Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 29-январь, 2020 Бишкек убактысы 18:08

Борбор Азия

ТАШКЕНДЕГИ ЖАРДЫРУУЛАР СЫНГА АЛЫНУУДА

Нарын АЙЫП, Прага 30-июлда Ташкен шаарынын үч башка жеринде бир убакта үч террордук аракет ишке ашырылды. АКШ менен Израил элчиликтери алдында жана Башкы прокуратуранын кире беришинде болгон жардыруулардан эки адам өлүп, дагы тогуз киши жараат алды, жарадар болгондордун бири түнүчүн ооруканада көз жумду.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстан - террор аракеттери эң көп ишке ашырылган мамлекет. Дээрлик бардык байкоочулар анын себебин өзбек өкмөтү исламчыларды өтө катуу куугунтуктаганынан көрөт. 1999-жылдын февралында Ташкенде алты машине жарылып, андан 16 адам курман болгон. Ошол эле жылдын жай айларында жана кийинки 2000-жылы дагы "Өзбекстан исламдык кыймылынын" лашкерлери Кыргызстан жана Тажикстандын аймагы аркылуу Өзбекстанга өтүп, президент Ислам Каримовдун өкмөтүн кулатууга аракеттенген. 2001-жылы уюмдун жоокерлери Өзбекстандын өзүнүн түштүк аймактарына кирип, өкмөттүк аскерлер менен согушкан. Үстүбүздөгү жылдын март жана апрелинде болсо Ташкен менен Бухара шаарларында бир нече террордук аракет ишке ашырылгандан 47 адам набыт кеткен, өлгөндөрдүн отуз үчү - өздөрүн өзү жардырган жанкечтилер болчу, алардын бир тобу аялдар.

30-июлдагы үч жардыруу дагы жанкечтилер тарабынан ишке ашырылды, алардын баары эркек, жана эң негизгиси - жардыруулар исламдык экстремизмге каршы эң кеңири жана катуу күрөшкөн АКШ, Израил жана Өзбекстан мамлекеттеринин өкмөттүк кеңселеринин алдында болуп жатканында. "Исламдык жихад тобу" деп аталган уюм интернет аркылуу маалымат таратып, жардыруулар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды, жарыянын алдына: "Силердин Бухарадагы тууганыңар", - деп жазылган. Уюмдун айтымында, март-апрелдеги жардырууларды дагы анын мүчөлөрү уюштурган.

Ал жардырууларга тийешеси бар деп шектелген 15 адамга каршы 26-июлда Ташкенде сот башталган. Жаңы жардыруулар болгон 30-июлда болсо Карши шаарында дагы башка 16 адамга каршы жаңы сот иши башталды, бирок алардын террор аракеттерине тийешеси бар же жок экенин өзбек өкмөтү айтпайт. Сотко журналисттер катыштырылбай жатат.

Интернетте тараган кээ бир башка кабарларга караганда, 30-июлдагы жардырууларга "Хизб ут-Тахрир" партиясынын да тийешеси бар, бирок уюмдун Лондон шаарындагы өкүлү Хасан ал-Хасан аны жокко чыгарды: "Кээ бир маалымат агенттиктери жана интернет-сайттар жардырууларга 'Хизб ут-Тахрирдин' тийешеси бар деп билдирүүдө. Ал таптакыр туура эмес".

Өзбекстандын ички иштер министри Закир Алматовдун айтымында, жанкечти үч террорчунун биринин аты-жөнү такталды жана жардырууларга тийешеси бар деп шектелген бир нече адам кармалды. Тергөөнүн кызыкчылыгында алардын ысымдары жана канча адам кармалганы азырынча жарыяланбайт. Өздөрүн курмандыкка чалган үч террорчудан тышкары дагы үч адам өлдү, алардын экөө - Израил элчилигин кайтарган бир милийса жана ошол эле элчиликте иштеген Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын мүчөсү дароо набыт кеткен. Башкы прокуратура имаратынын алдында жети жана АКШ элчилигин кайтарган дагы эки адам жараат алган, алардын бири түнүчүн ооруканада өлдү.

АКШнын Мамлекеттик катчылыгынын өкүлү Адам Эрели жардырууларды террордук аракет деп сыпаттады: "Америка Кошмо Штаттары бул жаңы террор аракеттери тууралуу кабарды кайгыруу менен кабыл алды жана өлгөндөрдүн туугандарына көңүл айтып, жарадар болгондорго колдоо көрсөтөт".

Крымда эс алып жаткан президент Ислам Каримов шашылыш түрдө Ташкенге учуп келди, ал эми Израил Өзбекстанга өзүнүн адистер тобун жиберип, тергөө жүргүзүүгө жардам көрсөтүүдө.

ТАШКЕНДЕГИ ЖАРДЫРУУЛАРДАН КЕМИНДЕ ЭКИ КИШИ НАБЫТ БОЛДУ

Тынчтыкбек Чоротегин, Прага шаары Өзбекстандын ордо шаары Ташкенде бүгүн (жума күнү) жардыруулар болду. Маалыматтарга караганда, Израил менен АКШнын элчиликтеринин имараттарынын маңдайында жана Өзбекстандын башкы прокуратурасынын кеңсесинин улагасында болгон жардыруулардын айынан бери дегенде 2 киши набыт болуп, беш киши жаракат алды.

Израилдин Өзбекстандагы элчиси Цви Коэндин айтымында, жума күнү бул элчиликтин имаратынын жанында болгон жардыруунун айынан эки өзбекстандык набыт болду. Ал эми «Итар-Тасс» агенттигинин кабардашынча, жардыруудан улам бир гана киши өмүрүнөн айрылган.

Бул окуя тууралуу кабарлаган Израил үналгысы бомба чабуулун бир жанкечти жасаганын билдирген, бирок жөөттөрдүн Ташкендеги элчиси бул жоромол тастыктала электигин эскертти.

Израил элчилигинин аймагына жакын жерде болгон «Азаттыктын» кабарчысы Садриддин Ашуров мырзанын айтымында, жардыруу болгон чакта ал Израил элчилигинин имаратына жакын жерде бир семинарга катышып жаткан. Айрым күбөлөрдүн кабарчыбызга айтканына караганда, бир жанкечти келип жардыруу уюштурган имиш. Имарат курчоого алынып, ага эч кимге жакын жолоого мүмкүндүк берилбей жатат, - дейт кабарчыбыз Ашуров.

Израил элчилигиндеги кызматкерлердин баары тең аман-эсен экендиги маалымдалды.

Ал эми Өзбекстандын ички иштер министри Закиржан Алматов менен өлкөнүн баш прокурору Рашид Кадыровдун билдиришинче, баш прокуратуранын кеңсесиндеги жардыруунун айынан бери дегенде беш киши жарадар болду.

Бир жан кечти киши келип, баш прокуратуранын кире беришинде өзү алып келген жардыргыч заттарды жардырууга үлгүргөн.

Ташкендин Чиланзар аймагында жайгашкан АКШнын элчилигинин алдында болгон жума күнкү жардыруу да жанкечти тарабынан уюштурулгандыгы айтылууда. Соңку жардыруудан канча киши жабыр тартканы азырынча так маалымдала элек.

Ташкен жана Каршы шаарларында ушул тапта террорчулук менен айыпталып жаткандардын үстүнөн сот жараяны жүрүп жаткан. Ташкендеги сотто 13 эркек киши жана 2 айым быйыл март айында жана апрелдин башында Бухара менен Ташкен шаарларында болгон жардырууларды уюштурган деген доо боюнча жооп берип жатышкан. Жазындагы бул жардыруулардын айынан 47 киши өлгөн, алардын 33ү бийликтер тарабынан террордук кол салууну аткаруучулар катары жоромол кылынып келет.

Каршы шаарында сот алдында жооп берип жаткан 16 киши да террорчу катары айыпталууда. Бирок алардын иш-аракети кайсы террордук окуяга байланыштуу экендиги азырынча так эмес.

Бир катар укук коргоочулар Өзбекстан өкмөтүнүн адам укуктарын одоно тебелеп-тепсеши, өлкөдө мыйзамдуу жолдор менен өз саясатын жүргүзүүгө умтулган оппозициялык күчтөрдүн ишмердүүлүгүнө тыйуу салынышы сыяктуу жагдайлар коомдогу айрым күчтөрдүн зомбулук иш-аракеттерге өтүшүнө огожо болуп жатканын айтып келишет. Жакында АКШ бийлиги да Өзбекстандагы адам укуктарынын оор акыбалына байланыштуу бул өлкөгө бериле турган кайрымдуулук жардамынын 18 миллион доллардык жаңы бөлүгүн жиберүүнү убактылуу токтотуп койгон.

(Сүрөттө - Ташкен шаары, үстүбүздөгү жылдын март айынын соңу).

ӨЗБЕКСТАНДА ЖАЗДАГЫ ЖАРДЫРУУЛАРГА КАТЫШЫ БАР ДЕЛГЕНДЕРДИН ҮСТҮНӨН СОТ БАШТАЛДЫ

Өзбекстанда быйыл март айынын соңунда, апрелдин башында орун алган жардырууларга, кол салууларга катышы бардыгы үчүн айыпталган 15 адамдын үстүнөн ушул дүйшөмбүдө сот башталды. Анын башталышы көргөзгөндөй, бул сот да ашынган исламчылар катары айтыпталгандардын иштери каралган буга чейинки сот жараяндарынын үлгүсүндө жүрүүдө. Мындай сот жараяндары адатта Өзбекстанда бийликтин диний экстремизмди басуу саясатын актоо үчүн кызмат кылып келген.

Марттын аягы менен апрелдин башында Өзбекстандын эки шаары: Ташкен менен Бухарада орун алган жардыруулар жана атышуулардан 50дөй адамдын өмүрү кыйылган эле. Ал окуялардын чоо-жайы жөнүндө азыркыга чейин аз эле нерсе белгилүү.

Байкоочулардын пикиринде, учурда үстүнөн сот жүрүп жаткан 15 адамдын айрымдарынын балким ошол кандуу окуяларга чын эле катышы бардыр. Бирок өзбек юриспруденциясынын буга чейинки күмөндүү тарыхынан улам сот залдарында адилеттүүлүк орнойт деп айтуу татаал. Алекс Ватанка Өзбекстанга адистешкен британиялык эксперт:

-Ал адамдардын айрымдарына балким коюлуп жаткан айыптардын жарым–жартылай же толугу менен тиешеси бардай. Бирок толук айкындуулуктун жоктугунан, өзбек өкмөтүнүн мурдагы репутациясынан, эл аралык коомчулук өзбек өкмөтүн сындап келе жаткандыктан, кандай жыйынтык чыкканына карабай адамдар "бул күтүлгөн болчу" деп айтышат.

Иши сотто карала баштаган 15 адамдын он үчү эркек, экөө аял. Жаш курактары 22 менен 40тын тегерегинде. Ал эми жалпысынан Ташкен менен Бухарадагы кандуу окуяларга байланыштуу сотто кеминде 45 адамдын иши каралмакчы.

Аларга Өзбекстандын Кылмыш кодексинин 17 беренеси, анын ичинде өкмөттү жана конституциялык түзүлүштү кулатууга аракеттенген деген да айып коюлууда.

Жараяндын алгачкы күнүндө журналисттер сот залына киргизилди, бирок анда айтылгандарды диктофонго жаздырууга уруксат берилген жок.

"Азаттыктын" өзбек редакциясынын Ташкендеги кабарчысы Рахматжон Кулдашев прокурор окуган айыптоо барагында айтылган маалыматтардын бири тууралуу мындай дейт:

-Айыптоо барагында жазылгандай, бул топ "ал-Каида" террордук уюмунун Пакистандын Вазирстан вилаетиндеги лагерлерине машыгууга барып турган.

Кабарларга караганда, маселен сотто алгачкылардан болуп көрсөтмө берген Фуркат Юсупов аттуу айыпкер 14 адамды Пакистанга жана Казакстанга машыгууга жиберүүгө көмөктөшкөнүн, өзү жана башкалар кантип машыгуудан өткөнүн айтып берген.

Айыпкердин мындай көрсөтмөлөрү Өзбекстандын тергөө органдарынын ошол март-апрелдеги окуялардын аралыгында берген жыйынтыктарына дээрлик шайкеш келүүдө. Маселен, анда өлкөнүн баш прокурору Рашид Кадыров жардыруу менен кол салууларга катышы барлар "ал-Каиданын" согушкерлери тарабынан машыктырылганын билдирген эле.

Пакистан бийликтери быйыл жыл башында Вазирстан чөлкөмүнөн алардын коопсуздук кызматтары менен болгон атышта Өзбекстан Ислам кыймылынын лидерлеринин бири Тахир Юлдаш жаракат алганын кабарлаган болчу. Өзбек бийликтери болсо Пакистандан келген маалыматты Өзбекстандагы окуялар менен дароо байланыштырышкан.

Укук коргоочулар "террорчу" же "ашынган исламчы" деп айыпталгандардын иши каралган буга чейинки соттордо тергөө органдары үчүн керектүү көрсөтмө алуу максатында айыпкерлер кыйноого алынганын айтып, өзбек бийликтерин сындап келгени маалым. Ушундай эле тынчыздануулар азыркы сотко байланыштуу да айтылууда.

Өзбекстандын Көз карандысыз укук коргоочулар уюмунун өкүлү Сурат Икрамовдун айтымында, алардын тобу айыпкерлердин туугандары менен маектешүүлөрдү өткөргөн жана аларда бул ирээт да айыпкерлерден керектүү көрсөтмө чыгарыш үчүн кыйноо колдонулганына ишенгидей негиздер бар.

НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ ОППОЗИЦИЯЧЫЛ САЯСАТЧЫНЫ МААЛЫМАТ МИНИСТРИ КЫЛДЫ

Чолпон Орозобекова, Прага Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев парламенттик шайлоого эки ай калганда оппозициячыл маанайдагы саясатчыны өлкөнүн маалымат министри кылып дайындады. Айрым байкоочулар мамлекет башчынын бул кадамын шайлоо алдында оппозицияны алсыратуу далалаты катары баалашууда. “Ак жол” партиясынын теңтөрагасы Алтынбек Сарсенбаев болсо министрлик кызматка отургандан кийин сөз эркиндигинин абалын жакшыртуу убадасын берди.

Байкоочулардын баамында, оппозициячыл саясатчы Алтынбек Сарсенбаев менен президент Нурсултан Назарбаевдин ортосунда жашыруун келишим да болушу ыктымал. Мындай турумдагы байкоочулар, балким, “Ак жол” партиясынын теңтөрагасы шайлоо учурунда массалык маалымат каражаттарынын үстүнөн көзөмөлдү күчөтүп, кай биринин өкмөткө мамилесин жумшартуу убадасын бергендир дешет. Президент Нурсултан Назарбаев шайлоо алдында өкмөт курамына тигил жээктин өкүлүн кошуу менен иштиктүү мамлекет башчы көрүнгүсү келүүдө деген да ойлор айтылууда.

Алтынбек Сарсенбаев Казакстандын маалымат министри болуп дайындалгандан кийин бул кызматка келишин мындайча түшүндүрдү:

-Биринчиден, президент Назарбаев Конституцияга каршы келген жана журналисттердин укугун чектеген мыйзамга кол койгон жок. Бул демократиялык кадам деп санайм. Экинчиден, чөйрөсүндөгү айрым адамдардын каршылыгына карабай саясий реформалардын программасын жарыялады. Ал бул кызматты сунуш кылганда мен соңку демократиялык кадамдарын карап туруп, чогуу көп максаттарды турмушка ашырабыз деген мүдөө менен макулдугумду бердим,- дейт Алтынбек Сарсенбаев.

42 жаштагы Алтынбек Сарсенбаев узак жылдар бою ар кыл мамлекеттик кызматтарды ээлеп келген. Бир убакта Маалымат, маданият жана коомдук пикир боюнча деп аталган ушул эле министрликти сегиз жыл башкарган. Андан кийин Казакстандын коопсуздук кеңешинин катчысы, Орусиядагы элчи болуп иштеген. 2003-жылы кызматтан кеткенден кийин оппозициячыл “Ак жол” партиясына өткөн.

Мисалы, Галимжан Жакиянов менен салыштырганда Алтынбек Сарсенбаевди радикал оппозициячыл деп айтканга болбойт. Байкоочулар дал ушул “мелүүндүгү” менен ал Нурсултан Назарбаев үчүн ыңгайлуу болду деп боолголошот.

“Время МН” гезити жазганга караганда, Сарсенбаевдин бийликке кайтып келишине Казакстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Булат Өтөмуратовдун салымы чоң. Жакында ал Нурсултан Назарбаевдин атына кошо доо кетирип жаткан “Казахгейт” деп аталган Нью-Йорктогу соттун залакаларын алдын алыш үчүн Америкада жүрүп кайтканын кабарлайт орус басылмасы. “Булат Өтөмуратов жакшы түшүнөт, казак бийлигинин Батыштагы абройун кадрдык чечкиндүү өзгөрүүлөр гана оңдошу мүмкүн” деп жазат “Время МН”.

Саясат таануучу Нурбулат Масанов казак бийлигинин “Ак жол” партиясын күч колдонуу аркылуу алсыратуу аракети майнапсыз болгонун айтат. Анын оюнча, Назарбаев лидерлеринин бирин министр кылып дайындоо менен Казакстандагы дагы бир күчтүү оппозициячыл партияны өзүнө тарткысы келет.

Алтынбек Сарсенбаев оппозициячыл маанайдагы, бирок кай бирлер үчүн конструктивдүү, кимдир бирөөлөр үчүн чордончул турумдагы саясатчы болуп келген. Бирок Нурсултан Назарбаевдин саясатын катуу сындаган учурлары да болгон. Мисалы, азыркы президентти гана колдогон “Отан” жана “Асар” партиялары тууралуу “лидерлери президент жана анын кызы болгон үчүн эле бул эки партияны элге таңуулай бериш уят” деп айтканы бар.

Сарсенбаев мырза камакта жаткан оппозициячыл саясатчы Галымжан Жакияновду да ачык эле колдоп сүйлөчү. Министр болгондон кийин да анын эркиндикке чыгышы үчүн аракет жасарын билдирди:

- Казакстанда саясий туткундар болбошу керек. Жакиянов мырза биздин өлкөдөгү акыркы саясий туткун болот го деген үмүтүм бар.

Жаңы министр ириде сөз эркиндигине болгон чектөөлөрдү жойуу убадасын берген. Анысын аткарыш үчүн алгачкы кадамдарды жасаган түрү бар. Мисалы, оппозициячыл маанайдагы үч гезитке карата мурда министрлик сотко берген арыздарды артка кайтарды. Ал эми министрликтин жергиликтүү бөлүмдөрүнө массалык маалымат каражаттарын өз алдынча сотко бергенге тыйуу салды.

Алтынбек Сарсенбаев журналисттер алдында парламенттик шайлоолор мыйзам бузууларсыз, таза өтөт деп тастыктады. Анын айтымында, Нурсултан Назарбаев аны министрлик кызматка дайындаар алдында буга кепилдик берди.

Казакстанда оппозициячыл маанайдагы саясатчы министр болуп канчага чейин иштейт деген талаш- тартыш күчөдү. Айрым серепчилер ал сөз эркиндиги үчүн күрөшө берсе тез эле кызматтан четтетилет дешет. “Казакстан” гезитинин редактору Шергазы Муктарбековдун пикиринде Басма сөз жана маалымат министри убадаларынын өтөөсүнө чыга албаса өз ыктыяры менен кызматтан кетиши керек:

-Менимче, ал бул кызматта көп жумуштарды жасайт деген үмүтүм бар. Эгер ал азыркы айткан максаттарын турмушка ашыра албаса өзү отставкага кеткени оң.

Алтынбек Сарсенбаев журналисттерге дагы бир убада берди. Эгер парламенттик шайлоо бурмалоолор менен коштолсо, ошондой эле сөз эркиндиги жаатындагы убадаларын аткара албаса, анда ал кызматтан өзү кетет.

КАЗАКСТАНДАГЫ СӨЗ ЭРКИНДИГИНИН АБАЛЫ

Казакстанда 2 миңден ашуун маалымдоо каражаттары каттоодон өткөн. Алардын басымдуу көпчүлүгүн эркин гезит, журналдар, электрондук маалымдоо каражаттары түзөт. Бирок мына ушул саны жагынан барандуу топтун ичинен 10 чакты басылма гана өлкөдөгү саясий окуяларды талдоого алып, бүтүмүн жарыялап турат. Кийинки кездерде эркин сөздү ооздуктоо, маалымдоо каражаттарын миллиондогон сомдук айыппулга жыгуу жана журналисттерди кысымга алуу арбып баратат.

Кайсы бир кадырлуу аткаминердин эркин малымдоо каражаттарын олчойгон айыппулга жыгып алуу аракети постсоветтик өлкөлөрдө көнүмүшкө айланып баратат. Андай окуя карапайым адамдарды таң калтырбай деле калды. Иштин баары мыйзамга такалып, анын атынан жасалып аткан соң аракеттен кынтык табыш кыйын.

Айтса, журналисттер менен маалымдоо каражаттарын олчойгон айыппулга жыгуу аркылуу алардын үшүн алып, мизин кайтаруу Казакстан менен Кыргызстанда арбын жасалууда. Казакстандагы демократиялык кыймылдын башында тургандардын бири, белгилүү журналист Сейдахмет Куттыкадамдын ырасташынча, бул жагынан коңшу өлкөлөрдүн айырмасына караганда жалпылыктары көбүрөөк:

- Кандай болгон күндө да бизде азыр күрөш жүрүп жатат. Кысым да жылдан-жылга күчөп баратат. Бирок да кысым канчалык күчөсө оппозиция ошончолук кеңейүүдө. Менин оюмча, 3 – 4 жыл аралыгындабы, ашып кетсе 2 жылдын тегерегинде Казакстанда көп өзгөрүүлөр болушу керек. Казакстанда өзгөрүш болсо ал сөзсүз түрдө Кыргызстанга да барат.

Казакстандык белгилүү саясатчы Балташ Турсунбаев кийинки жылдары Борбор Азиядагы өлкө жетекчилеринин иш-аракети бир болуп, идеологиясы окшошуп кетти деген пикирде:

- Ортоазия мамлекет башчыларынын идеологиясы кошулуп бир болуп кетти. Ошондуктан көрүп жүрөбүз го, боордош Кыргызстан менен Казакстанда сөз эркиндиги бар деп айтыш кыйын. Бийликте отурган адамдар сөз эркиндигине кысым жасап, тоскоол келтиришүүдө. Эгерде чындык сөз айтылса, аларды куугунтукка алышууда.

Бийлик башында турган адамдардын сердымагы күчөп, айланасында болуп аткан иштерди терең таразалап, акыл калчап туура жыйынтык чыгарууга чама-чаркы жетишпей каларын азыркы казак оппозициясынын белдүү өкүлү Заманбек Нуркадилов мындайча сыпаттайт:

- 1986-жылы «Желтоксан» кезинде ушу калаада аким болчумун. Алматынын акими болуп саясатка аралашканым жок. Ошондон кийинки окуялардын баары көз алдымда. Ушу өкмөт башында отурган адамдар бу бийликти өмүр бою колдон чыгарбай кармап турабыз, биздин иштегенибиз кара болсо да ак деп саналат, жабылуу казандан эч кандай буу чыкпайт, жыты сезилбейт, деп ойлошкон. Көп адамдар ошентип ойлошот.

«Навигатор» интернет гезиттин редактору Юрий Мизинов Казакстанда сөз эркиндигин ооздуктоонун сыналган ыкмасы катары сот аркылуу олчойгон айыппулдарды салуу күчөп баратканын айтты:

- Ооба, журналисттерди дагыле аркыл амал-айлага салып куугунтукка алып жатышат. Азыр абийир, арнамысты сактоо үчүн аларды миллиондогон теңге айыппулга жыгуу аракети арбын колдонулууда. Доо-арыз бергендер такай утуп келатышат. Апачык опузалап, коркутуу кыйладан бери басылгансып калды эле.

Байкоочулардын айтымында, Казакстанда бийлик менен оппозициянын тиреши кийинки кездери кыйла курчуп кетти. Базар экономикасынын шарапатында көп байлык топтоп алгандардын колдоосу менен маалымдоо каражаттары ачылып, алардын кыйласы азыркы бийликти сындап келатышат. Чын-чынына келгенде, бийлик менен байлыктын ачык-тымызын тирешинен барып-келип маалымдоо каражаттары эле зыян тартат.

ТҮРКМӨНСТАНДА АТУУЛДАР ҮЙЛӨРҮНӨН МЫЙЗАМСЫЗ ЧЫГАРЫЛУУДА

Азиза Турдуева, Прага Түркмөнстандын өкмөтү борбор калаанын чет жакаларындагы үйлөрдө жашаган атуулдардан кыска мөөнөттүн ичинде турак-жайларын бошотууну талап кылууда. Алардын үйлөрүнүн ордуна жаңы курулуштар жүргүзүлмөкчү. Бирок үйдү бошотуу талап кылынган үй-бүлөлөргө эч кандай компенсация төлөнбөйт жана алар башка турак-жайды өздөрү табуусу керек. Эл аралык укук коргоо уюмдары Түркмөнстандагы бул жагдайга байланыштуу тынчсызданууларын билдиришүүдө.

Президент Сапармурат Ниязовдун демилгеси менен Ашхабаттын борборунда чоң курулуш объектилерин куруу долбоору ишке ашырылууда. Дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бири болуп эсептелген Түркмөнстандын баш калаасында учурда беш жылдыздуу мейманканалар бар жана улам жаңы өкмөттүк имараттар салынууда. Калаанын көчөлөрү кеңейтилген. Ал эми жакында шаардын көркү ого бетер чыгып, андагы имараттар дагы жаңыдан салына турган театрлар жана башка имараттар менен толукталмакчы.

Ашхабатта балдар жана калайык көңүл ача турган америкалык Диснейленддин түркмөн версиясы да курулат деп күтүлүүдө. Мындай курулуштар баш калаанын көптөгөн тургундарына жагышы мүмкүн. Ал эми шаардын жүздөгөн жашоочулары буга карата өздөрүнүн нааразылыктарын билдиришүүдө. Анткени Түркмөнбашынын улуу долбоорлорун ишке ашыруу үчүн алар жашап жаткан үйлөр кыска мөөнөттө буздурулууга тийиш.

Ашхабатты кайра куруу долбоору 2001-жылы башталган. Бул жараян июнь айында президент Сапармурад Ниязов Ашхабаттын чет жакаларын кыдыргандан кийин ого бетер күчөдү. Анткени президент борбор калаанын чет жакаларындагы жер үлүштөрүн мыйзамсыз ээлеп алып, менчик үйлөрдү куруп алгандарга карата чара көрүүгө көрсөтмө берди:

- Оболу алар жер тилкелерин ээлеп алышкан. Андан кийин алар үйлөрдү куруп алганын кантесиң! Алардын жер алууга же үйдү салууга эч кандай документтери жок! Бул маселени эч ким көзөмөлгө албайт. Силер тартип коргоо органдарын да бул маселеге кийлигишүүгө чакырбайсыңар! Деги буга ким жооп бериши керек? Силердин көз алдыңарда эле, коңшу Багир совхозунда үйлөрдү уруксатсыз салып жатышат. Эгерде силер бул маселе боюнча 10 күндүн ичинде чара көрбөсөңөр, мен өзүм чара көрөмүн , - деп сес көрсөтүп айткан Түркмөнбашы.

Өткөн жума күнү адам укуктары боюнча эл аралык Хельсинки Федерациясы Ашхабаттагы мүлк ээлеринин укуктары тебеленип жаткандыгына карата тынчсыздануусун билдирген. Бул тынчсыздануу Ашхабатка жакын Кеши деген жердеги 100 үйдүн 900гө жакын тургундарынын укуктарынын бузулушуна байланыштуу айтылган. Долбоорго ылайык Кешидеги 400дөй имарат бузулууга тийиш. Алардын тургундарына өкмөттөн эч кандай акы төлөнүп берилбейт. Адам укуктары боюнча Хельсинки Федерациясынын жетекчиси Эрон Роудз бул окуяны Түркмөнстан өңдүү тоталитардык режимдеги өлкөлөргө таандык жосунсуз жорук катары баалады:

- Бул адамдар өкмөттүн долбоорлорунун ишке ашырылышы үчүн өздөрү жашаган турак-жайлардан чыгууга мажбур болушууда. Көптөгөн тоталитардык өкмөттөрдөй эле Түркмөнстандын өкмөтү да баш калаада жаңы курулуштарды жүргүзүү боюнча амбицияларын ишке ашырууну көздөөдө. Бул долбоорлор үчүн кээде өтө көп жер талап кылынат. Айрым учурларда жеке имараттарды жана бүтүндөй аймактын үйлөрүн бузууга туура келүүдө. Анын үстүнө, үйсүз калгандарга өкмөт тарабынан компенсация да төлөнүп берилбейт, башка жардамдар да көрсөтүлбөйт , - дейт Адам укуктары боюнча Хельсинки Федерациясынын жетекчиси.

Москвада жайгашкан “Мемориал” укук коргоо уюмунун маалыматтарына караганда, өткөн жылы Каспий портуна жакын жайгашкан Түркмөнбашы шаарчасынан 500дөй адам алар жашап жаткан 100 имараттан мыйзамсыз түрдө чыгарылган. Мындай жагдайга дуушар болгон адамдардын көпчүлүгү туугандарыныкында баш калкаалап жатышат. Бирок туугандары жоктор да бар. Үй-жайсыз калгандардын бири “Азаттыка” мындай дейт:

- Адегенде алар үйдү бузушту. Анан, эми башка жакка барып жашаңыз дешти. Мен каякка барышымы билбейм – балдар бакчасынабы же №5 Безининск түрмөсүнөбү? Ал жерге бараар жер, бараар-көрөөрү жок адамдар барышат. Үйсүз калгандардын айрымдары тууган-туушкандарыныкына кетишти. Сиз кайсы жакка барасыз, кантип жашайсыз, муну менен эч кимдин иши жок. Алар “чыгып кетиңиз” деп гана айтышат.

Белгилүү болгондой, Түркмөнстанда нааразылык акциялар чанда болуучу көрүнүш. Анткени, тартип коргоо органдары тарабынан аларга ошол замат эле тиешелүү чаралар көрүлүп турат. Июнь айынын башында турак-жайларынан чыгарылган аялдар тобу Орусиянын элчилигине кайрылуу аракетин жасашкан, бирок милиция тарабынан жолдон эле кармалып, күчтөп таркатылган. Кийин 70ке жакын аял нааразылык билдирип, Кешинин борбор көчөсүнө чыгып, алар да милиция тарабынан кармалган. Айрым байкоочулар белгилешкендей, жашаган үйлөрүнөн адамдардын зордоп чыгарылышына байланыштуу Ашхабаттын базарларында жакында өкмөткө каршы баракчалар да таркатылды. Бирок Түркмөнбашынын борбор калааны өзгөртүү боюнча долбоорун ишке ашыруу улантылууда.

ДАРИГА НАЗАРБАЕВА ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООГО АТТАНДЫ

Чолпон Орозобекова, Прага Казакстанда шаршембиде “Асар” партиясынын кезексиз курултайы болду. Анда партиянын атынан сентябрда боло турган парламенттик шайлоого катыша турган талапкерлердин тизмеси бекитилди. Бир мандаттуу округдардан 43 талапкер, ал эми он үчү партиялык тизме аркылуу чыкмак болушту. Асар партиясынын лидери Дарига Назарбаева партиялык тизменин эң башында турат.

Казак президентинин кызы, “Асар” партиясынын жетекчиси Дарига Назарбаеванын айтымында, 200 миң мүчөсү бар бул партия соңку кезде чоң саясий күчкө айланды. “Асарчылар” Казакстанда кайсы жерде көпүрө сынык, кайсы кыштакта суу чыкпайт, “тез жардам” каякка бара албайт жана казактар кандай аба менен дем алып атышат - ушулардын баарынан кабардар. Алар дал ушул көйгөйлөрдү чогуу чечиш үчүн парламенттен орун алууга ынтызар. Шайлоодон кийин ар бир депутат үчүн жоопкерчиликти Дарига өз мойнуна аларын шаршембиде өткөн курултайда жар салды. Анын айтымында, 56 талапкердин канчасы өтөт аны азырынча айта албайт:

- Мен баарын алдын ала айткандай кудай эмесмин да. Кудай кааласа, аман болсок, элибиз бизге үмүт артса, анда алдыга койгон максаттарга жетебиз. Кышында бир жолу парламенттен 50 пайыз орун алабыз деп койсом, депутаттар менен чиновниктер “карагыла, администрация менен келишип алган” деген сөз таратышты. Мен анда болгону өз оюмдагы тилегимди айтып койгом.

2006-жылы боло турган президенттик шайлоодо болсо Дарига Назарбаева жетектеген “Асар” партиясы азыркы президент Нурсултан Назарбаевдин талапкерлигин колдомокчу. Бул тууралуу Дарига курултайда ачык билдирди. Ал өз атасын Петр Биринчи, Жорж Вашингтон жана Дэн Сяопин менен салыштырды.

Байкоочулар “Асар” партиясы жаңы түптөлүп атканда эле анын келечеги кең болорун айтышкан. Казакстанда болсо саясий чөйрөдө Дарига Назарбаева менен чоң саясий күч катары эсептешип калышты.

Президент атасынын жана өкмөттүн колдоосун айтпаганда да, Дарига Назарбаеванын колундагы “Хабар” сыналгыканалын жана башка бир нече басма сөз каражатын эске алсак, “Асар” партиясынын парламентте көбүрөк орун алганга шарты бар.

Байкоочулардын баамында, Нурсултан Назарбаевди колдогон “Отан” партиясы да парламентте көп орун алары күтүлүүдө. Демек, азыркы президент эмки парламентти да бул эки партиянын үстөмдүгү менен көзөмөлдөп калышы ыктымал. Оболу “Асар” партиясы парламенттик шайлоого азыркы президентти колдогон партиялар чогуу чыгалы деген демилге менен чыккан. Бирок бул ой жүзөгө ашкан жок. Дарига Назарбаеванын айтымында, дал ушул шайлоо президентти колдогон 5-6 партиянын эл арасында орду кандай экенин көрсөтөт. Сентябрда боло турган парламенттик шайлоодо “Асар” партиясы негизги атаандашы деп “Отан” партиясын баалайт.

- Азырынча биздин башкы атаандаш - “Отан” болууда. Парламенттик шайлоого азыркы президентти колдогон партиялар биригип чыгалы деп сунуш кылганбыз. Тилекке каршы, аны биздин айрым кесиптештер кабыл алган жок. Ушул шайлоо ар бир партиянын саясий беделин көрсөтөт деп ойлойм, - дейт Назарбаева.

Ал 2006-жылдагы президенттик шайлоого “Асар” партиясы өз лидеринин талапкерлигин көрсөтпөй турганын билдирди. Кай бир байкоочулар Дарига Назарбаеванын саясий мансабы ушул ыргакта өнүгө берсе алыскы болочоктогу президенттик шайлоодо ал ат салышышы ыктымал дешет.

Ал эми Казакстанда Коммунисттик партия, “Акжол” жана “Казакстандын демократиялык тандоосу” аттуу оппозициячыл маанайдагы үч саясий партия шайлоо блогуна кошулушту. Бул партиялар шайлоого талапкерлерин кеңешип алып чыгуу жана электрондук добуш берүү ыкмасы пайдаланыла турган болсо шайлоого бойкот жарыялоо өңдүү шарттардан турган меморандумга кол коюшту.

ЖУРНАЛИСТ АСХАТ ШАРИПЖАНОВДУН ӨЛҮМҮНӨ ЖОЛ КЫРСЫГЫ СЕБЕПЧИ БОЛДУБУ ЖЕ... ?

Шейшембиде казакстандык эркин журналист Асхат Шарипжанов Алматы шаарындагы № 7-ооруканада көз жумду. Аны өткөн жума күнү кечинде Алматы шаарында бир автомашина коюп кеткен. Расмий бийликтер муну жол кырсыгына чегерүүдө, ал эми айрым казакстандыктар бул окуянын артында саясий себептер да бар болушу мүмкүн деп түкшүмөлдөшөт.

Казакстандагы «Навигатор» деп аталган интернет басылмасында иштеген журналист, 40 жашар Асхат Шарипжанов шейшемби күнү, июлдун 20сында таңга маал эсине келбеген бойдон дүйнөдөн кайтты. Ал 16-июлда Алматы шаарында жол кырсыгына кириптер болуп, ооруканага жеткирилген болчу. Полициянын айтымында, аны Кызылордо облусунда 1975-жылы туулган Канат Калжанов деген жигит койдуруп кеткен.

Асхат «Азаттыктын» Казак кызматынын деректири Мерхат Шарипжандын бир тууган иниси. Маркум журналист өзү өлкө бийлигине сын көз менен караган бир катар макалаларды интернетте жарыялап келгени менен маалым.

Бир катар журналисттер жана казак оппозициячыл саясатчылары Асхат Шарипжановдун өлүмү жөн жеринен болгон жок деп расмий бийликтерди айыптап чыгышты.

Ал эми Алматы шаарынын полициясы бул доолорду четке какты. Алматы шаардык автожол полициясынын башчысы Изтилөө Бектуров дүйшөмбү күнү кабарчыларга кырсыктын чоо-жайы тууралуу расмий көз карашты баяндап, айдоочу Калжанов соо болгондугун, ал эми маркумдун канында алкогол болгону дүйшөмбү күнү айгинеленгенин билдирди.

Бектуров мырзанын айтымында, Асхатты коюп кеткен машиненин айдоочусу окуя болгон жерден качпастан, жараланган Асхатка тез жардам көрсөтүүгө ашыккан.

Бирок жергиликтүү полициянын Асхаттын канынан алкогол табылганы тууралуу билдирүүсүнө ынанбагандар да жок эмес. Алардын бири – маркум Асхат Шарипжанов менен чогуу «Навигатор» интернет басылмасында иштеген Айгүл Омарова айым ишемби күнү ооруканага барганын, андагы дарыгерлер Асхаттын канынан алкогол табылбаганын айтканын баса белгилейт:

- Мен мындай сөзгө ишенбейм. Себеби биз ишемби күнү ооруканада болуп, операция жасаған дарыгер менен сүйлөштүк. Ал жерде дарыгер да, бөлүм башчысы да: «эч кандай алкоголдун изи анын канында жок" деп айтышты.

Маалыматтарга караганда, маркум Асхат Шарипжанов июлдун 18инде мурдагы чукул кырдаалдар боюнча министр, азыркы таптагы оппозициячыл саясатчы, келээрки президенттик шайлоого өз талапкердигин койо турганын билдирген Заманбек Нуркадилов менен жолукмакчы эле. Ал Нуркадиловго аны менен өзү курган жана басылма үчүн даярдаган маектин соңку текстин көрсөтүү ниетинде болгон.

Асхаттын каза болгону элге жарыялана элек кезде Нуркадилов бул журналист тууралуу оюн билдирип, анын кырсыкка кабылышы оппозициядагы саясатчылардын пикирлерин макалаларында арбын чагылдырганы менен байланыштуу болушу мүмүкн деген жоромолун айткан болчу.

Ал эми «Навигатор» басылмасынын редактору Юрий Мизиновдун айтымында, Асхат даярдаган эң соңку материалдын – Нуркадилов менен маектин тексти азырынча табылбай жатат.

Казак бийлиги бул журналисттин өлүмүндө эч кандай саясий себеп жок деп билдирүүдө. Ал эми бул өлкөдөгү басма сөз эркиндигин иликтеген серепчилер 2002-жылы январда укук коргоочу Алексей Пугаев машинеге тебеленип набыт болгонун, ошол жылы ноябрда эркин журналист Нури Муфтах да автобус аялдамасында турган жеринен машине коюп кетип өмүрүнөн ажыраганын эскеришүүдө.

Шейшембиде бир катар казакстандык журналисттер, укук коргоочулар жана саясатчылар Асхат Шарипжановдун кырсыкка кириптер болушунун себептерин объективдүү иликтөө боюнча коомдук комитет түзүштү.

Асхат Шарипжановдун сөөгү жума күнү жерге берилээри күтүлүүдө.

АРАЛ АРМАНЫ- АЙМАК АРМАНЫ

Чолпон Орозобекова, Прага Өзбекстан менен Казакстандын ортосунда созулуп жаткан Арал деңизи бир убакта чоңдугу боюнча дүйнөдөгү төртүнчү көл болчу. Учурда Арал деңизинин көлөмү эки эсе кичирейди. Бул экологиялык алаамат жергиликтүү калктын саламаттыгына терс таасирин тийгизүүдө.

Эксперттердин айтымында, Арал деңизинин кургап калган кыртышынан бөлүнгөн уулуу заттар аз кандуулук, кургак учук, рак дарттарын пайда кылууда. Арал деңизинин кургашынан улам 50 миң чарчы чакырымдай жер шорго айланды. Бул деген Эстониядан да чоң аймак болуп саналат. Аралдын кургап калган жерлеринде болсо Сырдарыя менен Амударыя аркылуу Ферганадагы пахта аянттарынан келген химиялык уулуу заттар топтолууда.

Өзбекстандын Айыл чарба министри Ширмухаммет Юсупов бул уулуу заттар аба менен тарап, элдин ден соолугун бузуп жатат деген мындай санаркоосун билдирет:

-Борбор Азиянын туурасынан карай жана сыртынан дагы Арал деңизинен уулуу туздар тарап, элдин ден соолугун бузуп жатат.

НАТОнун илим изилдөө программасы каржылаган соңку иликтөөнүн жыйынтыктарына караганда пахта талааларында кеңири колдонулган химиялык жер семирткичтер ракты пайда кылышы ыктымал. Бул иликтөө Ташкендеги жана АКШнын Техас штатындагы Иммунология институттары менен бирдикте жүргүзүлгөн.

Вашингтондук окумуштуу Спенсер Уэллс Өзбекстандагы Каракалпак жумуриятынын жашоочуларынын саламаттыгынын акыбалын тыкыр изилдеп чыккан. Америкалык окумуштуунун айтымында бул адамдардын ДНКсында илимде “кычкылдануудан болгон стресс” деп койчу белги табылган. ДНКнын мындай жабыркашы Спенсер Уэллстин айтымында, абдан коркунучтуу. Мисалы, каракалпактар ашказандын рагына айрыкча жакын экендиги окумуштууларга дайын болуп отурат. Спенсер Уэллс мунун сырын мындайча түшүндүрөт:

-Ушул жагдай бул адамдардын ден соолугундагы айрым маселелерди, мисалы, рактын пайда болушун түшүндүрүүгө шарт түзөт. Буга пахта талаарынан айлана-чөйрөгө тарап аткан пестицид, гербицид өңдүү уулуу заттардын таасири бар деп боолголоп турабыз,-дейт америкалык окумуштуу.

Адистердин айтымында, абада калкып жүргөн бул уулуу заттар адамдын дене боюна дем алганда жана эт, жашылча-жемиш аркылуу кирет экен.

Бул иликтөө көрсөткөндөй, эң коркунучтуусу - бул уулуу заттар кийинки муунга генетикалык жактан берилгендиги. Америкалык окумуштуу Спенсер Уэллс өзбек бийлигин пахта талааларына химиялык заттарды чачууну токтотууга чакырды. Бирок өзбек өкмөтүнүн айтымында өлкөнүн эң башкы экспорттук товарларынын бири болгон пахтаны өстүрүүдө химикаттарды себүүдөн башка азырынча ыңгайлуу жолу жок.

КАЗАКСТАН: ЭКС-МИНИСТР ЗАМАНБЕК НУРКАДИЛОВ ЭМНЕ ҮЧҮН ПРЕЗИДЕНТ БОЛУУНУ САМАЙТ?

ТҮРКМӨНСТАНДЫН БАЗАРЛАРЫНДА БИЙЛИККЕ КАРШЫ БАРАКЧАЛАР ТАРКАТЫЛУУДА

Түркмөн бийлигин кулатууга чакырган баракчалар өткөн аптадан бери Ашгабат шаарынын базарларынан табылууда. Баракчаларды ким же кайсы уюм таркатып жатканы анык эмес. Бирок баракчалардын пайда болушунун өзү эле авторитардык өкмөт тарабынан толугу менен көзөмөлдөнүп турган коомдо мындай системага каяша кылуунун аргаларын издегендер бар экенин айгинеледи.

Түркмөнстандын коопсуздук кызматтары өткөн аптадан бери базарларга президент Сапармурат Ниязовдун өкмөтүнө каршы чакырык камтылган баракчаларды таштагандардын сары изине чөп сала түшүү үчүн бар аракетин жасап жатканы кабардалууда.

Ашгабаттык бир тургун шаарда баракчалар табылганы жөнүндөгү кабарды «Азаттыкка» тастыктады, бирок аларда «ачык сөз кылууга өтө опурталдуу болгон» тема козголгонуна гана ишаара кылды:

- Ушундай окуя болду, бирок кишилер ал тууралуу сөз кылуудан чочулашат. “Ошол жакта болдуңузбу, баракчаны өзүңүз көрдүңүзбү?” деп сурасаңыз, алар жооп бербей кутулууну эп көрүшөт. Көпчүлүгү көзмө-көз сүйлөшкөндө да билгендери тууралуу айтуудан сестенишет.

Баракчаларда президент Сапармурат Ниязов Ашгабаттын чет жакасындагы өзү туулуп-өскөн жерде эбегейсиз зор жамы мечит курдуруп жатканы айтылган жана мусулмандарга бул жаңы мечитке намазга жыгылуу үчүн барбоо чакырыгы камтылган. Буга себепкер болгон олуттуу бир жагдай – Түркмөнбашы бул мечиттин дубалдарына Курандын сүрөөлөрүнөн алынган аяттардан тышкары өзүнүн «Рухнааме» китебинин айрым учкул сөздөрүн да жаздырууга буйрук берген.

Ушул тапта бозгунчулукта жүргөн оппозициялык түркмөн саясатчысы Нурмухаммет Ханамов Түркмөнбашынын бийлигине каршы баракчалар таркатылып жатканын өзү да тийешелүү булактары аркылуу тастыктаганын «Азаттыкка» билдирди:

- Бул маалымат – чын. Алар мындай баракчаларды өткөн аптанын бейшемби-жекшемби күндөрү гана эмес, андан алда канча мурда эле таркатып жүргөнүн укканбыз. Эсиңизде болсо керек, эки жылдан бери ушул сыяктуу баракчалар, анын ичинде Борис Шихмуратов менен байланыштуулары да өлкөдө таркатылып келет.

Нурмухаммед Ханамов мырза бул баракчалардын улам пайда болуп жатканына өзүнүн канааттанганын билдирди. Өлкө ичинде сөз эркиндиги жана басма сөз эркиндиги бир гана кишиге, тактап айтканда, мамлекет башчыга гана таандык болгон кырдаалда баракчалардын пайда болуп жатышы жергиликтүү калайыктын расмий маалыматтан башка маалымат алууга жана таркатууга суусап жатканын да көрсөтөт.

Бозгунда жүргөн дагы бир түркмөн диссиденти Гулгелди Аннаниязов 1995-жылы өкмөткө каршы иш-аракети үчүн камакка алынып, төрт жыл абакта отурган соң, АКШ өкмөтүнүн жана эл аралык укук коргоочулардын кийлигишүүсү менен боштондукка чыгарылган.

Аннаниязов соңку баракчалардын келип чыгыш жагдайына токтотуп, алардын диний гана эмес, социалдык мүнөзгө да ээ нааразылык чарасына жатаарын эскертип, Ашгабаттын чет жакасындагы мечит курулуп жаткан бул Кеши деген жердеги менчик үйлөр бийлик тарабынан буздурула баштаганда, Кешинин тургундары дал ушул жол менен өкмөткө каяша кылды деген оюн «Азаттыкка» билдирди:

- Бул баракчалар бийликтер Кешидеги үйлөрдү буздурганда таркатыла баштады. Түркмөнстанда ар кыл нааразылык иш-аракеттери байкалып жатат, бирок түркмөн калкы өлкөдө эмне болуп жатканын цивилизациялуу мамлекеттерде билишпейт ко деп тынчсызданышат.

Түркмөнстан ички оппозицияга эч качан сабырдуу мамиле жасабаган айрым пост-советтик өлкөлөрдүн тизмесинин чокусун ээлейт. Бирок өлкө ичинде ачык иш-аракетке өтүүгө умтулган оппозиция ойрон болгону менен, калайык тымызын күрөштүн ар кыл жолдорун да иликтеп жатканы соңку окуялардан улам айгинеленүүдө.

АКШнын ӨЗБЕКСТАНГА БЕРИЛЧҮ ЖАРДАМДЫ ТОКТОТО ТУРУУ ЧЕЧИМИ МАЙНАП БЕРЕБИ?

Кошмо Штаттардын тышкы саясатын тейлеген кеңсе – Мамлекеттик департамент шейшемби күнү кечинде атайын жарыя кылып, быйыл Өзбекстанга бериле турган 18 миллион доллардык жардамды өлкөдөгү адам укуктарынын одоно бузулуп жатышына байланыштуу убактылуу токтотоорун билдирди. Ооганстандагы террорчулукка каршы күрөштө Өзбек режими өзүнө өнөктөш. Деги, расмий Вашингтондун сыны жана кысымы Өзбекстанга чукул өзгөрүүлөрдү алып келе алабы?

Кошмо Штаттардын өкмөтү Өзбекстандын бийлигинен өлкөдө демократиялык реформаларды жүзөгө ашырууну талап кылып келет. Эми бул реформа жаатын өлкөгө көрсөтүлүп жаткан жардам менен тыгыз байланыштыраарын расмий Вашингтон июлдун 13үндө таасын билдирди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Ричард Баучер шейшембиде чыгып сүйлөп, Өзбекстанда демократиялык реформалар жүргүзүлбөй жатканына байланыштуу Вашинтон бул өлкөгө бериле турган 18 миллион доллардык жардамды токтотоору тууралуу жарыя кылды.

«Хюман райтс уотч» (Human Rights Watch) эл аралык укук коргоо уюмунун Брүсселдеги басма сөз өкүлү Ванесса Сэнен (Vanessa Saenen) айым АКШ бийлигинин бул жарыясын өз уюму жактыруу менен кабыл алганын «Азаттыктын» кабарчысы Брүс Панниер менен маегинде белгиледи:

- Биз АКШ Мамлекеттик департаментинин Өзбекстанга жиберилчү жардамды токтото туруу тууралуу бул чечимин өзгөчө колдоого алабыз. Анткени Өзбекстан адам укуктары одоно бузулуп жаткан өлкө катары узак жылдардан бери эле сөзгө алынып келет.

Ал эми Өзбекстандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Илхом Закиров Вашингтондун соңку кадамы тууралуу бүгүн (шаршембиде) төмөнкүдөй жообун узатты:

- Албетте, бул – АКШнын сүрөөнчү (донор) катары өз эгемен укугу. Биз аларды жардам бергиле деп күчтөй албайбыз да. Бул – алардын өзүнүн эгемендик укугу.

Былтыр АКШ Өзбекстанга дээрлик 86 миллион доллардай жардам берген. Быйылкы кыскартылчу жардамдын көлөмү азыраак болгон менен, бул соңку кадам расмий Ташкент үчүн кыйла сезилээрлик.

Кошмо Штаттар үчүн Өзбекстан Борбор Азиядагы өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Ооганстандагы террордук күчтөргө каршы эл аралык күрөштө жетекчилик кылып жаткан Кошмо Штаттар Өзбекстандын да аскер базасын пайдаланууда. Укук коргоочулардын айтымында, бул жагдай Вашингтондун Ташкентке карата кескин сын пикир билдиришине кыйла тоскоолдук кылып келген. Өзбекстанда адам укуктарынын сакталышы жаатында оңолуу деле байкалган жок. Абактарда саясий көз карашы үчүн кармалган нечендеген кишилер ур-токмокко алынып келет. Быйыл декабрда Өзбекстанда өткөрүлө турган парламенттик шайлоого катышуу укугун эч бир оппозициялык партия ала алган жок.

Деги, АКШнын сын пикири Өзбекстанда демократиялык реформаларды кескин баштоого түрткү боло алабы?

Борбор Азияны иликтеген лондондук адис Алекс Ватанканын (Alex Vatanka) пикирине караганда, АКШнын соңку кысымы расмий Ташкенттин өктөм бийлигин өзгөртүүгө деле алып келбейт:

- Өзбек өкмөтү, албетте, реформа жаатында бирдемкелерди жүзөгө ашырууну каалайт, бирок аны ал президент Каримовдун бийлигине эч шек келтирилбегендей деңгээлде гана жүргүзөт.

Ватанканын оюнча, авторитардык режимдин механизми бул үстүрт реформалардан анча олуттуу өзгөрүүгө деле учурабашы мүмкүн.

2002-жылы АКШ менен Өзбекстан бийлиги стратегиялык кызматташтык тууралуу келишимге кол коюшкан. Ага ылайык Өзбекстанда демократиялык реформалар канчалык ыкчамдаган сайын, ошончолук АКШ жардамы көбүрөөк көрсөтүлөөрү да белгиленген. АКШ Конгресси Өзбекстанга берилчү жардамдын көлөмүн бул өлкөдөгү өзгөрүүлөрдү иликтөөнүн негизинде ар жылы талкуулап жана жактыруудан өткөрүп турат. Айтмакчы, соңку билдирүүсүндө АКШнын Мамлекеттик департаменти Өзбекстан Кошмо Штаттардын стратегиялык шериги бойдон кала берет деген пикирин дагы бир жолу бышыктай кетти. Ушундай эле мамиле Жакынкы Чыгышта АКШнын саясатын колдогон айрым авторитардык араб өлкөлөрүнө карата да жасалып келет.

ТҮРКМӨН БИЙЛИГИ «МАЯК» РАДИОСУНУН БЕРҮҮЛӨРҮН УКТУРУУНУ ТОКТОТТУ

Түркмөнстан өткөн жекшемби күнү өлкөгө берилип жаткан орус тилиндеги «Маяк» радиосунун берүүлөрүн токтотту. Бул – сырткаркы дүйнөдөн Түркмөнстанга мыйзамдуу келип жаткан эң соңку үналгы каналы болчу. Калктын басымдуу бөлүгүнүн сырткарыдан сателлит аркылуу кабар алуу мүмкүнчүлүгү жок. Демек, алар толугу менен маалымат түнүнө кабылды дешке болот. Расмий Ашгабат бул кадамды техникалык мүчүлүштүктөрдү оңдоо зарылдыгы менен түшүндүрүүдө, бирок расмий Кремль бул себепти шылтоо катары көрүп, Ашгабаттан расмий түшүндүрмө берүүнү талап кылууда.

«Маяктын» сигналын укпаган мурдагы советтик тургундар чанда чыгаар. «Маяк» үналгысы өзүнүн алгачкы берүүлөрүн тээ 1964-жылы эле обого чыгарган. Ал аркылуу бүткүл Советтер Биримдигиндеги элдерге орус тилинде жаңылыктар жана музыкалык берүүлөр уктурулуп турчу.

1991-жылы Советтер Биримдиги ыдырап жок болгону менен, анын кеңири аймагынын көп бөлүгүндө «Маяк» өз угармандарын сактап калууга жетишкен.

Өткөн жекшембиге чейин «Маяк» радиосу Түркмөнстандын жергиликтүү калкы өзгөчө кызыгып уккан жана өз берүүлөрүн таркатууда расмий тоскоолдукка учурабаган чет элдик бирден-бир үналгы каналы болчу. Түркмөн бийлиги алдын-ала эч кандай эскертүү кылбастан эле, «Маяктын» өлкөдөгү берүүлөрүн 11-июлда токтотуп койду.

«Маяк» үналгысынын төрагасы Андрей Быстрицкий «Азаттыкка» берген маегинде Түркмөнстанда «Маяктын» берүүлөрү кандай деңгээлде угулганын так айтуу мүмкүн эместигин мындайча түшүндүрдү:

- Интерфакс агенттигинин маалымдашынча, «Маяк» Түркмөнстандагы калк эң көп уккан радио болгон экен. Бул тууралуу мен кечээ алган телеграммада айтылат. Бирок өзүңүздөр түшүнөсүздөр го, бул өлкөдө угармандарды иликтөө эч жүргүзүлбөйт, угармандар-көрөрмандар боюнча эч кандай так маалымат жок. Ошондуктан бизди канча киши угаарын так айтуу кыйын. Айрым анда-санда жүргүзүлгөн сурамжылоолорго караганда, бул аймактагы калайыктын 40 пайыздайы “Маякты” билет же ал тууралуу укканы бар, бирок алар “Маякты” канчалык деңгээлде жана ыраатта угаары тууралуу, албетте, бизде эч маалымат жок.

Жергиликтүү өкмөттүк басылмалардын кабардашынча, түркмөн бийлиги өзүнүн соңку кадамын техникалык себептер менен байланыштырууда. «Маяктын» берүүлөрүн обого чыгарган жабдуу тээ 1964-жылдан бери колдонулуп келди. Бул эскирген жабдууну тез арада оңдоо зарыл, ошондой эле, аны оңдоо үчүн көп акча каражаты жана бир жылдай оңдоо иштери талап кылынат, - делет Түркмөнстан байланыш министрлигинин билдирүүсүндө.

Бирок, «Маяктын» жетекчилиги бул түшүндүрмөгө макул эмес. Эгерде жабдуу оңдолушу керек болсо, анда эмне үчүн ал жабдуу жекшембиде түркмөн тилиндеги өкмөттүк радио каналына берилди? – деп суроо салат Андрей Быстрицкий.

Орусиянын Ашгабаттагы элчилиги да жогорудагы себепке канааттанбай, расмий Ашгабатка бул маселе боюнча кеңири түшүндүрмө берүүнү талап кылган нотасын жиберди.

Түркмөнстанда 300 миңдей орусиялык жашайт. Алардын көпчүлүгү жана орус тилин унуткара элек нечендеген түркмөндөр үчүн «Маяк» радиосу өз берүүлөрү оңой-олтоң угулчу жападан-жалгыз чет элдик үналгы каражаты болуп келген. Түркмөнстанга карай кетчү жол орусиялык сыналгы каналы - ОРТ үчүн тээ 1998-жылы эле жабылган. 2002-жылы өлкөдө бардык чет элдик гезит-журналдарга жазылуу токтотулган.

Албетте, «Маяктын» бардык эле берүүлөрү түркмөнстандыктарга жагышы мүмкүн эмес деңизчи, бирок ал жергиликтүү сыналгы жана үналгы каналдарыныкына окшобогон бир кыйла маалыматты сунуштаар эле.

Совет доорунда «Маякты» дээрлик ар үйдөгү радио түйүндөрү аркылуу угууга мүмкүн болчу. Андай шартта «Маякты» жалкоо да укчу. Бирок ал кезең дээрлик артта калып калганын, эми «Маякты» радио жыштыктан атайылап издеп угуу керектигин анын жетекчиси Андрей Быстрицкий белгилейт:

- Ал түгүл Орусиянын өзүндө да радио түйүн системасы колдонуудан чыгып барат. Кабелдик үналгы түйүндөрүнүн саны да кескин азаюуда, демек, биз мындай системанын келечеги жок деп санайбыз. Ушундай эле акыбал, балким саал азыраак деңгээлдеби, КМШнын башка өлкөлөрүнө жана Борбор Азия мамлекеттерине деле мүнөздүү го дейм. Ошондуктан, биздин берүүлөрүбүздүн таркатылышынын башкы каражаты – бул радио жыштыктар.

Эми Түркмөнстанда Быстрицкий мырза сөз кылган жыштык «Маяктан» алынып, анын берүүсүнүн ордуна быйыл мол түшүм мурдагыдан да көбүрөөк жыйналып жаткандыгы, кеменгер Түркмөнбашынын кезектеги айкөл кадамдары жана Ашгабаттын чет жакасында муундарга калчудай болуп салынып жаткан муз тебилчү татынакай аксарайдын курулушунун жигердүүлүк менен жүрүшү сыяктуу «жакшы кабарларга» жык толгон берүүлөр уктурулууда.

АРАЛ АРМАНЫ – ЖАЛПЫ АЙМАК АРМАНЫ

Чолпон Орозобекова, Прага Өзбекстан менен Казакстандын ортосунда созулуп жаткан Арал деңизи бир убакта чоңдугу боюнча дүйнөдөгү эң ири төртүнчү көл болчу. Учурда Арал деңизинин көлөмү эки эсе кичирейди. Бул экологиялык алаамат жергиликтүү калктын саламаттыгына терс таасирин тийгизүүдө.

Эксперттердин айтымында, Арал деңизинин кургап калган кыртышынан бөлүнгөн уулуу заттар аз кандуулук, кургак учук, рак дарттарын пайда кылууда. Арал деңизинин кургашынан улам 50 миң чарчы чакырымдай жер шорго айланды. Бул деген Эстониядан да чоң аймак болуп саналат. Аралдын кургап калган жерлеринде болсо Сырдарыя менен Амударыя аркылуу Ферганадагы пахта аянттарынан келген химиялык уулуу заттар топтолууда.

Өзбекстандын Айыл чарба министри Ширмухаммет Юсупов бул уулуу заттар аба менен тарап, элдин ден соолугун бузуп жатат деген мындай санаркоосун билдирет:

- Борбор Азиянын туурасынан карай жана сыртынан дагы Арал деңизинен уулуу туздар тарап, элдин ден соолугун бузуп жатат.

НАТОнун илим изилдөө программасы каржылаган соңку иликтөөнүн жыйынтыктарына караганда, пахта талааларында кеңири колдонулган химиялык жер семирткичтер ракты пайда кылышы ыктымал. Бул иликтөө Ташкенттеги жана АКШнын Техас штатындагы Иммунология институттары менен бирдикте жүргүзүлгөн.

Вашингтондук окумуштуу Спенсер Уэллс Өзбекстандагы Каракалпак жумуриятынын жашоочуларынын саламатыгынын акыбалын тыкыр изилдеп чыккан. Америкалык окумуштуунун айтымында бул адамдардын ДНКсында илимде “кычкылдануудан болгон стресс” деп койчу белги табылган. ДНКнын мындай жабыркашы Спенсер Уэллстин айтымында, абдан коркунучтуу. Мисалы, каракалпактар ашказандын рагына айрыкча жакын экендиги окумуштууларга дайын болуп отурат. Спенсер Уэллс мунун сырын мындайча түшүндүрөт:

- Ушул жагдай бул адамдардын ден соолугундагы айрым маселелерди, мисалы, рактын пайда болушун түшүндүрүүгө шарт түзөт. Буга пахта талаарынан айлана-чөйрөгө тарап аткан пестицид, гербицид өңдүү уулуу заттардын таасири бар деп боолголоп турабыз.

Адистердин айтымында, абада калкып жүргөн бул уулуу заттар адамдын дене боюна дем алганда жана эт, жашылча-жемиш аркылуу кирет экен.

Бул иликтөө көрсөткөндөй, эң коркунучтуусу- бул уулуу заттар кийинки муунга генетикалык жактан берилгендиги. Америкалык окумуштуу Спенсер Уэллс өзбек бийлигин пахта талааларына химиялык заттарды чачууну токтотууга чакырды. Бирок, өзбек бийлигинин айтымында, өлкөнүн эң башкы экспорт товарларынын бири болгон пахтаны өстүрүүнүн химикаттарды себүүдөн башка азырынча ыңгайлуу жолу жок.

ӨЗБЕКСТАНДАГЫ УЛУТТУК АЗЧЫЛЫКТАРДЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮ

Айымкыз, Ташкен Ташкендеги улуттук маданий борбордо дүйнө элдеринин күнүнө арналган брифинг болуп өттү. Анын учурунда ар бир улуттун кол өнөрчүлүк көргөзмөсү тартууланды.

Дүйнө элдери күнүнө арналган брифингди улуттук маданий борбордун жетекчиси Темир Алимов башкарды. Анын билдиришинче, бүгүнкү күндө Өөзбекстанда жети тилде билим берилет жана тогуз тилдеги маалыматтар эфирге узатылат. Мамлекетте жашаган башка улуттардын өкүлдөрүнүн этникалык жана атуулдук укуктарын камсыздоо үчүн бардык мыйзамдуу негиздер иштелип чыккан.

Кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүк үлгүлөрүн ушул көргөзмөгө Рассия Жуманазарова алып келди. Анын айтымында, азырынча тек гана Кыргызстандан алып келген буюмдар коюлду, келечекте өзбекстандык кыргыздардын да кол өнөрчүлүк эмгектерин топтоп, алып чыгуу ниети бар.

Маданий борбордун мүчөлөрүнүн уюштуруусу менен болгон концерттик программада ар бир улут өз эне тилдеринде ырдап, бийлешти. Кыргыздардын атынан чыккан Ташкендеги Успенский атындагы музыкалык мектептин төртүнчү классына көчкөн Жылдыз, Кундуз аттуу эгиз кыздардын өнөрүнө көпчүлүк ыраазы болушту.

Жылдыз менен Кундуздун энеси, республикалык кыргыз маданий борборунун аялдар кеңешинин төрайымы Бурул Абдыкадырова кыздары кыргыз, казак, орус, өзбек, тажик, англис, корей тилдеринде ырдай турганын айтат.

Биз менен маектешкен кыргыз, тажик, казак маданий борборунун өкүлдөрү бир аз кемчиликтерге да токтолуп өтүштү. Алардын билдиришинче, бардыгына орток болгон проблема - чегара маселеси. Ошондой эле эне тилинде билим алуу мүмкүнчүлүктөрүнүн барган сайын чектелип бара жаткандыгы. Эне тилиндеги китептер өтө кем экендигин түркмөн маданий борборунун өкүлү Бибисара да айтып берди:

- Мурда бул окуу китептери Түркмөнстандан алынчу. Эми балдар түркмөн тилинде орто билим алганы менен келечекте Түркмөнстанга барып, ээн-эркин окуй албаган соң аларга кыйналып, китеби жок түркмөн мектептеринде окуунун канчалык пайдасы бар экендигине акылым жетпейт.

Тажик тилиндеги «Мехрангез» телекөрсөтүүсүнүн алып баруучусу Шарофат Эрматова тажик тилинде Ангрен жана Самаркан шаарларында башталгыч билим берүү жана филология факультеттери гана бар экендигин, бул Өзбекстанда жашап жаткан бир жарым миллиондон ашык тажик эли үчүн аз экендигин айтат.

Дүйнө элдеринин күнүнө арналган брифингде кошуна мамлекеттерден Өзбекстанга көчүп келип жаткан өзбектердин жарандык алуу укуктары жөнүндөгү маселе да көтөрүлдү.

КАЗАКСТАНДА ОППОЗИЦИОНЕР БОЛУШ ЖЕҢИЛ ЭМЕС

Азиза Турдуева, Прага Соңку жылдарда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин бийликтен кетишин талап кылган аткаминерлердин бири - Алматы шаарынын мурдагы акими, өзгөчө кырдаалдар боюнча агенттиктин мурдагы жетекчиси Заманбек Нуркадилов. Анын президент Назарбаевге каршы чыгышына эмне себеп болду, эмне үчүн ал саясий сахнада акыркы кезде көрүнбөй калды?

Нуркадилов ушул жылдын апрель айында Назарбаевдин президенттик ишмердүүлүгүн иликтеп чыгуу максаты менен “коомдук комиссия” түзгөн. Анын курамына “Казакстандын демократиялык тандоо” оппозициялык кыймылынын, Казакстандын коммунисттер партиясынын, Акежан Кажегелдиндин башчылыгындагы Республикалык эл партиясынын өкүлдөрү киришкен.

Нуркадилов “президентти кызматынан чегинтүү” үчүн бүт күч-аракетин жумшай тургандыгын жарыя кылган. Алматынын экс-мэри Назарбаевди Казакстандын табигый байлыктарын өз кызыкчылыгына пайдаланып жатат деп күнөөлөп, мамлекет башчысын элден кечирим сурап, бийликтен чегинүүсүн талап кылган:

- Мен президент өзүнүн катачылыктарын моюнга алып, уурдалган байлыктардын эки муунуна жетиштүүсүн алып калса да, калганын мамлекетке кайтарып беришин каалайм. Эгерде ал өзү менен кошо мамлекетти тоногондорду да төлөтүп, элден кечирим сурап «мына мени соттосоңор соттогула, бирок менин ачык жүзүм ушул» деп туруп берсе, анда эл да “Биринчи президент жөнүндөгү мыйзамдын” бар экендигин эске алып, «мейли» дейт эле. Деги бул эмне деген мыйзам? Президент уурдаса, элди талап-тоносо, өлтүрсө болот жана бул үчүн эч кандай жоопкерчиликке тартылбайт дегени эмне?!

Нуркадилов парламент депутаттарына Назарбаевге импичмент жарыялоону баштоо керек деген сунуш менен кайрылган. Ал ошондой эле, Алматы шаарындагы бир райондук сотко өлкө башчысын америкалык бизнесмен Жеймс Гиффен менен түзгөн тымызын “жемкордук” байланышы үчүн жоопко тартуу жөнүндөгү доо арызын да жолдогон.

Айтмакчы, Назарбаевдин мурдагы кеңешчиси Гиффен мырза казакстандык жогорку бийлик өкүлдөрүнө ири өлчөмдө пара берген деген доо менен учурда Нью-Йорк штатынын округдук сотунда сурак берүүдө. “Евразия” маалымат агенттиги сот жараянынын жүрүшү боюнча стенограммаларды толугу менен жарыялоодо. Бул маалымат агенттиги жазгандай, АКШнын прокуратурасы менен юстиция министрлиги Казакстандын элин тоноо жана Америкадагы корпорацияларды пара берүүгө мажбурлоо системасынын кандайча калыптанып, иштегенин, анын ичинде Гиффен тарабынан Назарбаевдин Швейцариядагы банк эсептерине миллиндогон долларлардын кантип которулганын карамакчы.

Соңку бир айда Заманбек Нуркадилов президентке жасаган чабуулдарын саал токтоткондой болду. Айрым саясатчылар Нуркадилов президенке каршы күрөшүн мындан ары улантат деген пикирлерин айтышат. Ал эми айрым серепчилер болсо Нуркадиловдун тынып калгандыгына өлкөнүн коопсуздук, тартип коргоо органдары тарабынан ага ырааттуу кысым көрсөтүлгөндүгү себеп болду дешет.

Убактылуу тыныгуудан кийин Нуркадилов кайрадан президентти кызматынан чегинтүүгө болгон аракеттерин улантат деген көз караштар да бар. Ал эми оппозициянын айрым өкүлдөрү башынан эле Нуркадиловго ишенбей, аны Назарбаевдин жанында жүргөн адам катары карап келишет.

Буга чейин Назарбаевге ачык каршы чыккан жогорку кызматчылардан Павлодар облусунун мурдагы губернатору Галымжан Жакыянов жана энергетика, өнөр жай жана соода боюнча экс-министр Мухтар Аблязов болгон. Бирок алар үчүн президентке жана мамлекеттик системага каршы чыгуу оңойго турган жок. Экөө тең куугунтукка учурап, камакка алынышты.

Ошондон улам жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары өлкөдө адам укуктарынын сакталышын жана саясий туткундарды бошотууну тынымсыз талап кыла башташты. Буга байланыштуу президент Назарбаевге эл аралык уюмдардан каттар да арбын түштү. Натыйжада Аблязов бошотулду, бирок Жакыянов дагы эле камакта.

Белгилей кетчү нерсе, Аблязов да, Жакыянов да Назарбаевдин жакын чөйрөсүнө кирген адамдардан эле. Кийинчерээк Мухтар Аблязов Назарбаевдин жана анын үй-бүлөсүнүн, кыздарынын, күйөө балдарынын өлкөгө миллиондогон доллар зыян келтирген тымызын иш-аракеттери жөнүндө жазып чыкты. Расмий Астана болсо албетте, жемкордук тууралуу өзүнө карата айтылган доолорду четке кагып келет.

“ЧЕГАРАСЫЗ КАБАРЧЫЛАР” УЮМУ ЭРКИН ЖУРНАЛИСТТИ КОРГООДО

Азиза Турдуева, Прага 2003-жылдын август айында соттун чечими менен 4 жылга эркинен ажыратылган өзбекстандык журналист жана укук коргоочу Руслан Шарипов боштондукка чыга элек. Бирок өткөн аптада анын иши сотто кайра каралып, журналист калган жаза мөөнөтүн Бухара шаарында үй шартында өткөрмөк болду. Адам укуктары боюнча эл аралык уюмдар жана журналисттерди коргоо комитети Өзбекстандын бийлигине саясий куугунтукка учураган журналистти бошотууну талап кылып, бир нече ирет кайрылган. Мындай кайрылуу менен президент Ислам Каримовго дүйнө боюнча камакта отурган журналисттердин укуктарын коргогон “Чегарасыз кабарчылар” уюму да кайрылды.

Өзбекстандагы көз карандысыз журналист Руслан Шарипов 2003-жылдын май айында гомосексуал жана мындай мамилеге өспүрүм балдарды тарткан деген доо менен Өзбекстандын Кылмыш кодексинин 120-, жана 129-беренелерине ылайык камакка алынган.

Жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары Шарипов саясий себептер менен камакка алынды деген көз караштарын ошол эле замат айтып чыгышты. Анткени журналист соңку жылдары Ислам Каримовдун саясатын, жогору кызматтагылардын ишин кескин сындаган макалаларын жарыялап келген.

Руслан Шариповго үстүбүздөгү жылы “Эркиндиктин алтын калеми” эл аралык сыйлыгы да ыйгарылды. Бул сыйлыкка адам укуктарын жана сөз эркиндигин коргоодо эрдик көрсөткөн журналисттер гана татыйт.

25 жаштагы журналист Шариповдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча сот жараяны жабык түрдө өткөрүлгөн. “Хюман Райтс Уотч” укук коргоо уюму, Журналисттерди коргоо боюнча комитет Шариповдун камалышын Өзбекстанда сөз эркиндигине кысым көрсөтүү жана сексуалдык азчылыкка карата ачык кодулоо катары баалады. Бул уюм президент Ислам Каримовго журналистти камактан бошотуу талабы менен кайрылган.

Ушундай эле талап менен өзбек бийлигине “Чегарасыз кабарчылар” уюму да кайрылды. Президент Каримовдун атына жолдонгон катта уюм Руслан Шариповго байланыштуу сот жараянында журналисттин бардык укуктары, жадагалса, адвокат алууга болгон укугу да одоно түрдө тебеленген деп айтылат. “Чегарасыз кабарчылар” уюму Ташкенден 600 чакырым алыста жайгашкан жерде үй шартында жазасын өтөп жаткан Руслан Шариповду бошотууну жана ага өзүнүн журналисттик ишмердүүлүгүн улантууга уруксат берилишин талап кылууда.

Ал эми Руслан камакка алынгандан кийин “Азаттыктын” кабарчысынын “Мындан ары Өзбекстанда өз ишиңизди улантасызбы?” деген суроосуна төмөнкүдөй жооп берген эле:

- Азырынча белгисиз. Менин Өзбекстандагы мындан аркы ишим эл аралык коомчулуктан да көз каранды. Бирок азырынча мен бул жерде өзүмдүн ишимди улантып кете алышыма көзүм жетпей турат, - деп жооп берген камакта жаткан Руслан Шарипов.

Алды менен, камакка алынганда, Шарипов ага коюлган күнөөлөрдүн баары негизсиз деп расмий билдирип, сот акыйкаттыгын талап кыла бере тургандыгын жарыялаган. Атүгүл АКШ президенти Жорж Бушка жана Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннанга чейин кайрылып, кат жолдогон.

Бирок көп убакыт өтпөй эле, былтыр август айында Шарипов ага коюлган күнөөлөрдүн баарын мойнуна алып, адвокаттан да баш тартты. Ага чейин анын адвокаты белгисиз бирөөлөр тарабынан сабалып кеткен. Укук коргоочулардын пикиринде, Шарипов түрмөдө ага карата колдонулган кыйноолорго жана бир туугандарына, апасына карата айтылган коркутууларга чыдабай, ага коюлган күнөөлөрдү мойнуна алууга аргасыз болду.

Ал эми Шариповго карата сот өкүмү өзгөртүлүп, калган жаза мөөнөтүн үй шартында өтөөгө уруксат берилгендигин серепчилер укук коргоо боюнча эл аралык уюмдардын журналистти бошотуу боюнча талаптарына байланыштуу болду деп эсептешет.

“Чегарасыз кабарчылар” уюму Руслан Шарипов соңку жылдары Өзбекстандын бийлиги тарабынан куугунтукка алынып келген деп эсептейт.

ӨЗБЕКСТАНДАГЫ АДАМ УКУКТАРЫНЫН АБАЛЫ

Чолпон Орозобекова, Прага Соңку жылдары Өзбекстандагы адам укугунун бузулушуна карата эл аралык уюмдардын сын пикирлери жоопсуз калып келет. Президент Ислам Каримов мындай сындардан унчукпай кутулуп келатат. Американын Хелсинки комиссиясындагы угууга Өзбекстандын АКШдагы элчиси катышып, ага туш-туштан жааган суроолордун бир далайын жоопсуз калтырды.

АКШнын Хелсинки комиссиясы дүйнө жүзүндөгү адам укугунун сакталышын көзөмөлдөгөн көз карандысыз федералдык агенттик болуп саналат. 24-июнда бул эл аралык уюмдун турмушунда сейрек окуя болду. Андагы Өзбекстандагы адам укугунун абалы жөнүндө угууга алгачкы жолу бул өлкөнүн ырасмий өкүлү - ырасмий Ташкендин АКШдагы элчиси Абдулазиз Камилов дин тутуу эркиндиги жана абактагылардын, оппозициячыл саясатчылардын укугу бузулган фактылар боюнча сындарга жооп бергенге аракет кылды.

Элчи айрым сындарды кабыл алган жок, кайсы бирин моюнга алды. Америка конгрессмендери Өзбекстандын өкүлүнө өтө сылык сүйлөп, бирок маселенин ток этер жерин айтып атышты. Когрессмен Бенжамин Кардин мындай деди:

-Маалыматтарга караганда диний толеранттуулук өңдүү маселелерге өлкөңүздө жол жабык сыяктанат, ушуга жооп берип коюшуңузду каалар элем.

Абдулазиз Камилов Өзбекстанда 2000ге чукул диний уюм каттоодо экенин эскертти, бирок учурда канчасына тыюу салынганын айткан жок. Элчинин айтымында, совет доордогунан бир кыйла көп, тактап айтканда, 1000дей мечит бар.

Өзбекстандын элчиси өз өлкөсүндө диний уюмдарга тоскоолдук жок деген оюн айтты:

- Баарыдан мурда, биз диндерге жана диний ишенимдерге каршы эмеспиз. Бирок ошол эле учурда айрым дурус белгилүү болгон аймактардан каражат келип, мечиттердин каржыланышына жол бербейбиз. Бул – биринчиден. Экинчиден, Ташкенде Ислам университетин ачып койдук. Бул – диний таалим берүүчү жападан жалгыз университет. Кимдир бирөө исламды, анын тарыхын, цивилизацияларын окугусу келсе, бул окуу жайда бардык шарт бар. Биздин элдин, айрыкча, жаштардын вахабизм өңдүү агымдарды үйрөнүшүн каалабайбыз.

Ушул аптанын башында Өзбекстандын юстиция министрлиги оппозициячыл “Бирлик” саясий партиясын каттоодон баш тарткан. Өкмөт тарап "чогултулган колдор жалган" дейт, ал эми партия ынандырганга караганда, баары жайында болчу.

Байкоочулардын баамында, Өзбекстан бийлиги Ислам Каримовдун саясатына каршы эч бир партиянын быйыл жыл соңунда болчу парламенттик шайлоого катышуусун каалабайт. Хелсинки комиссиясында бул жагдайда да суроо болду. Камилов мырза “эч кандай куугунтук жок, болгону документтерин мыйзамга ылайык толтуруп келишсин” деп сылык жооп берди.

Когрессмендер “Грузиядагы төңкөрүш Өзбекстандын реформаларды жайлатышына кандайдыр бир таасир эттиби?” деген суроо узатышты. Ага элчинин берген жообун угуп көрөлү:

- Биринчиден, мен Грузиядагы “роза революциясы” менен Өзбекстандагы кырдаалдын эч кандай байланышы жок деп ойлойм. Өзбекстан деген -Өзбекстан. Ал эми Грузия деген – Грузия.

Абулазиз Камилов Өзбекстандын абактарында кыйноо фактылары бар экенин моюнга алды. Анын айтымында, өзбек бийлиги бул жаатта күрөштү баштады.

Сөз соңунда элчи өзбек бийлиги демократия куруп жатат деген пикирин билдирди:

- Биз демократия курмакчыбыз. Бирок аны АКШга же Хелсинки комиссиясына көрсөтүү, же Грузия менен бир деңгээлде болуш үчүн эмес, биринчи кезекте өз элибиз, өзүбүз үчүн куруп жатабыз.

Угуу маалында Камилов мырза христиандык азчылыктын кысымга алынгандыгы, соңку учурдагы демократтардын укугунун тебелениши сыяктуу суроолорго жооп берген жок.

Ал эми абактагы саясий туткударды бошотуу талабына элчи “көбү азыр эркиндикте, бир катарынын маселеси каралууда” деген жооп кайтарды.

ТҮРКМӨНБАШЫ ӨЗ КЕРТ БАШЫНА СЫЙЫНУУЧУЛУКТАН ЧЫНДАП УЯЛАБЫ?

Түркмөнстандын президенти Сапармурат Ниязов менен мамлекет башчынын жеке керт башына сыйынуучулук жагынан азыркы күндөгү анча-мынча гана диктатор атаандаша алат дешет. Ал жазган «Рух-наама» окуу жайларда милдеттүү окутулат. Анын эстеликтери жана сүрөттөрү коомдук жайлардын дээрлик баарында коюлган. Бирок дүйшөмбүдө президент Ниязов өкмөттү өзүн мактабоого, керт башына сыйынуу аракеттерин токтотууга чакырды. Деги, ал чындап айтып жатабы, же оюнда башка бир нерсе барбы? Ал эми Эл аралык Хелсинки Федерациясы уюму шейшембиде Европа кеңешине тапшырган жылдык баяндамасында Түркмөнстандагы адам укуктарынын абалына олуттуу тынчсыздануусун билдирди.

Чынында да, Түркмөнстандан президент Сапармурат Ниязовдун эстелиги орнотулбаган шаарды издеп табуу кыйын. Ордо шаар Ашгабатта Түркмөнбашынын заңкайган айкели турат. 1990-жылдардын ортосунда Дашовуз (мурдагы Ташауз) шаарына барганымда, Ниязовдун бакыйган эстелигин өзүм да көргөн элем. Башканы койсок да, ай аттарын алалычы. Түркмөн бийлиги 12 айдын аталышын өзгөртүп, айлардын жаңы аталышын табууда президенттин маркум энесин да унутта калтырышкан эмес.
Деги, ушундай жагдайдан башкалар түгүл президент өзү деле чарчаса керек? – деп суроо таштагандар бар чыгаар.
Дүйшөмбүдө, июндун 19унда, өзүнүн президенттикке шайланганынын 12 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жыйын маалында, президент Ниязов, Түркмөнбашы, өкмөттү жекирип, өзүн обу жок мактап, кошомат кылгандарды «мындай жоругуңарды токтоткула» деп чакырды:

- Мен үчүн мындай көшөкөрдүктү угуу кыйын болууда. Уятыма чыдабай, ал түгүл үйдөн чыга алгыстай болуп калдым. Бүгүн да концерт көрүп отурсам, кайра эле бардык ырлар, бардык айтылган сөздөр мен жөнүндө болуп жатат. Мени мынчалык мактаганыңар жарабайт.

Президент Ниязов өзүнө көшөкөрлөнгөндөрдү уяткарып, өлкөдөгү бардык жетишкендиктер үчүн бир кишини эмес, жалпы элди баалоо керектигин эскертти:

- Өлкөнүн жетишкендиктери жалгыз гана президенттин ийгилиги катары кабыл алынбашы керек. Мен гана эмес, жалпы улутубуз буга салым кошуп жатат. Мен тек гана бул иштерди жетекчиликке алып келем.

Өткөн айда Ашгабатта жана башка жайларда бийлик өкүлдөрү Түркмөнбашынын сүрөтү бар плакаттарды дубалдардан сыйыртып киргенде, бул иш-чара президенттин көмүскө буйругу менен болуп жатканын аңдабаган нечендеген кишилер «алданеме болуп кеттиби» деп дендароо болуп, же жакаларын карманган.

Деги, Түркмөнбашы бул кадамга чын пейилден барып жатабы?

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Согушту жана тынчтыкты баяндоо институтунун Борбор Азия боюнча координатору Сауле Мухаметрахимованын оюнча, Түркмөнбашынын өзү өлкөдөгү режимдин негиздөөчүсү болуп жаткан соң, анын сөзүнө ишенүү кыйын. Ал тек гана коомчулуктун көңүлүн алагды кылып, башкы күнөөкөрдү башкалардан издеткиси келет:

- Менимче, Түркмөнбашы бул жол менен өз элине да, сырткаркы дүйнөгө да өзүнүн жеке керт башына сыйынуучулуктун тамырын жайгандар башкалар экенин, өзүнүн буга тийешеси жоктугун көрсөткүсү келет. Ал күнөөнү башкаларга оодарууну каалайт.

Укук коргоочу Эл аралык Хелсинки федерациясы уюму шейшембиде (июндун 22синде) Страсбург шаарында Европа Кеңешинин парламенттик жыйынына өзүнүн жылдык баяндамасын тапшырды. Анда Түркмөнстан адам укуктарын одоно бузган жана катаал цензура киргизген өлкө катары өзгөчө сынга алынган. Уюмдун аткаруучу деректири Аарон Роудс «Азаттыкка» мындай дейт:

- Түркмөнстан сыяктуу кээ бир өлкөлөрдө ачыктан-ачык цензура орнотулган, ал эми башка борбор азиялык өлкөлөрдө кыйыр цензура, өзүн-өзү цензуралоо учурлары бар. Журналисттер менен редакторлор жазага кириптер болбоо жана жалган жалаа тууралуу мыйзамдын каарына калбоо үчүн өзүн-өзү цензуралоого барышат.

Дегиңкиси, байкоочулардын айтымында, Түркмөнстандын мамлекет башчысы өз режимин либералдаштыруунун эч кандай жышаанасын көрсөтпөсө да, өз керт башына сыйынуучулукту сөз жүзүндө айыптоо аркылуу ал коомчулуктун калыс сын пикирин таптакыр укпай койо албагандыгын да айгинелетүүдө.

ШАНХАЙ КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУНУН САММИТИ АЯКТАДЫ

Азиза Турдуева, Прага Бүгүн Ташкенде Шанхай кызматташтык уюмуну саммити болуп өттү. Анда региондогу коопсуздук, экономикалык кызматтыштык, терроризмге каршы күрөшүү, Ооганстанды калыбына келтирүүгө жардам көрсөтүү жана башка маселелер талкууланды.

Шанхай кызматташтык уюмуна Орусия, Кытай Эл Республикасы, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан кирет. Жыйында талкууланган башкы маселелердин бири терроризмге каршы күрөшүү болду. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери эл аралык терроризмге каршы күрөшүүнү күчөтүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов бул маселеге байланыштуу мындай деди:

- Биз терроризмдин көрүнүштөрүнө гана, күнөөсүз адамдарды жардырып, өлтүрүп жаткандарга каршы гана күрөшпөстөн, бул мен кайталап койоюн, биз “терроризм” деп атаган найзанын учу гана, биз эң ириде, терроризмдин идеологиясын түзгөн көптөгөн радикалдуу экстремисттик борборлорго каршы күрөш жүргүзүшүбүз керек.

Орусиянын президенти Владимир Путин да, Шанхай кызматташтык уюму регионалдык коопсуздук маселелерине көбүрөөк көңүл буруунун, терроризмге каршы күрөшүүнү активдештирүүнүн зарылдыгына токтолду:

- Регионалдык аракеттерибизди бириктирүү менен биз маанилүү жыйынтыктарга жетишибиз мүмкүн. Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык аренадагы аброю да мына ушул фактордон көз каранды.

Саммитте маалымдалгандай, мындан эки ай мурда 47 адамдын өмүрүн алып кеткен Өзбекстандагы жардыруу да терроризм регионго чоң коркунуч туудуруп тургандыгын айгинелейт.

Алты өлкөнүн башчылары ошондой эле көп тараптуу соода жана экономикалык интеграция маселелерин да талкуулашты. Президент Путин уюм үчүн экономикалык кызматташтыкты өнүктүү да башкы маселелерден экендигине токтолду:

- Уюмдун келечектеги таасири биздин кызматташуубуздун негизги багыттары боюнча биргелешкен иш-аракеттерибиз канчалык деңгээлде натыйжалуу боло тургандыгына байланыштуу болот. Алардын бири - экономикалык тармактагы кызматташуу. Биз бир региондун өлкөлөрүбүз. Бизди коңшу өлкөлөр катары окшош проблемалар, жалпы кызыкчылыктар, жалпы чегараларыбыз бириктирет.

Ал эми Кытай Эл Республикасынын жетекчиси Ху Цзиньтао Кытай Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөргө 900 млн. АКШ долларын ссуда жана кредит катары берүүгө даяр экендигин билдирди.

Уюмдун бул жолку жыйынына Ооганстан менен Монголиянын жетекчилиги да катышты. ШКУнун лидерлери ага кирген өлкөлөр Ооганстанды калыбына келтирүү, анын экономикасынын турукталышына жардам көрсөтүүнү, ошондой эле, маңзаттар аткезчилигине бөгөт койуу иштерине көмөктөшүүнү убадалашты. Президент Путин Ооганстанга жардам көрсөтүү маселеси боюнча:

- Бүгүн бул өлкөдөгү абал өзгөрүп жатат. Жаңы саясий институттар жана бийлик органдары калыптанууда. Бирок социалдык-экономикалык тармактагы курч проблемалар али арбын. Менин пикиримде, Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөр Ооган жеринде тынчтык орноп, экономикалык кайра жаралуу башталышына кызыкдар.

Жыйында Монголияга Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочу статусу берилди. Шанхай кызматташтык уюму 1996-жылы түзүлгөн.

КАЗАКСТАНДА БЕЙӨКМӨТ УЮМДАР МУНАЙЗАТ КИРЕШЕСИН КӨЗӨМӨЛДӨГҮСҮ КЕЛЕТ

Чолпон Орозобекова, Прага Казакстанда бейөкмөт уюмдар өлкөнүн өнүгүшү үчүн өтө маанилүү орунду ээлеген мунайзат тармагындагы коррупцияга каршы күрөш жарыялашты. Бир нече бейөкмөт уюм мунайзаттан түшчү киреше жаатындагы айкындуулукту камсыз кылууга аракеттенген топко биригишти.

Ушул аптада Казакстанда мунайзаттан түшкөн кирешеге коомдук көзөмөл жүргүзө турган өзүнчө бирикме пайда болду. Ал бейөкмөт уюмдардын коалициясы деп аталат. “Сорос-Казакстан” корунун кызматкери Анатолий Артемовдун айтымында, бул топ эл аралык коомчулукта арыш алып аткан Айкындуулук демилгелерине Казакстандын тезирээк кошулуусуна салым кошууну көздөйт.

Эскерте кетели, 2002-жылы Улуу Британиянын премьер-министри Тони Блэр “Өндүрүштөгү Айкындуулук демилгелерин” жарыялаган. Бул демилгелер жеке ишканалардын жеке төлөмдөрү жана бийликтин мындай карым-катышынан көргөн кирешелери тууралуу маалыматтарды журтчулукка ачыкка чыгарууга багытталган.

Бейөкмөт уюмдар дал ушул демилгелерди колго алууга казак бийлигин көндүргөнгө далалат кылмакчы. Эгер ырасмий Астана Тони Блэрдин насааттарын колго алса анда чет элдик инвесторлорго жол ачылат. Коалиция бул маселеде өкмөткө ишкерлер аркылуу басым жасап көрүүгө аракеттенмекчи.

Бирок байкоочулар бейөкмөт уюмдардын бул аракети Казакстанда чоң тоскоолдуктарга тушугарын айтышууда. Деги эле, мунайзат маселесине келгенде казак бийлиги өтө сезимтал келээрин эл аралык коомчулук деле билет. Чет мамлекеттеги банктарга которулган миллиондогон акчалар жана Казакстандын жогорку кызматтагы чиновниктеринин атын кошо булгаган чыр-чатактар ушул күндөрү жашыруун деле болбой калды.

ОРУСИЯНЫН БОРБОР АЗИЯДАГЫ ГЕОСАЯСИЙ КЫЗЫКЧЫЛЫКТАРЫ

Азиза Турдуева, Прага Көз карандысыз эксперттердин байкоосунда Орусия Борбор Азияга өзүнүн геосаясий үстөмдүгүн орнотуу аракеттерин улантууда. Кыргызстандагы Кант аба майданынан кийинки бул чөлкөмдөгү орусиялык экинчи аскердик база Тажикстанда ачылат деген болжол бар. Бул маселе боюнча эки мамлекет жетекчилиги оозеки макулдашты. Тажик президенти Эмомали Рахмоновдун мындай кадамына азыр ар кандай баалар берилүүдө.

Владимир Путин менен Эмомали Рахмоновдун 4-июнда Сочидеги жолугушуусунда эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана аскердик тармактардагы кызматташууларга байланыштуу бир топ маселелер талкууланган. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Орусиянын чегарачыларынын Тажикстандын Ооганстан менен чектеш аймактарындагы күзөт кызматы 2006-жылга чейин узартыла турган болду. Ал эми буга чейин расмий Дүйшөмбү Москвадан орусиялык чегара отряддарын 2005-жылдын 1-июлуна чейин чыгарып кетүүнү талап кылып келген. Орус президенти менен жолугушуудан мурда Эмомали Рахмонов парламентке жылдык кайрылуу менен чыгып сүйлөп, чегараны кайтаруу маселеси тууралуу:

- Тажикстан көз карандысыз өлкөнүн белгиси катары бардык чекараларын өзүнүн көзөмөлүнө алат,- деген эле.

Путин менен Рахмоновдун оозеки макулдашууларына ылайык жакын арада Тажикстан Орусиянын аскердик бөлүктөрүнүн жайгашуусу үчүн атайын жер бөлүп бермекчи. Ошондой эле, Орусиянын куралдуу аскер күчтөрүнүн менчигине космос мейкиндигине байкоо жүргүзүүчү оптикалык электрондук комплекс бекер өткөрүлүп берилет. Буга чейин тажик өкмөтү бир эле ушул комплекстин ижарасы үчүн Орусиядан 50 млн. АКШ долларын талап кылып келген. Ал эми Москва, өз кезегинде, Дүйшөмбүнүн мындай кадамдарына жооп катары Тажикстандын Орусияга болгон 300 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү карызын кече тургандыгын билдирди. Орусиянын ири энергетика компаниялары болсо Тажикстандын ГЭСтерин куруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга жардам көрсөтүп, инвестиция салышат.

Серепчилер Рахмоновдун Орусия менен мындай алакаларды түзүүгө баргандыгын ар кандай баалашууда. Алардын айрымдары бул - Тажикстандын эл аралык беделине терс таасир тийгизет дешсе, кээ бир серепчилер Орусия Кыргызстандан кийинки экинчи аскердик базасын Тажикстанда ачууга даярданууда деген болжолдорун билдиришүүдө. Айрым эл аралык саясий адистер болсо Рахмоновдун мындай кадамына таң калып жатышкандыгын жашырышкан жок. Алардын божомолунда президент Рахмонов мындай чечимди АКШнын Тажикстанга көргөзгөн каржылык жардамдарынын жетишсиздигинен улам жасап, нааразычылыгын көрсөттү.

Тажикстандагы саясатчылардын негизги бөлүгү Эмомали Рахмоновдун мындай кадамын колдоп чыгышты. Мисалы, Тажикстандын Ислам партиясынын башчыларынын бири Мухиддин Кабири Орусиянын ар кайсы аймак, шаарларындагы миллиондон ашуун тажикстандык эмгек мигранттарын депортациялоо маселеси буга чейин улам көтөрүлүп келсе, эми бул проблема оң чечилет деп ишенет:

- Буга чейин Дүйшөмбү Москвадан космостук станциясы үчүн ири өлчөмдөгү акча талап кылганда Орусияда тажик мигранттарына каршы катаал чабуул башталган эле. Натыйжада, Орусиядагы жүздөгөн тажикстандык эмгек мигранттары кыйын абалга дуушар болушкан. Менин пикиримде, мындан ары алардын абалына коркунуч туулбайт.

Жергиликтүү саясий аналитиктердин бир бөлүгү болсо Рахмонов орус чегара кызматынын иштөө мөөнөтүн узартуу менен алдыдагы президенттик шайлоодо Москванын колдоосуна ээ болуу максатын көздөп жатат деген пикирде. Мындай көз карашын жергиликтүү серепчилердин бири Шокиржон Хакимов ортого салды:

- Орус чегарачыларынын Тажикстанда калуу мөөнөтүн узартуу өлкөдөгү келээрки президенттик шайлоого байланыштуу болду. Рахмоновдун бийлиги үчүн президенттик шайлоодо Москванын колдоосу зарыл. Ошондуктан, алар ушундай кадамга барууга аргасыз болушту.

Тажикстанда 2006-жылы президенттик шайлоо, ал эми кийинки жылы парламентке тандоо өтөт.

ТАЖИКСТАНДЫК МИГРАНТТАРДЫ ОРУСИЯДАН КУУП ЖАТЫШАТ

Төрөкул Дооров, Москва Орусиянын айрым региондорунда мыйзамсыз иштеп жүрүшкөн эмгек мигранттарын массалык түрдө өлкөдөн чыгаруу аракеттери көрүлүүдө. Депортацияга көп учурда тажикстандык эмгек мигранттары кабылып жатышат.

7-июнь күнү Челябинск облусунан тажикстандык он сегиз мигрант атайын учак менен Дүйшөмбүгө жеткирилди. Ал эми үч күндөн кийин Ханты-Мансийск автономдук округунун (ХМАО) Сургут шаардык бийликтери мыйзамсыз иштеп жүрүшкөн тажикстандык бир канчалаган мигранттарды үй-жайы жок, көчөдө күн көрүп жүрүшкөн адамдар менен бирге Омск жана Тюмень шаарларына чыгарып салышты.

Бул эки окуя тең Сочиде Орусия президенти Владимир Путин менен Тажикстандын мамлекет башчысы Имомали Рахмоновдун сүйлөшүүлөрүнөн кийин болуп отурат.

Тажик мигранттары Темир-бетон чыгаруучу заводдо иштечү. Алгач аткарылган эмгек үчүн аларга айына 100 доллардын тегерегинде айлык төлөп турган.

- Кийинчерээк бул каражат тамакка жана жатаканага болгон талондор менен алмашылып, мигранттар такыр айлыксыз иштеп калышты, - дейт депортацияга кабылган тажикстандык мигрант Анна Андреева.

Ошол эле учурда иш убактысы 15 сааттан кемиген эмес. Жергиликтүү укук коргоо органдары тажикстандыктардын «кулчулук абалын» капыстан эле байкап калышат жана заводдун жетекчилигине карата кылмыш иши козголот.

Челябинскидеги чет элдик атуулдар менен иштешүү борборунун инспектору Руслан Гильмендиновдун айтымында, алгачкы жолу ири ишкана «Чет элдик жумушчу күчүн мыйзамсыз» колдонгону үчүн айыпталып отурат:

- Анткени ири ишканаларга кирүү, адатта, оңой эмес. Бул жолу соттун чечими менен мигранттарды өлкөдөн чыгаруу заводдун жетекчилигине жүктөлдү.

Жыйынтыгында, акысыз жумуш күчү аталган заводго алда канча кымбат туруп калды. Анткени, өлкөнүн Кылмыш кодексинин атайын беренесине ылайык ишкана «Чет элдик жумушчулардын эмгегин мыйзамсыз колдонгондугу» үчүн ири суммадагы айып төлөйт. Андан сырткары, мигранттарды Тажикстанга атайын учак менен жеткирүүгө 86 миң рубль акча сарптады.

Негизи, тажикстандык мигранттар учурда Орусиянын көптөгөн ири шаарларындагы курулуш фирмаларында жана базарларда иштешет. Айрым такталбаган маалыматтарга караганда Орусияда иштеген тажикстандык мигранттар жыл сайын мекенине 1,2 млрд. доллар акча жөнөтүп турушат.

КАЗАКСТАН ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК КОМПАНИЯЛАРГА КАТУУ ТАЛАП КОЕ БАШТАДЫ

Сапар Орозбаков, Прага Мунайга суроо-талап көбөйүп, анын баасы өскөн сайын Казакстандын өкмөтү мунай кендерин иштетүү үчүн келген Батыштын компанияларына оор талаптарды кое баштады. Түзүлгөн кырдаалдан пайдаланып, өлкө көбүрөөк пайда табууну көздөйт. Бирок инвесторлор Казакстанда инвестициялык климат дагы эле жакшырбагандыгын билдиришет.

Мунайга суроо-талап өскөн сайын Казакстандын өкмөтү өз баркын көтөрүп, чет өлкөлүк компанияларга лицензия берүүдө оор талап коюуда. Ал мунай иштетүү жана сатуу боюнча келишимдерди азыркы баа менен, өлкөгө көбүүрөөк киреше түшө тургандай кылып түзүп жатат. Өкмөт ошону менен бирге өлкөнүн инвестициялык климатын жогорулатуу багытында аракеттерди көрүп жатат.

Май айынын аягында, Standard & Poor рейтинг компаниясы Казакстанды инвестиция салууга боло турган өлкөлөрдүн тизмесине киргизип, анын рейтингин көтөрдү. Азыр Казакстандын инвестициялык рейтинги Каспий деңизин курчаган өлкөлөрдүн баардыгынан, анын ичинде Орусияныкынан да жогору болуп калды. Бул Казакстандын чет өлкөлүк компанияларга болгон көз карандылыгынан кутултуп, өкмөттүн өз ишканалырына, биринчи кезекте “Казмунайгазга” таянуусуна мүмкүнчүлүк берет.

Өлкөнүн инвестициялык рейтингинин жогорулашы менен Казакстандын бийликтери өздөрүн ишенимдүү сезе башташты. Президент Нурсултан Назарбаев 25-майда “Файненшл Таймс” гезитине интервью берип, Иранды көздөй кеткен мунай түтүк Казакстандын кара майын сыртка алып чыккан мунай түтүктөрдүн ичинен эң жакшысы экендигин билдирген. “Ал Баку-Жейхан түтүгүнөн да, Кытайды көздөй кете турган түтүктөн да, Орусия аркылуу өткөн түтүктөрдөн да жакшы” – деди Казакстандын президенти.

Буга чейин расмий Астана Тегеранга каршы санкция киргизген АКШнын сөзүнөн чыга албай, Каспий мунайын Перси булуңуна жеткирген бул ыңгайлуу жолдон баш тартып келген болчу.

37-долларды түзгөн мунайдын баасын жакшы пайдаланып, өкмөт өлкөгө кошумча киреше түшүрүүнү көздөйт. 1-июнда Казакстандын парламенти быйыл өлкөнүн бюджетине 428 млн. доллар түшөөрүн маалымдады.

Казакстанда 2004-жылы болуп кеткен Карнеги институнун аналитиги Марта Олкотт өкмөттө иштеген адамдардын адистиги жогору экендигин белгилейт.

- Алар түркмөндөрдүн катасын кайталагылары келишпейт. Экономика жана мунай министрликтеринде долбоорлорду жаш эле адистер экспертизадан өткөрүшөт. Алар чыгым эмне экенин, батыш фирмалары кандай киреше менен иштөөгө макул болоорун жакшы билишет экен.

20-майда Казакстандагы 47 энергетикалык компания биригип, чалгындоо иштеринде мамлекеттик ишканаларга артыкчылык берген мыйзам долбоорлоруна каршы экендигин билдиришти. Казакстандын мунай ишканаларын бириктирген ассоцация мунайды экспорттоодо “Казмунайгазга” жеңилдик бербөөнү өкмөттөн талап кылышты.

Казакстандын өзүнүн мунай кендерин иштетүүдө Орусияга жана Кытайга көбүрөөк таяна баштады. Назарбаев Бээжинге барып, Кытайга мунай түтүк куруу тууралуу сүйлөшүү жүргүздү. 10 млн. тонна кара май өткөргөн бул түтүктүн кирешеси канча болору белгисиз.. Аналитиктер Казакстан үчүн анын пайдалуулугуна караганда Кытайдын рыногуна кирүү маселеси маанилүү деп эсептешет.

Өлкөнүн рейтинги көтөрүлгөнүнө карабай, чет өлкөлүк инвесторлор Казакстандын инвестициялык жөндөмүүлүгүн төмөн баалашат. Март айында Economist Intelligence Unit агенттиги өлкөнүн макроэкономикалык абалы начарлап кетиши мүмкүн экендигин билдирди. Ал өлкөдө мунай өндүргөн ишканалар үчүн салыктын оордугу жана эрежелердин татаалдыгын белгилейт. Аналитиктер Назарбаевдин мурдагы кеңешчиси Гиффендин үстүнөн АКШда козголгон кылмыш иши жана күздө боло турган парламенттик шайлоо өлкөдөгү саясий абалды курчутат деп ойлошот.

КОВ-АТА КӨЛҮ КИШИ БАРГЫС ЖАЙГА АЙЛАНЫП БАРАТ

Сапар Орозбаков, Прага Түркмөнстандын борбору Ашхабат шаарынан 100 чакырым алыс Копетдаг тоолорунун арасындагы 60 метр терең үңкүрдүн ичинде жайгашкан Ков-Ата көлү түркмөндөрдүн улуттук сыймыгы. Анын суусу көп жараларга дары болуп, илгертеден эле ага көп адамдар келип дарыланып турушкан. Жергиликтүү эл аталган көл азыркы тапта булганып, ага эл келбей калгандыгын, анын себепкерлеринин бири – түркмөн аскерлери экендигин айтышат.

Бул жер алдындагы көл түркмөн бийлиги корголуучу жайлар деп жарыялаган 17 эстеликтин бири болуп эсептелет. Курамында сульфид, хлор, кычкылтек газы, бром, алюминий, темир өңдүү 24 химиялык зат бар анын суусу көп жараларга даба. Үңкүрдүн ичиндеги температура жайы-кышы бир калыпта болуп, 35 градусту түзөт. Анда жарганаттардын аябагандай чоң тобу уялайт. Ал жөнүндө уламыш да бар. Көлдүн жанындагы Гараган айылында жашаган Ашыр ага, “бул жерде жашагандар перс падышалары тушунда согушта жараланган аскерлердин бир тобу бул көлгө келип айыгып кетишкендиктерин айтышат” дейт.

Көлдүн даңазасы алыска тарап, ага Советтер биримдиги учурунда эле туристтер көп келип турушчу. Ошол убакта эле тиешелүү инфраструктура жетишпей, туристтерди тейлөө жакшы болгон эмес. Азыр болсо, абал андан бетер начарлап кетти. Көлгө баргандар бул жай булганып, ага түшүүгө мүмкүн болбой калды деп айтышат. Алардын билдиришинче, көлгө жакын жерде айыл-чарба иштерине жардам берип жүрүшкөн түркмөн аскерлери аны кадыресе мончо катары пайдаланышып, көлдүн үстү самындын саркындыларына, кагаз жана башка таштандыларга толуп кетти. Алар көлдү байырлаган жарганаттар да кетип калышкандыктарын билдиришти.

Ашхабаттык бир ишкер өзүнүн германиялык бир досун көлдү көрсөтөм деп алып барып, уят болгондугун айтат. “Күйүп турган Ашхабаттан досум менен 100 чакырым аралыкка машине менен келип алып, мурдагы көлдүн ордунда акыр-чикирге толгон, сасык жыт чыккан көлдү көрүп, кирерге жер таппай турдум” дейт ал. Ал кайтып баратканда эки машине толтура кирдеген, арык аскерлердин көлгө жуунганы баратышканын көргөнүн айтат.

Жергиликтүү туристтик компаниялардын биринде иштеген Жерен аттуу адам да муну ырастайт. “Бизге жакында туристтердин бир тобу келди. Көл аябагандай булганч болуп кеткендиктен, биз аларды көлгө алпарган жокпуз” дейт Жерен. “Көрүп ичиң ачышат, көлдү жана анын дарылык касиеттерин угуп алышып көптөгөн туристтер келип жатышат, аларга дарылангандын ордуна холера жуктуруп аласыңар деп кантип айтмак элек” деп кошумчалайт ал.

Жерен Түркмөнстандын өкмөтү акча бөлүп, көлдү иретке келтирсе, туристтер көп келип, мамлекетке да, элге да пайдалуу болмок экендигин айтат.

Британиядагы “Согуш жана тынчтыкты баяндоо” институнун жергиликтүү кызматкерлери Түркмөнстандын коргоо министрлигине бир нече ирет кайрылышканына карабай, министрлик бул тууралуу түшүндүрмө берүүдөн баш тарткан. Бирок атын атабоону өтүнгөн бир аскер жетекчилигинин өкүлү армияга жетиштүү акча бөлүнбөстүгүн айтып, аскерлердин ал жерде жуунууга аргасыз экендигин билдирген.

“Айыл-чарба иштеринде жүргөн аскерлердин көпчүлүгү аскер базаларынан алыс жайгашкан. Жогорку командачылык аларды кантип багуу, кайсы жерде киринтип, кийим кечесин кайда жуудуруу тууралуу баш оорутпайт. Ал биздин - төмөнкү жетекчиликтин иши. Чынын айтканда, мен Ков-Ата көлүнө жакын жайгашкан аскерлерге ичим күйүп турат. Менин балдарым арыктарда эле жуунушат” дейт атын атообоону өтүнгөн Түркмөнстандын төмөнкү деңгээлдеги аскер кызматчысы.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG