Азаттык үналгысы
Азаттык үналгысы
"Эки жылда 207 жолу суракка чакырды". Ишкерлердин бийликке дооматы
            <description>Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш алкагында мамлекетке өткөнү жарыялаган мүлктөрдүн мыйзамдуулугу боюнча талкуулар жүрүп жатат. “Аю” холдингинин негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов президентке кайрылып, андан алынган айрым мүлкү УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындарына өтүшү мүмкүн экенин айтып чыкты. Ташиевдин жакындары бул маалыматты четке какты, ал эми президенттик кеңсе ишкердин айткандары текшерилип жатканын билдирүүдө. Ал тапта айрым саясатчылар УКМКнын өткөн беш жылдагы ишмердигин текшерчү комиссия түзүүнү сунуштап жатат. Атайын кызматтын мурдагы жетекчилигине коюлган дооматтар кандай териштирилиши керек? Мындай шартта бийлик кандай кадамдарга барат? Бул суроолорду  “Эксперттер талдайт” берүүсүндө талкуулайбыз. Талкууга парламенттин экс-депутаттары Султанбай Айжигитов, Элдар Абакиров, Жогорку Кеңештин депутаттары Махабат Мавлянова жана Исманали Жороев катышат. </description>
Ташиевдин отставкасынан кийинки саясий жүрүштөр 
            <description>Жогорку Кеңеште өз арызы менен мандатынан баш тарткан депутаттардын аягы тыйыла элек. БШК узаган апта соңу үч депутаттын мандатынан ажыратты. Алардын арасында соңку жылдары саясатта активдүү жүргөн экс-баш прокурор Курманкул Зулушев, бир ай мурда кызматтан алынган УКМКнын экс-башчысы Камчыбек Ташиевдин иниси Шаирбек Ташиев да бар. Парламент мүчөлөрүнүн массалык мандаттан баш тартуусунун аркасында эмне турат? Өткөн апта башында президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште эске салган саясий интригага байланышы барбы? “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө дал ушул суроолорго жооп издейбиз.</description>
Элчи Кылычев: Тегеранда абал оор, элчилик ишин улантууда 
            <description>АКШ менен Израил Иранга сокку уруп, Тегеран аларга жооп иретинде Кошмо Штаттардын аймактагы бир нече өлкөдөгү аскерий жайларына чабуул коюуда. Соңку жагдайда Ирандагы кыргызстандыктардын абалы кандай? Бул суроону учурда Тегеранда иштеп жаткан Кыргызстандын Ирандагы элчиси Акылбек Кылычевге жолдодук.</description>
Жогорку Кеңештеги жүрүш: үч депутат мандатын тапшырды 
            <description>Кыргызстандагы соңку окуялардын фонунда парламенттеги өзгөрүүлөр уланууда. Буга чейин мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулу баш болгон үч депутат мандатынан баш тартса,  Чыңгыз Ажибаев биринчи вице-спикерликтен кеткени белгилүү болду.  Бийликтин башка бутактарындагыдай эле парламенттеги соңку жүрүштөр эмнеден кабар берет? Бул өзгөрүүлөр Жогорку Кеңештин көз карандысыздыгына кандай таасир этет? Талкууга парламент депутаты Кубанычбек Самаков, Илимбек Кубанычбеков, окумуштуу профессор Венера Сайпидин жана саясатчы Мавлян Аскарбеков катышты.</description>
Мамкатчы Арслан Койчиев: Эркиндик болгон жерде өнүгүү бар
            <description>Кыргызстандагы соңку окуялардан соң жумшаруу тууралуу улуттук талкуу зарыл. Мындай пикирин Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев "Азаттыкка" курган маегинде билдирди. Ал соңку окуяларга, коомдогу талкууга, идеологияга байланыштуу суроолорго жооп берди.</description>
Мамкатчы Койчиев: Эркиндик чыгармачылык кереметти жаратат 
            <description>Кыргызстандагы соңку окуялардан соң кандай улуттук талкуу зарыл? "Азаттык" бул суроону мамлекеттик катчы Арслан Койчиевге узатты. Мамкатчы ошондой эле  адам укуктары, сөз эркииндиги, коомдогу талкуулар, улуттук идеологияга байланыштуу суроолорго жооп берди.</description>
Президент Жапаров экинчи мөөнөткө эмне менен барат? 
            <description>Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун ант берип, президенттик кызматка киришкенине туура беш жыл болду. Бийлик бул убакыт аралыгына экономиканы турукташтырып, чек ара маселесин толук чечилгенин айтып келет. Ал тапта оппозиция өкүлдөрү өлкөдө адам укуктары, сөз эркиндигинин принциптери сакталбай жатканын сынга алышат.
Жапаровдун беш жылы кандай өттү? Октябрь окуясынан соң бийликке келген Садыр Жапаров убадаларынын өтөөсүнө чыктыбы? “Эксперттер талдайт” программасынын бүгүнкү чыгарылышында талкуулайбыз. Талкууга Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, мурдагы премьер-министр Темир Сариев, Кыргызстандын Британиядагы мурдагы элчиси, дипломат Бактыгүл Каламбекова, ишкер, активист Тилек Токтогазиев катышат.</description>
Парламент институту: Популизм, оппозиция жана саясий атаандаштык
            <description>Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын депутаттары ант берип ишке киришти. Парламент төрагасы болуп Нурланбек Тургунбек уулу кайрадан шайланды. Жогорку Кеңештин жаңы курамынын алгачкы жыйынында президент Садыр Жапаров парламентарийлерди популизмден алыс болууга чакырды. Бул жолку парламент кандай иштейт? Парламент өз алдынчалык көргөзүүгө саясий эрки жетеби?  “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” программасына Жогорку Кеңештин экс-депутаты Абдывахап Нурбаев, юрист Таттуубүбү Эргешбаева жана журналист Али Токтакунов катышат.</description>
Жогорку Кеңеш: Эски депутаттар, жаңы жүздөр
            <description>Парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыяланды. Алгачкы маалымат боюнча парламенттин курамына мурдагы чакырылыштагы 50гө жакын депутат, айрым жаңы жүздөр келчүдөй болуп турат. Парламенттик шайлоо кандай өттү, кийинки парламенттин жүзү кандай болот? "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" берүүсүндө талкуулайбыз.</description>
Москванын Кыргызстанга кызыгуусу арттыбы? 
            <description>Орус президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. 26-ноябрда өткөн жолугушууларда Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамилени тереңдетүү, бир нече багытта кызматташтык өнүктүрүү тууралуу сөз болду. Путиндин бул сапары Москва ачкан Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр күчөгөн учурга туш келди.  Дал ушул согуштан улам дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнүн изоляциясында калган Орусия үчүн Кыргызстан сыяктуу өнөктөштөрдүн учурда саясий жактан да, экономикалык жактан да мааниси артканы айтылып келет. Мындай шартта Москванын Кыргызстанга кызыгуусу артып жатабы жана мындай шартты Бишкек улуттук кызыкчылык үчүн кандай колдонушу керек? </description>
Жогорку Кеңешке Мамдани сыяктуу саясатчы келеби?
            <description>Кыргызстандын саясий турмушу кызып, парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү башталды. Эми 19 күн бою талапкерлер өз программасы менен тааныштырып, добушун алууга аракет кылат. Ага чейин шайлоого талапкерлерди каттоо жараянындагы Борбордук шайлоо комиссиясынын элеги бир катар окуялар менен коштолуп, талкууларды жараткан учурлар болду. Бул жолку шайлоо кампаниясы кандай өтүп жатат, саясий өнөктүктүн мүнөзү кандай болууда? Дегеле Кыргызстанга кандай парламент керек? Бул суроолорду “Эксперттер талдайт” берүүсүндө талкуулайбыз. Талкууга көз карандысыз журналист Акчолпон Койчиева, БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бегматов, окумуштуу Венера Сайпидин жана жарандык активист Адил Турдукулов катышат.</description>
"Ооганстанда зилзалада аялдарга кол сунбай койгон эркектерди көрдүм"
            <description>БУУнун башкы катчысынын Ооганстан боюнча өкүлү жана Ооганстанга көмөк көрсөтүү миссиясынын башчысы кызматын тапшырып келген экс-президент Роза Отунбаева “Азаттыкка” эксклюзивдүү маек курду. Отунбаева Ооганстандагы кырдаал, аялдардын абалы жана коопсуздук тууралуу айтып берди.</description>
Жогорку Кеңеш кезексиз таркады. Шайлоо кандай өтөт?
            <description>Кыргызстанда Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатты. Өлкөнүн эгемендик тарыхында алгач жолу ишке ашкан бул чечимди депутаттар саясий туруктуулукту сактоо ниети менен түшүндүрдү. Эми мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоонун датасы беш күн ичинде жарыяланышы керек. Жетинчи чакырылыштагы парламент кандай иштеди? Өзүн-өзү таркатууга барган депутаттардын кийинки шайлоого катышууга моралдык укугу барбы? Кийинки шайлоо кандай өтөт? Дал ушул суроолордун “Эксперттер талдайт” берүүсүндө талкууладык. </description>
Темирлан Султанбеков: Айтылган сөз үчүн куугунтукту токтотуш керек
            <description>Кыргызстанда бийлик жана оппозиция жаңы эрежелерди калыптандырышы керек. Мындай пикирин “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.</description>
Менчик кол тийбестиги коркунучтабы?
            <description>Өткөн апталарда Жогорку Кеңештин айрым депутаттары инвестициялык климат, менчик укугу тепселенип жатканын айтып чыгышты. Мындай билдирүү өлкөдө коррупцияга каршы күрөштүн алкагында ири ишкерлердин мүлктөрү мамлекетке өткөн учурга туш келди. Ал тапта менчиктин кол тийбестигин камсыздоо максатында жыйырмадан ашуун депутат “1991-жылдан тартып 2024-жылга чейин менчиктештирилген айрым объектилерге карата мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштап, биринчи окууда жактырылды. Бул арада өкмөт дагы өлкөгө кирип жаткан чет элдик инвестиция эки эсе азайып кеткенин моюндап жатат. Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртып, жеке менчиктин кол тийбестигин камсыздоо үчүн эмнелерди кылуу керек? “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө талкууладык.</description>
Жогорку Кеңеш: Эрте шайлоого камылга башталдыбы? 
            <description>Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы каникулдан кайтып келгенден бери парламент өзүн-өзү таратып, мөөнөтүнөн мурун шайлоо өтөрү тууралуу талкуулар күчөдү. Муну бир катар депутаттар ырастаса, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо өткөрүүгө даяр экенин билдирди. Айрым булактардын айтымында, парламент өзүн-өзү тарашы керек деген 30дан ашык депутаттын колу чогултулуп, кийинки апталардан тарта бул процесс расмий башталышы мүмкүн. Дал ушул эрте шайлоо өткөрүү демилгесинин себептери, кийинки шайлоонун жүрүшү, эрежеси тууралуу "Эксперттер талдайт"  программасында талкуулайбыз. </description>
Путин Зеленскийге жолугуудан качабы?
            <description>Август айынын ортосунда Украинадагы согушту токтотуу аракеттери ыкчамдап, дүйнөнүн назары бурулду. Алгач Аляскадагы Трамп-Путин жолугушуусу, андан кийинки Вашингтондогу Зеленский жана Европанын лидерлеринин Трампка зыяраты Украинадагы согушту токтото алабы деген суроого жооп издедик. </description>