Жаңылыктар - Азаттык үналгысы
Жаңылыктар - Азаттык үналгысы
        <ttl>60</ttl>        
АКШ аскерлери кемелерди атканы үчүн Иранга сокку урду
            <description>АКШ Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын (CENTCOM) билдирүүсүнө ылайык, Ирандын Ормуз кысыгындагы жарандык кемелерге чабуул койгонуна жооп катары, америкалык аскерлер 7-июлдун кечинде Ирандагы объекттерге сокку ура баштады.
Маалыматта айтылгандай, буга чейин Иран Ормуз кысыгы аркылуу бара жаткан үч кемеге чабуул койгон. CENTCOM Иранды ок атышууну токтотуу келишимин бузду деп айыптады.
Азырынча кайсы объекттер бутага алынганы белгисиз. Мониторинг жүргүзгөн каналдар Ирандын түштүк...</description>
Өзбекстан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу май сатууга оң жооп берди
            <description>Энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кыргызстан күйүүчү-майлоочу май импорттоо боюнча Казакстан менен Өзбекстанга кайрылуусуна жооп алганын 8-июлда журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, өзбек бийлиги Кыргызстанга май сатууга оң жооп берди. Кыргыз өкмөтү казак бийлигинен жооп күтүүдө.
"Мен бул боюнча Ирандын жана Түркмөнстандын бул жактагы элчилери менен да сүйлөштүм. Бул багытта бардык аракеттерди көрүп жатабыз", – деди Алтынбек Рысбеков.
Энергетика министрлиги июнь айынын башында...</description>
            <category>Жаңылыктар</category><enclosure url="https://gdb.rferl.org/165804ed-bc2c-45d3-8191-b82a9927015c_w800_h450.jpg" length="0" type="image/jpeg"/>
Өзбекстанда депутаттар латын арибин реформалоону колдошту
            <description>Өзбекстанда колдонуудагы латын арибин өзгөртүү сунушталууда. Бул боюнча мыйзам долбоорун өлкөнүн парламентинин төмөнкү палатасы кабыл алып, Сенаттын кароосуна жөнөттү.
Мыйзам долбоорунун авторлору айрым тамга айкаштарынан баш тартууну сунушташты. Натыйжада азыркы 26 тамга жана үч тамга айкашынын ордуна алфавит 28 тамгадан жана бир апострофтон турат.
Сунушталган өзгөртүүлөр төмөнкүлөр:
Gʻ → Ğ;
Oʻ → Ö;
Sh → Ş;
Ch → Ç;
ng тамга айкашын алфавиттен алып салуу сунушталууда. Өзгөртүүлөр...</description>
            <category>Жаңылыктар</category><enclosure url="https://gdb.rferl.org/f661b32e-c9f9-434e-170d-08decd1d5d42_w800_h450.jpg" length="0" type="image/jpeg"/>
УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков эки айга камалды
            <description>Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары – атайын кызматтын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун экс-директору Уранбек Шадыбековду 2-сентябрга чейин камакка алды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, шектүүнү камакка алууну тергөөчү өтүнгөн. 
Соттун билдирүүсүнөн Уранбек Шадыбековго Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) менен айып тагылганы...</description>
Өкмөт АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасын убактылуу жөнгө салууну токтотту
            <description>Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев күйүүчү-майлоочу материалдарга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтомго кол койду. Бул тууралуу маалымат өкмөттүн сайтына жарыяланды.
Жаңы токтомго ылайык, 2023-жылкы “Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” токтомдогу ички базардагы бааларга убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон социалдык маанилүү товарлардын тизмегинен...</description>
“Манас” аэропорту: Кырсыктаган учак тилкеден жылдырылып, каттам жанданды
            <description>Бишкек шаарындагы “Манас” аэропортунда кырсыктаган учак учуп-конуу тилкесинен алынып, аба каттамдары жанданды. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” мамлекеттик компаниясы кабарлады.
Кырсыкка байланыштуу каттамдар алгач кечээ саат 22:00гө чейин убактылуу токтотулган эле. Тазалоо иштери кечеңдегенден улам кийин ишти жандантуу саат 6:00гө жылдырылып, аба майдан 9:00дөн тартып толук иштей баштады.
Аэропорттун өкүлү Алена Хоменко белгисиздикке байланыштуу авиакомпаниялар каттамдарын кечке...</description>
            <category>Жаңылыктар</category><enclosure url="https://gdb.rferl.org/fafa26a2-8f78-4c15-173a-08decd1d5d42_w800_h450.jpg" length="0" type="image/jpeg"/>
Кытай менен Беларус Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу май жөнөтүүгө макулдук берди
            <description>Кытай менен Беларус Бишкекке күйүүчү-майлоочу май сатууга макулдук берди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Азаттыкка” билдирди.
"Кытай 3 миң тонна авиакеросин жеткирүү боюнча келишимди бекитти. Алардан кошумча 5 миң тонна дизелди алып келүү боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мындан сырткары Кыргызстандын Министрлер кабинети Беларустан 3 миң тонна авиакеросин жана 10 миң тонна дизел отунун ташуу боюнча келишимге кол койдук. Аны алып...</description>
TezJet авиакомпаниясынын учагынан 187 киши аман-эсен эвакуацияланды
            <description>Бишкек шаарындагы "Манас" эл аралык аэропортунда кырсыкка кабылган TezJet авиакомпаниясынын учагынан 181 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү борттон аман-эсен чыгарылып, эвакуацияланды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик компаниясынын өкүлү Алена Хоменко "Азаттыкка" ырастады.
Алена Хоменко билдиргендей, учак күүлөнүп, көтөрүлүп жатканда арткы шассиси (самолёттун жерде жүрүүгө мүмкүндүк берген бөлүгү) сынып кетип, жерге кулап кеткен. Учактын ичиндегилер үйлөмө трап менен сыртка...</description>
Жаңы Конституция Токаевге кайра президенттикке талапкер болууга мүмкүнчүлүк берет
            <description>Казакстандын Конституциялык соту өлкөдө жаңы Баш мыйзам күчүнө киргенден кийин Касым-Жомарт Токаевдин мурдагы президенттик мөөнөтү эсепке алынбайт деген чечим чыгарды.
Соттун түшүндүрмөсүндө, 1995-жылкы Конституциянын негизинде шайланган же дайындалган кызмат адамдары 2026-жылы кабыл алынган жаңы Конституция күчүнө киргенден кийин ошол эле кызматтарга кайрадан шайлана же дайындала алары айтылат.
Бул чечимге ылайык, Токаев 2029-жылга чейинки азыркы президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин...</description>
Бишкекте TezJet компаниясынын учагы кырсыкка кабылды
            <description>Бишкек шаарындагы "Манас" эл аралык аэропортунда TezJet компаниясынын учагы кырсыкка кабылды. Бул тууралуу маалыматты "Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик ишканасы ырастады.
Жүргүнчүлөр социалдык тармактарга жарыялаган сүрөт видеолордон көрүнүп тургандай, учак канаты сынып, жерге жатып калган. Учактын ичиндегилер үйлөмө трап менен сыртка чыгарылды.
Баштапкы маалыматтарга ылайык, жабыркагандар жок. "Манас" эл аралык аэропортунан аба каттамдары убактылуу токтотулду.
Айрым маалыматтарда...</description>
            <category>Жаңылыктар</category><enclosure url="https://gdb.rferl.org/dbac6e50-eaa7-442a-145c-08decad58b60_w800_h450.jpg" length="0" type="image/jpeg"/>
Макрон расмий сапар менен Сирияга барды 
            <description>Франциянын президенти Эммануэл Макрон расмий сапар менен Дамаскка барды. Бул тууралуу Сириянын мамлекеттик SANA маалымат агенттиги билдирди.
Бул Франциянын президентинин Сирияга 2009-жылдан берки алгачкы сапары. Анда өлкөгө ошол кездеги президент Николя Саркози барган.
Макрон Сириянын убактылуу лидери Ахмед аш-Шараа менен жолугат.
Сирия лидеринин кеңсесинин маалыматына караганда, тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгын, аймактык коопсуздук маселелерин талкуулашат.
Reuters агенттиги...</description>
            <category>Жаңылыктар</category><enclosure url="https://gdb.rferl.org/a3c68be6-1c37-4dce-401a-08decacf94d0_w800_h450.jpg" length="0" type="image/jpeg"/>
Трамп НАТОнун саммитине катышуу үчүн Анкарага жөнөдү
            <description>Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Анкарада өтө турган НАТОго мүчө мамлекеттердин лидерлеринин жыйынына катышуу үчүн жолго чыкты. 7–8-июлда өтө турган саммитте Европанын коопсуздугу, Украинадагы согуш жана альянстын келечеги башкы темалардын бири болору күтүлүүдө.
Ага альянска мүчө 32 мамлекеттин башчылары катышат.
Саммитти утурлай АКШнын жогорку кызматтагы өкүлдөрү Пентагон Европадагы америкалык аскерлердин жайгашуусун кайра карап жатканын билдиришти. 
Алардын айтымында, Вашингтон...</description>
            <category>Жаңылыктар</category><enclosure url="https://gdb.rferl.org/a1d26a96-a660-4196-9055-99dbf3fd2100_w800_h450.jpg" length="0" type="image/jpeg"/>
Хаменеинин сөөгүн жерге берүү зыйнаты Кум шаарында уланды
            <description>7-июлда Ирандын ыйык деп саналган Кум шаарында миңдеген адам Ислам жумуриятынын төрт ай мурун өлтүрүлгөн руханий лидери, аятолла Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнатына чогулду. Аза күтүү иш-чараларынын уланып жатканына төрт күн болду.
Хаменеинин сөөгү 9-июлда туулган шаары Мешхедде жерге берилердин алдында шиилер үчүн ыйык саналган жайларда бир катар иш-чаралар уюштурулат.
Мамлекеттик телеканал Кумда миңдеген киши топтолгонун көрсөттү.
Ал жердеги жаназа намазын 93 жаштагы дин...</description>
            <category>Жаңылыктар</category><enclosure url="https://gdb.rferl.org/254d9ed5-0d6a-4137-a9a7-18984a279bd5_cx0_cy10_cw0_w800_h450.jpg" length="0" type="image/jpeg"/>
УКМК чек ара бекетинде операция жүргүзгөнүн ырастап, 41 киши кармалганын билдирди
            <description>Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасындагы “Кадамжай” жана “Чечме” көзөмөл-өткөрүү бекеттеринде мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар кызмат адамдарын кармоо операциясын жүргүзгөнүн ырастады. 5-июлдагы иш тууралуу мекеме 7-июлда маалымат берди.
Билдирүүдө айтылгандай, мурдараак чек арада мыйзамсыз акча чогултуу боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (“Пара алуу”) боюнча кылмыш иши...</description>
Жогорку окуу жайларга кабыл алуу 13-июлдан башталат
            <description>Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 2026–2027-окуу жылына Жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) жыйынтыгынын негизинде жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу турларынын графигин бекитти. Бул тууралуу мекеме социалдык түйүндөрдөгү баракчасына жарыялады.
Кабыл алуу өнөктүгү беш негизги тур менен өткөрүлөт. Биринчи тур 13-июлдан, экинчи тур 20-июлдан, үчүнчү тур 27-июлдан, төртүнчү тур 3-августтан, бешинчи тур 10-августтан башталат.
Ар...</description>
            <category>Жаңылыктар</category><enclosure url="https://gdb.rferl.org/5523B44B-A530-4F4D-A17E-262434FD3699_w800_h450.jpg" length="0" type="image/jpeg"/>
Эл аралык археологдор тобу
Өзбекстандан 2 миң жыл мурдагы грек аскер лагерин табышты
            <description>Өзбекстандын түштүгүнөн (Бактрия менен Согдиананын чек арасында, географиялык жана административдик жактан бул аймак бүгүнкү күндө Сурхандарыя облусунун Байсун районуна караштуу - ред.) Прагадагы Карлов университетинен Ладислав Станко баштаган эл аралык чех-өзбек археологдор тобу эллинизм дооруна таандык Искандар-тепа антикалык аскерий лагерин табышты.
Journal of Archaeological Science: Reports илимий журналында жарыяланган макалада айтылгандай, топ бул тилкени биринчи жолу 2017-жылы...</description>
            <category>Жаңылыктар</category><enclosure url="https://gdb.rferl.org/4f6955d2-5f8c-43c2-5d89-08decd277110_w800_h450.jpg" length="0" type="image/jpeg"/>
ӨКМ алдыңкы эки күндө тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти
            <description>Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) шашылыш билдирүү таратып, 7-июль күндүн экинчи жарымында жана 8-июль күнү Кыргызстандын аймагында абанын температурасы жогорулап, нөшөрлүү жаан-чачынга болорун эскертти.
Мекеме билдиргендей буга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн...</description>
            <category>Жаңылыктар</category><enclosure url="https://gdb.rferl.org/7527E683-B759-471B-BC33-6AC65C55A4E6_w800_h450.jpg" length="0" type="image/jpeg"/>
Өзбекстандын Анжиян шаарында беш эм төрөлдү
            <description>Өзбекстандын чыгышындагы Анжиян шаарында бир үй-бүлөдө беш эм төрөлдү. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматында, 6-июлда Кайрагачташ маалесинин тургуну көп түйүлдүктүү кош бойлуулук диагнозу менен ооруканага жаткырылган. 
Бир нече сааттан кийин толгоо мөөнөтүнөн эрте башталып, дарыгерлер  кесарево жасашкан. Үч кыз жана эки эркек баланын салмактары 1205 граммдан 1605 граммга чейин.
Учурда келин жана ымыркайлар Эне жана баланын...</description>
            <category>Жаңылыктар</category><enclosure url="https://gdb.rferl.org/6fd024c3-97b1-41aa-7c95-08decad17715_w800_h450.jpg" length="0" type="image/jpeg"/>
ХАМАС Газадагы өз өкмөтү жоюлганын билдирди
            <description>Палестинанын ХАМАС тобу 6-июлда Газа тилкесин башкарып келген өзгөчө кырдаалдар өкмөттүк комитети жоюлганын жарыялады. Анклавды административдик жактан көзөмөлдөө укугу жаңы улуттук комитетке өтөт.
Агенттиктердин маалыматында, чечим АКШ колдоого алган Газадагы согуштан кийинки жөнгө салуу планын ишке ашыруу үчүн кабыл алынды. Буга чейинки башкаруучу органдын жетекчиси Мухаммед ал-Фарра кызматтан кетти.
ХАМАС Газа тилкесин башкаруу укугу Улуттук комитетке өткөрүлүшү керектигин билдирди....</description>
Украин армиясы Кыргызстан күйүүчү май алган Омск заводуна сокку урду
            <description>Украинанын Куралдуу күчтөрү 6-июлда Омск шаарындагы мунай өндүрүүчү заводго сокку урду.
Аталган аймак Украинадан 2500 чакырым алыс.
Бул тууралуу Украинанын мониторинг жүргүзүүчү Exilenova+ жана Supernova+ Телеграм-каналдары жарылуулардын жана болжолдуу өрттүн кадрларын жарыялоо менен билдиришти.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы заводго сокку урулганын ырастады.
"Бул украин аскерлери чабуул койгон Орусиядагы эң ири 11 бензин өндүрүүчүлөрдүн акыркысы", - деп билдирди Башкы...</description>