мүмкүнчүлүгүн азайтуу, андан коргонуу аракети деп атайт.
Украинанын дрон чабуулдарынан улам Орусияда мунай заводдору жана күйүүчү-майлоочу май сактаган кампалар өрттөнүп, мындан улам бензин менен дизель тартыш болуп, баасы да жогорулоодо.
Бул жагдай орус базарынан күйүүчү-майлоочу май алган Борбор Азиянын айрым өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга да таасир этүүдө. Кыргызстанда жай айларынан бери күйүүчү май улам кымбаттап жатат.
Орусиядагы кырдаалМисалы, оккупацияланган Луганскиде күйүүчү май үчүн кезек кескин узарды. Ушундай абалга Приморьенин тургундары да туш болду.
Луганскидеги тургундардын бири журналисттерге буларды айтып берди:
“Эки сааттан бери кезекте турам. Акыры бензин куюучу жайдан бош колонка көрдүм. Менин кезегим жеткиче бензин түгөнүп калбаса экен”.
Жакында эле Санкт-Петербург товардык-чийки зат биржасында АИ-92 маркасындагы бензиндин баасы дагы бир жолу рекорд жаңылап, тоннасы 73 миң 200 рублдан ашты.
Акыркы күндөрү Нижний Новгород, Ростов, Рязань облустарында жана оккупацияланган Крымда да кара май тартыштыгы байкалууда.
Севастополь шаарынын тургуну Илья Кочнов мындай дейт:
"Бензиндин баасынын өсүшү айдоочулар үчүн чоң көйгөй. Ошентсе да мурдагыдай эле май куюп жүрөм. Башка айлам барбы?".
Орусияда күйүүчү май бир нече айдан бери кымбаттап келет. Бирок өлкөдө бул маселе тууралуу расмий маалымат эми гана чыга баштады.
Өлкөнүн Экономика министрлиги быйыл бензин, дизель жыл аягына чейин 10-12% кымбатташы болжолдонуп жатканын билдирди.
"Августтун аягында бензин тартыштыгы Забайкалье, Приморье, Курилы жана Крымда байкалса, сентябрда Рязань, Нижегород, Саратов, Самара, Ульяновск, Пенза, Ростов, Астрахань облустарында да катталды. Жакын арада бензин тартыштыгы Москва облусунда да болушу мүмкүн” – деп айтылат Орусиянын Экономика министрлигинин маалыматында.
Орус бийлиги менен федералдык маалымат каражаттары азыркы кырдаалды күйүүчү майга болгон сезондук суроо-талап менен түшүндүрүп жатат.
Эксперттер болсо бул абалды мунай иштетүүчү заводдордун мүмкүнчүлүгү менен АИ-92 жана АИ-95 маркасындагы бензинге болгон жогору суроо-талаптын ортосундагы айырма жана логистиканын кымбатташы менен байланыштырат.
Негизги себептердин бири – Орусиядагы мунай заводдоруна украин дрондорунун тынымсыз соккулары. Сентябрда эле төрт ири заводго чабуул жасалып, жыл ичинде жалпысынан 40ка жакын ишкана жабыркады. Алардын жарымынан көбү ишин уланта элек.
Азырынча «Роснефть» менен «Лукойлго» таандык заводдорду кошо эсептегенде беш ири ишкана толук токтоп турат. Натыйжада мунайды кайра иштетүү көлөмү 17 пайызга азайганы белгилүү болду. Бул абал аймактардагы май куюучу станциялардын жапырт жабылышына алып келди. Кремль болсо Орусиянын ички күйүүчү май рыногу толук камсыздалып, абал көзөмөлдө турганын айтууда.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусиядагы күйүүчү май базары толук камсыздалган деп эсептейт:
"Баа ар кандай себептерден улам өзгөрүп турат. Бирок өкмөт энергетика жана бензин баасын туруктуу кармоо үчүн активдүү чараларды көрүп жатат. Бензин экспортуна коюлган тыюуну да билесиздер. Ошондуктан рынок туруктуу, абал көзөмөлдө."
Орусиянын күйүүчү май тармагындагы маселелерди тескеген уюму эсептеп чыккандай, ишканалардын чыгымын эске алганда, быйыл бензин менен дизелдин баасы дээрлик 15 пайызга кымбатташы мүмкүн. Бирок Росстаттын маалыматына караганда, жыл башынан 1-сентябрга чейин бензиндин чекене баасы 6,7 пайызга, дизелдики 2,1 пайызга өстү.
Орусияда кара майдын кымбатташы менен анын тартыштыгы айдоочуларга гана эмес, жалпы экономикага да таасир этүүдө. Акыркы апталарда мына ошонун айынан азык-түлүк жана кызмат көрсөтүү баасы дагы жогорулаганы байкалды. Орусиянын Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, быйылкы жылдын январь–август айларында бюджеттин тартыштыгы 4,19 трлн рублди түздү.
Кыргызстандагы баага тийип жаткан таасирБул арада Кыргызстандагы айдоочулар акыркы бир нече аптадан бери бензиндин баасынын тынымсыз өсүп жатканына кабатыр болууда. Бишкектеги айдоочулар баа мындан ары дагы көтөрүлө берсе эмне кыларын билбей турганын айтууда.
“Мурда 500 сомго бензин куйсак, азыр 800-1000 сомго куюш керек болуп калды. Кандай кылабыз эми? Күн сайын кымбаттап жатса. Скутер алып эле жүрүп калат окшойбуз. Акчасы барлар жүрө беришсе керек, бирок карапайым адамдарга өзгөчө кыйын болууда. Айрыкча таксидегилер тыйынын жеткире албай убара болууда” – деди айдоочулардын бири.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин июндун башында 73 сом болсо, учурда 77–78 сомго жетти. АИ-92нин баасы 65 сомдон 71–72 сомго көтөрүлдү. Дизель майы 73 сомдон 77–78 сомго чыкты.
Мунай ташуучулар ассоциациясынын маалыматына караганда, соңку эки айда эле өлкөдө күйүүчү майдын чекене баасы литрине орто эсеп менен 4 сомго кымбаттады. Мындан ары да өсүш болушу мүмкүн.
Мунай ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов Кыргызстандагы ички керектөө үчүн көпчүлүк көлөм Орусиядан ташылып келерин, бүгүнкү күндө бул өлкөнүн өзүндө тартыштык болуп жатканын айтууда:
"Анткени алардын мунайды кайра иштетүүчү бир нече заводу дрон чабуулунан улам иштебей турат. Андан сырткары дагы бир топ заводдор пландык ремонтко токтотулган. Ошондуктан Орусиянын кээ бир субъектилеринде өздөрүндө жетишпей калды. Орусиянын бийлиги так ошол ички көлөмдү жабуу үчүн башка аймактардагы иштеп жаткан заводдордон тартыштык болуп жаткан аймактарга жөнөтүүдө. Мындан сырткары Москва күйүүчү-майлоочу майды сыртка экспорттоого тыюу салды. Албетте, бул тыюунун Кыргызстанга тиешеси жок. Себеби, биз Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында жайгашканбыз. Биз ташый беребиз. Бирок тартыштыктын эсебинен кескин түрдө сатып алуучу дүң баа өсүп жатат. Август айынан тартып жума сайын баа көтөрүлүп жатат. Сентябрдын башынан бери да ошондой эле өсүп келатат”.
Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда күйүүчү майдын жылдык керектөөсү орточо 1,6 млн тоннаны түзөт. Анын 93 пайызы Орусиядан импорттолот. Мунай ташуучулар ассоциациясы Кыргызстанда күйүүчү май дагы кымбатташы мүмкүн деп кооптонууда.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы туруктуу экенин билдирген. Ал “Биринчи радионун” эфиринде угармандардын суроолоруна жооп берип жатып Орусия Кыргызстанга күйүүчү майды үзгүлтүксүз жеткирип турууга кепилдик бергенин айткан:
“Чолпон-Ата шаарында өткөн саммитте Адылбек Алешович (Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы) кесиптеши Михаил Владимирович Мишустин (Орусиянын премьер-министри) менен сүйлөшкөн. Ал Кыргызстанга күйүүчү майды үзгүлтүксүз жеткирип турууга кепилдик берди”, - деген Данияр Амангелдиев.
Мурдараак Энергетика министрлиги 3-сентябрда өлкөдө күйүүчү майдын запасы жетиштүү экенин билдирген. Ошондой эле, Орусиянын кара майды экспорттоого киргизген чектөөсүнүн мөөнөтү Кыргызстанга тиешеси жок экени белгиленген.
Бишкек Москванын бензин “туткунуна” түштүбү? 
            <description>Орусиянын айрым аймактарында күйүүчү май кризиси жаралды. Украинанын соккуларынан кийин кара май кымбаттады.Кризистен чыгуу үчүн Москва кандай чара көрөт? Кара майдын 95 пайызын Орусиядан алган Кыргызстанда да баа көтөрүлдү. Бишкек бензинди эми кайдан алат? </description>
Трамп Украина жерин толук кайтарып аларына ишенет
            <description>АКШнын президенти Дональд Трамп жана Украинанын лидери Владимир Зеленский 23-сентябрда Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын алкагында жолугушту. Мунун алдында Трамп Украина “Орусиянын эбегейсиз армиясын токтотууда эң сонун иш аткарып жатат” деп белгиледи. Ошол эле учурда АКШ лидери Орусияга каршы санкцияларды киргизүү жөнүндө эскертип, Орусиянын учактары жана дрондору НАТОнун аба мейкиндигин бузганда Европа аларды атып түшүрүшү керекпи деген суроого оң жооп берди. НАТОнун мүчөлөрү да Москваны айыптап, өз аймагын чечкиндүүлүк менен коргой турганын эскертишти. Ал эми Кремль Украина Орусия басып алган аймактарын кайра кайтарып ала алат деген ойду жаңылыштык деп атады.</description>