Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 23-январь, 2020 Бишкек убактысы 00:00

Борбор Азия

КАМАККА АЛЫНГАН ӨЗБЕК ОППОЗИЦИЯЧЫСЫНЫН САЛАМАТТЫГЫ НАЧАРЛАГАНЫ АЙТЫЛУУДА

Айымкыз, Ташкен Өзбекстан башкы прокуратурасы тарабынан камакка алынып, бир айдан ашуун убакыттан бери тергөөгө алынган оппозициядагы “Күнөстүү Өзбекстан” коалициясынын жетекчиси Санжар Умаровдун ден соолугу барган сайын начардап барат. Бул тууралуу “Санжар Умаровду боштондукка чыгаруу комитети” жекшембиде билдирди. Аталган уюм атын эми “Абийир туткундарын боштондукка чыгаруу комитети” деп өзгөрткөнүн да кабарлады.

“Санжар Умаровду боштондукка чыгаруу комитетинин” мүчөсү Бахадыр Намазовдун айтымында, учурда Санжар Умаров маселесине байланыштуу бир канча түшүнүнбөөчүлүктөр болуп жатат. Эгер анын камалышы чыны менен эле экономикалык мүнөзгө ээ иш болсо, ага психотроптук препараттар колдонулбаса, анда эмне үчүн бийликтер эл аралык медициналык текшерүү өткөрүүгө уруксат бербей отурушат, деген суроонун пайда болушу табигый дейт, комитеттин мүчөсү Бахадыр Намазов.

Бахадыр Намазовдун билдиришинче, комитет мүчөлөрүн Санжар Умаровдун ден соолугунун начарлашы олуттуу кабатырга салууда. Ошондуктан, комитет “Күнөстүү Өзбекстан” коалициясынын жетекчисинин тез арада боштондукка чыгарылышын жана ага көз карандысыз эл аралык медициналык текшерүү өткөрүлүшүн талап кылат.

Маектешибиз аталган комитет мындан ары “Абийир туткундарын боштондукка чыгаруу комитети” деп аталаарын айтып, анын себептерин мындайча түшүндүрдү:

- Себеби, акыркы учурда мамлекетте ойдон чыгарылган айыптоолор менен камалган ондогон оппозиция мүчөлөрү жана укук коргоочулар камакта жатат. Бүгүнкү күндө абакта жаткан Мутабар Тажибаева, Нарбай Калжигитов, Хамдам Сулейманов, Саиджахан Зайнобитдинов сыяктуу абийир туткундарын коргоо үчүн комитет колунан келишинче күрөшөт.

Дүйшөмбү күнү Санжар Умаров менен учурашууга уруксат алган адвокат Виталий Красиловскийдин билдиришинче, Санжар Умаровдун кан басымы бир канча жолу көтөрүлгөн жана ал жүрөк оорусу менен байланыштуу дагы администрацияга кайрылган. Бирок анын бул өтүнүчү натыйжасыз болгон.

Санжар Умаровго карата колдонулуп аткан кыйноолор жөнүндөгү пикирлерди Өзбекстан ,ашкы прокуратурасынын басма сөз кызматынын жетекчиси Светлана Артыкова четке какты:

- Санжар Умаровго эч кандай кыйноо колдонулган эмес, туура эмес тергөө аракеттери жүргүзүлүп аткан жок.

ТАШКЕН НАТО АСКЕРЛЕРИНИН ӨЗБЕКСТАНДАН ЧЫГЫП КЕТҮҮСҮН ТАЛАП КЫЛДЫ

Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары 23-ноябрда Өзбекстандын өкмөтү НАТОнун аскерлерине өлкөнүн аймагын жана аба мейкиндиги кесип өтүүгө биринчи январдан тарта тыйуу салды. Бул жөнүндө шаршемби күнү НАТО билдирди. Аскердик альянс Өзбекстандын мындай аракеттери НАТОнун Ооганстандагы бейпилдик миссиясын үзгүлтүккө учурата албай турганын билдирип, бул маселени чечүүнүн жолдору азыр караштырылып жатканын кошумчалады.

Өзбекстан мындай чечимин Американын Каршы-Ханабад аскердик базасын жапкан соң кабыл алып олтурат жана байкоочулар мындай чаралар менен расмий Ташкен Өзбекстан менен Батыштын ортосундагы мамилелерге дагы бир шынаа кагып жатканын айтып жатышат. Өзбекстан бул чечими менен Батыш өлкөлөрүнүн "Анжияндагы окуяларда өкмөт ого эле катуу күч колдонуп, одоно укук бузууларга жол берген", деген сын пикирине жооп берүүдө. 3-октябрда 25 өлкөдөн турган Еврошаркет Өзбекстанга каршы курал эмбаргосун киргизип, Өзбекстандын бийик мартабалуу 12 чиновнигине шаркеттин аймагына кирүүгө тыйуу салган болучу.

Каримовдун режими америкалык аскерлерден кийин бош калган аскердик базаны эми Россияга сунуш кылганы жаткан шекилдүү. Биз бул маселени азыр териштирип жатабыз, америкалыктар жакшы инфраструктураны калтырышты, деп айтты жакында Өзбекстандын расмий өкүлдөрүнүн бири.

Өзбекстан Ооганстанга баруучу жолдогу дарбаза, ошондуктан мындай чечим Ооганстанга гуманитардык жардам ташууга кыйла кыйынчылык түзүп, НАТОнун Ооганстанда жайгаштырылган 8 миңдей аскеринин кызмат өтөөсүн татаалдантмакчы. Мындай чечим ошондой эле Ооганстандын түндүк чөлкөмдөрүндө кызмат өтөп жаткан германиялык аскерлердин ишин кыйындатат. Ооганстанда иштеп жаткан 2 жарым миңдей немец аскер буга чейин Термездеги базасын пайдаланып келишкен. Термездин өзүндө 300дөй немец аскери жайгаштырылган.

Өзбек өкмөтүнүн акыркы чечими Кыргызстандын «Манас» аэропортунда жайгашкан Ганси америкалык авиабазасынан Ооганстанга каттап жаткан америкалык учактардын ишин да кыйындатат. Эми америкалык учактар Өзбекстандын аба мейкиндигин кыйгап учууга мажбур болуп, Ооганстанга каттоонун убактысы узармакчы.

Өзбекстандын Анжиян шаарында 13-майда болгон кандуу окуяларда, расмий маалыматтар боюнча, 187 киши курман болгон, бирок укук коргоочулар анда мерт болгон адамдардын саны 500дөн 800гө чейин бараарын божомолдошот. 23-ноябрда Улуттар уюмунун гуманитардык маселелер боюнча комиссиясы Өзбекстанга кайрылып, бул иш боюнча күбө жүрүп жаткан кишилерди кысмактоону токтотуусун талап кылды. Уюм Өзбекстандын бул маселени көз карандысыз комиссияга иликтетүүдөн баш тартканына дагы бир жолу камтамачылыгын билдирди.

Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча жооптуу кызматкери Хосе Диаз мындай дейт:

- Өзбек бийликтери бул резолюцияга көңүл буруп, Анжияндагы окуяларды көз карандысыз комиссияга иликтетүүгө макул болот жана бул окуяга тийешеси бар адамдардын үстүнөн жүрүп жаткан процесстерге байкоо жүргүзүүгө уруксат берет, деген үмүттөбүз.

ТАШКЕНДИК ЖУРНАЛИСТКЕ ЭЛ АРАЛЫК СЫЙЛЫК ТАПШЫРЫЛДЫ

Май айында Анжыянда орун алган кандуу окуяларды тайманбай чагылдырганы үчүн өзбекстандык журналист Галима Бухарбаева эл аралык сыйлыкка ээ болду. Шейшембиде Нью-Йоркто Эл аралык сөз эркиндиги сыйлыгын алган Галима Анжыянда өз өмүрү үчүн кооптуу жагдайларда иштөөгө аргасыз болгон. Байкоочулар Анжыянда көчөгө чыккан элге аскерлер ок ачып, жүздөгөн кишилер мерт болгонун айтышат.

Галима Бухарбаева – Лондондо жайгашкан Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун Өзбекстандагы кабарчысы болчу. Анжыянда 13-майда болгон коогалуу окуялардан кийин дароо ал “Азаттыкка” телефон аркылуу буларды кабарлаган.

- Мен арыкка жашына калып, топтолгон элдин арасынан жарадарларды башка жакка алып кетип жатышканын көрүп турдум. Дене-башы канжалаган беш эркек кишини менин көз алдымда алып кетип баратышты. Жанындагы кишилер булар өлгөн деп айтышты. Элдер: “карагыла, журналисттер, бул жерде 2-3 кишинин сөөгү жатат” деп жатышты. Карамак кайдан, зуулдаган октордун үнү басыла элек болчу.

Күбөлөр жана укук коргоочулар Анжыянда көчөгө чыккан элди бутага алган аскерлер 700гө чукул кишини атып өлтүргөнүн айтышууда. Өзбек бийликтери ал жерде 187 киши курман болду, көпчүлүгү акчага жалданган чет элдик террористтер деп кайталап келатат.

Галима Бухарбаева кийинчерээк артына асынган рюкзакты, журналисттик күбөлүгүн тешип өткөн окту таап алганда, аз жерден аман калганын түшүнгөн. Шейшембиде Нью-Йоркто эл аралык сыйлыкты алаар алдында ал “Азаттыкка” буларды билдирди.

- Бул сыйлык - Өзбекстандагы өтө оор жана шумдуктуу кырдаалдын символу. Мага берилген сыйлык - Өзбекстанда абдан татаал шарттарда иштеп жаткан журналисттердин эмгегин таануу деп эсептейм.

Аталган сыйлыктын демөөрчүсү – Журналисттерди коргоо комитетинин өкүлү Алекс Лупис Галима Анжыяндагы окуялар маалында журналисттик эрдигин көрсөтө алганын белгилейт:

- Ошондогу кыйын кырдаалда Галима бардык окуялар жөнүндө тынбай маалымат берип жатты. Анын кабарларында өзбек бийликтери үчүн жагымсыз абактардагы уруп-кыйноо, ислам активисттерин кысмактоо, сөз эркиндигине, адам укуктарына каршы кыянатчыл иштер жөнүндө сөз болуп жатты.

31 жаштагы Галима Бухарбаева – Анжыяндагы окуялардан кийин АКШга башпааналап кетүүгө аргасыз болгон. Жакында ал турмушка чыгып, Колумбия университетинде илимий иш жазууга киришти. Быйыл Эл аралык сөз эркиндиги сыйлыгы Бразилиялык журналист, Зимбабвелик адвокат жана Кытайда абакта отурган кабарчыга да ыйгарылды.

ӨЗБЕКСТАНДЫК ЖЕТЕКЧИЛЕР ЕВРОПАГА КАТТАЙ АЛБАЙТ

Дүйшөмбүдө Өзбекстандын Жогорку соту Анжыяндагы кандуу окуялар боюнча айыпталган 15 кишини узак жылдарга түрмөгө кести. Ошол эле күнү Европа Биримдиги бул иш калыс каралган жок деп эсептеп, Өзбекстанга курал-жарак, аскердик техника сатууга тыюу салып, 12 өзбек жетекчисинин европалык өлкөлөргө каттоосуна бөгөт койду. Кошмо Штаттары да Ташкендеги соттун калыстыгынан күмөн санап турганын билдирди.

Ташкендеги соттун дүйшөмбүдө чыгарган өкүмү Өзбекстан менен Батыш өлкөлөрү ортосундагы жараканы тереңдетип жибергендей болду. Анжыяндагы көтөрүлүштү уюштурган деп айыпталган 15 киши соттун өкүмү менен 14 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылды. Өзбекстандын Жогорку соту айыпкерлер өлкөнүн конституциялык түзүлүшүн кулатууга аракеттенген деген бүтүмүн чыгарды. Ырасмий Ташкен 13-майда Анжыянда орун алган кагылышууларда 187 киши мерт болгон, алардын көбү коопсуздук кызматкерлери менен аскерлер деп кайталап келатат.

Ал окуяларды өз көзү менен көргөн күбөлөрдүн айтканына таянып, АКШ менен Евробиримдик Анжыянда аскерлер көчөдө топтолгон элге ок аткан деген пикирде. Батыш өлкөлөрү ортодогу талаштан тактык жаратыш үчүн көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө үндөгөн, бирок өзбек президенти Ислам Каримов ал сунушту четке каккан.

Ташкендеги соттун өкүмү жарыяланган күнү Евробиримдик 12 өзбек жетекчисине виза берүүгө жана Өзбекстанга курал-жарак, башка аскердик техника сатууга тыюу салды. Брюсселде таратылган маалымат боюнча, Европага мындан ары каттай албай калган Ташкендик жетекчилердин тизмесине Анжыянда элге каршы күч колдонуу аракеттери үчүн жооптуу жана кийин көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө бут тоскон ырасмий адамдар кирди. Атап айтканда, Өзбекстандын ички иштер министри, улуттук коопсуздук министри, коргоо министри баш болгон жетекчилерге Европанын эшиги жабылды. Бул тизмеге бирок өзбек лидери Каримов киргизилген жок.

Дүйшөмбүдө АКШнын мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Адам Эрели Вашингтондун көз карашын маалымдады.

- Биз Ташкендеги соттун өкүмү ынандыраарлык далилдерге негизделген жок жана сот өзү адилет боло албайт, деп эсептейбиз. Мындай тынчсыздануубузду биз сот башталгандан бери билдирип келатабыз. Мен дагы бир жолу Анжыяндагы окуялар боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүлгөн жок деп кайталап кетмекчимин.

Вашингтон Өзбекстанга карата санкциялар киргизүү маселесин караштырып жатканы маалымдалды. Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комиссары Льюис Арбур Анжыян окуялары боюнча айыпталган 15 кишиге аппеляциялык арыз менен кайрылуу мүмкүндүгү берилиши керек деп белгиледи. Өзбекстандын Жогорку сотунун өкүмү эл аралык коомчулукту гана эмес, жергиликтүү тургундарды да ынандыра албаган өңдүү. “Азаттыктын” кабарчысы менен болгон маегинде Ташкендин жашоочуларынын бири төмөндөгүдөй пикирин айткан.

- Менимче, бул сот дегеле сотко окшобойт. Мен теледен көрүп отурдум. Күндөн күнгө баягы эле сөздөр, айыпкерлер тотукуштай эле бир айтканын кечке кайталап жатышты.

Эксперттер Анжыян окуяларынын тегерегиндеги кырдаал Батыш өлкөлөрү Өзбекстандагы адам укуктарынын абалына таасир эте албай койгонун айгинелейт, деп айтып жатышат. Балким, дал ошондон улам Евробиримдик менен АКШ эми чечкиндүү кадамдарга барып жаткандыр, - дешет байкоочулар.

АНЖИЯН ОКУЯСЫ БОЮНЧА АЙЫПТАЛГАНДАРДЫН СОТУ АЯКТАДЫ

Айданбек Акмат уулу, Прага шаары 15-ноябрда Өзбекстандын Жогорку cоту Анжиян окуясы боюнча айыпталгандарга чыгарылган өкүмдү окуду. Айып коюлган 15 киши 14 жылдан 20 жылга чейин кесилди. Алардын баарына контитуциялык түзүлүштү кулатууга аракет жасаган, терроризм жана диний экстремизмге катышы бар деген айыптар коюлган. Айыпталган 15 адамдын ичинде Кыргызстандын 3 атуулу да бар.

Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренеси боюнча айыпталган 12 өзбек атуулу 16 жылдан 20 жылга, ал эми кыргыз атуулдары 14 жылга кесилди. Сотто төрагалык кылган судья Бактияр Жамолов дүйшөмбү күнү өкүмдү беш сааттын ичинде окуп бүттү. Хамидовго чыгарылган өкүм тууралуу судья Жамолов мындай деди:

- Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесине ылайык, Фархад Умарович Хамидов 20 жылга эркинен ажыратылат. Өзбек Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 34-беренесине ылайык, Фархад Умарович Хамидов өтө коркунучтуу кылмышкер деп аныкталды. Ал күчөтүлгөн режимдеги колонияга жиберилет. Жаза өтөө мөөнөтү 2005-жылдын 26-майынан тарта башталат.

Сот айыпталуучуларды диний экстремист деп атап, аларды каржылоо, даярдоо чет өлкөлөрдө жүргөнүн жана алардын максаты конституциялык түзүлүштү кыйратып, Фергана өрөөнүндө ислам халифатын куруу болгонун билдирди.

Айыпталуучулар белгисиз шарттарда күнөөлөрүн мойнуна алып, “мына ушундай аракеттери үчүн эки ирет өлтүрүлсө боло тургандыгын” билдиришкен. Көз карандысыз байкоочулар жана адам укугун коргоо уюмдары бул сотту көргөзмө катары баалашса, батыш маалымат каражаттары өзбек бийлигинин момун мусулмандарды кыйноого алып жатканын жазууда.

Ал эми Өзбекстандын башкы прокурорунун орун басары Анвар Набиев ага жооп кылып, батыш журналисттерин “тарп издеген чөө” катары сүрөттөгөн. Өкүмдү окуп жаткан судья Жамолов да батыш маалымат каражаттарын айыптап өттү:

- Өздөрүнүн кабарларында болуп жаткан чыныгы окуялар жөнүндө жазбастан, акимият алдындагы майданга эл тынч максатта чогулуп, жашоо-шартын оңдоо талабын коюуда, алардын диний экстремизге тиешеси жок, өкмөт тараптан аларга ок атылды деп, калыс эмес маалымат таратышып, аны менен дүйнө коомчулугунун пикирин да эки анжы кылышты.

Өкмөт Анжиян окуясында 187 киши набыт болду, алардын көпчүгү диний экстремисттер деп айтууда. Бирок адам укугун коргоо уюмдары жана батыш өлкөлөрү өлгөндөр саны алда канча көп экенине, каза болгондорду көбү аялдар, балдар жана куралсыз адамдар экенине ишенет.

Сот жараяны 20-сентябрда башталган. Бирок күбөлөрдүн бири Махбуба Закирова окуя тууралуу башкача пикир билдиргенде жараян токтоп калган. Закирова өз сөзүндө куралсыз, тынч максатта чогулган элге аскерлер эскертпестен туруп окту жамгырдай жаадырганын, андан адамдар кырылганын сотко айткан эле.

Өзбекстанда көз карандысыз маалымат каражаттарынын, оппозициянын өкүлдөрүн, адам укугун коргоочуларды жаманатты кылуу акыркы кезде күч алды. Натыйжада Би-Би-Си Ташкенде өзбек кызматын жапты. “Азаттыктын” кабарчылары да куугунтукталууда. Өткөн жумада “Фергана.ру” интернет баракчасынын журналисти Алексей Волосевич куугунтуктоого дуушар болду.

Дүйшөмбү күнү сот өкүмүн чыгарып жатканда Өзбекстан президенти Ислам Каримовдун Москва сапары башталды. “Коммерсант” гезитинин жазуусу боюнча, Каримов орус президентинен колдоо издеп келди.

КАЗАК ПРЕЗИДЕНТИ ШАЙЛОО ӨНӨКТҮГҮНДӨ СТАБИЛДҮҮЛҮКТҮ САП КАРМООДО

Казакстандагы президенттик шайлоого бир айдан аз убакыт калды. Казак оппозициясынын жана эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү тарабынан шайлоо кампаниясынын жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар, куугунтуктоолор жөнүндө айтылып жатканы менен айрым иликтөөлөр Нурсултан Назарбаевди шайлоочулардын төрттөн үч бөлүгү колдоорун көргөзүүдө. Эгер жогорудагыдай жоромолдор чын болсо, Казакстандын азыркы президенти шайлоочуларды кандай программасы менен өзүнө тартып жатат?

Нурсултан Назарбаев президенттикке дагы бир мөөнөткө, жети жылга шайланыш үчүн кандайдыр бир радикалдык өзгөрүүлөрдү сунуш кылган жок. Анын платформасы өзү президенттик кызматта турган, соңку он төрт жыл ичиндеги жасаган иштерге гана негизделген. Шайлоочулар менен жолугушууда ал биринчи кезекте өлкөдөгү стабилдүүлүктү сап кармоодо:

- Бизде тескерисинче баары жаман, коррупция, тигил, бул деп айтып жаткандар казак калкын алдоодо. Биз алардын мойнун толгоп, Кыргызстанга жөнөтүшүбүз керек. Кырдаал кайсыл жерде чындап жаман экенин көрүшсүн. Түшүнүктүүбү? Бул менин Казакстанга кайрылуум. Алар Казакстанды дестабилдештирип, биздеги тынчтыкты бүлүндүрүүнү көздөшүүдө. Алар бийлик үчүн гана жутунуп жатышат. Калк аларды өзү токтотушу абзел.

Анын жакындагы жарыяларынын бирине караганда, Казакстандын максаты - дүйнөнүн дан экспорттоочу эң ири беш өлкөсүнүн катарына кошулуу. 2012-жылга карата мунай жана газ сатуучу эң ири он өлкөнүн бирине айлануу.

Стабилдүүлүк - бийликтеги алгачкы жылдарынан бери эле Нурсултан Назарбаевдин саясатындагы борбордук маселе. Айткандай эле Казакстан азыр региодун эң стабилдүү өлкөсү катары эсептелет. Ички улуттук дүң өндүрүш жылына дээрлик 10%га өсүүдө. Жашоо стандарттары Борбор Азия өлкөлөрү арасында эң жогору. Алтурсун Орусиянын айрым реформачыл саясатчылары да өзүлөрүндө Казакстандын тажрыйбасын колдонуу зарылдыгын айтып жүрүшөт. Өлкөдө соңку жылдары байлар жана кедейлер ортосунда ажырым кеңейип жатканы менен айлык акы, пенсия, стипендиялар убагында төлөнүп келүүдө. Нааразылык демонстрациялары Казакстан үчүн сейрек көрүнүш.

Көпчүлүк эксперттердин пикиринде, Казакстандагы саясий жана экономикалык стабилдүүлүк мунайдын дүйнөлүк баасынын кымбаттыгы менен байланыштуу. Таня Мелком - Нью-Йоркто жайгашкан "Евразия тобу" уюмунун Борбор Азия боюнча эксперти. Ал Назарбаевге карата коомдук колдоонун басымдуу бөлүгү нукура деген ишенимде:

- Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу Казакстан саясий стабилдүүлүк жана дурус экономикалык прогрессти баштан кечирип жатканы чындык. Албетте бул көбүнесе Казакстандын мунай жана газдан алган кирешеси менен байланыштуу. Жакырчылык, коррупция, саясий эркиндиктерди чектөө өңдүү проблемалар бар экенине карабай, Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу, Казакстанда жагдай баары бир жакшы. Менимче, казакстандыктардын көпчүлүгү Назарбаевди туруктуулук менен прогресстин эң мыкты кепили деп эсептешет.

Өлкөдөгү экономикалык өсүштү азыркы өкмөттүн танууга болбой турган жетишкендиги экенин Назарбаевдин оппоненттери да моюнга алат. Анда оппозициянын талапкери шайлоочуларга эмнени сунуштоодо?

Назарбаевдин башкы атаандашы ирээтинде каралып жаткан Жармакан Туякбай жолугушуулардын биринде мындай деди:

- Биздин программа Назарбаев мырзаныкына караманча каршы. Эгер Назарбаев мырза бүгүн биздин өлкөдө авторитаризм идеологиясын жар салып, президент катары өзүнүнүн жеке бийлигин күчтөндүрүүнү, үй-бүлөлүк байланыштарга жана кланга негизделген экономиканы, жабык бийликти көздөсө, биз демократиялык баалуулуктарды жарыялайбыз. Алар жакшы белгилүү жана дүйнө өлкөлөрүндө сакталууда. Эми аларды биздин өлкөдө ишке ашыруу керек.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Казакстандагы буга чейинки шайлоолордун бирин да ачык жана адилет деп тааныган эмес. Европа Биримдиги өткөн аптада казак бийликтерин оппозициячыл талапкерлер менен маалымат каражаттарынын шайлоо алдында эркин иштөөсүнө мүмкүндүк берүүгө чакырып, алар кабылып жаткан кол салуулар менен куугунтуктоолорго тынчыздануусун билдирген эле.

Эң соңку инциденттердин бирине токтолсок, өткөн ишемби күнү белгилүү оппозициячыл саясатчылардын бири Заманбек Нуркадиловдун сөөгү анын Алматыдагы өз үйүнөн табылган. Милиция өкүлдөрү маркумдун жанынан ага караштуу тапанча кошо табылганын, эч кандай уруштун белгиси байкалбаганын белгилөө менен, ал өз жанын өзү кыйган болушу керек деген жоромолун айтышууда. Бирок Нуркадиловдун үй-бүлөсүнүн адвокаты мындай жоромолдордон шек санайт. Анын билдиргенине караганда, маркум башына жана жана көкүрөгүнө үч ок жеген.

Ал эми өткөн жума күнү милиция "Адилет Казакстан үчүн" кыймылынын лидери Жармакан Туякбайдын үгүт кампаниясын жүргүзүп жаткан беш адамды кармаган. Бир айдын ичинде эле оппозициячыл гезиттин бүткүл нускасын эки ирет конфискациялады.

Бирок Назарбаев ошол учурда өз өкмөтүнүн беделин өлкө ичинде болбосо да, тышта жакшыртууну көздөгөн кадамдарды көрүп жаткандай. Ушул айдын башында казак бийликтери өлүм жазасын жоюуну сунуш кылышты. Мунун алдында "Казакстандын демократиялык тандоосу" деген оппозициячыл партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири, эл аралык коомчулук тарабынан саясий айыпкер катары таанылган Галымжан Жакияновду абактан чыгаруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө жарыяланган эле. Казак парламенти болсо ай башында БУУнун Атуулдук жана саясий укуктар боюнча конвенциясын ратификациялады. Казакстан бул документке 2003-жылы кошулган.

ЕККУ ЭМДИГИ ЖЫЛЫ КАЗАКСТАНДЫН ТӨРАГАЛЫГЫ ҮЧҮН ДОБУШ БЕРЕТ

Казакстан 2009-жылы Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмуна төрагалык кылууну көздөп жатат. Уюмга мүчө бир катар өлкөлөр Казакстандын бул ниетине колдоо билдирүүдө, бирок чечүүчү маселе – декабрда Казакстанда өтө турган президенттик шайлоо болмокчу. Андыктан казак президенти Нурсултан Назарбаев шайлоого шайма-шай даярдык көрүп, жетекчилерге добуш берүүнү ЕККУнун талаптарына шайкеш өткөрүүнү катуу тапшырды.

Айрым байкоочулар Азиялык өлкө болгондуктан Казакстандын Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна төрагалык кылышы коошпой калат деп да айтып жүрүшөт. А бирок Лондондо жайгашкан Жэйнс изилдөө борборунун башкы редактору бул маселеде эки тараптын тең кызыкчылыгы бар деген пикирде:

- Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өз өлкөсү ЕККУнун активдүү мүчөсү гана болбостон, аны башкаруу ишине да аралашуусун каалай турганын көптөн бери айтып келатат. Менимче, чыгышты көздөй бурулган ЕККУнун өзү үчүн да бул маселе маанилүү, анткени соңку кездери биримдиктин башкы аракеттери Кытайга чектеш аймактарга ооду.

Президент Назарбаев бул дымактуу маселе Казакстандын пайдасына чечилээринен көп деле күмөн санабайт өңдүү:

- Мурдатан келаткандай, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму менен алака-катыш биздин өлкө үчүн зор мааниге ээ. Ошондон улам биз 2009-жылы уюмга төрагалык кылууга Казакстан көрсөтүлгөнүнө абдан чоң жоопкерчилик менен мамиле кылабыз.

Назарбаев жана анын командасы бул план ишке ашып калса, Казакстандын дүйнө коомчулугундагы ролу көрүнүп чыга келет деген ишеничте. Эмдиги жылы өлкө Дүйнөлүк соода уюмуна кабыл алынышы үчүн да ушу тапта активдүү аракеттер жүрүп жатат. Батыштагы жана мурдагы советтик өлкөлөрдүн бир даары Казакстандын талапкерлигин колдой турганын билдиришкен, жакында Астанага барып кеткен АКШнын экс-президенти Билл Клинтон да Вашингтондун атынан жакшы тилегин айтып кетти. Эмки чечүүчү маселе – Казакстанда декабрда өтө турган президенттик шайлоо болууда. Аны сезген президент Назарбаев эрте күздөн тартып эле шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, басма сөз өкүлдөрү, саясий партия-кыймылдар менен жолугушуулар өткөргөн сайын президенттик шайлоону ЕККУнун талаптарына ылайык ачык жана адилет өткөрүүнү тапшырганын кайталап келатат. Сентябрь айында бул тууралуу жардыкка да кол койду.

ЕККУнун байкоочулары буга чейин Казакстанда болгон шайлоолорду сынга алып, уюмдун стандарттарына туура келбей калганына басым жасашкан. Уюмдун алдындагы демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча офистин басма сөз өкүлү Урдур Гуннарсдоттир казак президенти атайын жардыкка кол койгону жакшы, бирок ал тилек ишке ашса андан да жакшы болмок деген пикирде:

- Жардык, эгерде ал кагазга жазылган боюнча турмушка ашса, алдыга чоң жылыш экенинде шек жок. Бирок аны ишке ашыруу – баарынан маанилүү, эми ал кандай болоорун шайлоо көрсөтөт.

Азырынча Казакстандагы окуялар өнүгүшү ал жардык аткарылаарынан күмөн санатууда. Өткөн айда басмакана көз карандысыз алты гезитти басуудан баш тартканда, журналисттер ачкачылык жарыялап, бир күндөн кийин бийликке жагымсыз гезиттер башка жерде басылып чыга баштады. Өткөн айда оппозициячыл navi.kz интернет-сайты жабылды. Президенттик шайлоого оппозициядан жалгыз талапкер Жармахан Туякбайдын региондордогу шайлоо штабына кол салуу болуп, жардамчыларын белгисиз адамдар уруп сабап кетишти. Айтор, 4-декабрда Казакстанда президенттик шайлоо өтөт, ал эми өлкө ЕККУга 2009-жылы төрагалык кылаар-кылбасы эмдиги жылы чечилет.

BBC ТАШКЕНДЕГИ КЕҢСЕСИН ЖАПТЫ

Айымкыз, Ташкен БиБиСи корпорациясы тарабынан таркатылган билдирүүгө караганда, Анжиян окуяларынан кийин БиБиСинин Өзбекстандагы кабарчылары кысымга алына баштаган жана мунун натыйжасында мамлекетте болуп аткан окуялар жөнүндө кабар берүүдө кыйынчылыктарга туш келишкен. БиБиСи ушундан улам өзүнүн Өзбекстандагы өкүлчүлүгүн убактылуу жабуу тууралуу чечимге келди. Бирок мындай доо Өзбекстандын расмий бийлиги тарабынан четке кагылууда.

БиБиСи компаниясынын Өзбекстандагы өкүлчүлүгүнүн алты айга жабылышы жана бардык кабарчыларды мамлекеттен чыгарып кетүү жөнүндөгү чечими өкүлчүлүктүн кабарчылары тарабынан тастыкталды. Бирок кабарчылар мунун себептери жөнүндө бир нерсе айтууну каалашкан жок.

БиБиСинин Өзбекстандагы өкүлчүлүгүндө кыргыз, казак, англис, өзбек, тажик жана орус кызматтарынын кабарчылары иштеп келаткан болчу. БиБиСи таркаткан билдирүүдө Анжиян окуяларынан кийин англис жана башка кызматтардын мамлекетте иштешинде тоскоолдуктар пайда болуп, англис кызматынын өкүлүн мамлекеттен чыгып кетүүгө мажбур болгондугу жазылат.

Ал эми Өзбекстандын расмий бийлигинин өкүлдөрү БиБиСи кабарчыларынын кысымга алынышы жана мамлекеттеги окуяларды чагылдырууда кыйынчылыктарга туш келип аткандыгы жөнүндөгү доолорду четке кагууда. Айрым булактарда айтылышынча, ушул жылдын апрель айында, аныгыраагы Анжияндагы кандуу окуялардан илгери эле БиБиСи дүйнөлүк кызматы өз кабарчыларынын саны кемитилиши жөнүндөгү кабарларды таркаткан. Алар бул ишти финансылык жагдай менен байланыштырып, бул жөнүндө Ташкендеги кабарчыларына да эскерткен. Ошондуктан кабарчыларды кыскартуу маселесинде Өзбекстан өкмөтүн айыптуу деп табуу негизсиз.

Өзбекстандык байкоочулардын бири Камрон Алиевдин пикиринде, Өзбекстандын турмушунда БиБиСи үналгысынын туткан орду өтө чоң болчу. Аталган радио тарабынан мындай чара көрүлүшү Өзбекстан менен Европанын өнүккөн мамлекеттеринин ортосундагы алакалар өтө кыйын абалга келип калганынан дарек берет, дейт Алиев:

- БиБиСи үналгысы Өзбекстанда орто толкунда чыкчу. Бул радиостанция дээрлик эч качан тосулган эмес, уктурууларга тоскоолдук кылынган эмес. Ошол себептүү алгачкы маалыматтарды жеткирип берүүчү радио катары көп угармандарга ээ болчу. Өкүлчүлүктүн жабылышын биз тек гана өкүнүч менен кабыл алышыбыз мүмкүн. Анткени, бул радиостанциянын Өзбекстандын социалдык-экономикалык жана саясий турмушундагы ролу өтө чоң болчу.

Маектешибиз аталган радио Өзбекстандагы иш-аракетин токтотууга аргасыз болушу мамлекеттеги демократиялык коомчулуктун үнүн, оппозициянын үнүн бууган кадамдардын айынан келип чыккан чечим экендигин белгиледи.

КОНДОЛИЗА РАЙС КАЗАКСТАНДА

АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Борбор Азияны кыдырууну улантты. Бейшембиде ал Казакстанда нагыз эркин жана акыйкат шайлоо өткөрүүнүн зарылчылыгын баса белгиледи, бирок аймакта АКШнын туруму солгун болуп турган чакта, Мамкатчы анча катуу кете алган жок. Кийин Райс Тажикстанга да барды.

Кондолиза Райс Казакстанда 24 саатка жетпеген убакыт болду, ушул кыска убакта ал президент Назарбаевден тышкары, декабрдагы шайлоодо аны менен үзөнгү талашып чыгып жаткан оппозиция талапкери Жармакан Туякбай менен да жолугушууга жетишти. Назарбаев менен көздөшөөрдүн алдында Райс Евразия Улуттук университетинде студенттер менен жолугуп, "саясий жана экономикалык эркиндик тең жүргүзүлүп, бири бирин толуктап турушу керек" деди.

Ал ошондой эле "туруктуулук мыйзамдуулукту талап кылат, ал эми нагыз мыйзамдуулук демократияга муктаж", - деп айтты. Бул сөздөр 1989-жылдан бери эки тизгин бир чылбырды колунан чыгарбай келаткан Назарбаевдин дарегине багышталган сыяктанды. Бирок Райс Казакстанды "Борбор Азиядагы туруктуулуктун аралы" деп атап, Кошмо Штаттары суверендүү мамлекеттерге демократиялык реформаны кандай жүргүзүштү үйрөтүүгө укугу жок деди.

Райстын мындай кайыш камчы менен коркутпастан, таттуу токоч менен алдаштырып, ыкка келтирүү ишараты кийин Назарбаев менен бирге өткөргөн пресс-конференцияда да байкалып турду. Ал Кошмо Штаттарынын экономикалык кызыкчылыктары Вашингтон демократияны көз жаздымда калтырат дегенди билдирбей тургандыгын мындайча сөз кылды:

- Эгер биз мунай менен терроризмге каршы согушту гана ойлогон болсок, Борбор Азияда, Сауд Арабстанда, бүт Жакынкы Чыгышта демократия тууралуу оозанбайт элек.

Назарбаев өз кезегинде Казакстандын демократия жаатындагы жетишкендиктерин баса көрсөтүүгө далалаттанды. Кондолиза Райс келген чакта аны менен жолугушмакчы болгон оппозиция жетекчилеринин бири Толен Токтасынов камакка алынган эле. Ошого карабастан Назарбаев Казакстанда саясий партиялар, анын ичинде оппозициядагы партиялар, ошондой эле маалымат каражаттары бийликтерди сындай алышат деп, өлкөдө 5 миң чакты бейөкмөт уюм бар экендигин эске салды. Ошол эле мезгилде Райс айымдын жанында туруп, Назарбаев ал бар-жокко эле чыдай бере албай тургандыгын минтип кыйытты:

- Мамлекеттик катчы менен сөз эркиндигинин демократиялык коомдогу ордун сөз кылдык. Биз өткөөл коомбуз, ошондуктан сөз эркиндигин колдойбуз. Ошол эле убакта ар кимди жаманатты кылып, тескери маалымат таркатууга биз каршыбыз.

Казакстанда боло турган президенттик шайлоого байланыштуу Райс добуш берүү процесси гана эмес, шайлоо өнөктүгү да ачык мүнөздө өтүшү керекдигин белгиледи:

- Эркин жана акыйкат шайлоо шайлоо күнүндө башталбайт. Анын алдында оппозиция уюшуп иш алып бара алгыдай болушу керек. Оппозиция маалымат каражаттарынан пайдалана алгыдай болушу зарыл. Ошондо шайлоочулар чындап эркин тандоого мүмкүндүк алышат.

Кондолиза Райс Казакстанга терроризмге каршы согушка байланыштуу көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазыгылыгын билдирип, кийин Тажикстанга жол тартты. Дүйшөмбү калаасында ал Тажикстандын жетекчилери менен жолугуп, терроризмге каршы күрөштүн жүрүшүн талкуулады. Райс ошондой эле демократия жолунда Тажикстан айрым жылыштарды жасаганын белгиледи.

ЕВРОБИРИМДИК ӨЗБЕКСТАНГА КУРАЛ ЭМБАРГОСУН КИРГИЗДИ

Евробиримдик дүйшөмбүдө Анжиян кан төгүүсү боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүү чакырыгын четке каккан Өзбекстанга карата курал эмбаргосун киргизди. Бул чектөөлөрдүн негизинде, Анжияндагы кан төгүүгө түздөн-түз байланышы болгон расмий өкүлдөр да Европа Биримдигине бара алышпай турган болушууда.

Санкциялар ички репрессияларда колдонулуучу курал-жарак, жабдыктарды Өзбекстанга сатууга тыйуу салды жана бул өлкөнүн Евробиримдик менен жакындашуусун максат кылган жолугушуулар кийинкиге калтырылды. Мындан тышкары Анжиян кыргынына катышкан өзбек бийлик өкүлдөрү эми Европа Биримдигине кирген 25 өлкөгө барууга виза ала алышпайт.

Люксембургдагы жолугушуусунда Евросоюздун тышкы иштер министрлери санкцияларды бир жылга киргизишти. Өзбекстан "адам укуктарын, мыйзамдуулукту жана түп-негиз эркиндиктерди сыйлоо принциптерин" сактоо багытында жылыш жасаса, санкциялар 2006-кайра каралып, күчүнөн кетирилиши мүмкүн.

Курал-жарак, ок-дарыдан тышкары, эмбарго каска, чопкуттуу унааларды, кишен, көздөн жаш чыгаруучу газ, кагылышууларда колдонулуучу калканчтарды, түн ичинде колдонулган көз айнек өндөнгөн тополоңду басууда жана милициянын ишинде колдонулуучу жабдыктарды Өзбекстанга экспорттоого тыйуу салат.

Мындан тышкары, санкциялардын негизинде, Шериктештик жана Кызматташттык келишиминин чегиндеги пландалган жолугушуулар кийинкиге калтырылды. 1999-жылы жетишилген бул келишим Европа Биримдигинин Өзбекстан менен саясий жана экономикалык алакаларын өнүктүрүүгө багытталган эле.

Нью-Йокрто жайгашкан укук коргоочу Хьюман-Райтс Уотч уюму Евросоюздун санкция киргизишин колдоп чыкты. Бирок санкциялардын таасири анчейин сезилээрлик болоору күмөн. Анткени Өзбекстандын армиясы жана ички күчтөрү негизинен Орусия, Кытай жана башка Европа Биримдигине кирбеген өлкөлөрдө чыгарылган курал менен жабдылган. Мындан тышкары Орусия Евросоюздун эмбаргосун колдобой тургандыгын, Өзбекстанга мурдагыдай эле курал сата берээрин билдирүүдө.

Саякаттоого киргизилген чектөөлөрдүн мерчеми да бүдөмүк. Май айындагы окуялардын мезгилинде президент Ислам Каримов жана ички иштер министри генерал-полковник Закиржон Алматов Анжиянда болушкан. Кыргындан аман калгандар аларды демонстранттарды атып таркатууга буйрук берип турушкан, деп ырастап келишет. Бирок Европа Биримдиги Анжиян окуяларына түздөн-түз тийешеси бар расмий өкүлдөрдүн тизмесин даярдай элек болгондуктан, президент Каримовдун Евросоюзга каттай албай калаар-калбасы да азырынча белгисиз.

АРАЛДА КАЙРАДАН БАЛЫК ЧАРДАЙТ

Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Мунайга бай Казакстан Арал деңизинин бир бөлүгүн калыбына келтирүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун үстүнөн иштеп жатат. Арал деңизи боюнча эксперт Николай Аладиндин айтымында, Дүйнөлүк Банктын долбоору боюнча Арал деңизинин Казакстанга караштуу бөлүгүнүн суусунун көлөмүн алты жарым метрге көтөрүү пландаштырууда. Ал эми 2007-2010 жылдардын аралыгында ишке ашырыла турган долбоор боюнча, Аралдын суусун азыркыдан эки эсеге, деңиз бетинин аянтын азыркыдан үчтөн экиге көбөйтүү пландаштырылууда. Аралды ушул абалга адамдар жеткирген, жагдайды оңдоо адамдардын вазыйпасы, ал иш адам колунан келет, дешет эксперттер.

Өткөн кылымдын 60-жылдарына чейин Арал деңизи жарым чөлдүү эбегейсиз чөлкөмдүн балык кенчи болгон. Учу кыйыры көрүнбөй чалкыган деңизден жылына 50 миң тонна балык кармалып, Аралдын атарабында отурукташкан калк балыкчылык, кеме менен жүк ташуу жана портторду тейлөө менен алпырышчу. Аралдын балыгы менен икрасы болсо мурдагы Советтер Союзунда жогору бааланган чүйгүн даамдардан болчу.

Бирок 1960-жылдарда Советтер Союзу пахта өстүрүүгө приоритеттүү маани берип, деңизге куйган Сыр жана Аму дарыяларынын суусун ирригация үчүн пайдаланууну чечет. Мындай саясаттын натыйжасында жарым кылымга жетпеген убакыттын ичинде Аралдын суусунун көлөмү 90 пайызга азайып, деңиз бетинин 75 пайызы буулануунун натыйжасында жок болуп, акыры суусу азайган деңиз үч бөлүккө бөлүнүп калган.
Деңиздин чаканыраак, түндүк бөлүгүнө Сырдарьядан аз да болсо суу келип турат, натыйжада анын бул бөлүгүнүн шордуулугу азыраак болуп, балыктын айрым түрлөрү сакталып калган. Ал эми Өзбекстанга тийешелүү түштүк бөлүгүнө суу дээрлик барбай, шордуу деңизде балык таптакыр эле калбай калган.

1991-жылы көз карандысыздыкка жеткен Казакстанга Советтер Союзунан Арал деңизи, Семейдеги өзөктүк куралдарды сыноо полигону өңдүү экологиялык проблемалар мураска калды. Ошого карабастан кен байлыктарынан ири киреше ала баштаган Казакстан бул проблемаларды чечүүгө белсенип жатат. Мындан эки жыл мурда республика Дүйнөлүк Банктын Аралды сактап калуу боюнча долбоорун ишке ашырууга киришкен. Долборго ылайык, Аралга куйган суунун көлөмүн көбөйтүү максатында, деңиздин түндүк тарабына куйган Сырдарыянын 13 чакырым жерин бетондоп, суу бойлой тосмолорду куруп, ирригацияга бурулуп жаткан сууну сарамжалдуу пайдаланууга шарт түзүлүшү керек.

Сентябрь айында бүткөрүлө турган бул иштердин натыйжасында, Аралдагы суунун дэңгээлин алты жарым метрге көтөрүү пландаштырылууда. Мунун натыйжасында кургап калган деңиз түбүнүн 500 чарчы километр жерин кайрадан суу каптайт. Эң маанилүүсу - мунун арты менен Кичи Аралдын суусу туздуулугу боюнча көлдүкүнө теңелип, Сырдарыяга чыгып кеткен балыктын 24 түрү кайрадан деңизге кайтып келмекчи.

Бирок баш калааны Астанага көчүрүү өңдүү үлкөн долборлорду ишке ашырган президент Нурсултан Назарбаевдин пландары мындан да дымактуу. Кен байлыктарын иштетүүдөн үлкөн киреше ала баштаган республика 120 миллион долларлык дагы бир долбоорду ишке ашырууга белсенүүдө. Кызыл Ордо шаарынын акими, Дүйнөлүк Банктын долбоорунда инженер болуп иштеген Айтпай Кушербаевдин айтымында, азыр адистер ал долбоордун майда-чүйдөсүн тактап жатышат. 2007-жылы тендерге койула турган долбоор 2010-жылы толугу менен ишке ашырылмакчы. Ага ылайык, Аралга куйган Сырдарыяда кошумча тосмолорду куруу, дарыя жээгин бетондоо менен Кичи Аралдагы суунун дэңгээлин дагы 4 метрге көтөрүү пландаштырылууда. Натыйжада Кичи Аралдагы суунун көлөмү эки эсеге, ал эми деңиз бетинин аянты үчтөн экиге көбөймөкчү.

Эгерде Казакстандын бул пландары ишке ашса, республика Аралдагы экологиялык алаамааттын мизин кайтарып, калктын саламаттыгын жакшыртууга карай үлкөн кадам жасайт. Ал эми акыркы ондогон жылдардын ичинде деңиз жээгинен 80 чакырым жерде калып, кемелердин мүрзөсү болуп калган Аральск портунун жандануусу менен Казакстан саясий утушка ээ болуп, бүткүл региондун экономикалык жана социалдык жагдайын жакшыртууга өбөлгө түзөт. Жергиликтүү калк Аральск шаарынын порттук шаар жана балык этин иштетүүнүн борбору катары кайрадан жандануусунун мүмкүндүгү жөнүндө сөз кылып жатат.

Казакстандын бул дымактуу пландары ийгиликтүү ишке ашат дегенге толук негиз бар. Казакстан - дүйнөдөгү экономикасы эң тез өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн бири. Күнүнө бир миллион баррель мунай казып алып жаткан республика келерки 10 жылдын ичинде дүйнөдөгү эң ири беш мунай экспортердун бири болуп калмакчы.

ЕВРОБИРИМДИК ӨЗБЕКСТАНГА ЭМБАРГО ЖАРЫЯЛАЙТ

Батыш өлкөлөрү Анжыяндагы кандуу окуялардан улам өзбек өкмөтүнө дипломатиялык кысым көрсөтүп келатат. Андан майнап чыкпаарына көзү жеткен соң, Европа Биримдиги келээрки дүйшөмбүдө Өзбекстанга курал-жарак жана башка байланыштар жагынан чектөө киргизээрин жарыялады. Ал тапта Ташкенде Анжыяндагы тополоңду уюштурган деп айыпталган 15 кишинин үстүнөн сот иши уланууда.

Бейшембиде Брюсселде чогулган европалык элчилер Анжыяндагы капсалаңдын тегерегинде көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө уруксат бербей койгон Ташкенге сүр көрсөтө турган мезгил келди деп чечкен шекилдүү. Жыйындын соңунда Шериктештиктин тышкы иштер министрлери 3-октябрь күнү Люксембургда чогулуп, Өзбекстанга карата санкциялар кабыл алаары жарыяланды. Алдын ала маалыматтар боюнча, Евробиримдик бул чаралар алкагында Өзбекстанга курал жарак жана аскердик жабдык экспорттоого тыюу салып, Ташкенге көрсөтүлчү жардамдын көлөмүн азайтмакчы.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Ильхом Закиров кабарчыларга буга байланыштуу “азырынча Евробиримдик андай чечим кабыл ала элек, маселе каралып жатат, алдын ала озунуп комментарий бере албайм” деген жооп узатты.

Евробиримдиктин бул демилгеси Анжыяндагы коогалаңдан кийин Батыш менен Ташкендин ортосунда башталган тирешүүнүн уландысы. АКШ менен Өзекстан өз ара билдирүүлөрү аркылуу кайым айтыша түшкөн соң, өзбек өкмөтү АКШдан Ханабаддагы базасын жыл аягына чейин чыгарып кетүүнү талап кылган. Конгресстин мүчөлөрү ушу тапта президент Каримовго эч кандай жардам көрсөтүлбөсүн деп маселени кабыргасынан коюп жаткан кез.

Бейшембидеги жыйында конгрессмен Билл Делахунт АКШнын коргоо министрлиги өзбек өкмөтүнө акча которгонду токтотсун деп ачууланды:

- Чын-чынына келгенде, мени абдан тынчсыздандырган маселе – Конгресстин көңүлүн өзбек президенти Каримов мырзага буруу. Ал бир кезде биздин “антитеррордук кампаниядагы” өнөктөшүбүз эле, азыр эми баарын орду-ордуна коюп, Каримовдун өкмөтүнөн обочолоно турган мезгил келди.

Эксперттер бирок Ташкен Батыш тараптан соккон муздак шамалдан улам саясатын өзгөртүп ийээри күмөндүү, андан көрө адам укуктарынын акыбалын эске салбаган башка өнөктөштөр тарапка бурулуп кетиши толук ыктымал деп эсептешет. Лондондогу Жэйнс борборунун Евразия боюнча редактору Алекс Ватанка дал ушундай пикирде:

- Өзбекстан менен Евробиримдиктин ортосундагы араздашуудан улам чөлкөмдөгү башка өлкөлөр, маселен Орусия жана Кытай президент Каримовго кызуу колдоо көрсөтүп, андан кандайдыр пайда табууну көздөшү мүмкүн. Анжыяндагы окуялардан кийин Орусия менен Кытай Өзбекстанга жардамын күчөтүп, ал аркылуу бул өлкөдөгү жана жалпы Борбор Азиядагы тышкы саясий максаттарын жүзөгө ашырып жатпайбы.

Ушу тапта Евробиримдик дүйшөмбүдө Өзбекстанга карата катаал чаралар кабыл алса, Ташкен ага кандай жооп узатат деген суроо кызуу талданууда.

ӨЗБЕК-АМЕРИКАЛЫК БАЙЛАНЫШТАР НАЧАРЛАП БАРАТАТ

Нарын АЙЫП, Прага Өзбекстандагы америкалык аскерий базаны жабуу тууралуу мындан эки ай мурда чечим кабыл алынгандан кийин, Ташкен менен Вашингтон ортосундагы мамилелер улам начарлап баратат. Өлкөдө иштеген америкалык уюмдар биринин артынан бири жабылууда, Анжиян окуялары боюнча соттолгондор да АКШны каралай баштады.

27-сентябрда Ташкенге АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Дэниел Фрид келип, президент Ислам Каримов менен жолукту. Расми маалыматтар боюнча, эки мамлекет ортосундагы кызматташуунун келечеги талкууланды, бирок байкоочулардын пикиринде, Карши шаарынын алдындагы Ханабад базасынан америкалык аскерлерди чыгарып кетүү маселесине чекит коюлду. Ал тууралуу Ташкен июлдун аягында жарыялаган жана Вашингтон ага каршылык көрсөткөн эмес.

Акыркы төрт жылдын ичинде АКШ менен Өзбекстан ортосундагы мамилелер эки жолу кескин өзгөрдү жана азыркыдай начар абалда эч качан мурда болгон эмес. 1990-жылдардын ортосунда Ооганстандагы бийликке Талибан кыймылы келгенде, президент Ислам Каримов диний экстремизмдин коркунучу тууралуу көп айтып, талибдерге каршы күч колдонууну талап кылган. Шериктештиктеги башка мамлекеттер аны колдобогондуктан, Ташкен менен Маскөө ортосундагы мамилелер да бир кыйла начарлаган.

2001-жылдын сентябрында АКШга каршы ири террордук аракеттер ишке ашырылып, андан соң Вашингтон Талибанга каршы согуш баштаганда, 2001-жылдын аягында америкалык аскерлер Өзбекстанга келип, Ханабад базасына жайгашкан. 2002-жылы Каримов сапар менен АКШга барып, президент Жорж Буш менен жолукканда, эки өлкө ортосундагы кызматташуунун күчөгөнүнө жогору баа берилген жана Каримов журналисттерге - Өзбекстандын коопсуздугун чыңдоо үчүн АКШ башка эч бир мамлекет жасабагандай жардам көрсөттү деп билдирген.

Үстүбүздөгү жылдын май айында Анжиянда болгон окуялардан кийин болсо эки өлкө ортосундагы мамилелер кескин начарлады. Эл аралык уюмдар менен кошо Вашингтон ал окуялардын тыкан иликтенишин талап кылды жана кошуна Кыргызстанга үрккөн качкындардын үчүнчү мамлекетке чыгарылып кетишине да жардамдашты. Натыйжада Каримов демилге көтөрүп, июлдун башында Астанада өткөн Шанхай уюмунун саммитинде - Борбор Азиядагы америкалык базалардын калуу мөөнөтүн аныкташ керек деген талап айтылды. Июлдун аягында болсо Өзбекстан өз аймагындагы америкалык базанын жыл аягына чейин жабылышын талап кылды.

Мурда Өзбекстандын коопсуздугун чыңдап келген база тууралуу эми такыр башка сөздөр айтыла баштады, ал тууралуу өзбек Сенатынын орун басар төрайымы Фаррух Мухитдинова минтип билдирет:

- Америкалык аскерлердин Ханабад базасында калышы Өзбекстандын ички жана сырткы коопсуздугуна зыян тийгизет. Ички коопсуздук дегенде, жергиликтүү калктын ден соолугуна, экономикалык кызыкчылыктарына, экологияга жана башка тармактарга зыян тийип жатат. Сырттан түзүлгөн коркунучка келсек, президент Каримов айткандай, кайсы бир аймакта аскерий база жайгашса, душман аны жок кылууга сөзсүз аракеттенет. Ошондуктан Борбор Азияда канчалык аз аскерий база болсо, ошончолук аймактын тынчтыгы жана стабилдүүлүгү үчүн ал жакшы.

Айрым америкалык саясатчылардын пикиринде, Ташкен мындай кадамга Маскөө менен Бээжиндин басымы астында барууда.

АНЖИЯН КООГАСЫ БОЮНЧА СОТ УЛАНУУДА

Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Ташкенде Анжияндагы көтөрүлүштү уюштурган деп айыпталган 15 кишинин үстүнөн сот иши улантылууда. Эки жумадан бери улантып жаткан соттун жүрүшүндө айыпталуучулар күнөөлөрүн мойнун алышып, баш аламанкытардын артында чет өлкөлөр тургандыгын божомолдошту. Айыпкерлердин бирөө болсо көтөрүлүштү АКШ каржылаган болуу керек, деген божомолун айтты.

Анжиянда май айында болгон баш аламандыктар боюнча күнөөнү толугу менен мойнуна алган айыпкерлер сотто берген көрсөтмөлөрүндө бул окуялардын артында чет өлкөлөр турган болуу керек, деп божомолдошту. Ал эми Тавакалбек Хажиев деген айыпкер дүйшөмбү күнү берген көрсөтмөсүндө көтөрүлүштү АКШнын Ташкендеги элчилиги каржылаган, деп айтты. Ал конкреттүү фактыларды келтирген жок, бирок бул жөнүндө окуянын башка бир катышуучусу Кабилжон Парпиевден уккандыгын айтты.

- Парпиев мага көтөрүлүштүн акчасын АКШнын Өзбекстандагы элчилиги бергендигин айтты. Ал ошондой эле биздин акциябыздан майнап чыкпай турган болсо, Кыргызстанга кетишибиз керек, деп айтты. Бул анын пландары эле, биз анын планы боюнча Кырыгызстанга кирип кеттик.

Парпиев 13-майдагы баш аламандыктарда жергиликтүү акимчиликти басып алгандардын арасында болгон, өзбек аскерлери демонстранттарга ок ачканда качып кетип, Кыргызстанга кирип кеткен. Хажиев ошондой эле көрсөтмөлөрүндө аларга жардам берген чет өлкөлөрдүн максаты Өзбек өкмөтүн төңкөрүп, өлкөдө түстүү революцияны ишке ашыруу болгонун кошумчалады.

АКШнын мамдепартаментинин өкүлү Шон Маккормак 26- сентябрда Вашингтондо жасаган билдирүүсүндө бул кинеени толугу менен четке кагып, Вашингтондун Өзбекстандагы окуялар менен кенедей да байланышы болбогондугун айтты.
- Биз Анжияндагы кандуу калабанын көз карандысыз эл аралык комиссия тарабынан иликтенүүсүн мурдагыдай эле талап кылып келатабыз. Ал эми бул окуяларга биздин мамлекеттин тийешеси бар деген сөз –негизсиз

АКШнын Өзбекстандагы элчилиги Анжияндагы көтөрүлүшкө эч кандай финансылык жардам берген эмес, деп кошумчалады Маккормак.

Лондондо чыгуучу «Евразия» басылмасынын редактору Алекс Ватанка Анжиян окуяларына АКШнын тийешеси бар, деген кептер башкы сыйгыс нерсе экенин айтат:

- Анжияндагы баш аламандыктардын катализатору Американын элчилиги же башка бир мамлекет болгон деген кептер таптакыр орунсуз. Биз Борбор Азиянын конспирациялык теориясынын торуна чалынганы калдык.

Анжияндагы окуяларга тийешеси бар деген кинее жалгыз эле АКШга койулуп жаткан жери жок. Соттолуп жаткандардын арасындагы кыргызстандык үч жаран, баары тең этник өзбектер. Алар куралдарды колдонуу инструкциясынан Ош шаарына жакын турган Теке деген айылдан өткөнбүз, деп көрсөтмө беришти. Айыпкер Бурхановдун айтымында, инструкторлордун бирөө сары чач, көзү көк Мамед деген чечен болгон.

Расмий Бишкек бул айыптоолорду бир нече жолу четке кагып, Кыргызстан Анжияндагы окуяларга эч кандай тиейешеси жок экенин билдирген. Анын аралыгында укук коргоочулар Өзбек бийликтери кишилерди жалган көрсөтмө берүүгө мажбурлап, бул көрсөтмө сот менен Анжиянда салган кызыл-кыргынын жаап-жашырганга аракеттенип жатканын айтышат.

Расмий маалыматтар боюнча, Анжияндагы окуяларда 187 киши курман болгон, алардын көбү көтөрүлүштү уюштурган куралдуу согушкерлер болгон. Ал эми укук коргоочулар кыргында 700дөн кем эмес киши мерт болгонун, алардын көбү карапайым кишилер болгонун маалымдашууда.

ӨЗБЕК-ОРУС АСКЕРЛЕРИНИН БИРГЕЛЕШКЕН МАШЫГУУСУНУН МААНИСИ ЭМНЕДЕ?

Айымкыз, Ташкен Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов 22-сентябрь күнү Өзбекстандын Коргоо министри Кадыр Гуламов, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Рустам Иноятов, Башкы министр Шавкат Мирзияевдар менен кездешти. Буга удаа 21-23-сентябрь күндөрү Жызак облусуна караштуу Фариш районундагы тоолуу аймактарда өзбек жана орус аскерлери биргелешип, терроризмге каршы машыгууларды өткөрүштү.

Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов Ташкен аэропортуна келип түшөрү менен журналисттерге интервью берип, ырасмий сапарынын негизги максатыга токтолду:

-Биз Орусия менен Өзбекстандын ортосундагы аскердик жана аскерий- техникалык кызматташтыкка тийиштүү бир катар маселелерди карап чыгууну болжолдоп жатабыз. Ошону менен бирге, аймактык коопсуздук маселелери Ооганстанда болуп өткөн парламенттик шайлоого байланыштуу талкууланат.

Сергей Иванов Орусия-Өзбекстан алакалары, анын ичинде аскердик алакалары жаңы жана өтө маанилүү баскычка көтөрүлгөнүн, мындай алакалар эки мамлекет үчүн да пайдалуу экендигин белгиледи.

Өзбекстан коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Рахимжан Нурназаров Сергей Ивановдун Өзбекстанга жасаган сапары учурунда эки өлкөнүн коргоо министрликтеринин ортосунда авиация каттамдырынын коопсуздугун камсыздоодогу өз ара кызматташуу жөнүндөгү келишимге кол коюлгандыгын билдирди.

Саясатчы Фарход Талипов аскерий машыгууларды өткөрүүгө негизинен алганда анчалык деле зарылчылык жок экенин, анын артында башка максаттар жатаарын белгилейт:

- Өзбекстанга террордук кысымдар эң күчөйгөн 90-жылдардын соңу менен 2000-жылдын баш кездеринде мындай кызматташтык болгон эмес. Кала берсе, мындай кысымдар болсо, Өзбекстандын аскердик күчтөрү аларга жооп берүүгө дайыма чамасы жетет. Мындан машыгуулар геосаясий мааниге ээ деген жыйынтык чыгарууга болот. Менин оюмча, Орусиядагы саясий жана аскердик чөйрөлөр Орусия Борбордук Азияда өз таасирин жоготуп, тескерисинче, АКШнын таасири күчөгөндүктөн, ага каршы шашылыш чараларды көрүп жатат. Машыгуулардын мааниси мына ушунда.

Саясат таануучу Бахадыр Мусаев да Өзбекстандын мындай машыгууларды өткөрүүгө муктаждыгы жок экенин белгиледи. Анын оюнча, бул машыгуулар Өзбекстандын АКШ жана Батыш мамлекеттеринин катышуусундагы терроризмге каршы коалициядан кол үзүп, Орусияга карай жүз бурганын көрсөтөт. Байкоочулар эгер Өзбекстан бир кезде өзү катуу сынга алып, курамынан чыгып кеткен Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кайта кошулса, бул уюмдун милдети АКШнын Борбордук Азияга кирип келишинин алдын алуу болоорун болжол кылышат.

Көз карандысыз талдоочу Ташпулат Йулдашев Орусия коргоо министринин Өзбекстандагы сапарынын көздөгөн негизги максатына токтолуп, буларды айтты:

- Сергей Ивановдун Анжиян окуялары боюнча сот жараяны башталгандан кийbн Өзбекстанга келиши Орусиянын Өзбек өкмөтүн колдоп-кубаттап жатканын билдирет. Ал эми аскердик машыгууларды өткөрүүдөгү биринчи максат - Орусия тарабынан Өзбекстанга аскердик жана саясий жардам үзбөй берилип тураарын шарданалоо. Экинчиден, Өзбекстан менен Орусиянын жетекчилиги өзбек элин Анжиянда коркутту. Азырга чейин коркутуп келет. Бул ошол саясаттын уландысы.

АНЖИЯН КАЛАБАСЫ ҮЧҮН АЙЫПТАЛГАНДАРДЫН СОТУ УЛАНУУДА

Айымкыз, Ташкен Ташкен шаарында өтүп жаткан сотто террорчулук кылды деп шектелип жаткан алгачкы 15 киши Башкы прокуратура койгон айыптарды мойнуна алган.Соттун биринчи күнү мамлекеттик каралоочу, Башкы прокурордун орунбасары Анвар Набиев алардын Анжиянда милициянын патрулдук кызматына, аскердик бөлүмгө жана камакканага чабуул уюштурганы тууралуу маалымат берген эле. Экинчи күнү айыпкерлерди угуу башталды.Өзбек бийликтери айыпталуучулардын аларга коюлган күнөөлөрдү мойнуна алып жаткандарына көңүл бурууда. Ал эми жергиликтүү укук коргоочулар прокуратуранын айыптоолору тастыкталбаган далилдер экенин айтып жатышат.

Өзбекстан Жогорку сотундагы Анжиян окуялары боюнча болуп аткан сот жараянынын экинчи күнүндө айыпкерлердин көрсөтмөлөрүн угуу башталды. Айыпталуучулардын бири Муйдин Сабиров өтө оор кылмыштарды жасагандыгын мойнуна алды жана Анжиян окуяларында каза болгон адамдардын ата-энелери менен жакын тууган-туушкандарынан кечирим сурады:

- Чет элдик журналисттердин бизге берген кеңештери боюнча, Анжиянда пикет уюштуруп, ал аркылуу абалды туруксуздандырууну көздөдүк.Чет элдик ММК аркылуу Өзбекстандын абыройун түшүрүү максатында Өзбекстанда ишкерлерге мүмкүнчүлүктөр берилбей, аларга түрдүү диний-экстремисттик агымдарга мүчө деген сыяктуу айыптар коюлуп атат деген сыяктуу жалган маалыматтарды таркаттык.

Айыпталуучулар Өзбекстандын Кылмыш кодексинин 30 дан ашык беренеси боюнча айыпталууда. Сот жараянына адам укуктарын коргоочу эл аралык уюмдардан бир дагы өкүл катыштырылбады.

Өзбекстан адам укуктары демилгечи тобунун жетекчиси Сурат Икрамовдун айтымында, укук коргоочулар сотко катышса, андан пайда гана болоруна карабастан, жараянда катышууну каалаган жергиликтүү укук коргоочулардын сотто катышуусуна уруксат берилген эмес:

- Эл аралык мыйзамдар боюнча айыпталуучу айыбын мойнуна алабы, жокпу сот жараянында далил болушу керек. Айпталуучулар өз айыптарын мойнуна алды дейт, бирок алардын кантип мойнуна алгандыгы бизге беймаалым. Мойнуна алды дегени далилденди дегени эмес. Кыргыз тарап да азырынча Өзбекстандын Башкы прокуратурасы тарабынан кайталанып жаткан маалыматтарды четке кагып келет.

Көз карандысыз саясатчы Ташпулат Йулдашев Анжиян окуяларынан бери 4 айдан ашык убакыт өтсө да, али кандуу калаба учурунда каза болгондордун тизмеси түзүлбөгөнүнө таң калганын билдирди:

- Менин болуп аткан сотто күмөнүм бар. Эгер Өзбекстан калыстыкты каалаганда, албетте эл аралык текшерүүгө жол берет эле. Айыпталуучулардын кандай кыйноолорду башынан өткөргөнүн биз тек гана элестетишибиз мүмкүн. Азыр алар баш прокуратуранын бардык айткандарын мойнуна алды. Мойнуна албаса, өздөрү, кала берсе бала-чакасы, жакын тууган-туушкандары кыйноого түшүшү мүмкүн. Буга көзү жеткендиктен, алар бардык айыптарды мойнуна алып отурушат.

Сотто айыпталуучулардын мыйзамый укуктарын мамлекет тарабынан белгиленген 15адвокат коргоп жатат. Алардын 13ү аял адвокаттар.

АНЖИЯН КОЗГОЛОҢУНА КАТЫШКАНДАРДЫН СОТУ УЛАНУУДА

Нарын АЙЫП, Прага 20-сентябрда Ташкенде 15 адамга каршы сот иши башталды, алар - Анжиянда май айында болгон окуялардын уюштуруучулары деп айыпталууда жана биринчи эле күнү өздөрүнүн толук күнөөлүү экенин баары мойнуна алды. Эл аралык коомчулук жана адам укуктарын коргоочулар болсо Ташкендеги сотту көрсөтмө сот деп мүнөздөөдө.

Анжиян окуялары боюнча өзбек бийлиги бардыгы болуп 121 адамды кармаган жана соттолуп жаткан 15 жигит алардын алгачкылары. Соттолгондордун үчөө - кыргыз жарандары: Валижон Эргашев козголоңчуларга курал таап берген деп күнөөлөнүүдө, калган экөө - Лачинбек Иманкулов менен Жахонгир Бурхановко болсо - аянтта чогулган калкка каршы ок аткан деген кине коюлууда.

Баш прокурордун орун басары Анвар Набиевдин айтымында, козголоң исламдык экстремисттер тарабынан сырттан уюштурулган жана ага талаптуу 200 миң долларды Анжиянга Тавалбек Хожиев деген жигит жеткирген, аны өзбек коопсуздук кызматы кийин Орусиянын Иваново шаарынан кармап келген. Козголоңду уюштурууга тийешеси бар деп күнөөлөнгөн Тахир Юлдашевди Набиев өлүм жазасына тартууну талап кылды, бирок ал кармала элек. Мурда Өзбекстан исламдык кыймылын, азыр болсо Түркстан исламдык кыймылын жетектеген Юлдашев Ооганстан же Пакистанда жашынып жүрөт.

Расми маалыматтар боюнча, козголоңчулар Фергана өрөөнүн Өзбекстандан бөлүп, анда исламдык мамлекет жарыялоону көздөгөн жана майдын он экисинен он үчүнө караган түнү жергиликтүү түрмөгө кол салып, кылмышкерлерди бошотуп жиберген. Андан соң аянтка чогулган элге да каршы окту ошолор аткан. Натыйжада 187 адам набыт кеткен, бирок алардын көпчүлүгү террорчулар болчу.

Укук коргоочулардын айтымында болсо, кимдир бирөө чындап эле абакка кол салган, бирок алардын максаты - жазыксыз соттолгон төрт ишкерди бошотуу болгон. Аянтка чогулган эл болсо негизинен - Анжиянга президент Ислам Каримов келет экен деген сөздү угуп, көчөгө чыккандар болчу жана аларды өкмөттүк аскерлер кырган, бардыгы болуп жети жүздөн кем эмес адам өлгөн.

Мисал үчүн чогулгандардын арасында Галима Бухарбаева деген журналист болгон, окуянын баарын ал өз көзү менен көргөн жана аз жерден өлүп кала жаздаган, атылган ок анын артына асынган рюкзагын тешип өткөн. Эл аралык коомчулук окуя боюнча тыкан иликтөө жүргүзүүнү талап кылууда, бирок өзбек бийлиги аны четке кагып, сот жараянына да укук коргоочуларды катыштырбай жатат. Мисал үчүн Сурат Икрамов деген укук коргоочу сотко барайын дегенде, коопсуздук кызматында иштегендер аны жөн гана үйүндө камап, эшикке чыгарбай койгон.

Биринчи күнү прокурор кармалгандарга каршы коюлуп жаткан күнөөнү гана окуп бүтүүгө үлгүрдү: 135 бетке жазылган ал документти окуш үчүн эле жети саат кетти. Андан кийин сөз айыпталгандарга берилди жана алардын баары бардык күнөөнү толугу менен мойнуна алды. 21-сентябрда болсо Мухитдин Сабиров деген жигит - алар кошуна Кыргызстанда атайын машыгуудан өткөнү тууралуу да кабарлады. Мындай абалда алар же өлүм жазасына, же өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылууга кесилиши мүмкүн.

Нью-Йорк шаарында жайгашкан "Хюман райтс вотч" уюмунун кызматкери Акэйшиа Шилдстин айтымында, сот дал ушундай нукта өнүгөөрү алдын ала белгилүү болчу:

- Күнөөнү мойнуна алдырыш үчүн кармалгандар абакта катуу кыйналат. Андай иштер кантип уюштурулганын биз мурдагы соттор учурунда иликтеп-документтеп алганбыз. Кармалгандар гана эмес, алардын сырттагы туугандары дагы кыйноого алынат, ошондуктан айыпталып жаткандар андай кыйноо тууралуу бир да сөз айтпайт жана бардык коюлган күнөөнү мойнуна алууга аргасыз.

Бирок козголоң үчүн 200 миң доллар тапкан делгендердин адвокат жалдап алууга да каражаты жок болуп чыкты жана алардын кызыкчылыгын - бекер иштеген сегиз өкмөттүк адвокат коргоодо.

ТАШКЕНДЕГИ СОТ АНЖИЯНДАГЫ ЧЫНДЫКТЫН БЕТИН АЧПАЙТ

Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Ташкен шаарында Анжиянда 12-13 майда болгон кандуу окуяларга байланыштуу күнөөлөнүп жаткан 15 кишинин үстүнөн сот иши башталды. Аларга өлкөнүн мыйзамдуу өкмөтүн бийликтен четтетүүгө аракеттенген, террорчулук кылган, курал алып жүргөн, адамдарды барымтага алып, түрмөдөгү туткундарды мыйзамсыз бошоткон, деген айыптар койулууда. Соттолуп жаткандарга 190го жакын адамдын ажалына калышкан, деген кинее да тагылып жатат.

Шейшемби, 20-сентябрда Өзбекстандын Жогорку сотунун элге жык толгон имаратында сот иши башталды. Темир торго отургузулуп, туш тарабынан куралдуу кайтарыкка алынган 15 кишиге террорчулук кылды, киши өлтүрдү, жазыксыз адамдарды барымтага алды жана өзбекстандын мыйзамдуу өкмөтүн төңкөргөнгө аракеттенди деген айыптар койулууда. Соттолуп жаткандардын үчөө-Кырыгызстандын жарандары. Өзбекстандын тергөөчүлөрү соттолуп жаткандар ислам экстремисттери экенин жана кошуна Кырыгызстанда атайын даярдыктан өткөрүлгөнүн айтып, Анжиян шаарында 12-13 майда болгон кыргындын жопкерчилигин жүктөөдө.

15 сентябрда Өзбекстандын баш прокурору Анвар Набиев буларды билдирген:

- Анжияндагы террордук акция жакшылап пландаштырылып, сырттан деструктивдүү күчтөр тарабынан уюштурулган. Ал Өзбекстандын улуттук кызыкчылыгына каршы багытталып, Конституциялык режимди төңкөрүп, исламдык мамлекетти орнотуу максатын көздөгөн.

Эгерде соттолуп жаткан адамдардын күнөөсү мойнуна койулса, алар өлүм жазасына кесилиши ыктымал.

Бирок укук коргоочулар менен карапайым жарандардын көбү бул сот менен Өзбекстандын режими карапайым кишилерге кыргын салгандыгын толугу менен төгүндөп, жүздөгөн бейкүнөө адамдардын өлүмүнүн жоопкерчилигин бир ууч кишиге артып койгусу келип жатканын айтып атышат. Укук коргоочулар айыпкерлерден келтектин күчү менен алынган көрсөтмөлөр сотто айныксыз таныктар катары колдонула тургандыгынан күмөн санашпайт. Өзбекстанда иштеп жаткан журналисттер менен укук коргоочуларга таянган «Эмнести Интернешинел» бул сотто чындык менен кара кылды как жарган калыстык болбой турганын, ал үчүн өзбек бийликтери күн мурунтан кам көрүп койгонун мындайча билдирет:

- Анжиянга барган журналисттер дээрлик эч кимден интервью ала алышкан эмес. Анткени карапайым кишилер журналисттер менен сүйлөшкөндөн коркушат, аларды күч органдары эчак эле коркутуп, жүрөк үшүн алып койушкан, - дейт укук коргоочу Майси Вайхердин.

Эл оозунда "кандуу жума" деп аталып калган 13-май күнкү окуялар андан үч күн мурда, ислам экстремисттери деп айыпталган жергиликтүү 23 ишкердин үстүнөн башталган сотко нааразылык көрсөтүүдөн башталган. Бирок 12синен 13нө караган түнү окуялар опуртал жагына бурулуп, бир топ куралчан киши аскердик имараттарга, андан соң жергиликтүү түрмөгө чабуул койушуп, ал жерде отурган ишкерлер менен кошо дагы ондогон түрмө туткундарын бошотуп жиберишкен. Ишкерлердин бири Бурханиддин Нуриддинов ал окуяны мындайча эскерет:

- Мен мылтыктын үнүн өмүрүмдө уккан эмес элем, ошон үчүн аткылоодон коркуп кеттим. Корридорго чыксам, ал жерге бир топ киши чогулуп калган экен, бирөө төмөн түшөлү, деди. Сыртта болсо бир да чырак күйбөйт, көзгө сайса көрүнгүс экен. Бир маалда бирөө акимчиликке жүргүлө, укугубузду коргойбуз! - деп калды. Элдин баары акимчиликке жөнөп беришти.

Нааразы болгон эл акимчиликти басып алып, жергиликтүү бийлик адамдарын жана милиционерлерди барымтага алышкан. Бул жөнүндөгү кабар бат эле каламан калкка тарап, борбордук аянтка жүздөгөн кишилер чогула баштаган. Карапайым анжияндыктар элдин жашоосун жакшыртууну талап кылып, митингге чыгышкан. Түш оой бергенде өкмөт тынч митинг өткөргөн элге каршы бронетранспортерлор менен куралдуу аскерлерин чыгарган.

Окуяга күбө болгондор, аскерлер элге ылгабастан, туш келди ок ата баштаганын эскеришет:

- Башында бир-эки БТР болду. Так айта албайм, анткени аларды көрөөр замат, элге кошулуп, кача бердим. Бирок андан беш мүнөт өтүп-өтпөй эле дагы БТРлер келди. Ок жамгырдай жаады. Үрөйүбүз учту, - дейт Согушту жана Тынчтыкты чагылдыруу институтунун кызматкери Галина Букарбаева.

Өзбекстандын расмий маалыматтарына караганда, Анжияндагы кандуу калабада 187 киши курман болгон, алардын көбү жергиликтүү бийлик адамдары, жана аскерлер. Aл эми укук коргоочулар курман болгондордун саны 700гө бараарын, алардын кыйласы карапайым жарандар, аялдар менен балдар экенин айтып жатышат.

КЛИНТОН КАЗАКСТАНГА КӨМӨК СУРАП БАРДЫ

Бүбүкан Досалиева, Прага шаары АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон Казакстанга барып, шейшембиде казак президенти Нурсултан Назарбаев менен бир жарым саат маек курду. Алтын залдагы жолугушуудан кийин Билл Клинтондун ВИЧ-СПИДге каршы күрөшүү боюнча фонду менен казак өкмөтүнүн кызматташтык тууралуу меморандумуна кол коюлду.

АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон Нурсултан Назарбаев менен жолугушууда ВИЧ-СПИДге каршы күрөшүү боюнча өзүнүн фондуна жана “Катрина” ураганынан кыйрап калган Американын Луизиана жана Миссисипи штаттарынын айрым шаарларынын тургундарына жардам берүүгө каражат сурады. Жардамдын көлөмү канча болору азырынча белгисиз, бирок Билл Клинтон менен сегизинчи жолу жолугушуп жаткандыгын баса белгилеген Нурсултан Назарбаев АКШ менен Казакстандын ортосундагы өнөктөштүк мамиле 12 жыл мурун башталгандыгын эскерди:

- Президент Клинтон жана мен Казакстан менен АКШнын ортосундагы кызматташуунун пайдубалын 1993-жылы “Демократиялык өнөктөштүк” деген макулдашууга кол коюу менен түптөгөнбүз.

Ал эми Билл Клинтон Назарбаев жетектеген жылдар ичинде Казакстандын экономикасы өнүгүп, өлкө Борбор Азиядагы алдыңкы мамлекеттердин бирине айлангандыгын билдирди:

- Мен акыркы жылдардын ичинде Казакстандын экономикасы бийик өнүгүүлөргө ээ болгондугу өзүмө жагымдуу таасир бергендигин айтууга милдеттүүмүн. Мен президент болгон кезде сиз жүргүзгөн экономикалык реформаларга колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонубузга жана азыр ал өз үзүрүн берип жаткандыгына ыраазымын.

Жолугушуудан кийин ВИЧ-СПИДге каршы күрөшүү үчүн Билл Клинтон негиздеген фонддун концорциуму менен Казак өкмөтүнүн кызматташтыгы тууралуу макулдашууга кол коюлду. Макулдашуу Казакстандын ВИЧ-СПИДге каршы күрөшүүнүн натыйжасын арттырууга көмөк берет.

Кол коюудан кийин президент Нурсултан Назарбаевдин айтуусуна караганда, бул багытта иш-чараларды тезирээк жүргүзүп, ооруга кабылган казакстандыктардын дарылануусуна кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлөт:

- Бүгүн кол коюлган макулдашуу сыркоолорго зор үмүт берет. Аларга биз өлүмдөн коркпой узак жашайсыңар деп ишенимдүү айта алабыз. Азыр баардыгы сөзсүз түрдө ушул жөнүндө ойлошот. Эми биз ала турган дарылар сыркоолор үчүн үч эсеге арзан болот.

Ал эми Билл Клинтондун концорциумуна дүйнөдөгү 40 мамлекет мүчө. Мүчөлүк үчүн фонддун программасынын алкагында бул мамлекеттер СПИДге каршы дарылоо үчүн зарыл дары-дармектерди түз жана арзан баада ала алышат. Ошон үчүн Билл Клинтон адамзаттын саламаттыгын арттырууга кошкон гуманитардык салымы үчүн Жимми жана Розалин Картер атындагы орден менен сыйланган. Ал эми антиретровирустук дарыларды чыгарган өндүрүш ишканалары менен фонд түзгөн келишимдин негизинде дарылардын баасы 50дөн 90 пайызга чейин арзандаган. Фонд дарыларды ири көлөмдө сатып алганы үчүн алардын баасы да арзан түшөт.

Эми Казакстандагы ВИЧ-СПИД илдетине чалдыккан бир адамдын дарылануусуна 140 доллар гана кетет деп Нурсултан Назарбаев билдирди. Анын айтымында, Клинтондун фонду менен түзүлгөн макулдашуунун негизинде ооруга каршы күрөштүн конкреттүү сунуштары ишке ашырыла баштайт. Учурда Казакстанда расмий каттоого алынган 4 миң 600 оорулуу бар, бирок иш жүзүндө алардын саны 20 миңден кем эмес деген да маалыматтар бар.

Назарбаев “Катрина” ураганынан жабыр тарткандарга көмөк иретинде акчалай каражат берилээрин да айтты, бирок анын көлөмүн ачыктаган жок.

Билл Клинтон шаршембиде Казакстандагы оппозициянын лидери Жармакан Туякбай менен жолугушту. Андагы негизги сөз 4-декабрда боло турган президенттик шайлоо жөнүндө болуп, Клинтон бардык талапкерлер үчүн телекөрсөтүүдө, шайлоо комиссияларында бирдей шарт түзүлүп, административдик кийлигишүү болбошу керектигин билдирди. Ал үчүн Казакстандагы президенттик шайлоого байкоо салуучу АКШдагы Картер борборуна өзү көмөктөшүүгө убада берди,-деп “Акыйкат Казакстан” кыймылынын басма сөз кызматы билдирди.

ӨЗБЕК-КЫРГЫЗ АЛАКАСЫ НАЧАРЛАП КЕТТИ

Анжиян козголоңу исламчыл уюмдар тарабынан Кыргызстандын түштүгүндө пландалган. Өзбекстандык тергөөчүлөр дүйшөмбүдө мына ушундай ырастоо менен чыгышты. Алар президент Ислам Каримов тарабынан Анжиян козголоңун иликтөө максатында түзүлгөн парламенттик комиссиянын алдында билдирүү жасашты. Бул ырастоо эки өлкөнүн мамилесине дагы суу бүркүүдө.

Өзбекстандын Баш прокурорунун маалымат катчысы Светлана Ортикова 26-августта мындай билдирүү менен чыккан эле:

– Тергөө көрсөткөндөй, Бахром Шакиров, анын уулдары Шариф, Хасан жана Хуссан Кыргызстандын Ош шаарынын жанындагы Тээке айлындагы аскердик базада 2005-жылдын январ-апрел айларында кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү менен бирге чет элдик инструкторлордун жардамы менен жардыргыч заттарды жасап, согуштук операция жүргүзүүгө үйрөнүшкөн жана чыгыштын күрөш спорту менен машыгышкан.

Бахрим Шакиров жана анын уулдары Анжиян трагедиясынан кийин Кыргызстанга качып келишкен, алардын бири Хасан Шакировду Кыргыз бийликтери июнь айында эле Өзбекстанга өткөрүп берген. Учурда өзбек түрмөсүндө отурган анын саламаттыгы начар экендиги кабарланууда. Бахром жана Хуссан Шакировдор Кыргызстанда жашырынып жүргөндүгү болжолдонуп жатат.

Ушул дүйшөмбүдө тергөөчүлөр Баш прокурордун өкүлү айткан айыптоолорду кайра кайталашты. Алар комиссияга тергөөнүн биринчи баскычы бүткөнүн, 15 кишиге ар кандай айыптар, анын ичинде Конституциялык тартипти кулатуу аракети боюнча кине коюлганын билдиришти. Алар ошондой эле Анжияндык экстремисттер Пакистандан жана Ооганстанда аракетенген Түркестандын Исламдык кыймылынын, баш ордосу Лондондо жайгашкан «Хизб-ут-Тахрир» партиясынын жана андан бөлүнүп чыккан Акрамиянын мүчөлөрү болушкан, деп ырасташты.

Тергөөчүлөр мындан тышкары 69 чакты Кыргызстандын атайын даярдалган атуулдары Өзбекстанга кирип келип, эки чек арачыны барымтага алышкан, алар 13-14-май күндөрү Анжиядагы террорго күжүрмөн катышкан деп айтышты.

Кыргызстандын ички иштер министрлигинин Ош бөлүмүнүн жетекчиси Рустам Мырзаматов Тээкедеги терродук база тууралуу ырастоону четке какты. Тээке айлынын тургуну Алимбек Байгазиев деген аксакал да бул айылда чет элдиктер болбогонун айтып, ийнин куушурду.

Анжияндан качкан өзбек атуулдарын Кыргызстан Өзбекстанга чыгарып бербей койгондон кийин, Ташкен өкмөтү Кыргызстандын түштүгүн газ менен камсыздоо тууралуу келишимди күчүнөн кетирди. Тергөөчүлөрдүн соңку жарыясына байланыштуу окуялар кандай өнүгөөрүн айтуу кыйын.

ӨЗБЕК АТУУЛДАРЫ ЖЕР КЕЗИП ЖАН БАГУУГА МАЖБУР

Бүбүкан Досалиева, Прага шаары Ушул жылдын 13-майында Анжыянда болгон кандуу окуядан кийин дүйнө коомчулугунун көңүлү Өзбекстанга бурулду. Бирок элдин кыжырдануусуна эмне себеп болгону көпчүлүккө белгисиз бойдон калды. Ал эми аналитиктердин баамында, буга Өзбекстандын жабык мамлекет экендиги жана социалдык-экономикалык оор кырдаал башкы себеп болгон.

Борбор Азия чөлкөмүн иликтеген саясат таануучулардын бүтүмү боюнча, Өзбекстандагы элдин кыжырдануусуна түрткү болгон башкы себептердин бири - жумушсуздук. Дегеле Борбор Азияда иш издеп жер кезүү көнүмүш адат, бирок жан багууга тыйын табаар жумуштун жоктугу өзбек атуулдарынын айласын кетирет.

Ушундан улам өзбек мардыгерлери коңшу Казакстан, Тажикстандын чек арасына келип, кара жумушка сала турган адамдарды күн сайын күтүүгө мажбур. Маселен, Өзбекстандын Канибадамы Тажикстандын Хожент облусунан 70 чакырым алыс. Ага карабай Фергана облусунун бардык айылдарынан келген 20 жаштан 50 жашка чейинки адамдар темир зым менен тосулган чек арадагы “Өзбек мардыгерлери” деп аталган жерге чогулушуп, андан ары Тажикстандын аймагынан иш издеп жөнөшөт. Эки коңшу мамлекеттин макулдашуусу боюнча алар чек арадан визасы жок өтүп, Тажикстанда беш күн иштөөгө укуктуу. Алардын бири, 32 жаштагы адамдын айтымында үй-бүлөсүн багуу үчүн ошентип жер кезүүгө аргасыз:

- Акча жок, жумуш жок. Бала-чаканы багуу керек го? Бекер жүргөндө бирөө акча бербейт да.

Анын айтымында, Тажикстанда ар кандай кара жумуштарды аткаргандыгы үчүн күнүмдүк наны үчүн акча тапканга болот.

Тажикстандын келгин жумушчулар боюнча адиси Зайнудин Орифинин айтымында, алардын көбү Анжыян менен Кокондун тургундары жана көбү тажиктердин үй курулушунда иштешет.

Тажикстандын милициясы аларды азыр беш күндөн кийин кууп чыгууда. Өзбек мардыгерлери бешинчи күн дегенде кечинде Өзбекстанга барып, кайра таң эртең кайтууга мажбур. Айрым учурда милициялар аларды иштөөгө мыйзамдуу уруксаатың жок же салык төлөгөн жоксуң деген шылтоо менен биротоло кууган учурлар да арбын.

Ал эми Өзбекстандын Сырдарыя облусундагы тургундар Казакстандын түштүгүндөгү тыт курттарын терүүгө жалданып иштешип, ал жердеги заводдорго кирип кеткендери да бар. Казакстандын фермерлери бир тыт куртун тергени үчүн 6 сум төлөйт. Ал жерде иштеген бир жаш жигиттин айтымында, өзбек атуулдары Казакстанга алдын-ала макулдашуунун негизинде келишет:

- Бизди барганда күтүп алышат. Кийин башчыбыз менен суу жана тамак менен камсыз кылуу боюнча сүйлөшөт. Бир күндө 650, көп болсо 2000 курт теребиз. Ар бир курт үчүн 6 сумдан берет.

Сырдарыялык дагы бир аял чоңдор гана эмес балдар да ошентип иштөөгө мажбур дейт:

- Кыздарыбыз, балдарыбыз барып теришет. Акчасын алып келет, аны өзүлөрүнө жумшайбыз. Андан башка ылаажы жок болсо эмне кылабыз?

Ошентип, чек арага жакын турган атуулдар Казакстанда тыт куртун терүү башталган эрте жаздан тарта пахтасы толук терилип бүтчү кез күзгө чейин иштешет. Алардын чек арадан күндө өтүшүнө эч тоскоолдук болбойт:

- Чек арадан өтүп кете беребиз.Соодагерлерди өткөрбөй кыйнашат, а биздей ишчилерге эч нерсе дешпейт. Биздин чек арада турганыбыз дагы жакшы, - деп кубанат дагы бир аял.

Ал эми Казакстандын бийлиги чек арада чет өлкөлүк жарандардын кирип чыгуусун теске салууга убакыт жетти деп, бир катар чараларды көргөнү жатат. Эмгек жана социалдык коргоо министри Гүлжан Карагусованын айтымында, чет өлкөдөн тартылган жумушчулардын саны быйыл былтыркыга салыштырмалуу 7 миң адамга көп болду. Ал эми Ички иштер министри Зоотбек Турусбеков чет өлкөлүк жарандардын Казакстандын аймагында жүрүү мөөнөтүн кыскартууга убакыт жетти дейт:

- Чет өлкөлүк жарандардын бизде жүрүү мөөнөтүн чектөө керек. Анткени, алар бизде жылдап жашашат.

Ушинтип, Казакстандын Ички иштер министрлиги тиешелүү мыйзамга коммерциялык виза киргизүүнү сунуштоодо.

ТҮРКМӨНСТАН КМШдан БАШ ТАРТТЫ

Төрөкул Дооров, Прага Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги - КМШ өзүнүн мүчөлөрүнүн бирөөсүнөн айрылды. Бул – Түркмөнстан. Эми ырасмий Ашхабат бул уюмда ассоциациялык мүчө деп таанылат. Өткөн ишембиде Казан шаарында болгон КМШ мамлекеттеринин саммитинин катышуучуларына Ниязов эми анын өлкөсү бул уюмдун алкагында өзү алган бейтараптуулук позицияны гана кармана турганын жарыя кылган катын жөнөттү. Ал өзү саммитке катышкан жок. Сапармурат Ниязов КМШ мамлекеттеринин президенттеринин ичинде Казан саммитине катышпаган жалгыз мамлекет башчы болду.

Түркмөнстан 15 жылдан бери жашап келаткан КМШдан чыгып, анын “ассоциациялык мүчөсүнө” айланды. Жекшембиде Түркмөнстандын мамлекеттик сыналгы каналы бул өзгөрүүнү өлкөнүн эгемендикке умтулуу жолундагы жеңиши катарында белгиледи:

- Келечекте да бул өзгөрүүлөр бейтарап көз карандысыз Түркмөнстандын мыкты жеңиши катарында таанылып, КМШ мамлекеттери менен ачык жана ич ара пайдалуу карым-катнаштарга умтулушу катарында бааланат, - деди түркмөн сыналгы каналынын кабарчысы жекшемби күнү.

Журналист ошондой эле 4 млн.800 миң калкы бар Түркмөнстан мындан ары КМШ өлкөлөрү менен эки тараптуу алакаларды өнүктүрүүгө кызыкдар боло турганын да жарыялады.

Ашхабат 1995-жылдын 12-декабрында Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан берилген “бейтараптык статусуна” шилтеме жасап, өлкөнүн КМШ уюмунан чыгышына формалдуу түрдө ушул нерсе себеп болгонун билдирди.

Анткен менен, байкоочулар Түркмөнстандын бул чечимине чынында толтура башка себептер да бар экенин айтып жатышат. Москвадагы Стратегиялык окуулар Борборунун директору Андрей Пионтковский КМШны анын мүчөлөрүнө Орусиядан табигый ресурстарды арзан алып, ырасмий Москванын саясий колдоосуна ээ болууга мүмкүндүк берген уюм деп тааныйт. Бирок анын айтымында, мунун баары Түркмөнстанга өзгөчө мааниге ээ эмес эле. Анткени Түркмөнстанда дүйнө боюнча көгүлтүр газдын эң көп белени (запасы) бар жана мамлекет жылына 5 млн.куб.метр көлөмүндө табигый газ экспорттоп турат.

Ал эми Борбор Азия боюнча москвалык дагы бир эксперт Артьюн Улуньян түркмөн жетекчилигинин КМШ уюмунан чыгуу жөнүндө чечиминин артында экономикалык эмес, саясий себептер бар дейт. Анын айтымында, түркмөн бийликтери акыркы жылдары постсоветтик аймакка таркаган “түстүү ыңкылаптарды” ырасмий Москва токтото албай жатканын түшүндү. Андыктан, эгер кокус бул өңдүү аракеттер Түркмөнстанда да орун ала турган болсо, анда Ниязовдун бийлигин сактап калыш үчүн Орусиянын колунан эч нерсе деле келбейт ко деп ойлоп жатышат дейт Улуньян:

- Шериктеш мамлекеттердеги окуяларды көргөндөн кийин, Ниязов өз өлкөсүндө да эгер бул өңдүү кыймылдар башталса, аларды токтотууга КМШ жардам бере албасын түшүндү.

Айта кетүүчү жагдай, өткөн аптада, 24-августта Кошмо Штаттардын Борбордук командачылыгынын жетекчиси Жон Абизайд Ашхабатта болуп кайткан. Абизайд түркмөн президентин Борбор Азияда америкалык аскерий базалардын болушу ооган жериндеги стабилдүүлүк үчүн маанилүү экенине ишендире алды көрүнөт.

Жалпысынан, түркмөнбашынын автократтык режими КМШ тарабынан да, анан Батыш өлкөлөрү тарабынан да дайыма сынга алынып келет. Улуньяндын оюнда, өлкөнүн эмки бейтараптык позициясы Түркмөнстан мындан ары өзүнүн саясатына көлөкө түшүрө турган бул өңдүү сындарга маани бербейт дегенди айгинилейт.

ИРАНДАГЫ ӨЗБЕК БОЗГУНДАРДЫН АКЫБАЛЫ ӨТӨ ООР

Он чакты күн мурда Тегеранда айрым европалык элчиликтердин кеңселеринин маңдайында Иранда эптеп жан сактап жаткан бир катар өзбекстандык качкындар демонстрация өткөрүп, Батыш өлкөлөрүнөн саясий баш паана берүүнү талап кылышкан. Алар өз атажуртуна кайтчу болсо, «террорчу» катары айыпталып, абакка түшөрү ажеп эмес. Көз каранды эмес кыргызстандык байкоочунун айтымында, Ирандагы өзбек качкындарынын турмушу өтө оор мүшкүл менен эриш-аркак өтүүдө.

Пост-советтик Өзбекстандан качып чыккан бул бозгундар тобу Иранга келгенге чейин Тажикстан, Ооганстан жана Пакистан сыяктуу чет өлкөлөрдө байырлап келишкен.

Алардын бири – 42 жаштагы Бабур менен анын 35 жаштагы жубайы Мастура. Экөө тең Өзбекстандын Наманган шаарында туулуп-өскөн. Алардын беш баласынын үчөө - чет өлкөлөрдө туулган.

Бабур 1992-97-жылдары Тажикстанда атуулдук согуш жүрүп жаткан кезде Тажикстанга келген. Анын айтымында, президент Ислам Каримовдун мусулмандарга каршы кысымынын айынан бозгунчулукка кеткен экен. Жубайы Мастура да ислам тууралуу дарс бергени үчүн куугунтукка калып, эки баласы менен күйөөсүнүн артынан коңшу өлкөгө келгенин айтат.

Бабур Тажикстанда исламчы жоочуларга кабылганын танбайт, бирок эч бир аскердик өнөктүккө катышпагандыгын, тек гана ашпоз болуп иштегенин айтат:

- Бүлөсү бар эркектер кыштактарда жашачу. Мен ашпоздукту билчүмүн, ошондуктан ашпоз болуп иштечүмүн. Мен аларга «тамак жасай алам» десем, ашпоздукка алышкан. Бул – мындагы мыкты жумуш болчу. Мен эч бир аскердик иш-чарага катышкан жокмун. Алар үй-бүлөсү барларды эмес, бойдокторду гана жортуулга жөнөтүшчү. Бойдокторду алар «мужаррат» деп коюшат.

Бабурдун сөзүнө караганда, ал Өзбекстан Исламчыл кыймылынын жетекчилеринин бири Жума Намангани менен Тажикстанда жүрүп кезиккен. Намангани атайын Ооганстандан Тажикстанга келип, террорчу топ үчүн жаңы кишилерди жыйнап жүргөндө ага жолуккан:

- Мен Тахир Йулдашты көргөн жокмун, анткени ал Ооганстанда болчу. Бирок Жума Намангани Тажикстанга эки ирет келип, сөз сүйлөгөн. Ал: “Биз Өзбекстанды боштондукка чыгарган соң, анда жашайбыз”, - деп айткан. Ал көп деле сүйлөй берчү эмес. Ал эмне деп сүйлөө керектигин билчү. Мен аны эки гана жолу көрдүм. Андан соң биз Ооганстанга жөнөдүк. Бизди андагы бир базага алып келишти.

Бабурдун айтымында, ал Мазари Шарип жана Кабул сыяктуу шаарларда бүлөсү менен байырлап турду жана эч бир жортуулга катышкан жок.

Айтмакчы, 2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШдагы каргашалуу террордук чабуулдардан кийин АКШ аскерлери Ооганстандагы террорчулардын жайларын бомбалоого алган чакта, Жума Намангани өлгөн деген маалымат бар. Өзбек исламчыларынын кыймылынын жетекчиси Тахир Йулдаштын дайыны эч белгисиз.

Бабур болсо үй-бүлөсүн алып, оболу Пакистанга качып өтөт. Төрт жылдан соң, былтыр жазында ал өз бүлөсү менен эптеп Иранга өтүп келген.

Ирандын чыгышындагы Захидан шаарында токсондой өзбек бүлөсү жашаарын, Тегеран менен Мешхедде да кыйла өзбек качкыны бардыгын, алардын акыбалы өтө оор экендигин жакында Иранда болуп кайткан кыргызстандык эркин журналист Алишер Сайипов «Азаттыкка» билдирген.

- Алар өтө жакыр турат. Баарынын айласы куруган. Чарбалык чамасы өтө начар. Үйлөрү эскилиги жетип, чалдыбары чыккан. Айрымдары эптеп тирилик кылуу үчүн тилемчилик кылганга чейин барат. Колунан көөрү төгүлгөндөрү үй оңдоп, устачылык кылып, башка да ушул сыяктуу жумуштарды аткарышат. Ар бир кишинин үчтөн-төрттөн баласы бар. Аялдары үйдө бош отурат. Балдары мектепке бара алышпайт.

17-августта ондогон өзбек качкындары Тегеранга келип, голландиялык, италиялык жана германдык элчиликтердин алдында демонстрация өткөрүп, өздөрүн Батыш өлкөлөрүнө алып кетүү талабын билдиришкен.

Бул иш-чарага катышкандардын бири өзбек качкындарынын оор акыбалын мындайча сыпаттайт:

- Биз Иранда үч жарым жылдан бери байырлап келебиз. Иран өкмөтүнө буга чейин кайрылбаган себебибиз – дүйнө жүзүнүн Өзбекстандагы Ислам Каримовдун режиминин табияты тууралуу дурустап билбегендиги болду. 13-майдагы окуялардан соң, Каримовдун ким экендигинен дүйнө жүзү кабардар болуп калды. Андан соң биз Бириккен Улуттардын качкындар агенттигине кайрылууну чечтик. Бирок биздин маселе боюнча бүтүм чыгарыла элек. Ошондуктан биз голландиялык элчиликтин алдына келдик.

Өз атажуртунан качып, бозгундуктун зардабын тартып жаткандардын башкы көйгөйү – балдарынын жаркын болочогун камсыз кылуу маселеси. Теги намангандык Мастура айым балдарынын жагдайы тууралуу санааркоосун мындайча билдирди:

- Менин балдарымдын турмушу бир опаасыз болду. Аларды эптеп өзүм билген ар нерсеге үйрөтүп таалим берип жатам. Бирок алар татыктуу билим ала албай жатышат. Документтерибиз жок болгондуктан, балдарыбызды мектепке жибере албайбыз. Менин улуу уулум он үчкө толду, кызым – тогузда. Алар мектеп жашында болгон менен, мектеп босогосун эч бир жолу аттай элек.

Бириккен Улуттардын качкындар агенттигинин Ирандагы өкүлүнүн айтымында, өзбек качкындарынын маселеси агенттиктин Ирандагы кеңселери тарабынан айрыкча иликтене баштады.

ӨЗБЕКСТАНДЫК ТЫҢЧЫЛАРДЫН КОҢШУ ӨЛКӨЛӨРДӨГҮ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

Өткөн аптада Тажикстанда шпиондук кылды деп айыпталып, эки Өзбек жараны абакка салынды. Тажик бийликтери алардын бири Өзбекстандын коопсуздук кызматы-ӨККнын агенти, экинчиси Коргоо министрлигинин офицери болгонун маалымдашты. Акыркы жарым жылда Тажикстандагы “кырдаалды бейстабилдештирүүгө аракеттенмек болду” жана шпиондук кылды деп, бир нече адам соттолгон. ӨККнын агенттери Анжияндагы кызыл кыргындан кийин Түштүк Кыргызстанда да өтө активдүү иштей баштаганын ырастаган маалыматтар бар.

Ош шаарында жашаган көз карандысыз журналист Алишер Саипов июль айында Анжияндагы тополоңду уюштуруучулардын бири деп шектелген Кабылжан Парпиевден интервью алган. Парпиевди Өзбек бийликтери террорчу деп күнөөлөп жаткан. Интервьюдан көп өтпөй, журналист табышмактуу сунуш алганы тууралуу мындай деп эскерет:

–Жергиликтүү адам укугун коргоочу, Мыйзам жана тартип уюмунун башчысы мени менен Өзбекстандын коопсуздук кызматынын офицери жолугуп, өтө кызыктуу сунуш жасагысы келип жатканын айтты. Мен:”Болуптур. Айт, жолугалы,”- дедим. Ал келди. Мен досум менен болчумун. Ал мага: “Сен Кабылжан Парипиев кайда экенин билесиң. Аны менен жолуккансың. Бизге аны кармоого жардам берсең, убада кылынган 10 миң долларды аласың”- деди.

Саиповко ал аты жөнүн, ӨККнын Анжиян облустук башкармалыгынын экономикалык бөлүмүндө иштээрин айткан. Журналисттин сөзүнчө, Анжиян калабасынан кийин Кыргызстандын түштүгүндө ӨККнын кызматкерлери өтө активдүү иштей баштаган.

Атын атоону каалабаган оштук аялдын уулу жергиликтүү коопсуздук кызматына чакырылып, ӨККнын офицери тарабынан суракка алынган:

- Алар уулумдун чек арадан кантип өтүп Анжиянга барганын сурашпады. Алар шыр эле өлгөн демонстранттардын сүрөттөрүн көрсөтүшүп:”Сен буларды тааныйсыңбы? Сен аларга окшоп калууну каалабайсыңбы?” деп сурашты. Уулумду: “Биз сенин күнөөңдү далилдесек, сен булдардан да жаман абалга кабыласың”,- деп коркутушту.

Ош шаарында жашаган бул аялдын уулу 13-майда Анжиянда жүрүп, кандуу окуянын күбөсү болгон.

Оштун айрым тургундары ӨККнын агенттери Анжиян калабасына чейин деле Түштүк Кыргызстанда активдүү болгон дешет. “Хизб-ут Тахрир” уюмунун мүчөсү Дилор Жумабоевдин айтышынча, көпчүлүк жергиликтүү тургундар ӨККнын офицерлерин аты-жөнүнөн бери жакшы билишет:

- Алым аке деген биздин маале башчыбыз бар. Ушул адам менен Өзбекстандын коопсуздук кызматынын офицерлери “Хизб-ут Тахрирдин” мүчөлөрү жөнүндө узак маектешкен. ӨККнын кызматкерлери Карасууда айрыкча көп. Анын Низам деген кызматкери, Рома деп коюшат, Абдыганы деген да кызматкерлери бар. Алар Кыргызстанда эркин жүрүштү.

Дилор Жумабоевдин сөзүнчө, жакындан бери өзбек чекистери “Хизб-ут тахрирчилерди” кармоого, аларды Кыргызстандан жашыруун чыгарып кетүүгө жардамдашкан адамдарга акчалай сыйлык берилет деп убада кыла башташкан.

“Азаттык” радиосунун кабарчысы ӨККнын ишмердүүлүгө баа берүүнү сураганда, Ош шаарынын прокурору Талантбек Кожонов анда эч кандай маалымат жок экенин айткан:

- Менде бул тууралуу эч кандай маалымат жок болгондуктан, мындай суроого жооп бере албайм.

Өзбекстандын Бишкектеги элчилиги да ушундай жооп кайтарган:

- Биз бул окуяга байланыштуу атайын билдирүү жасап, кабар жалган экенин билдиргенбиз.

Өзбекстандын Коопсуздук кызматынын ишмердүлүүгү Тажикстанда да кызуу талкууланган маселелерден.

Январда чек араны мыйзамсыз өткөн өзбекстандык эки атуул кармалган. Алар, Тажикстандын коопсуздук министрлигинин билдиришинче, “чет өлкөнүн атайын кызматынын” тапшырмасы боюнча февралдагы парламенттик шайлоо учурунда Өзбекстанга чектеш Зафарабад районунда “антиконституциялык баракчаларды” таркатышмакчы экен.

Тажикстандын ырасмий чөйрөлөрүнүн айтышынча, үстүбүздөгү жылдын алгачкы алты айында өлкөдөгү кырдаалды “бейстабилдештирүүгө аракеттенди” жана шпиондук кылды деп бир нече өзбекстандык азамат жоопко тартылган. Ырасмий Ташкен бул боюнча ырасмий комментарий берген эмес.

Хулкар Юсупов Тажикстандагы “Вароруд” эркин гезитинин редактору. Ал Кожент шаарынан “Азаттыкка” телефон аркылуу берген маегинде, акыркы мезгилде Өзбекстандын коопсуздук кызматы Кожент тарапта өтө жандуу иштеп жатканын белгилейт:

- Анжиян окуясынан кийин Өзбекстандын атайын кызматтары катуу иштей башташты. Менин оюмча, алар Анжияндагы нааразылык акциясынын Кожентте же Исфарада жашырынуусу мүмкүн болгон катышуучуларын издешүүдө. Күзөтчүлөрдүн болгонуна карабастан, чек арадан өтүү аябай оңой.

Юсуповтун байкашынча, соңку кезде Тажик бийликтери жана өкмөттүк маалымат каражаттары Өзбекстандын коопсуздук кызматынын ишмердүүлүгүнө болгон мамилесин өзгөрткөн. Шпиондук жөнүндөгү кабарларда алар “коңшу өлкөлөрдөн” деп гана айтылат. Бирок жакында Өзбекстандык эки шпиондун үстүнөн болгон сот тууралуу Тажик бийликтери жашырбай ачык маалымдашкан.

КАЗАКСТАН ДЕКАБРДА ПРЕЗИДЕНТ ШАЙЛАЙТ

Казакстандын Конституциялык кеңеши быйыл 4-декабрда өлкөдө президенттик шайлоо өткөрүлүшү керек деп тапты. Бул чечим эми парламентте каралат. Оппозициянын өкүлдөрү Конституциялык кеңештин бүтүмүн Нурсултан Назарбаевдин пайдасын көздөп жасалган кадам деп баалашты.

Эмдиги президент Казакстанда жети жылдык мөөнөткө шайланат. Назарбаев мамлекет башчылык кызматта калгысы келерин мурда эле жарыялаган. Оппозиция эми ага эгей-шыгай күч боло алар талапкер издей баштады. Көпчүлүк байкоочулар Назарбаев менен тизгин талашканга “Адилетти Казакстан үчүн” кыймылынын лидери Жармахан Туякбай чыгат дешет. Аталган кыймылга коммунисттер, пенсионерлер, жакында түзүлгөн “Алга” жана “Нагыз Ак жол” партиялары кирет.Кыймылдын лидери Туякбай өзү Конституциялык кеңештин чечимин дүйнөлүк тажрыйбада кезикпеген өрөскөлдүк деп атады.

“Адилетти Казакстан үчүн” кыймылынын Астанадагы кеңсесинин башчысы Серикбай Алибаев шайлоону эрте белгилеп, бийликтер оппозицияны кенен-чонон мүмкүндүктөн ажыраткысы келет деп эсептейт.

Президент Назарбаевдин азыркы мөөнөтү эмдиги жылы январда бүтөт. Декабрдын биринчи жекшембисин шайлоо күнү деп чечип, Конституциялык кеңеш туура эле иш кылды дегендер да бар. Парламент бул чечимди колдоп береринен да эч ким күмөн санабайт.

Жармахан Туякбай “Адилетти Казакстан үчүн” кыймылы тигил же бу талапкерди жактаган эч кандай үгүт ишин өткөрбөгөндүгүн айтып, башкы милдет – адилет жана чынчыл шайлоо өткөрүүдө турганын белгиледи. Эгер добуш берүү ушундай шартта өтсө, анда ким күчтүү болсо,ошол жеңсин, деп айтты ал.

2004-жылы күздө Казакстанда парламенттик шайлоо өткөн. Эл аралык уюмдар, анын ичинде ОБСЕ аны демократиялык чен-өлчөмдөргө чендебеген шайлоо деп баалаган. Оппозиция ошол абал быйыл декабрда да кайталанса, өзгөчө добуштардын натыйжалары одоно бурмаланса, өлкөдө кырдаал курчуп кетет деп эсептейт. Ошондуктан биз өкмөттү от менен ойнобогула деп эскертип жатабыз, дейт Туякбай. Айрым байкоочулар бул ойго кошулуп, Казакстанда оппозиция активдүү экенин, аны каржылаган демөөчүлөр да көп экенин айтышат.

Башка бир эксперттер, алардын ичинде россиялык таанымал ысымдардын бири Евгений Примаков Казакстанда кезектеги “түстүү ыңкылап” чыгып кетерине ишенишпейт. Региондогу башка өлкөлөргө караганда Казакстанда калктын турмушу жакшы, ички-тышкы саясат ырааттуу ыргакта, туура багытта жүргүзүлүүдө, иши кылып, бул жерде ыңкылап үчүн мүмкүндүк аз, деп айтты ал.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG