Жакында Британиянын Би-Би-Си басылмасы элди шыктандырган дүйнөдөгү жүз аял деген тизмесине кыргызстандык студент-программист Алина Анисимованы да киргизген. Алина Бишкекте он чакты кыз менен чогуу спутник жасап, аны космоско учурууну кыялданат.
"Азаттык клубунун" бул жолку чыгарылышына билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева келип маек курду. Ага мектеп окуучулары, студенттер жана ата-энелер өздөрүн түйшөлткөн суроолорун түз эфирде берип жатты.
"Азаттык Клубу" интерактивдүү дискуссиялык берүүнүн бул жолку коногу КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов болду. Ал "президенттик шайлоого талапкерлигиңизди коесузбу? Текебаевдин абалын сурап бардыңызбы? Жылдыз Мусабекова менен болгон чырга көз карашыңыз кандай?" деген суроолорго жооп берди.
Кыргыз коомунда сексуалдык ориентациясы башкача уул-кызга мамиле кандай?