Азаттык үналгысы
Азаттык үналгысы
Кыргыз саясатын кызыткан каттын "изи"
            <description>Кыргызстанда президенттик шайлоону быйыл өткөрүү тууралуу 75 адамдан турган топ кайрылуу жасаганынан туура эки ай өттү. Бул кайрылуу андан бери кыргыз саясатын аңтар-теңтер кылып өзгөртүп, ордо оюндарына себеп болду. Анын артынан башталган кадрдык өзгөртүүлөр камоолор менен коштолуп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнө чейин жетти.
Мурда-кийин жогорку кызматты ээлеп, коомдук-саясий турмушка активдүү катышып жүргөн 75 кишинин каты Жогорку Кеңешке кантип киргизилген, эгерде ал парламенттин жалпы жыйынында каралганда эмне болмок? Президент Садыр Жапаров айткан мыйзам чыгаруу бийлигиндеги бөлүнүп-жарылуу тууралуу эмне белгилүү?
Кайрылуу Жогорку Кеңешке кантип түшкөн?Кыргыз коомчулугунда “75чилердин каты” делген ат менен белгилүү болуп калган кайрылуу президент Садыр Жапаров менен атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин тандемин эле ажыратпай, саясаттагы бир топ өзгөртүүлөр менен камоолорго жол ачты. Ушул күнгө чейин анын чыныгы демилгечиси ким, Жогорку Кеңешке ким алып келген жана парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетине кантип түшкөн деген суроолорго так жооп жок. Бирок убакыт өткөн сайын утур-утур бир өңүтү белгилүү болуп, айрым жагдайлар ачыкка чыга баштады.
Сөз болуп жаткан кайрылуудан кийинки саясий окуялардан соң Жогорку Кеңештин төрагасы болгон Марлен Маматалиев спикерлик жумушун чуулгандуу катты териштирүү менен баштаганын айтты.
“Менин тескемем менен комиссия түзүлүп, кагаз бул жакка (ред: Жогорку Кеңешке) кантип келип, Конституциялык комитетке чейин жеткенин аныктап чыккан. Анын жыйынтыгы ИИМге берилип, тергөө иштеп жатат. Чын-чынына келгенде ал кат Жогорку Кеңешке келип-келе электе эле бул жактан күтүп, тосуп алышкан. Негизи кат депутатка болсо депутатка, төрагага болсо төрагага болуп өз жолу менен кетет. Бирок ал катты мурдагы төраганын жардамчылары колуна алып барып беришкен. Андан соң ал тиешелүү комитетке түшкөн.
Спикер жалпы гана маалымат бергени менен чуулгандуу кат ишине Жогорку Кеңештен кимдер аралашканын, катты ким алып келгенин ачык айтпай жатат.
Парламенттин депутаты Исманали Жороевдин кайрылууга байланыштуу так маалымат берүү тууралуу Марлен Маматалиевге суроосу да жоопсуз калды:
“Марлен Абдрахманович, сиз 75 аксакалдын каты боюнча маалымат бердиңиз. Бул Интернетке чыккандан кийин элден да суроолор келип атат. Ошол кат кимге келген жана кимден Конституциялык комитетке түшкөнүнө жооп берип койсоңуз жакшы болмок”.
Марлен Маматалиев буга чейин эле айткан сөздөрүн кайталап, кайрылууну Жогорку Кеңешке ким алып келген жана кимге тапшырылганы тартылган видеолор бар экенин кошумчалады.
“Парламентте бөлүнүү VII чакырылышта эле башталган”Буга чейин “75чилердин каты” боюнча президент Садыр Жапаров да маектеринде айтып, бийлик аны элди бөлүп-жарууга болгон аракет катары баалаган. Бирок өлкө башчы деле каттын негизги демилгечилери тууралуу так-даана маалымат берген эмес. Садыр Жапаров кайрылууга байланыштуу акыркы жолу Жогорку Кеңештин 11-марттагы жыйынында сөз кылган:
“Жакында Жогорку Кеңеште бир окуя болду. Аны баарыңыздар жакшы билесиздер. Айрым депутаттар “тигил тарап, бул тарап” деп бөлүүгө аракет кылышты. Бирок убагында токтотуп калдык. Мага элдин элегинен өтүп шайланып келген эл өкүлдөрү сиздер ушинтип отурсаңыздар карапайым эл каякка барат деген ой келди”.
Бул Садыр Жапаров саясий үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы кызматынан алып, парламенттен бир катар депутаттар мандатын тапшыргандан берки Жогорку Кеңешке биринчи жолу келиши.
Парламенттеги бир катар депутаттар “75чилердин каты” боюнча комментарий берип, Жогорку Кеңеште чынында айрым аракеттер болгонун ырасташты.
Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев ким ким тарапта экенин сурагандар болгонун "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып айтып берди.
- 75 адамдын каты боюнча Конституциялык комитет чечим кабыл алып, ал палатага чыгып, саясий чечим кабыл алынып, президенттик шайлоо ушул жылга дайындалып калса эмне болмок?
- Эч качан андай болбойт болчу. Баарыбыз мыйзам чегинде иштейбиз. Мыйзамда президенттин эки мөөнөтү жазылып турат. Ал боюнча президенттин биринчи мөөнөтү алты жыл, экинчи мөөнөтү беш жыл деп жазылып турат. Мен 75 аксакал президентке басым кылабыз деп ойлошсо керек деп эсептейм.
- Президент “Жогорку Кеңеште “генерал тараптасыңбы же президент тараптасыңбы?” деп бөлүп-жаруу болгон” деп айтты. “Атайын тизме да түзүлүп кеткен” деген сөздөр бар. Бул канчалык чындык?
- Бул туура. “Сен президент тараптасыңбы же генерал тараптасыңбы?” деп сурагандар болгон. Бирок мен алардын атын ачык айта албайм. Муну биз жакшы билебиз. Бирок ачык айтпайм. Булардын ою комитеттин чечимин чыгарып, палатага алып чыгып, ал жактан да көпчүлүктүн добушу менен чечим кабыл алып, президентке көрсөтүп, ар кандай саясий оюндарды кылабыз десе керек. Бул жакта саясий оюндар эмес мыйзам деген бар. Биз мыйзам менен жашайбыз, - деди Сыдыгалиев.
Акыркы саясий окуялардын фонунда Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Андан тышкары Кундузбек Сулайманов, Куванычбек Конгантиев, Шаирбек Ташиев, Элдар Сулайманов, Курманкул Зулушев, Нурланбек Азыгалиев, Гүлсүнкан Жунушалиева өздөрү жазган арыз менен депутаттык мандатынан ажыратылды.
Ал тапта 8-апрелде Абдылдабек Эгембердиев да мандатын тапшырды.
Ошентип, Камчыбек Ташиевге жакын деп саналган баш-аягы тогуз депутат мандатынан кол жууду.
Акыркылардан болуп парламенттен кеткен Абдылдабек Эгембердиев 2020-2024-жылдары ошол кездеги башкы прокурор Курманкул Зулушевдин жардамчысы, Тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү болуп иштеген.
Курманкул Зулушев 75 кишинин каты Жогорку Кеңешке түшкөн тапта Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитеттин төрагасы болуп турган.
Мандат тапшыргандардын арасынан Нурланбек Тургунбек уулу жана Шаирбек Ташиев “75чилердин катына” тиешеси жок экенин айтышты.
Калгандары комментарий бере элек.
Жогорку Кеңештеги “Элдик” депутаттык тобунун төрагасы Акылбек Түмөнбаев парламенттеги бөлүнүүнүн тамыры тереңде экенин ачыктады.
“Жогорку Кеңештин VII чакырылышында бир мандаттуу округдан шайланып келген депутаттар “Ата-Журт Кыргызстан” деген депутаттык топко бириккенин билесиздер. Ачык бөлүнүү деп айтпасак да эмне болуп жатканы баарына айдан ачык көрүнүп турат. Ошол “Ата-Журт Кыргызстан” үчүн чуркап, “бир команда топтойбуз, парламентте көпчүлүк болуп баарын чечебиз” деген ойлору болгон. VIII чакырылыш ишин баштагандан кийин деле биз өзүбүзчө, алар өзүнчө депутаттык топторду түзүштү. Кат парламентке түшүп карала турган күндөрү биз Түркияга иш сапар менен кеттик эле. Бул жакта эмне болуп жатканын мен Анкарадан уктум. Бирок ага чейин эле “кол топтоо болуп жатат” деген маалыматтарды укканбыз”.
“Азаттыктын” "Демек сиз парламентте бөлүнүп-жарылуу азыр эле эмес, VII чакырылышта эле башталган дегенди айтып жатасызбы?" деген суроосуна Акылбек Түмөнбаев:
"Эми VII чакырылышта эле болгон деп ачык айтпасам да түшүнүп турасыңар да. Алардын жетекчилери “биздин депутаттык топко киресиңер” деп өйдө жактан тапшырмалар болгон. Округдарга акчасын берип, кимди ким депутат кылып алып келгени белгилүү. Ал алып келген кишилерди өздөрүнүн фракцияларына киргизген учурлар болгон. Демек ошол эле кезде бөлүнүү болгон деп түшүнсөңөр болот", - деп жооп берди.
Жогорку Кеңеште эки тарап болуп бөлүнгөн окуялар болгонун Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Дастан Бекешев да ырастады:
“Ачык эле айтканда президент Садыр Нургожоевич менен Камчыбек Кыдыршаевич “биздин ортобузда эч кандай маселе жок” деп келишкени менен Жогорку Кеңеш эки командага бөлүнүп калган. Ал ачык эле көрүнчү. Депутаттар арасында “бул тигил командада, ал бул командада” деп, кээ бирлери командага кирбейт деген эле сөздөр болчу”.
Депутат Ажибаев бөлүнүүнү четке какты75 адамдын каты парламентке түшкөн учурда ошол кезде иш жүзүндө өлкөдөгү экинчи киши Камчыбек Ташиев да, мамлекеттеги иерархия боюнча экинчи адам Нурланбек Тургунбек уулу да Кыргызстанда эмес эле. Ташиев дарылануу үчүн деп Германияда жүрсө, Тургунбек уулу расмий сапары менен Түркияда болчу.
Ал кезде төраганын биринчи орун басары болуп турган Чыңгыз Ажибаев парламентке түшкөн кат-кабар тууралуу маалыматы жок экенин айтууда.
“Төрага Марлен Абдырахманович “комиссия түзүлүп, чечими чыкты” деп атат. Ал тергөө органдарына берилиптир. Суроонун баарын укук коргоо органдарына берсеңиздер баары ачыкка чыгат. Катка менин эч кандай тиешем жок. Вице-спикерликтен өз каалоом менен эле кеттим”.
Ажибаев “Азаттыктын” "Президент, айрым депутаттар “Жогорку Кеңеште бөлүнүп-жарылуу болгон” деп айтып жатышат. Сиз ушуну байкадыңызбы?" деген суроосуна төмөнкүчө жооп берди:
"Бөлүнүп-жарылуу дегенди көргөн эмесмин. Мен Жогорку Кеңеште VII чакырылыштан бери эле бирөө менен өтө жакындашып же алыстап кетпейм. Ушул күнгө чейин бир да депутат менен жаман-жакшы айтыша элекмин. Баары менен сыймын. Бирок бөлүнүп-жарылууну көргөн жокмун. Балким бирөөлөрдүн ортосунда ушундай болгон чыгар. Мен билбейм".
Камоолор Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнө жеттиМандатын тапшыргандардын ичинен Кундузбек Сулайманов Камбар-Ата-1 ГЭСин даярдоо этабындагы иштерге байланыштуу, Куванычбек Конгантиев жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурган деген айып менен кармалды.
Камоолор Камчыбек Ташиевдин да үй-бүлөсүнө жетип, бир тууган иниси Шаирбек Ташиев “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупциялык иш боюнча камалды.
75 адамдан турган топтун кайрылуусуна тиешеси бар-жогу тууралуу эл Камчыбек Ташиевдин өз оозунан эч нерсе уга элек.
Бирок 20-мартта Айт күнү атайын кызматтын мурдагы төрагасы аны негизсиз каралоо жүрүп жатканын гана учкай айтты.
“Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн бүгүнкү Айт намазынын урматына кимдир бирөөнү капа кылсам же кимдир бирөөгө туура эмес мамиле кылган болсом ар бир мусулман калкынан кечирим сурайм. Орозо маалында ар түрдүү жалган жалааны, ушак сөздөрдү таратып, болбогон нерселерди айткан жана ошолорду тараткан адамдарды да Айт намаздын ыраазычылыгы үчүн кечирдим”, - деген Ташиев.
Садыр Жапаров буга чейинки интервьюларынын биринде эле “досу ал катка байланышы жок экенин айтканын” билдирген.
“75чилердин” камактагы мөөнөтү узартылдыКайрылууга кол койгондордун арасында коомдук ишмер Кемел Ашыралиев да бар. Ал кат иши боюнча Ички иштер министрлигине суракка кирип чыкканын, кайрылууну үйүнө бейтааныш бирөө алып келип кол койдуруп кеткенин билдирди:
“Туура саясат жүрүп жатат, өнүгүү бар. Эки дос жакшы болчу. Биринчи дос (ред: Камчыбек Ташиев) “мен президенттик шайлоого катышпайм. Шайланса Садыр досум эле шайлансын” деп турган. Ушундан улам эки дос ынтымакта экен, ушулардын ынтымагы дагы да бекемделсин дегенбиз. Анан бул жерден кол койгон адамдарды мындай-тигиндей дебеш керек. Бир эле мисал, кол койгондордун арасында Осмонбетов деген абдан мыкты геолог бар. Ал жакында эле 90 жаштан ашты. Ушул киши эмне тынчтыкты каалабайбы? Болбосо арам ниети бар бекен? Мүмкүн мунун башында тургандардын ар кандай ойлору болгондур. Бирок кол койгондордун ичинде андайлар жок”.
Ал тапта кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен камакка алынган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековдун, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаевдин, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевдин, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевдин жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун камактагы мөөнөтү дагы эки айга узартылып, 10-июнга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта калтырылды.
Андан тышкары тергөөдө аларга коюлган кине “Бийликти күч менен басып алуу” беренесине өзгөртүлгөнү белгилүү болду.
Ошондой эле бул кылмыш ишине тиешеси бар делип саясат талдоочу Бактыбек Жумагулов да кармалганын “Азаттыкка” Бишкектин Биринчи май райондук соту ырастады.
75 кишинин каты парламенттен өтсө эмне болмок?Азыр коомчулукту “75 кишинин каты Жогорку Кеңеште каралып, президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча чечим кабыл алынганда эмне болмок?” деген суроо кызыктырып жатат.
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, экс-депутат Адахан Мадумаров мындай деди:
"Шайлоого жетпей калмак. Депутаттардын көбү “Ч” убактысы келгенде тура калып мени колдоп бересиңер деген шарт менен Жогорку Кеңешке келишкен. Ушул иш болмок. Ошондо накта бийлик басып алуу кандай болот, төңкөрүш жасоо кандай болот, классикалык түрүн көрүшүбүз мүмкүн эле. Бирок кандай иш-чаралар болду, кандай маалыматтар чыкты билбейм, туруктуулуктун сакталып калышы Кыргызстан үчүн утуш болду. Муну мен бийлик мага оппонент болсо да айтууга милдеттүүмүн. Акты ак, караны кара деп айтыш керек. Туруктуулуктун сакталып калышы Кыргызстандагы акыркы беш жылдагы эң чоң ийгилик. Болбосо эмне деген гана окуяларга туш болушубуз мүмкүн эле?!"
“75чилердин катынын” өзөгүн түзгөн президенттик шайлоонун мөөнөтү боюнча маселеге Конституциялык сот чекит коюп, президенттик шайлоо 2027-жылдын январында өтөт, Садыр Жапаров азыр бийликтеги биринчи мөөнөтүн иштеп жатат жана кийинки шайлоодо экинчи мөөнөткө шайланууга укуктуу деген бүтүм чыгарып берген.
Кыргыз саясатын кызыткан катка байланыштуу башкы прокурор Максат Асаналиев “Азаттыкка” комментарий берди:
“Бул жерде эми президенттин мөөнөтүнө байланыштуу эле суроо болуп жатпайбы. Президенттин мөөнөтү боюнча Конституцияны ишке киргизүү тууралуу мыйзамында мөөнөт качан башталат, шайлоо качан болот, баары жазылып турат. Бул маселеге байланыштуу Конституциялык соттун да чечими чыкпадыбы. Баары ошонун негизинде болушу керек эле. Кылмыш иши болсо тергелип жатат”.
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев “кайрылуу парламенттен өтсө эмне болмок?” деген суроого жооп берди:
"Биз мыйзамдуу өлкөдө жашайбыз. Бирок ызы-чуу болмок (ред: эгерде 75 адамдын каты Жогорку Кеңеште каралса). Шайлоо жылдырылмак эмес. Өз убагында болмок. Мыйзам бекигенден кийин 75 аксакалдынбы, көксакалдынбы кайрылуусу бир аз ызы-чуу болуп токтомок".
Камчыбек Ташиев 20-мартта Бишкекте Айт намаздан кийин элден кечирим сурап, өзү тууралуу жалган жана негизсиз маалыматтар тарап жатканын айтканын эске салабыз. Андан бери ага жана үй-бүлөсүнө байланыштуу тарап жаткан ар кандай маалыматтар, 75 кишинин каты тууралуу үн ката элек.
“Азаттык” мурдагы башкы чекисттин айрым тарапташтары менен байланышып комментарий сурап ала алган жок.
Биз Камчыбек Ташиевдин өзүнө жана анын тарапташтарына микрофон сунууга даяр экенибизди билдиребиз.
"Беш жылда козголгон иштерди комиссия иликтеши керек"
            <description>Президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин тандеминин ыдырашы, 75 адамдын кайрылуусу жана Кыргызстандагы акыркы саясий жүрүштөр тууралуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.</description>
Орусия: Армия менен келишим түзгөн чет элдиктер өлкөдөн чыгарылбайт
            <description>БШК Чыңгыз Айдарбековго дагы деле мандат бере элек. Ал тапта Айдарбеков тышкы иштер министри, элчи болуп турганда мыйзамсыз иштерге аралашканы тууралуу талаштуу видео тарап, экс-депутат аны четке какты. Абакта жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков бийликке кайрылып, УКМК козгогон иштерди текшерүүгө чакырды. Орусиянын армиясы Украинага дрон менен жапырт чабуул койду.  Львов шаарында 27 киши жараат алып, ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесиндеги тарыхый жай бүлгүнгө учурады.  </description>
"Мыйзамсыз байыгандар боюнча комиссия түзүү керек"
            <description>Кара майдын маанилүү коридору Ормуз кысыгы бөгөттөлгөнүнө дээрлик үч жума болду. Мунун айынан дүйнөдө газ, мунайдын баасы кымбаттап жатат. Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов бизнесинин урашына атайын кызматты айыптоону улантууда. Ишкерлердин арыз-дооматтары кандай каралышы керек? Күз-кыш мезгили аяктагандыктан апрелден баштап калк үчүн электр энергиясына кирген чектөө толугу менен алынат. </description>
"Эл аралык иликтөөлөрдү баштайбыз". Журналист абактан чыкты
            <description>Эки жылдан бери абакта жаткан журналист Махабат Тажибек кызы эч жакка кетпөө тил каты менен эркиндикке чыкты. Жогорку сот буга чейин алты жарым жылга соттолгон журналисттин ишин райондук сотко кайтарган. АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон менен Тегеран соңку эки күндө Жакынкы Чыгыштагы аскердик аракеттерди жөнгө салуу боюнча жемиштүү сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн билдирди. Лондондо жашап жаткан ишкер, “Аю Холдинг” ишканасынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов бизнесинин урашына УКМКны айыптады.</description>
Ажиев кайра кармалды, президенттин маеги 
            <description>Тегеран соңку бир жумадан берки эң ири аба чабуулуна туш болду. АКШ президенти Трамп Ирандын жаңы лидерин шайлоого катышууну каалай турганын айтты. Абактан тик учак менен чыккан Даниел Ажиев кайра кармалды. Кыргызстанда июлдан тартып үч жашка чейинки балдарга ай сайын 1200 сомдон жөлөк пул берилет.</description>
Иранда соккуда каза тапкан окуучулар акыркы жайга узады 
            <description>Иранда кыздар мектебине чабуулдан набыт болгондор жерге берилди. Тегеран бул үчүн АКШ, Израилди күнөөлөсө, Вашингтон америкалык аскерлер атайылап окуу жайга сокку урбастыгын билдирди. Жол эрежесин одоно бузган айдоочулардан экзамен алып, өтпөй калгандарды кайра сынакка жөнөтүү сунушу сынга кабылды. </description>
АКШ Иранга катуу сокку уруларын эскертти 
            <description>Дональд Трамп Иранга каршы кубаттуу чабуулдардын толкуну алдыда экенин эскертти. Тегеран узак согушка даяр экенин билдирди. Кыргызстан Оман аркылуу Бириккен Араб Эмирликтеринен 300 жаранын алып келет. Коӊшу Казакстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп Дубайдан өз жарандарын эвакуация кылды. Абакта жаткан жарандык активист, акын Аскат Жетиген абак кызматкеринин кыйноосуна кабылганын билдирүүдө. </description>
Ирандагы жаңжал качан токтойт?
            <description>АКШ менен Израил Ислам жумуриятындагы операциясын улантып, Иран ага жооп кайтарууда. Трамп согуш бир айга чейин созулушу мүмкүн десе, Тегеран Вашингтон менен сүйлөшүүлөргө барбай турганын билдирди. Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам Перс булуңундагы өлкөлөрдө жүргөн кыргызстандыктар кайтып келе албай жатат. Айрымдары мейманканаларда түнөп, кошумча чыгым болууда.
Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитети Кыргызстандын соту ишмердигин экстремисттик деп тапкан иликтөөчү-журналист Болот Темировдун арызын карайт.
Жапаров-Ташиев тандеми эмнеден бузулду?
            <description>Кыргызстандын акыркы беш жылдык тарыхында президент Садыр Жапаров менен УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди бөлүп кароого болбойт. Февралда саясий тандем ыдырап, Жапаров досу Ташиевди кызматтан алып, депутаттар биринин артынан бири мандатын тапшырып, министрлер, мэрлер жумуштан кетти. Ташиевдин атайын кызматтагы ишенген кадрлары жумуштан алынып, айрымдары камалды. “Эки достун” бийликтеги тандеминин бузулушуна эмне себеп болду?</description>
“75чилердин каты” Жогорку Кеңешке кантип жетти?
            <description>Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев менен мамилеси тууралуу дагы бир жолу комментарий берди.</description>
Кыргызстан: Саясий тандем эмне үчүн урады? 
            <description>Кыргызстандын акыркы беш жылдык тарыхында президент Садыр Жапаров менен Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди бөлүп кароого болбойт. Алдыда “эки достун” бийликтеги тандеминин ыдырашы, ага себеп болгон жагдайлар тууралуу сөз кылабыз.</description>
Шаирбек Ташиев: 12 млрд сом мүлк кагазда эле, чындыгында андай жок 
            <description>Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев ага каршы козголгон кылмыш иши жок экенин айтып, камакка алынганы тууралуу маалыматтарды четке какты. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” берген интервьюсунда айтып, акыркы саясий окуялар, декларациясында көрсөтүлгөн 12 миллиард 637 миллион сомдук мүлк тууралуу суроолорго жооп берди.
Орусияда киши колдуу болгон Кобилжондун сөөгү Тажикстанга коюлду
            <description>Кыргызстандык аял Орусияда абакта отурган 19 жаштагы  уулун бир апта мурда Украинадагы согушка алып кетишкенин айтып, “Азаттыкка” кайрылды. Ал тапта Орусия Украинага соккуларын улантып, бир топ жерде энергетикалык жайлар зыян тартты. Дээрлик бир жумадан бери миңдеген киши электр жарыгысыз калган Одессада чукул кырдаал жарыяланды. Жогорку Кеңеш ишин баштап-баштабай жатып парламенттин төрагасы, комитет жетекчилерин шайлоо маселеси боюнча талаш чыкты. Айрым депутаттар спикер, анын орун басарлары атаандаштык жок эле шайланып калганын айтышты. </description>
Австралия: Бонди Бичтеги калабанын курмандыктары жерге берилди 
            <description>Орусияда тажик тектүү 10 жаштагы окуучу Кобилжон Алиев мектепте бычакталып, каза тапты. Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы ишин баштады. Австралияда Бонди Бичтеги кандуу калабанын курмандыктарын жерге берилди. Арасында он жаштагы секелек жана мерт болгон жубайлар бар. </description>
Мьянма: Кыргызстандык аял кулчулуктан куткарылды
            <description>Борбор Азиядан барган мигранттар Мьянмада кулчулуктан куткарылды. Арасында Кыргызстандын жараны Мьянмада аскердик лагерде жүргөн. 
Берлинде Украинадагы согушту токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөрдө жылыш бар экени айтылды. Бирок Украинанын чыгышындагы Донбасска байланыштуу маселе чечиле элек. Москва облусту толук алууну талап кылса, Киев ага каршы. 
Арасында өзүнүн Роналдусу жана Мессиси бар. Футбол ойногон баткендик кыз-келиндер тууралуу даректүү тасма “Бир Дүйнө – Кыргызстан” эл аралык кинофестивалында көрсөтүлдү. </description>
Азамат Нурмат уулу: "Азаттык" жазгандан кийин Түркияда сот тез жүрдү 
            <description>Украина НАТОго кошулуу мүдөөсүнөн баш тартышы мүмкүн. Киев компромисстик кадам катары уюмга кошулбай туруп, АКШ жана Европадан коопсуздук кепилдигин алууга даяр экенин билдирди. Орусиянын Украинага согуш ачканын сындаган ырчы Валерий Меладзенин Бишкектеги концертине уруксат берилген жок. Маданият министрлиги муну жобого байланыштырды. 
Түркияда кармалган кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулу сегиз айдан кийин Кыргызстанга кайтып келди. Ага козголгон кылмыш иши, кармалышынын чоо- жайы тууралуу мугалимдин өзү менен маектешебиз.</description>
Жогорку Кеңеш: Мандат алып, мыйзам жазчу эл өкүлдөрү 
            <description>Жогорку Кеңешке шайлоонун алдын ала жыйынтыгы чыгып, парламентке кимдер депутат болуп келери дээрлик белгилүү болуп калды. “Азаттык” мандат ала турган 90 эл өкүлүнүн өтмүшү тууралуу маалымат даярдады. Ал тапта БШК №13 округундагы шайлоонун жыйынтыгын мыйзам бузуулардан улам жараксыз деп тапты. Эми бул округдан талапкер болгон 14 жаран кайра шайлоого катыша албайт.</description>
Өлүм жазасы: "Укук коргоо, сот системасы кынтыксыз иштеши керек"
            <description>Милиция Ак-Ордогу эки адамдын өлүмүнө шектелген 19 жаштагы жаран тергөө учурунда качууга аракет кылганда жок кылынганын билдирди. Кылмышка шектүүнүн өлүмү коомчулукта бул иш боюнча талкууну күчөттү. Египеттин Шарм-эл-Шейх шаарында өткөн саммитте Газа жана Жакынкы Чыгышка тынчтык орнотуу боюнча декларацияга кол коюлду. Кыргызстандын Конституциясын өзгөртүп, өлүм жазасын киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты. Президенттин администрациясы сунуштаган документте балдарды зордуктагандар жана зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүүгө күнөөлүүлөр өлүм жазасына тартылат.</description>
"Киргизиянын" тургундары сотко чакыруу ала баштады 
            <description>Орусиянын президенти Владимир Путин “Азербайжан аба жолдору” компаниясынын учагы кабылган кырсык үчүн Москва жооптуу экенин моюнга алып, жабыркагандарга кенемте төлөнөрүн убада кылды. Тажикстандагы “Борбор Азия-Орусия” саммитине алты өлкөнүн президенттери катышты. Анда кыргыз президенти Садыр Жапаров бул форматтагы биринчи саммиттен бери Борбор Азиядагы коопсуздук кырдаалы оң жагына өзгөргөнүн айтты. Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова мындан 11 жыл мурда киши колдуу болуп, бир катар саясатчылардын да аты аралашкан 19 жаштагы Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча кылмыш ишинин бети ачылганын билдирди. 