Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 29-январь, 2020 Бишкек убактысы 18:09

Борбор Азия

Тукумсуздукту жеңген тажик офицери Халимов

Ак никелүү үй-бүлөлөрдүн бүлүнүшүнө эркектин же зайыптын тукумсуздугу себепчи болгон учурлар Борбор Азиянын түпкүлүктүү элдеринде кеңири жайылган көрүнүш.

Демейде баласыздык үчүн аялдар күнөөлөнчү. Тажикстандык илимпоз-дарыгер Акбаршо Ахмедов тукумсуздук үчүн эркектер да күнөөлүү экенин, ооруну эрте дарылоого болорун аларга маалымдоону өзүнүн борчу деп билет. Акыркы 50 жылда табарсыктагы шаабат-сперманын азайышы эркектер үчүн чоң проблемага айланган.

Тажикстанда коңшулаш Борбор Азия өлкөлөрүндө эле непада бала көрбөсө, күйөөсү аялы менен ажырашып, төшөк жаңыртат. Бул, доктурлардын айтышынча, наамалыктын кесепети.

36 жаштагы тажик офицери Шариф Халимовдун айтышынча, алардын бала көрбөй жүрүшкөнү үчүн жубайына катар өзү да күнөөлүү экенин укканда, башын мыкчый маң болуп отуруп калган. Өлкөнүн ар кайсы жеринде көчүп жүрүп, аскерий турмуштун ысык-суугуна өзү менен тең күйгөн түгөйүн урматтаган офицер өжөрлөнө доктурма-доктур жүрүп дарыланды.

- Менин оюмча, эч ким мендей чыдамкай болбосо керек, -дейт эки баланын атасы.- Мен нечендеген доктурларга бардым. Мен элдик дарыгерлерден дарыланып көрдүм. Мен Кудайга таат кылдым.

Былтыр Шариф Халимовдун жары этегинен жалгап, Наргиза деген кыз төрөдү.

Эри-зайыптын эми каз-каздап басайын деп турган чүрпөсүнөн башка Дүйшөмбүнүн балдар үйүнөн багып алган беш жаштагы Нафиза деген кызы да бар.

Офицерге “баласыз какбаш өтмөк белеңер, кубатыңар барда ажырашып кеткиле” деп утурумдук кеңеш айткан адамдардан качканга анын чет жакалардагы аскердик бөлүктөрдү улам которуп, кызмат өтөөсү мүмкүндүк берген.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандагы эркектердин 10 проценти тукумсуз. Ал эми простата безине тушугуп, андан тукумсуз болуп калган эркектердин саны 15 миңден кем болбойт. 2005-2008-жылдын ортосунда андай эркектердин саны 3 миңге көбөйүп, 11 миңге чыккан.

2010-жылы Кыргызстандагы төрөө курагындагы ар бир 25-аялга тукумсуздук диагнозу коюлган.

Лондондо чыкчу Daily Telegraph гезитинин жазышынча, акыркы 50 жылда табарсыктагы шаабат-сперманын азайышы эркектер үчүн чоң проблемага айланган. Буга жаратылыштын булганышы да салым кошууда.

Кыргызстандын башкы урологу, профессор Акылбек Усупбаевдин “Азаттыкка” айтышынча, бул “кесел” кыргызстандык эркектерге да мүнөздүү:

- 20-30 жыл мурда ар дайым аялдар күнөөлүү болуп келчү. Азыр эркектер күнөөлүү болуп атат. Тукумсуздукка, жубайлардын бала көрбөй жатышына 50 пайыздай эркектер күнөөлүү. Аялы дарыланса, эркегин кошо дарылаш керек. Мунун эч кандай уяты жок.

Эркектин алсыздыгы, простата безинин сезгениши 50 пайызга чейин чыгып кетти. 18 жаштан 40 жашка чейинки кишилер ушундай ооруга чалдыгып атат. Адистерге кайрылбай өз алдынча дарыланып атышат.

Тажикстанда, ырасмий маалыматтарда айтылгандай, ар бир бешинчи үй-бүлө баласыздыктын айынан бузулат. Көбүн эсе ажырашуунун демилгечиси эркектер болот. Алар тукумсуздуктан дарыланыш керек деп чечкен учурда да доктурга адегенде аялын жөнөтүшөт.

Медицина илимдеринин доктору Акбаршо Ахмедов тажикстандык ар бир экинчи эркек тукумсуздук үчүн аялын күнөөлөрүн айтат:

- Биздин коомдо үй-бүлөлөр көп балалуу болгондуктан балалуу болбой калуу эркектер үчүн психологиялык травма. Бул - социалдык оору. Баласыз жубайлар болсо, демейде күйөөсү зайыбын сен күнөөлүүсүң деп, доктурга дарыланганга жиберет. Чындыгында 50 процент тукумсуздук эркектерге байланыштуу.

Доктурлардын айтышынча, эркектердин тукумсуздугуна негизинен шаабаттын, же медициналык тилде айтканда, сперманын түзүлүшүнүн оору-сыркоодон жабыркашы, чабалдыгы, санынын жетишсиздиги таасир этет. Бала кезде кабылган жугуштуу оорулар, иммундук системанын бузулушу да буга кошумча болот.

Профессор Ахмедов өз тажрыйбасына таянып, тукумсуздукту туура дарылоо менен айрыкча жаш куракта үй-бүлөлөрдү сактап калса болорун, дарыланганы кайрылган төрт эркектин бирөө кеминде эки жолудан төшөк жаңыртканга үлгүргөндөр экенин айтат.

Жыл башында германиялык жана израилдик илимпоз-медиктер чычкандын шаабатын урук безинин клеткасынан алышкан. Бул илимий эксперимент болочокто уруксуздукту дарылап, ар бир эркектин табигый ата болуусун мүмкүн кылат дешет илимпоздор.

Каныкеге сүртүлгөн көө

Гүлнара Каримова Канндагы Эл аралык кинофестивалда, 17-май, 2010

Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримованын азыр Швейцарияда камакта жаткан бизнесмен менен арам акчаны адалдаштырууга жана башка финансылык кылмыштарга катыштыгы бар экенин ачыктаган документтер жарыяланды.

Гүлнара Каримова менен “Кока-Кола Өзбекстан” компаниясынын башчысы Алишер Эргашевдин колдору бул ишкана үчүн Франциядан мүлк сатып алуу боюнча кеминде сегиз документке коюлган. Швециянын ТТ (Tidningarnas Telegrambyra) маалымат агенттиги тапкан бул документтерде алар ишкананын ээси жана директору катары аталышты.

Ошол агенттиктин кабарчысы Ола Вестерберг “Азаттыктын” өзбек кызматына сүйлөп жатып: "Франциянын мүлк каттоо органынан табылган документтерге ылайык, Гүлнара Каримовага таандык эки компанияны Алишер Эргашев жетектеген. Бир ишкана 2009-жылы, экинчиси андан бир жылдан кийин катталган жана алар Париждин эң кымбат райондорунан кыймылсыз мүлк сатуу боюнча иш менен алектенген", - деди журналист.

Г.Каримова менен азыр айыпталып жаткан бизнесмен А.Эргашевдин байланышын тастыктаган документ
Г.Каримова менен азыр айыпталып жаткан бизнесмен А.Эргашевдин байланышын тастыктаган документ
Вестерберг айткан Франциядагы каттоо уюмунун маалыматы элге ачык эле көрүнөт. Анда Каримова менен Эргашев деңиз боюндагы Гассин шаарынан жок эле дегенде бир мүлктү алганга аракет кылышканы аныкталды.

Компаниянын жайгашкан жери катары Париждин батышындагы генерал Монуринин катар дарактуу проспектисиндеги имарат көрсөтүлгөн. Бул аймак шаардагы эң кымбат райондордон деп эсептелинет. Ал жердеги үйлөрдүн бир чарчы метри эле 19 миң доллардан 38 миң долларга чейин бааланууда.

Кийинчерээк ишкананын имараты ал жерден бир аз арзаныраак 17-проспектидеги Переир бульварына көчкөнү көрсөтүлүптүр. Документтерде ишкананын акцияларынын аз бөлүгүнүн ээси катары Ирина Емелянова деген аялдын ысмы да жүрөт, бирок ал кылмыш иштерине байланышы деле болбосо керек деген ой айтылды.

Арам акчаны мыйзамдаштыруу боюнча айып

Францияда ачыкталган бул документтердин мааниси зор. Анткени алар президенттин кызы Гүлнара Каримованын азыр Швейцария менен Швецияда төрт өзбек жаранына каршы ачылган кылмыш иштерге байланышы болгонун айгинелейт. Ал иликтөөлөр эки ири - Орусиянын MTS жана Швециядагы TeliaSonera - телекоммуникациялык компанияларынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болууда.

Эргашев “Coca-Cola Өзбекстан” ишканасынын дагы бир жетекчиси Шокрух Сабиров менен кошо 30-июлда Женевада “акчаны уурдап, аны мыйзамдаштырган” деген айып менен кармалышкан. Алар азыр камакта.

Бул иликтөөлөрдө азыр ысмы аталып жаткан үчүнчү өзбек жараны Бекзод Ахмедов – MTS компаниясынын Өзбекстандагы туунду ишканасынын мурдагы директору.

"Интерполдун" сайтында Бекзод Ахмедов тууралуу маалымат
"Интерполдун" сайтында Бекзод Ахмедов тууралуу маалымат
Соңку документтерде айтылгандай, кылмыш иши Женевадагы банк бийликтерге алардын кардары Ахмедовго “Интерпол” акча уурдаган болушу мүмкүн деп издөө салганын билдиргенден кийин ачылган.

Ахмедов “Интерполдун” тизмесине Өзбекстанда MTS менен жергиликтүү бийликтин ортосунда талаш чыккандан кийин расмий Ташкендин суранычы боюнча киргизилген экен. Анткени ошол кезде Ахмедов өлкөдөн качып кеткен болчу.

Швейцариянын финансылык кылмыштар боюнча иликтөөчүлөрү аны Каримовага “жакын кишилерден” болгон деп сүрөттөп жатышат, бирок буга эч кандай далил келтириле элек. Азырынча ал каякта жашырынып жүргөнү белгисиз.

Соңку документтерден чыккан жаңжал басыла электе эле ушул аптанын бейшембисинде Өзбекстандын Швейцария боюнча элчилиги ошол Ахмедов боюнча билдирүү таркатып калды. Адатта өзбек бийликтери бул өңдүү иштерде комментарий берүүдөн баш тартышат. Бирок бул ирет өзбек дипломаттары Швейцариядагы гезитке кат жиберип, анда кармалган төрт кишинин бири, Бекзод Ахмедовду “көз боёмочулук үчүн айыптап” ага Орусиядагы өнөктөштөрү Өзбекстанда камактан качууга жардам беришкен деп билдирди.

Швециядагы байланыш

Чырмалышкан бул каржылык көз боёмочулуктарга байланышы бар деп аталып жаткан төртүнчү өзбек жараны Гаяне Авакян - Takilant Limited деген компаниянын оператору. Ал ишкана Швециянын TeliaSonera мобилдик ишканасынан өзбек жеринде иштөөгө укук берчү лицензия үчүн акча алган деп шектелүүдө.

Швециянын прокурорлору ушул айдын башында Takilant ишканасына тиешелүү Швейцария банктарындагы 30 млн.доллардык эсепти убактылуу жаап койгон.

Швецияда сентябрда көрсөтүлгөн даректүү тасмада TeliaSonera 2008-жылы Өзбекстандын мобилдик байланыш базарына кириш үчүн Takilant ишканасына 320 млн.доллар бергени айтылган эле. Швециядагы ал мобилдик байланыш компаниясы чындап эле ал уюмга акча бергенин, бирок аны кандайдыр бир мыйзамсыз иштер үчүн эмес, Өзбекстанда иштөөгө лицензия жана бир топ телефон номурларын алыш үчүн бергенин билдирди.

Авакян болсо азыр Ташкенде жашайт жана Гүлнара Каримованын “Мода үйүн” жетектейт.

Миллиондорго жол жабык

Швейцариянын бийликтери азыр ошол төрт өзбек жаранына тиешелүү банктардагы акчанын баарына колдонууга тыйуу салышканын кабарлады. Алардын көлөмү бир канча жүз миллионду түзөөрү айтылууда.

Азыр 40 жаштагы Гүлнара Каримованын жеке байлыгы 500 млн.долларга бааланууда жана анын ысмы Швейцарияда эң эле бай айымдардын тизмесинде аталып жүрөт.

Бир эле учурда Өзбекстандагы мода бизнесине, поп музыкага, андан сырткары кайрымдуулук иштерине аралаша жүргөн президенттин бул кызы жумурияттын Бириккен улуттар уюмундагы Женевадагы өкүлү катары да иштейт.

Каримованы көп учурда Борбор Азиядагы лидерлердин ичинде адам укуктарын коргоо боюнча эң эле начар көрсөткүч менен аты аталып жүргөн 74 жаштагы атасы Ислам Каримовдун болочок мураскери деп да коюшат.

Кертли: Сөз эркиндиги - атуулдун укугу

АКШдагы Нортвестерн университетинин профессору, журналист, Укук адистиги боюнча доктор Жейн Кертли Кыргызстанга келип, сөз эркиндиги тууралуу медиа кызматкерлеринин жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн пикирлерин угуп жүрөт.

Кертли айым Америкада 1970-жылдан бери басма сөз эркиндиги жаатында изилдөөлөрдү жүргүзөт.

Кыргызстанга алгачкы жолу келген профессор 9-10-октябрь күндөрү Ош шаарында болуп, журналисттер менен да жолукту. Профессор "Азаттыкка" маек курду.

- Жейн айым, Кыргызстанга куш келипсиз. Адегенде эле сиздин Кыргызстанга сапарыңыздын максаты жөнүндө кененирээк билгим келип турат.

– Кыргызстанга мен АКШнын мамлекеттик катчылыгынын демилгеси жана АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин чакыруусу менен келдим. Менин сапарым эки максатты көздөйт. Биринчиси, Кыргызстанды көрүү, бул жерде жашап жаткан калктын турмушу менен таанышуу.

Ал эми экинчи максатым – кыргызстандык медиа өкүлдөрү жана коомдук активисттер менен сөз эркиндиги жаатында пикир алмашуу. Кыргызстандагы басма сөз эркиндигине, журналисттердин этикалык маданияты менен таанышуу үчүн келдим десем да болот.

Буга чейин кыргыз журналистикасы жана басма сөз эркиндигинин абалы менен аз да болсо тааныштыгыңыз бар беле? Эгер тааныш болсоңуз, ага кандай баа бересиз?

– Кыргызстанга келгениме аз эле күн болду. Кыргызча түшүнбөгөнүмө байланыштуу кыргыз гезиттерин окуган жокмун. Бирок мен жарандык коомдун өкүлдөрү жана медиа тармагында иштеген бир топ мекендештериңиздер менен бул жаатта сүйлөштүм. Алардын айткан ойлорунан улам менде мындай пикир пайда болду: түшүнгөнүм боюнча азыркы кыргыз гезиттериндеги негизги көйгөйлөрдүн бири – көз карандысыздыктын жетишсиздиги. Айрым гезиттер элге объективдүү кабар жеткирүү миссиясын эмес, саясий максаттарга жетүү үчүн кимдир бирөөгө же кайсы бир топко курал болуу милдетин аркалашат экен. Менимче бул абал өзгөрүп, Кыргызстандагы басма сөз каражаттары элге бейтарап маалыматтарды жеткирип иштеп калчу күн да алыс эмес.

- Өмүр баяныңызды окуп отуруп, сөз эркиндиги жаатында көп изилдөөлөрдү жасаганыңызды байкадым. Деги эле сөз эркиндиги жана басма сөз эркиндигинин айырмасы тууралуу эмне айта аласыз?

– Бул абдан маанилүү маселе. Ушул жаатта биз АКШда деле көптөгөн талкууларды уюштуруп келебиз. Экөө эки башка түшүнүк. Сөз эркиндиги деген түшүнүккө таянып эле басма сөздө такталбаган, далилденбеген маалыматтарды, ойлорду жаза берүү туура эмес.

Сөз эркиндиги – бул жарандын өз оюн эч кандай тоскоолдуксуз айтуусу. Ал эми басма сөз эркиндиги – далилденген фактылар менен коомчулуктагы көйгөйлөрдү же кайсы бир топтун кызыкчылыгына иштеген мыйзамсыз аракеттерди элге көрсөтүү.

АКШнын Конситутициясында бул эки түшүнүк өз-өзүнчө бөлүп көрсөтүлгөн. Экөөсүнүн ортосунда тыгыз байланыш бар. Сөз эркиндигин атуулдун укугу деп түшүнсөк туура болот. Ал эми басма сөз эркиндиги демократияны курууда чоң роль ойнойт.

- Сиз көптөн бери басма сөз эркиндигин коргоо боюнча ишмердик жүргүзүп келет экенсиз. Ушундан улам менде мындай ой пайда болуп жатат да, демек АКШда деле басма сөз эркиндигине каршы аракеттер тез-тез болуп турабы?

– Албетте бизде деле басма сөз эркиндигин чектөөгө аракеттер болуп турат. Андай учурда биз сот аркылуу, мыйзамдуу түрдө маселени чечебиз.

- Ош окуясына байланыштуу чет өлкөлүк кесиптештерибиз тарабынан такталбаган маалыматтар көп таралып кетти эле. Анын айынан азырга чейин Ошто абал чыңалуу бойдон турат деген түшүнүк эл аралык коомчулукта жашап жатат. Окуя болгон жерге келбей туруп, уккандарына таянып эле макала жазган журналисттерге кандай баа бересиз?

– Журналист деген кайсы бир маселе боюнча макала жазып жатып, окуянын күбөлөрүнө эмес, үчүнчү тараптардын пикирлерине таянганы туура эмес. Бирок журналисттин ар бир жерге барып, маалымат топтоого мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан кимдир бирөөдөн алган маалыматын колдонуудан мурда, аны берген кишинин же уюмдун ишеничке татыктуу экенин аныкташ керек.

Ажылыктан акча жасайын деген

“Манас” аба майданында казак жарандарына таандык 75 жасалма ажылык визаны Ош шаарына жөнөтүп жаткан жеринен Өзгөн шаарынын тургуну кармалды.

Кармалган адам визаларды Алматы шаарынан алып келгенин айткан. Кыргызстандын муфтияты ал ажылык визаларга тиешеси жоктугун билдирүүдө.

Колго түшкөн визалар

8-октябрда Ош шаарына учуп бараткан жеринен Өзгөн шаарынын тургуну, 1973-жылы туулган Хикматулла Халматов 75 жасалма ажы виза менен кармалды. Ал ИИМдин транспорт башкармалыгынын “Мыйзамсыз” деп аталган оперативдик иш-чарасынын натыйжасында колго түшкөн. Ага бир нече берене боюнча кылмыш иши козголду.

ИИМдин өкүлү Максат Акимбаевдин айтымында, кармалган адам визаларды Алматы шаарынын борбордук мечитинин имамынан 1300 доллардан сатып алганын айткан.

- Бир визаны 1300 доллардан сатып алам деп сүйлөшүптүр. 75 виза алып, алдын-ала 10 миң доллар төлөптүр. Аларды Алматынын борбордук мечитинин Муханбет деген имамынан сатып алган экен.

Акимбаевдин айтымында, Сауд Арапстан ар жылы ажылык визанын кагазын ар башка кылып чыгарат. Тартылып алынган визаларды текшере келгенде алар 2011-жылдагы ажылык сапарга ылайыкташтырылган визалар болуп чыккан. Бирок алар 2012-жылдагы ажылык зыяраты үчүн деп берилген экен.

- Сауд Арапстан ар жылы ажылык визанын кагазын ар башка кылып чыгарат. Мисалы, сүрөттөрүн, эн белгисин жана түсүн. Бирок алынган визалар 2012-жылы жазылды жана берилди деп толтурулган экен. Бул визалар Сауд Арапстандын Казакстандагы элчилигинде казак жарандары үчүн берилген. Биздин оюбузча, бул адам ал визаларды кыргызстандыктарга сатам деп алып келаткан.

Акимбаевдин айтымында, бул визалардын жасалма экени Сауд Арапстандын чек арасынан гана аныкталып калбаса, балким алар менен ажылыкка барып келүү да мүмкүн болмок. Ал Казакстандын Сауд Арапстандагы элчилиги менен да байланышып көргөнүн айтты.

- Алар бизге азырынча “мындай виза берген эмеспиз” деп, оозеки гана жооп беришти. Эми Кишинев конвенциясына ылайык, эл аралык тапшырма деген бар. Ошол негизде казакстандык кесиптештерибизге да кат жөнөтүп, жообун күтөбүз.

Ким тескейт?

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы да бул визаларга эч кандай тиешеси жок экендигин айтууда. Сауд Арапстан быйыл Кыргызстанга 4,5 миң ажылык квота бөлгөн. Республикалык ажылык штабдын башчысы, муфтийдин орун басары Замир Ракиевдин ырасташынча, Кыргызстанда ажыга барууну самагандар арбын.

- Ага биздин тиешебиз жок. Тартип коргоо органдарынан бул эмне виза экен деп сурасак, Сауд Арапстандын Казакстандагы элчилигинен алып келатышыптыр деп гана айтышты. Азыр ажыга барат элем деп 5 миңдей адам кезекте турат. Ушундай шартта ортодон шылуундар чыгып, ар жак, бер жакка барып, таап келип жатышкан окшойт. Бул эми тартип коргоо органдары чече турган маселе.

Анткен менен 11-октябрда Жогорку Кеңештин айрым депутаттары ажылыкты текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштап, бирок ал колдоо тапкан жок. Депутаттар бул диний вазийпа болгондуктан, анын кемчилигин диний башкармалык өзү жөнгө салыш керек деген бүтүмгө келишти.

Бирок депутаттык комиссия түзүлүшүн жактагандардын бири, “Ата Журт” фракциясынын депутаты Надира Нарматова парламент бул маселеге дагы бир жолу кайрылат деген ишенимде.

- Депутаттык комиссия түзүлбөй калды. Бирок эртең эле бул маселеге кайрылып келебиз деген ойдомун. Анткени жок жерден мындай маселе чыкпайт да. Жөн эле адамдар арызданып, жөн жерден сөз кылышпайт.

Бирок ажылык штабдын башчысы Замир Ракиевдин билдиришинче, быйыл ажылыкты уюштурууда одоно кемчиликтер жок.

- Кудайга шүгүр, уюштуруу иштери азырынча жакшы. Меке, Медина шаарларындагы көйгөйлөрдү да чечтик. Күнүмдүк майда-чүйдө иштер гана болбосо, өтө ойлондура турган маселе жок.

Быйыл кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 2-октябрда ыйык сапарга жол тартышкан. Бүгүнкү күнгө карай зыяратчылардын дээрлик 70 пайызы Сауд Арапстанга жетишти.

Апта: Жаза баскан Ташиев, кебелбеген Кумтөр...

Узап бараткан жумада Кумтөр алтыны Кыргызстанда кезектеги саясий жаңжалды пайда кылды.

Жаза баскан Ташиев...

Кумтөр кенине байланыштуу 3-октябрдагы Ала-Тоо аянтындагы анча чоң эмес митинг өлкөдө татаал жагдайларды жаратып, ал эмес олуттуу саясий кризисти пайда кылууга жөндөмдүү болуп чыкты.

Кенди мамлекетке кайтарууга арналган митинг “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин бийликти алуу чакырыгы жана өкмөт үйүн көздөй тарапкерлерин ээрчитип жөнөөсүнөн кийин татаалдашты:


- Кумтөрдүн адвокаты болуп, Кумтөр элдики эмес, Кумтөр ошол кожоюндардыкы, биз ага тие албайбыз деп айтып чыгышты. Мен ойлоймун бул туура эмес. Кумтөр элдики туугандар.Кумтөрдү элден башка эч ким башкарбаш керек. Ошондуктан мен айтар элем, көп сөздү айта берип, бири-бирибиздин башыбызды оорута бербестен биз бүгүнкү күндө саясатты, мамлекеттик түзүлүштү, бийлик орундарды өзгөртүшүбүз керек. Мына ошондо гана өзгөрүү болот. Садыр Жапаров айтып жатат 10-октябрь деп. Керек болсо Чыңгызхан өзүнүн 17 баласы менен бийликти алып койгон. Эмне үчүн биз бул жерге 10 миң адамды топтойбуз деп күтүшүбүз керек? Эмне үчүн 20 миң адамды топтойбуз, анан бийлик алабыз деп күтүшүбүз керек экен? Андай эмес. Керек болсо 20 чыгабы. Менин менен баскыла, азыр барып бийликти алабыз. Алыш керек. Элге кызмат кыла турган, элдин кулу болуп иштей турган бийликти курабыз.

Мына ушундай чакырыктан кийин Камчыбек Ташиев сөздөн ишке өтүп, өкмөт үйүн көздөй багыт алды. Топтолгон адамдар анын артынан жөнөдү. Бирок чабуул натыйжасыз болду. Милиция митингчилерди күч менен таркатты.

Ал эми Башкы прокуратура бийликти басып алуу жана бийликти басып алуу чакырыгын караган беренелер боюнча кылмыш ишин козгоп, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду 48 саатка УКМКнын абагына салды. 5-октябрда түнү Биринчи май райондук үч депутатты камоо мөөнөтүн эки айга узартуу чечимин чыгарды. Үч депутаттан сырткары тартип коргоо органдары митингдин активдүү катышуучулары юстициянын генерал-майору Кубатбек Кожоналиевди жана “Асаба” партиясынын лидери Салмоорбек Дыйкановду камакка алды.

Азыркы кезде 3-октябрда митинг уюштургандардын түпкү максаты бийликти басып алуу болгонбу же Камчыбек Ташиев эмоцияга алдырып жибердиби деген суроо турат.

Митингиге “балбан билек” жаштардын топтолгонуна караганда, ыңгайы келсе өкмөт үйүнө чабуул жасоо максаты болгондой.

Бирок бул митинг Ташиевдин тагдырын татаалдантып койду. Ага өтө оор беренелер менен кылмыш иши ачылды. Андан сырткары ойлонулбаган кадамы менен саясий беделине да сокку уруп алды.

Бийликтегилер үчүн да бир жактуу чечим кабыл алуу жеңил эмес. Анткени Ташиев ири партиянын лидери. Кайсы бир деңгээлде саясий салмагы жана тарапкерлери бар саясатчы. Ошондуктан өлкөдө саясий кырдаал татаалдашы күтүлөт. Муну жол тосуулар, митингдер тастыктап турат. Ал эми өлкөдө кырдаалдын дестабилдешүүсү бийлик үчүн да пайдалуу эмес


Кумтөр жаңжалы


Кумтөр алтын кениндеги экологиялык жана финансылык мыйзам бузуулар Эркингүл Иманкожоева, андан кийин Садыр Жапаров жетектеген депутаттык комиссиялар тарабынан аныкталган. Аларды төгүндөө же тастыктоо максатында экономика жана антимонополдук саясат министри Темир Сариев башында турган мамлекеттик комиссия июнь айынын соңунда түзүлгөн. Бул комиссия 1-октябрга карай өз ишинин жыйынтыгы парламентке бериш керек эле. Бирок кечигип жатат.

Комиссиянын иши жыйынтыкталга чейин эле Кумтөрдүн ишинде эч нерсе өзгөрбөсүн президент Алмазбек Атамбаев жана өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев айта баштады.

Маселен президент Алмазбек Атамбаев:


-Эми чындыгында мындай да, Кумтөрдүн тагдыры 2009-жылы чечилген. 2009-жылы кол коюулуп, ошол эле жылы парламенттен ратификацияланып, 2009-жылы Конституциялык соттунун чечими чыккан. Бул келишим туура деген. Бардык жагынан кынтыксыз жасап, тазалап коюшкан. Азыр ал келишимди оңдош абдан кыйын болот. Анткени Кыргызстандын парламентинин, Кыргызстандын Конституциялык сотунун да чечими бар 2009-жылдагы.

Белгилеп кете турган нерсе, 2009-жылы бекитилген келишимди түзүүгө ошол мезгилдерде өкмөт башчы болуп иштеген Алмазбек Атамбаевдин да салымы бар.

Кандай болгон күндө да кыргыз коомчулугунда Кумтөр боюнча келишим адилетсиз жана коррупциялашкан деген ишеним кетпей жатат. Мына ошол ишенимди пайдалануу аракетин 3-октябрда оппозиция жасап көрдү. Келечекте андай аракеттер дагы да жасалбай койбойт. Муну 10-октябрга белгиленип жаткан митинг да тастыктайт.

Президент жана өкмөт башчынын Кумтөр боюнча сөздөрү оппозициялык күчтөрдү активдүү аракетке түрткөн жагдай болуп калды окшойт. Анктени мамлекет жетекчилери комиссия иликтөөсүн жыйынтыктаганга чейин эле өздөрүнүн пикирлерин айтып, жыйынтык кандай болоорун ачыктап, саясий оппоненттерин көчөгө түртүп чыгарып койду.

Темир Сариев башында турган комиссиянын мүчөлөрүнүн арасында да бир жактуулук жок экени байкалат. Белгилүү болгондой комиссия үч топко бөлүнүп, үч багытта иликтөө ишин жүргүзүүдө.

Мына ошол комиссиянын мүчөсү, техника илимдеринин доктору Шергазы Мамбетов комиссия ичиндеги маанай жогору жактан басым болуп жаткандыгынан кабар берет деп эсептейт. Ал ошондой эле келишимди өзгөртүп, өндүрүлгөн алтынды бөлүү келишимине келиш керек дейт:

-Менин оюм боюнча, азыркы иштеп жаткан келишимди бузуш керек. Бузгандан кийин жаңы келишим түзүш керек. Жаңы келишимде биз металлды бөлсөк эң туура болот. Мына ошол бир топ маселелерди чечет. Андан кийин долборду башкаруу жагын биз жака өткөрүүгө аракет жасаш керек.

Шергазы Мамбетовдун пикиринде мындай ишти аткарууда мамлекет жетекчилеринин позициясы чечүүчү ролду ойнойт.

Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин жетекчиси Орозбек Дүйшеев Кумтөрду мамлекетке кайтарууга каршы чыгып, бул соттук териштирүүлөргө, Кыргызстанга ири өлчөмдө айып салууга алып келет деп эсептейт.

Бирок да жергиликтүү юристер Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу эмес, ал боюнча түзүлгөн келишимди коррупциялык негизде болгондугу үчүн денонсациялоо же бузуу туура болот деген пикирди айтууда.

Регионалдык саясаттагы жүрүштөр

Кыргызстан ички саясаты мына ушундай чукул бурулуштарга ээ болгон жумада регионалдык саясий айдыңда да көңүл бура турган окуялар болуп өттү. Москванын Борбор Азия регионундагы суу-энергетикалык келишимдерге бекем киришип калганына жооп жасаган Өзбекстан президенти Ислам Каримов октябрь айынын башында Ашхабадка расмий сапар менен барып,түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен региондогу суу-энергетикалык маселени талкуулаган. Анын соңунда тараптар ГЭСтерди курууда эл аралык экспертиза керек деген бүтүмгө келишкен жана суу-энергетикалык маселеде эки өлкө бирдиктүү позицияда экенин белгилешкен.

Албетте, “башы оорубагандын кудай менен иши канча” дегендей мунай, газга бай, бирок суу этегиндеги эки өлкө Кыргызстан менен Тажикстандын кыйынчылыктарын эске албай, өз кызыкчылыктарын башкы планга койгону алардын билдирүүлөрүнөн жана позициясынан байкалат.


Өзбекстандын Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан чыкканына таарынган Москва Кыргызстан менен ири келишимдерге жетишкенден кийин Тажикстанды да өзүнө тартууга кадам таштады. Орус президенти Владимир Путин 5-октябрда Тажикстанга расмий сапар келди. Ал тажик президенти Эмомали Рахмонду 60 жылдык юбилейи менен куттуктоодон сырткары орус аскердик базасын Тажикстанда дагы 30 жылга калтыруу боюнча келишимге жетишти. Эки тараптын макулдашуусуна ылайык тажик эмгек мигранттары да жеңилдик ала турган болду. Маселен, тажик мигранттары жумушка уруксатты азыркыдай бир жылга эмес, үч жылга алышат.

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев болсо Түркия убада кылган 100 млн. доллар насыяны доолаш үчүн Анкарага барып келди. Түрк жетекчилиги кыргыз президентин дурус кабыл алган менен 100 млн. доллар насыя боюнча маселе ордунан жылганы байкалбайт. Мурунку каржы министри Акылбек Жапаров насыя кыргыз тараптын күнөөсү менен алынбай калды деген пикирин айткан. Бирок бул иште геосаясий себептерди көргөндөр да жок эмес. Алар Кыргызстан Россия менен ири келишимдерге жетишкен соң, батышка жакын Түркия Кыргызстанга бере турган насыясын кармап калды деген ойду айтышууда.

БУУ Казакстандагы кулчулукка көңүл бурду

Казакстанга бара жаткан кыргыз мигранттары. 23-март, 2012-жыл.

БУУнун кулчулуктун заманбап түрлөрүн иликтеген атайын баяндамачысы алгачкы ирет Казакстанда иш сапары менен болду.

Ал сапары учурунда Кыргызстандын Алматыдагы консулдугунда да жолугушуу өткөрүп, пикир алышкан. Жакында эле кыргыз парламенти Казакстанда кулчулукка кабылган кыргыз жарандарынын маселесин жабык талкуулаган болчу.

Улуттар уюмунда кулчулуктун азыркы түрлөрүн иликтеген адистер Казакстандагы бир апталык иш сапары учурунда өлкөнүн жети шаарына барып, пахта жана тамеки талааларынын басымдуу бөлүгү жайгашкан түштүк аймактарына өзгөчө көңүл бурду.

Миссиянын башчысы Гүлнара Шахинян иш сапарынын соңунан “Азаттыктын” казак кызматы менен маегинде белгилегендей, кулчулук боюнча кырдаал Казакстанда абдан эле аз иликтенген маселе:

- Мен сиздерге азыр цифраларды айта албайм. Анткени бул тема тууралуу Казакстанда эми эле сөз кылып жатышат. Олуттуу иликтөө жок. Чынында эле мен адамдарды (кулчулукка кабылган) тапкан жокмун, бирок кыйыр факторлор бар. Дүйнөдөгү көп өлкөлөр сыяктуу эле Казакстан да кулчулуктун бул формаларын таануу баскычында.

Гүлнара Шахинян “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде кошумчалагандай, укук жагын алганда Казакстан буга чейин “бир катар маанилүү конвенцияларды ратификациялаган”, мыйзамдарына “эрксиз эмгекти” жоюуну караган өзгөртүүлөрдү киргизген.

Бирок аларды турмушка ашыруу үчүн али көп нерселерди жасоо талап кылынат.

БУУнун өкүлү “Азаттык” менен маегинде эл аралык мыйзамдар боюнча кулчулуктун заманбап формалары кандайча чечмеленерин түшүндүрүп кетти:

- Эл аралык Эмгек уюмунун конвенциясына ылайык, эрксиз эмгек - бул адам өз эркине каршы, коркуу алдында жасаган эмгек. Эмгектин бул түрү бүт эле дүйнөдө бар. Ошондой эле карызга көз каранды кылуу. Жумушка жаңы кирген адам адегенде тамак-ашы үчүн карыз алып, акырында айлыгы мунусун жаппай калган учур. Бул чыгымдарды өзү эле эмес, үй-бүлөсү да төлөөгө туура келет.

Кыргыз жарандары кулчулукка кабылган учурлар

1990-жылдардан баштап, азыркыга чейин эле кыргызстандык эмгек мигранттар коңшу өлкөдө кулчулукка кабылган учурлар маал-маалы менен ачыкка чыгып калып жүрөт. Жакында эле кыргыз парламентинин комитети соңку фактыларды, кыргыз жарандарынын Казакстандагы абалын жабык талкуулаган.

БУУнун баяндамачысы Казакстандагы сапары учурунда Алматыдагы кыргыз консулдугунда да болуп, жолугушуу өткөргөн.

Консул Эдуард Насировдун “Азаттыкка” айтканына караганда, жолугушууда кулчулуктун заманбап формаларынын жаралышына кыйыр таасир тийгизүүчү жагдайлар боюнча пикир алышуу жүрдү.

Консулдун айтымында, кыргыз жарандары кулчулукка кабылганы тууралуу Кыргызстандан айтылган маалыматтар иликтей келгенде кээде туура эмес болуп чыгат. Мындай окуя аныкталган соңку факт быйыл жайда болду:

- Ушул жайдагы бир операция учурунда биздин жарандар табылган. Азыр алар козголгон кылмыш иши боюнча жабырлануучу катары өтүп жатышат. Мен ысымдарын айта албайм, саны беш адам. Бул факты боюнча конкреттүү далилдер бар. 2009-жылдан бери быйыл жергиликтүү казак жарандар биздин бир жаранды кулчулукта кармаганы үчүн беш-алты жылга соттолгон бир учур болду. Мындай иштер бир күндө бүтпөйт, соттун бардык инстанцияларын басып өтөт. Биз акыркы ишке да көзөмөл салып жатабыз, бирок ага чекит быйыл коюлат деп ойлобойм. Кошумчалай кетсем, соттук териштирүүлөрдөгү эң чоң көйгөй биздин жарандардын аягына чейин барбаганы. Эгер адам жабыр тартса, ал тергөө иш-чараларынын баарына аягына чейин катышуусу абзел.

Көйгөйдүн тамыры

Коомдук проблемаларды иликтөө боюнча Алматыдагы борбордун директору Мерурет Махмутованын пикиринде, сыртта XXI кылым экендигине карабай кулчулуктун заманбап түрлөрүнүн кездешүүсү мигранттар менен иш берүүчүлөрдүн алака-катышы укуктук жолго салынбагандыгында:

​ ​-Маселе Борбор Азия өлкөлөрү арасындагы миграциялык кыймыл жөнгө салынбаганында. Борборазиялык мигранттардын иш жүзүндө дээрлик баары экономиканын көмүскө секторунда. Алардын жумушчу мигрант катары макамы аныкталган эмес. Алардын көпчүлүгү казак өкмөтү берген квотага илинишпейт. Мисалы бир жыл мурун биз Казакстанда чет элдик жумушчу күчүнүн квоталоо системасы боюнча доклад жазганбыз. Түрдүү булактардан алынган маалыматтарды салыштырганыбызда расмий статистика боюнча, маселен тажик жарандарына Казакстандан 72 квота берилген. Ошол эле учурда Тажикстандын миграция кызматындагы кесиптештерибиз, алардын эсеби боюнча, Казакстанда 50-60 миң тажик мигранты жүргөндүгүн айтышкан. Демек бул расмий квотанын сыртында калгандар экономиканын формалдуу эмес секторунда иштейт дегенди билдирет.

Кыргызстандын тышкы миграция департаментинин эсеби боюнча да, Казакстанда 60 миңге чукул кыргызстандык эмгек мигранттары жүрөт. Алардын жарымына жакыны базарларда соода кылат.

Малчыларды азапка салган вакцина

Сузакта 2 миң кой чечекке каршы эмдөөдөн кийин кырылып калды. Малчылардын чыгымы 10 млн сомдон ашты.

Мамлекет аларга кандай жардам көрсөтөрү азырынча белгисиз. Адистер бул окуя Кыргызстандагы ансыз да начар эпизоотикалык абалды, ветеринардык татаал шартты айгине кылгандай болду деп жатышат.

Айрымдар муну өлкөгө жасалган диверсия деп да атап жиберишти. Бирок адистер андай божомолду четке кагышууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиргенине карганда, 30-сентябрга карата өлгөн койлордун саны 2064 башка жетти. 27-сентябрга карата алардын саны 1979 болчу.

Бирок алдыңкы күндөргө караганда тоголонуп, жыгылган койлордун саны кыйла азайды. Өлгөндөрүн адистер жерге көөмп, дезинфекциядан өткөрүп жатышат.

Чечектен кийинки апаат

Бирок чечекке каршы 2,5 миңдей койго вакцина салынганын эске алсак, жакынкы күндөрү малчылар дагы бир нече жандыгынан ажырачудай. Сузак районунун Кыз-Көл, Кара-Дарыя, Көк-Арт, Кызыл-Туу айылдык аймактарында жеке чарба ээлери койлорун ушул жылдын 8-сентябрынан тарта чечек оорусуна каршы алдын ала эмдөөдөн өткөрүшкөн. Бирок 14-сентябрдан тарта ал жандыктар массалык түрдө өлүмгө учурай баштаган.

Адистер 2 миң баш койду 5 миң сомдон эсептегенде эле малчылардын тарткан чыгымы бери дегенде 10 млн сомду түзгөнүн айтышууда.

Сузак районун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн тургуну Калмырза Шамурзаев карыя жарым кылымдан бери мал артында. Бирок буга чейин капилет келген мындай апаатка туш болгон эмес.

- Бул жаткандардын баары оору. Бир суткага жетпей, баратып эле жыгылып калып жатышат.

Өңүт берүүсүн толугу менен бул жерден угуңуз:



Калмурза Шамурзаев өзүнүкүн жана акыга багып жүргөн элдикин кошкондо короосунда 410 баш кою бар эле. Биздин кабарчыбыз барган кезде анын 235 кою күр өлүп, карыяны кайгыга салып турган экен. Ал койлорун эмдөөдөн 12-сентябрда өткөргөнүн айтты.

- Булар элдин малы. Насыя алып, мал кошкондор да бар. Ушулар күздө аман-эсен келсе, козуларын сатып, ал эмки койлорду өзүбүзгө алып калсак деген адамдар болчу. Баары кембагалдардыкы, байы деле жок. Жылда эле ушундай кылчубуз, ишенчүбүз да. Мал доктурга айтсак, алып келип уколдоп берем деди.

Эгер ар бир койду беш миң сом деп баалаганда, Калмырза Шамурзаевдин чыгымы 2 млн сомду чапчыйт. Маселен, Шамурзаевге Теңирберди Эшатов карыя 29 коюн акыга багып берүүгө тапшырып, кырылгандан аман калган 10 коюн алып кетүүгө келиптир. Карыя койлорун алып кетип жатып, бул кырсыкта чабандын күнөөсү жок деген ойдо.

- Калганын алып, үйүмө алып барып багайын. Бул малчыга деле жан керек да эми. Ону аман калыптыр, мейли эми.

Бийлик жардам береби?

Чабанга коюн аманат тапшырган элдин баары эле өлгөн койлорун кечип жибериши күмөн. Ал эми Калмырза Шамурзаев Сузакта малы кырылган бир эле киши эмес. Мындай тагдырга жалпысынан ондон ашык чарба ээси кабылып, чоң мүшкүлгө кабылып турган кездери. Калмырза чабандын жубайы Темиргүл Сыдыкова өкмөт жардам берсе деген үмүттө турат.

- Өкмөт элге, аны менен бирге бизге да жардам берсе болот эле. Элдин баары ушул кой менен тиричилик кылып жаткан. Насыя алгандар да, койду сатып кутулам дегендер да көп болчу. Акчалай жардам берсе, эл да ошого ыраазы болот эле. Ордун кайра толтуруп берсе, улантып кетүү элдин милдети. Ошондуктан акчалай жардам берсе деп үмүт кылып жатабыз.

Мен өзүм да иштебейм. Элдин аманат коюн жайлоодон аман-эсен алып келсек, эми мындай кокустук болуп, сайылган укол койлорду өлтүрүп жатат. Же жөлөк пул албасак... Жолдошумдун пенсиясы менен кайда барабыз? Кышка койлорду сатып, оокат-аш, 5-4 кап ун алчу элек. Үлүш болсо жок. Кийим-кечени да кой менен сатып алчу элек.


Жардам демекчи, кыргыз парламенти өткөн аптанын шаршемби күнү түштөн кийинки жыйынын койлордун өлүмүнө арнады. Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин айтканына караганда, бул маселени иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү. Ал күнөөкөрлөр толук жазаланат деп убада кылууда.

“Ата Журт” фракциясынын депутаты Дастан Жумабеков ким жоопкерчилик тартып, малчыларга өкмөт кандай жардам көрсөтөт деген суроону өкмөт мүчөлөрүнө койду.

- 15 млн. сомду аларга бүгүнкү күндө ким төлөп берет? Ошол нерсе каралып жатабы? Менин эсебим боюнча вакцинанын айынан 15 млн. сомго жакын мал кырылды. Буга ким жооп берип, ким төлөйт?

Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчисинин биринчи орун басары Самат Алиевдин парламентте айтышынча, мындай капилет учурларда чыгымды толуктап берүү мыйзамдарда каралган эмес. Андыктан фермерлерге жардам көрсөтүү жагы өкмөттүн саясий чечимине жараша болчудай.

- Ачыгын айтып коюшум керек, бизде өзү мыйзамдарда компенсация жагы көрсөтүлгөн эмес. Ушул сыяктуу учурларда төлөп берүүнү караган мыйзамдык базабыз жок. Ал эми иш жүзүндө кандай чечим кабыл алынат, бул - өкмөттүн иши.

Бирок депутат Жумабековду башкы ветеринардын жообу ынандыра алган жок. Кызуу талкуудан соң Жогорку Кеңеш атайын токтом кабыл алып, өкмөт кою кырылган адамдарга мүмкүнчүлүгүнө жараша жардамын берсин деген чечим чыгарды.

“Ар-намыс” фракциясынын депутаты, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин төрагасы Талант Узакбаев ал жардамдарды мындайча түшүндүрдү:

- Кээ бир депутаттар компенсация болсун дешти. Биз, комитеттегилер, компенсация дебей, мамлекет жардамын көрсөтсүн деп жаздык. Ал жардамдын түрү көп. Мисалы, эгер акчасы жетсе, компенсация кылсын. Же арзандатылган насыя, же пайызы жок насыя береби, кыскасы биз өкмөткө сунуш бердик. “Жылкыңа карап ышкыр” дегендей кылдык. Мажбурлап эле аткара албаган нерсени жазып койсок, элди да алдагандай болбойлу дедик.

Бирок, белгилүү болгондой, парламент токтомунда өкмөттүн бере турган жардамынын түрү да, өлчөмү да так аныкталган эмес. Андыктан чарба ээлерине качан, кандай жардам берилери азырынча белгисиз. Өкмөт аппаратынын Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнөн “Азаттыкка” билдиришкендей, малынан ажыраган жарандарга кандай жардам көрсөтүлөрү толук иликтөөдөн кийин гана билинет. Анда малчылардын өздөрүнүн жоопкерчиликсиз мамилеси да эске алынат. "Малдын өлүмүнө алар өздөрү да жооптуу, андыктан компенсация берилиши арсар" деп билдиришти.

Күмөндүү вакцина

Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчисинин биринчи орун басары Самат Алиевдин парламентте маалымдашынча, Жалал-Абад шаарында жеке аптекасы бар ветеринар Талип Ташболотов сентябрь айынын башында чечекке каршы 4 миң доза вакцина алып келген. Мал доктур алардын бир даанасын 300 сомдон саткан. Аны Сузак районунун 5 айыл өкмөтүндөгү 11 фермер алат. Алар айрымдары өздөрү, башкалары жергиликтүү ветеринарларды чакырып, кой-эчкилерин эмдөөдөн өткөргөн экен.

Бир аптадан соң эле эмделген малдар тескерисинче, четинен кулай баштайт. Анын ичинен 87 кой союлуп, элге таралып кеткен. Натыйжада аны 4 миңдей адам жегенге үлгүргөн экен. Бирок текшерүүдө азырынча, ал койдун этин жегендердин арасынан сыркоологондор болгон эмес.

Өзбекстандык Зиявидин аттуу адамдан чечекке каршы вакцина сатып алган жалалабаддык ветеринар Талип Ташболотовго азыр кылмыш иши козголду. Талип Ташполотов өзү буларды айтты:

- Чечекке каршы дарыны эл дайыма сурап турган. Акырында өзүм тейлеген аймакта жашагандардын койлоруна берем деп, төрт миң доза алгам, Зиявидин деген баладан. Дарылардын үч миң үч жүзү кишиге таралып кеткен. Эмдөө сайылган койлор арасында ушинтип өлүм болуп атат. Ал дары Орусиянын Покров шаарындагы илим-изилдөө институтунан чыккан.

Азырынча ал вакцина текшерилип, курамында кандай шектүү элементтер бар экени толук аныктала элек. Антсе да алгачкы жыйынтыктар да жок эмес. Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалымдашынча, вакцина азыр Кыргызстандагы жергиликтүү лабораториялардан текшерилүүдө. Аны менен катар Орусияга да жөнөтүлүүдө.

Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчисинин биринчи орун басары Самат Алиев:

- Вакцинанын бетинде "Орусиядан чыккан" деген жазуусу турат. Бирок кебетесине караганда бир топ күмөндүү. Ал фабрикадан чыккан эмес, жасалма.

Айтмакчы, кошуна Өзбекстанда да ушундай окуя катталып, аларда 50 миңге чейин кой кырылып калды деген маалыматтар бар. Самат Алиев Өзбекстанда колдонулган эле вакцина Кыргызстанга мыйзамсыз жол менен келген деген ишенимде. Анын айтымында, өзбекстандык адистер ал вакцинаны Орусияга жөнөтүп, текшерүүгө үлгүрүшкөн.

Самат Алиев алгачкы жыйынтыктарга таянып, ал вакцинада малдын ауески оорусун чакырган, башкача айтканда жалган кутурманы пайда кылуучу кошулмалар болгон дейт.

- Өзбекстанда бизден эртерээк болуптур. Алар Москвадагы Айбанаттарды коргоочу Владимир илимий изилдөө борборуна жана Покров шаарындагы биофабрикага жөнөтүшүп, алгачкы жыйынтыктары да чыгып жатыптыр. Орусиялык кесиптештерим менен байланышып, маалыматтарды тактоого аркет кылып жатам. Москвадагы Айбанаттарды коргоочу Владимир илимий изилдөө борборунун деректиринин айтымында, чечекке каршы вакцинада эки кошулма бар болуп чыкты. Ауески, же болбосо жалган кутурма деген оору бар. Чечекке каршы ал вакцинада ушул оорунун кошулмасы бар болуп чыкты. Башкача айтканда, бир вакцинанын ичинде эки вакцинанын кошулмалары болгон.

Ал Сузактагы койлордун өлүмүнүн белгилери жалган кутурма менен ооруган малдарга окшош деп билдирди.

Өзбекстанда 50 миң кой өлдү дешет

Кыргызстандагыдай окуя катталган кошуна Өзбекстанда боо-боо түшүп, кырылган койдун саны 50 миңге жеткени кабарланууда.

Кыргызстандагы жана Өзбекстандагы чабандар азыр жүздөгөн койлору вакцинадан кырылганына ким жооп бериши керектигин билгиси келип жатат. Эки өлкөдөгү соңку окуялар мамлекеттик колдоосуз өздөрү эптеп бутуна турууга аракеттенип жаткан көптөгөн чабандар үчүн олуттуу жоготууга алып келди.

Өзбекстандын борбордук бөлүгүндө жашаган фермер Набижон Журабоев баккан койлорун коркунучтуу чечек ылаңынан тезирээк сактап калыш үчүн жанташалып дары издегенде өкмөттүк ветеринардык дарыкананын вакцинасын ойлонбой эле сатып алган.

Күрөң сымал кургак ампула түрүндөгү дарыдан толтура алып, аны суюктукка аралаштыра койлоруна сайып кирген. Заматта эле бүт эмделген койлору кырылып калды.

- Журабоев мындай мүшкүлгө туш болгон жалгыз чабан эмес. Жыззах облусундагы бардык эле койчулар эмдөөдөн кийин эле койлорунан айрылып калды.

Бейрасмий маалыматтарга караганда, ушул Жыззах облусунун өзүндө эле 35 миң кой чечектен эмделгенден кийин күр эле кырылып калды. Жалпы Өзбекстанда болсо өлгөн койлордун саны 50 миңге жетти.

Коңшулаш Кыргызстандын Жалал-Абад облусунда Өзбекстандан мыйзамсыз алынган ушул эле сыяктуу дарыдан 2 миңге жакын кой өлдү. Эки өлкөдө тең малынан айрылгандар азыр бул үчүн ким жооп берет деп турушат.

Окуяга өзбек бийликтери эч кандай комментарий беришпеди, өкмөткө баш ийген маалымат каражаттары бул маселеге такыр эле кайрылышкан жок. Кыргыз бийликтери болсо кылмыш ишин козгошту, ал вакцинаны атайын текшерүү жайларына жиберишти.

Британиядагы Ветеринардык ассоциациядан "Азаттыкка" билдиришкендей, азырынча ал дарынын курамы кылдат текшерилмейин так маалымат айтыш кыйын. Бирок адатта мал вакцинадан эки гана учурда өлөт: проблема вакцинанын өзүндө болушу мүмкүн же аны натуура пайдалангандан болушу да ажеп эмес. Андан сырткары вакцина эскирип калган болушу мүмкүн же мөөнөтү өтүп кетпесе да, муздаткычта кармалбай, же начар сакталган болсо керек дешет.

Иши кылып азыр божомол көп. Алардын арасында коррупцияны да эч ким эсептен чыгарып салган жок. Балким бирөө жарым дарынын эң пайдалуу бөлүгүн алып, анын ордуна башка эле нерсе салып коюп мыйзамсыз сатса, ким текшермек?

Адистер эмне дейт?

Азыр эми талкууга түшкөн ошол вакцинаны көргөндөр “Азаттыкка” сүйлөп, анын бетинде дары “Орусиянын Покров шаарындагы Ветеринардык изилдөө институтунда өндүрүлгөн” деп жазылганын айтышты. Ал институт Орусиянын Айыл чарба илимий академиясына карайт.

Бирок Покровдогу ошол институттун директору Денис Колбасов "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, ал дарыны бул институт чыгарбаганын айтты.

- Биз быйыл Кыргызстанга же Өзбекстанга эч кандай вакцина жиберген жокпуз. Биз Орусиянын ичине гана тараттык жана алардын сапаты боюнча эч жерден доомат түшкөн жок. Өзбекстандагы окуя жөнүндө уккандан кийин биз аны өзүбүздө текшерип көрдүк: ал дарынын сырты да биздикине окшошпойт, ичиндеги дары да бизде чыгарылчу дарыдан айырмаланып турат. Бирок ошол ичиндеги дары койлордун кырылышына себеп болдубу же башка себеби барбы, муну мен азыр айта албайм, анткени менде андай изилдөөнүн жыйынтыгы жок.

Кыргызстанда Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Таирбек Жоробеков “ветеринардык эрежелерди бузгандыгы үчүн” төрт адамга кылмыш иштери козголгонун айтты.

Бийликтердин айтымында, эмделген дагы 1600 койго ал уколдон кийин кайра башка дарылар берилип, азыр каралып жатат.

Жон Фицжералд - Британияда “Айыл чарбада дарыны жоопкерчилик менен колдонуу” деп аталган альянстын баш катчысы. Анын айтымында, Борбор Азиядагы бул жаңылык өтө өкүнтө турган нерсе, анткени дарыны жасаган же жеткиргендер бул жерде аны колдонгон фермерлер менен бирдей деңгээлде
жоопкерчиликти бөлүшөт.

- Европа биримдигинде дарыны ким жасап, ким дыйкан-фермерлерге жеткирээри такай көзөмөлгө алынып турат. Дарыны сатып жаткандар аны алып жаткан чабандарга вакцинаны кантип, качан колдонууну так түшүндүрүп, айтып же көрсөтүп берүүгө тийиш.

Ал арада эки өлкөдө тең окуя болгон аймакта карантин киргизилип, ылаң чыккан же койлору эмдөөдөн өлгөн аймактардан эт сатууга тыюу салынды. Өзбекстанда да койлору эми эле өлө баштаган фермерлер жоготууну кыскартыш үчүн этти эптеп базарда тезирээк сатып жибергенге да жетишкени айтылууда.

Козголгон кылмыш иштер

Жогоруда белгиленгендей, Кыргызстанда аталган окуя боюнча төрт кылмыш иши козголду. Жалал-Абад облустук милиция башчысынын орун басары Таирбек Жоробеков “Азаттыкка” буларды айтты:

- Талип Ташболотовго жана ветеринардык, же медициналык атайын билими жок болгону менен ошол ампулаларды саткан Масалиева Махабатка, Сузак районундагы Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысына жана Өзбекстандын жараны Зияидин деген кишиге кылмыш иши козголду. Азыркы убакта анын аты-жөнү толук белгилүү. Аны кармоо боюнча тийиштүү оперативдик иштер жүргүзүлүп жатат. Алдын ала тергөөдө Талип Ташболотовдун “бул дарылар Өзбекстандан келген, Өзбекстандын жараны алып келип берген” деген көрсөтмөсү бар. Дарынын сыртына күмөндүү этикеткалар жабыштырылган. Азыркы учурда милиция кызматкерлери тиешелүү посттордо күнү-түнү кызмат өтөөдө. Райондун эмдөөдөн койлор өлгөн аймактарына жана Ош-Бишкек жолуна милициянын тосмо бекеттери коюлган.

Адистердин айтымында, буга катардагы ветеринардын, же малчынын эмес, өлкөдөгү жалпы ветеринардык абалдын чабалдыгы себеп болгондой. Кыргызстанда буга чейин деле эпизоотикалык абал көңүл жылытарлык эместиги айтылып келаткан. Маселен, мындан бир ай мурда Бишкектин Ош базарында эт саткан аялдын сибир жарасы менен ооруй турганы аныкталган эле.

Кыргызстандагы эпизоотикалык абалдын начарлыгын жүйө кылып, Казакстан кез-кез эт-сүт азыктарын чек арадан өткөрүүгө тыюу салып келатат. Андыктан Сузактагы окуя мал чарбасына, анын ичинде ветеринардык тармакка жаңыча мамиле кылууну талап кылып жатканын белгиленүүдө. Республикалык ветеринардык департаменттин башкы директору Жаныбек Султановдун билдиришинче, акыркы жылдары өлкөдө малдын саны өскөн.

Мал көп, мал доктур аз

Ошол эле кезде мал доктурлар жалпы малдын 30 пайызын гана караганга жетишет экен. Учурда ветеринарлар мамлекеттик жана жеке деп экиге бөлүнөт. Буга чейин мамлекеттик ветеринарлардын жалпы саны 1044 адам болсо, жыл башындагы мамлекеттик кызматтагы кыскартуулардан соң болгону 680 адам калган. Ал эми жеке менчик ветеринарлар миңден бир аз гана ашат.

Жогорку билимдүү мал доктурларды даярдаган Кыргызстанда бирден-бир окуу жай - Кыргыз улуттук агрардык университети. Мындан тышкары ветеринарларды аймактагы окуу жайлар да аз-аздан окутуп чыгарат. Агрардык университет жылына 80-90 адис чыгарса, анын баары эле ветеринар болуп кетпейт экен. Аталган окуу жайдын ветеринардык медицина жана биотехнология факультетинин башчысы Бекбосун Акназаров “жаш мал доктурларга колдоо жоктугунан алар, алыскы аймактарга, айыл жерлерине барбай жатат” дейт.

Улуттук илимдер академиясынын биотехнология институтунун деректири, ветеринария илимдеринин доктору, бир топ жыл башкы ветеринар болуп иштеген Асанкадыр Жунушов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, башкы ветеринарды мамлекеттеги чоң саясий кызмат деп белгиледи. Бирок ага жөн-салды мамиле кылынып келатат деп кейиди.

Жунушов “мал чарба ээлери, чабандар да мал ылаңынын коркунучтуулугун толук аңдап-түшүнбөй жатат” дейт. Андыктан алардын жоопкерчиликсиздиги да абалды татаалдаштырып жатканын, чабандар мал доктурлардан жашырып, ооруп калган малды сатып жиберүүгө ашыгышарын кошумчалады.

Койлордун күр өлүмү аныкталгандан тарта Жалал-Абад облусунда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, бекеттер орнотулган жана кой этин сатууга тыюу салынган. Ошондой эле атайын штаб да түзүлүп, аймактагы эпизоотикалык абалды жакшыртуу боюнча чаралар көрүлүүдө. Мындан тышкары Ош облусунда кой этин сатууга тыюу салынды.

Бирок ушул окуядан кийин малчылар менен мал доктурлар, эң башкысы бийликтеги тиешелүү мекемелер мындан чечкиндүү тыянак чыгарабы деген суроо турат жоопсуз.

Мал издеп кеткен бойдон дайынсыз

Чек араны мыйзамсыз бузду деп Ысык-Көл облусунун Түп районунун эки тургуну 26 баш бодо мал жоготуп, издеп жүргөн жеринен август аягында казак чек арачылары тарабынан кармалып кеткен. Азыркы тапка дейре экөө тең Казакстандын Кеген районунда камакта.

3-августта 26 баш бодо малын жоготкон Бактыбек Чокоев менен Жолдошбек Бегимбаев Каркыранын бардык үңкүр-чуңкурун кыдырып чыгышкан экен. Ошол жерден аларды казак чек арачылары кармап кетиптир.

Жолдошбектин агасы Кеңешбек Бегимбаевдин айтымында, учурда малчылардын же өздөрү тууралуу маалымат да, жоголгон малынан дайын да жок болуп жатат.

- Ушул айылдын малчылары болчу. Айылдын малын жыйнап, тоого барып багышкан. Жайлоодо кайтарып жүргөн жеринен 26 баш бодо мал жоголгон. Ошону экөө издеп, чек арадан өтүп кетишкен. Ушуга чейин малыбыздан да, инилерибизден да кабар жок. Камалып жатат эле деп айтышат.

Ал эми Бактыбектин агасы Таалайбек Чокоев ушул сыяктуу мал жоголгондо коңшу чек арадан табылганын айтуу менен бул эки малчы да ошол жактан табабыз деген ойдо чек арага барганын айтууда.

- Өткөндө 30 баш мал жоголуп, үчөөсүн казак жактан таап келишкен. Анан ошол жакта экен деп эле издеп кетишкен. Эми киргенде деле ал жакта сеткасы деле жок тумбалар турат. Казактын жайытында алардын малчылары бар. Казактын жеринен кармалып жатышпайбы.

Жоголгон малдын басымдуу бөлүгүнүн ээси Эркин Шабиев Кегенге барып, балдар тууралуу маалымат алалбай кайткан экен:

- Дайынын билейин деп барсам бизге толук маалымат беришкен жок. Болгону аман-эсен, жакшы жүрүшөт, тергөө жүрүп жатат деп чек аранын тергөөчүсү айтты.

Казакстанда камалып жаткан кыргызстандык эки жарандын туугандары алардын башын бошотуп берүүнү суранып, барбаган жерибиз калган жок деп кейип отурушат. "Азаттык" Караколдогу 2028-чек ара бекетине да маалымат алуу үчүн кайрылганда чек ара аскер бөлүгүнүн саркери Кубат Жээнбаев буларды айтты:

- "Биз бул жактан жардам беребиз, сиздер өзүңөр жакты карай бергиле. Бирок чек арадан өтпөгүлө" деп эскертүү бергем. Алар да макул болуп кетишкен.

Коңшулар ортосундагы келишимге ылайык, алар бири-бирине өтүп кеткен малды карап көрүүнү гана сурана алышат. Бирок бир тарап экинчи тарапка уруксатсыз өтө албайт.

Камактагы эки жаранды кайтарып берүү жагы талкууланганын Кубат Жээнбаев кошумчалады:

- Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, биздин жарандарыбызды кайтарып алууну айтканбыз. Алар чек арадан билип туруп өтүшкөндүгү тууралуу түшүнүк кат жазып беришкен. Учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгы тууралуу мага билдиришкен.

Бул маселе парламентке да белгилүү болгонун Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Дыйканбаев билдирди.

- Ысык-Көл облусунун Түп районунун эки тургуну 30га жакын бодо малды жоготуп, аларды террорчу деп, казак чек арачылар кармап кеткен экен. Алар азыр Кеген районунда камалып жатат. Жергиликтүү бийлик жанан РОВД кайрылганда жакынкы арада койо беребиз деген, бирок бошотуша элек. Тышкы иштер министрлиги болуп бул маселени чечип бересиздерби деп кайрылып жатышат.

Айтор же өздөрүнөн, же малынан дайын жок болгондордун жакындары кол жайып отурушат. №2028 чек ара аскер бөлүгүнүн саркери Кубат Жээнбаевдин сөзүнө караганда, казак тарап менен сүйлөшкөндө бул эки жаранды сентябрдын аягында коё берүү убадасы болгон имиш.

"Жаңы Жибек жолунун" келечеги барбы?

"Жаңы Жибек жолу" демилгесине ушул күндөрү бир жыл толууда. АКШ колдогон, Ооганстанды жана анын коңшуларын соода, энергетика долбоорлору аркылуу күчтөрдүрүү максатын көздөгөн бул долбоорду ишке ашырууда айрым жылыштар болду. Бирок эбактан келе жаткан коңшу мамлекеттердин ортосундагы ачык жана тымызын таймаштар менен катар коррупция өңдөңгөн эски көйгөйлөр бул долбоордун кендирин кесип жатат.

Төөлөр менен кербендерди поезддер менен мунай куурлары алмаштыра алабы? Ооганстандан 2014-жылы аскерин биротоло чыгарып кеткенге камданып жаткан Кошмо Штаттарынын Ооганстанды колдоп, аймактык коопсуздукту бекемдөөнү максат кылган "Жаңы Жибек жолу" демилгесинин маани-мазмуну ушул суроого барып такалат.

Былтыр жайда Индияда болгон АКШнын мамкатчысы Хиллари Клинтон аймактагы мамлекеттерди Ыраакы Чыгыш менен Европаны кылымдар бою бириктирип турган байыркы Жибек жолунан таалим алууга чакырган эле:

– Экономикалык жана унаа байланыштарын кеңейтип, эл аралык жол тармактарын куралы. Бул үчүн кошумча темир жана даңгыр жолдорду салып, энергетикалык инфраструктураны бекемдешибиз керек. Бул үчүн чек аралардагы текшерүү бекеттеринин ишмердүүлүгүн жакшыртуу зарыл. Андан тышкары сөзсүз түрдө товарлар менен адамдардын эркин агымына тоскоол болгон бюрократиялык жана башка тоскоолдуктарды жоюшубуз керек болот.

"Жаңы Жибек жолу" демилгеси деген долбоордун түп-негизин түзгөн мындай иш-чаралар топтомун Дүйнөлүк банк менен Азия өнүктүрүү банкы, жеке менчик сектор жана кызыккан өкмөттөр каржыламак. Ал эми Вашингтон иштин алга жылышы үчүн өз таасирин пайдаланмак.

Ушул айда кызыктар тараптар БУУнун Нью-Йорктогу башкы жыйыны мезгилинде бир жыл мурда чоң салтанат менен ишке кирген демилгеден кандай майнап чыкканын салмактап көрө алышат.

Байкоочулар жыл ичинде аймактык карым-катнашты жакшыртууда айрым жылыштын белгилери болгондугун айтышууда. Бирок алар туруктуулук камсыздалбаган, эбактан калыптанган коррупция менен атаандаштык өөрчүсө өөрчүгөн, бирок пастабаган маалда бул пландын келечегинен күмөн саноо күчүндө кала берип жаткандыгын белгилешүүдө.

«Жылыш каалагандан жайыраак болгон менен, пессимисттер ойлогондон тезирек болуп жатат» дейт АКШдагы Жонн Хопкинс университетинде Борбор Азия, Кавказ институтун жетектеген Фредерик Старр.

Америкалык демилгенин концепциясын өнүктүрүүдө чечүүчү роль ойногон Старр Түркмөнстан, Ооганстан, Пакистан, Индияны бикриктирген мунай-газ куур системасы бул демилгенин өзөгүн түзөт деген Клинтондун пикирине кошулат.

Бирок Старр Кошмо Штаттары бул долбоорго болгон ишенимди арттырууга жетиштүү көңүл бурбагандыгын белгилейт. Суу тосмолорун, электр системаларын, темир жол тармактарын өркүндөтүү коопсуз жана кирешелүү иш экенине өкмөттөр менен инвесторлорду ынандыруунун эң таасирлүү жолун ал ишти чакан долбоорлордон баштоодон көрөт:

Жакынкы мезгил аралыгындагы чечүүчү маселе бул Ооганстанга кирүүчү жана андан чыгуучу бир нече жолу бүтүрүш керек. Төрт-беш жолду тез арада бүтүрсөк, Борбор Азиядан пахта экспорттогон өлкөлөр жүздөгөн жүк ташуучу машиналарына товар жүктөп, Ооганстан аркылуу Гвадарга, Карачи, Чах Базар, Бандар Аббаска каттай башташмак. Мындай чакан долбоорлор ийгиликтүү болсо, орточо мөөнөткө эсептелинген долбоорлорго ишеним артмак. Ал долбоорлор өз кезегинде узак мезгилдүү долбоорлорго ишенимди бекемдеп, инвесторлордун кызыгуусун күч алдырмак. Бирок мындай иштер али колго алына элек.

Кошмо Штаттары Ооганстан менен Пакистандын ортосундагы транзиттик соода келишимин маанилүү жылыш деп баалоодо. Эгер ал толугу менен ишке ашса, Ооганстандан товарларды дүйнөлүк базарга чыгаруу иши тездемекчи.

Вашингтон ошондой эле Ооганстан, Кыргызстан, Тажикстан ортосунда чек арадагы унаа кыймылын жөнгө салуу тууралуу макулдашуу жетишилгенин жетишкендик катары баалады. Бирок иш жүзүндө мамлекеттер аралык соодага ар ким өз көмөчүнө күл тарткан тариф системасы менен коррупция бөгөт болот.

Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек ара көйгөйлөрү өнөкөт болуп калган. Ал эми тажик айдоочусу Махмуд Бобохонов "Азаттыкка" кыргызстандык чек арачылар автобустагы жүргүнчүлөрдөн киши башына 100 рубл өлчөмүндө пара албаса өткөрбөйт деп даттанды. Бобохонов "чек арада жана бажы кызматтарына көзөмөл жокко эсе болгондуктан, чек арачылар менен бажы кызматтары билгенин кылышат" дейт.

Европа биримдигинде чек аралар улам алынып салынып, кылымдардан бери согушуп келе жаткан элдер азыр бир мейкиндикте ээн-эркин жүрө алышат. Ал эми Борбор Азияда тескерисинче, жыл санап ортодогу тоскоолдуктар улам күч алууда.

Ушуга байланыштуу АКШдагы Жорж Вашингтон университетинин Борбор Азия боюнча эксперти Себастиен Пейруз аймактагы мамлекеттер ортосундагы өз ара ишенбөөчүлүктүн тамыры терең экендигин белгилейт. Айтымында, мындай көрүнүшкө Кошмо Штаттары көп таасир тийгизе албайт:

– Борбор Азияда өлкөлөрдүн көбүнүн өз ара ынтымагы жок. Мисалы, Тажикстан Ооганстанга электр энергиясын саткысы келет, бирок экинчи жагынан Өзбекстан Кабулду кысымга алып, Тажикстандан электр алдырбай жатат. Борбор Азия өлкөлөрүнүн өз арасындагы тирештердин көптүгү Ооганстан менен кызматташууга чындап жолтоо боло турган факторлордун арасында кала берүүдө.

Ошого карабастан америкалык тарап "Жаңы Жибек жолунун" келечеги кенен деген ишенимде.

«Биз бул долбоор тууралуу элдин пикиринде нагыз өзгөрүш болгондугуна күбө болдук», - дейт АКШнын мамкатчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы Роберт Блейк.

Вашингтон ошондой эле "Жаңы Жибек жолу" бир жылга эмес, бир канча жылдарга эсептелингендигин белгилеп келет. Азырга чейинки жылыштар 2014-жылдан кийинкиге бекем пайдубал болуп бере алабы? Байкоочулар мына ушул суроонун жообуна кызыгышууда.

Беллони: Исламды жамандагым келген эмес

28-сентябрда Бишкектеги Биринчи май райондук соту Башкы прокуратуранын көрсөтмөсү менен "Мен кумса жана мусулманмын" тасмасын Кыргызстанда көрсөтүүгө тыюу салды. Бул чечим тууралуу тасманын режиссеру Крис Беллонинин пикирин уктук.

- Сиз ушундай темадагы тасманы тартуу менен кайсы ойду билдиргиңиз келди?

- Тасма беш кумса мусулман жигиттер тууралуу. Алар өздөрүнүн дини жана сексуалдык ориентациясы, мусулман кумса болгон үчүн башынан өткөргөн тоскоолдуктар тууралуу ачык айтып беришет.

- Сиз Кыргызстанда ушундай реакция болоорун күттүңүз беле?

- Мага бул суроого жооп берүү оор. Тасма бир нече фестивалдарга катышкан, бирок мусулмандар жашаган өлкөдө - Кыргызстанда биринчи жолу көрсөтүлмөк. Бирок мен Кыргызстанды дагы деле исламга катуу берилген өлкө катары кабыл албайм. Балким азыр дүйнөдө чоң чуу чыгарган тасмадан кийинки реакция болгондур. Исламга чабуул жасалып жатат деген ой жаралып жаткандыр, бирок таптакыр андай эмес.

- Сиз тасмага карата айтылган сындардын кайсынысын кабыл алат элеңиз?

- Мен бул өтө сезимтал тема экенин түшүнөм. Айрым адамдар мусулмандардын кумса болушун кабыл албай турганын түшүнөм. Бирок мен тасманын каармандарын атайын ойлоп тапкан жокмун, алар арабызда бар жана кумса эмес адамдардай эле проблемалар менен жашашат, башка адамдар менен мамиле түзгүлөрү келишет жана алар - коомдун бир бөлүгү. Бирок азыр көрөрмандар тасманы көрө албай калышты, көптөр көрбөстөн тыянак чыгарып жатышат.

- Сиз өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.

- Мен Нидерландиядан келдим. Мен кумсамын. Эркин өлкөдө жашайм жана эч нерсени жашырбайм. Нидерландияда Мароккодон жана Түркиядан келген кумсалар көп, ошондуктан ушул теманы иликтей баштагам, себеби мусулмандар арасында бул тема жашырылат. Тасманы Мароккодон тарттым.

- Тасмадагы каармандар тартылганга кантип макул болушту?

- Мароккодо бир жыл жашагам, тааныштарым бар болчу. Айрымдар бул аябай кооптуу болот деп ойлошту, бирок макул болгондор табылды.

- Долбоор качан башталган?

- 2011-жылдын жайында тарта баштагам. Тасманын бет ачары Амстердамда 2012-жылдын март айында өттү.

- Тасманы ким каржылады?

- Мамлекет, жеке демөөрчүлөр жана бир аз өз каражатымдан.

- Кайсы мамлекет?

- Нидерландия.

- Тасманы сындагандар эмне себептен режиссер кумсаларды мусулмандарга байланыштырды деп жатышат. Чын эле, эмне үчүн ислам динине байланыштырдыңыз?

- Менин өлкөмдө христиан кумсалар тууралуу тасмалар, башка диндердеги кумсалар тууралуу тасмалар көп. Мага ислам динин карап көрүү кызык болду. Мароккодо мусулмандар арасында кумсалар аябагандай көп, бирок алар ушуга чейин ачыкка чыкпай келишкен. Алар ачык жашагысы келет. Мен ислам динин жамандап же чабуул койгум келген эмес, мен болгон маселени ачыкка чыгаргам.

Мусулмандар Москвага батпай жатат

Москвада мындан жарым айча мурда жума намаздан соң полиция динзарлар менен кагылышкан эле. Андан кийинки жума намазда полиция Мир көчөсүндөгү мечиттин жанында бир нече кишини, анын ичинде эки кыргызды кармап кеткен.

Шермамат Суяров азыр Москвадагы эң чоң мечитке башка барбай эле койсомбу деп эки анжы. 52 жаштагы орус жарандыгын алган кыргызстандык 17-сентябрда жума намазга келип, машинесинде отурганда полиция аны кармап кеткен.

Суяровдун айтымында, ал өзүн кантип машинеден сүйрөп чыгып, автобуска күч менен салышкандыгына арыздангандан кийин аны катуу сабап салышкан:

Алар мени муштап, жыгач таяк менен сабап, тепкилешти. Беш-алтоолоп сабашты. Дагы башкалар болчу, мен санап отурган жокмун, эсимди жоготуп коюптурмун. Этим ооругандан эч нерсени сезбей эңгиреп калыптырмын, кабыргам сыныптыр.

Ал күнү камакка алынгандардын арасында 39 жаштагы кыргызстандык Али Муратов да болгон. Ал Суяровду сабап жатышканда жардам сурап, кыйкырып жатканын уккан:

– Улуу жаштагы кишини жөн эле сабашты. Биз 30 чакты элек. Дагы бир кыргыз бала жанында экен, аны да сабашты. Мына ушундай зордукчулукка туш келдик.

Суяров менен Муратовдун окуясы Москвада мусулмандар менен полициянын ортосундагы мамиле акыркы апталарда канчалык курчуп кеткендигин көрсөтөт.

Москвада ар жума сайын миңдеген мусулман шаардагы беш мечитке котолоп чогулганда, айланасындагы жашоочулар же машинесин койо албай, же жолдон өтө албай нааразы болот. Ушул учурларда полиция кийлигишип, ар кандай иштер болуп кетет.

Москвадагы Карнеги илим изилдөө борборунун исламдык иштер боюнча адиси Алексей Малашенконун айтымында, кырдаалдын курчушу Орусиянын баш калаасында мусулмандардын саны өсүп, бирок мечиттердин аз экендигинен болуп жатат:

– Бул чоң көйгөй. Москвада бизде азыр бир миллиондон бир жарым миллионго чейинки санда мусулман бар. Москва бүгүн иш жүзүндө Европадагы эң чоң мусулман шаары. Бирок бизде болгону беш мечит бар.

Башка эсепчилер Москвадагы мусулман калкынын саны эки миллион деп санашат. Буга салыштырмалуу Лондондо 600 миңден бир миллионго чейин мусулманга эсептелинген миңден ашык мечит бар.

Малашенконун ишениминде, Москванын тургундарынын шаарды каптап кеткен мигранттарга карата кыжынган мамилеси да абалды татаалдаштырууда:

- Өкмөт менен биздин саясий элита исламды түшүнбөйт, ал тууралуу келечектүү бир көз караштары да жок. Диалог деп көп айтышат. Бирок бул куру сөз. Себеби көпчүлүк исламдан коркот. Ошондой эле мусулмандар менен калган тургундардын ортосундагы тиреш күч алып жатат.

YouTube сайтына чыккан Мухаммад пайгамбар тууралуу чагымчыл тасманы Орусиянын аймагында көрсөтүүгө тыюу салабыз деп коркутканы Кремлдин исламга карата саясатына көңүлдү бурдурууда.

Мамилелер курчуду

Мечиттердин санын көбөйтүү үчүн Орусиянын муфтияттар кеңеши Москва бийликтерин намаз жайларында кошумча мечиттерге уруксат берүүгө чакырган. Бирок бул да кыйын маселе.

19-сентябрда Москванын чет жакасындагы Митрино ооданында бир жарым миңдей шаардык чогулуп, ал жерде жаңы мечит курууга каршы демонстрация өткөрүштү. Нааразылык акциясынын артында орус улутчул топтору болду. Эртеси жергиликтүү бийликтер мечит курууга берилген уруксатты күчүнөн кетирди.

Соңку тирештин басымдуу бөлүгү мусулмандар дагы деле чоң мечит деп атаган Москвадагы Олимпиадалык стадиондун жанындагы жерде орун алып келет. 1904-жылы падышачылык Орусиянын мезгилинде түшкөн чоң мечитти орус бийликтери былтыр 11-сентябрда түрттүрүп салган. Себеби имарат эскирип, коркунуч келтирип жаткандыгы менен түшүндүрүлгөн.

Азыр бул мечитти кайра оңдоп жатышат. Курулуш бүтө элек болгону менен, жергиликтүү мусулмандар курулуштун чекесиндеги убактылуу орнотулган намаз жайларында намазга жыгылышат.

Сурянов менен Муратов 17-сентябрда дал ошол жерде кармалган. Ал күнкү камакка алуудан бир жума мурда, 14-августта мында полиция мусулмандар менен кагышкан эле. Ал эми 21-сентябрдагы жума намазда чоң мечиттин айланасында сандаган тартип коргоочулар жайгаштырылып, дагы динзарларды кармашты.

Кармалгандардын арасында болгон москвалык белгилүү укук коргоочу Бахром Хамроев да бар болчу. Ал да кептин баары Москвада мечиттердин тартыштыгында деп эсептейт:

– Мусулмандарды чилдей таратыш керек, ошондо мечитке азыраак келет деген көргөзмө бар. Москвада эбегейсиз санда мусулман жашайт. Анан албетте мечиттердин аз экендиги түшүнүктүү болуп турат.

Анын аралыгында Мухаммед пайгамбарга сөз тийгизген орус журналистине кол салды деп шектелген кыргыз жараны тууралуу маалыматты Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тактап жатат. Май айындагы ал окуяда "Эхо Москвы", "Маяк" үналгыларында иштеген журналист Сергей Асланянды кайчы менен 15 жолу сайып кеткен Кыргызстандын жараны кармалды деп кабарланган.


Полиция мигранттарды текшерүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:39 0:00

"Этнодүйнө: чеберлер жана кол өнөрчүлүк"

"Этнодүйнө: чеберлер жана кол өнөрчүлүк"
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:22 0:00

Кыргызстан эгемендиги Орусиянын мойнундабы?

Сүрөттө: Канттагы базада кыргыз-орус коопсуздук күчтөрүнүн биргелешкен машыгуусу, 12-август, 2012-жыл

Кыргызстандын коопсуздугу менен эгемендигин коргоого Орусиянын Канттагы бириккен аскер күчтөрү жардам берет.

Мындай жобо жаңы макулдашууга киргизилгендигин президент Алмазбек Атамбаев Коомдук телеканалга билдирди.

Бул документтин оош-кыйыштарына арналган "Арай көз чарай" талкуусуна парламенттин Коопсуздук жана коргонуу комитетинин башчысы, депутат Токон Мамытов, Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын лидери Динара Ошуракунова жана саясат таануучу Санжар Тажиматов катышат.

“Азаттык”: Президент Алмазбек Атамбаев улуттук телеканалга курган маегинде Орусия менен Кыргызстан Бишкекте 20-сентябрда макулдашкан жаңы документтерге да түшүндүрмө берди. Анын ичинде президент Канттагы бирдиктүү база жөнүндөгү макулдашууга “Орусиянын бириккен аскер базасынын аскерий курамы Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрү менен бирге Кыргыз Республикасынын эгемендигин жана коопсуздугун коргоону камсыздайт” деген жаңы жобо киргизилгендигин журналисттин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Сиздерге суроо, урматтуу коноктор, Кыргызстандын коопсуздугу менен эгемендигине кандай күчтөр жана мамлекеттер коркунуч келтириши мүмкүн?

Токон Мамытов: Тигил мамлекет же бул мамлекет биздин душманыбыз деп айтууга ниетим да, оозум да барбай турат. Бирок Кыргызстандагы жалпы саясий кырдаалды солкулдатып, сындырып койсокпу деген күчтөр, топтор бар. Алар айрым мамлекеттердин ичинде жайгашкан. Ошонун ичинде Борбор Азиядагы мамлекеттердин ичинде.

Бир эле мисалды келтирип койсом: Ооганстанда эл аралык террористтик уюмдар, мыйзамсыз куралдуу топтор бар. 2014-жылы чыгып кетебиз (коалициялык күчтөр - ред.) деп атышат. Андан кийин эмне болот? Бул да бизге коркунуч алып келет.

Кечээ эле Тажикстандын Хорогунда кандай окуялар болду? Тажикстан-Хорог чек арасында июнда отуздай согушкер чогула калды эле, ал августтун аягында жетимишке чыгып кетти. Булар жагдайды карап турушат. Кичине эле солкулдаса, кирип кетүүгө даяр турат. Булардан бизге коркунуч бар. Биз кыйынбыз дегенден алыс болушубуз керек. 1999-2000-жылкы Баткен окуяларынан жыйынтык чыгарышыбыз керек.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:



Санжар Тажиматов: Коопсуздук маселесин Борбор Азия регионунун алкагында караш керек болчу. Азыр биз коопсуздукту Кыргызстандын алкагында карап атабыз. Эгер 2014-жылы АКШнын куралдуу күчтөрү Ооганстандан чыгып, Өзбекстан ЖККУдан чыгып атат. Ушуларды эске алганда Өзбекстан менен Тажикстан ортосундагы карама-каршылыктарды, суук согуштук абалды эске алганда мындай чечим Борбор Азиядагы абалды, тескерисинче, курчутат. Ошондуктан коопсуздукту Борбор Азиянын алкагында карап, ага Өзбекстан, Казакстан жалпы катышыш керек болчу. Жалпы Орусиянын багытын алып кеткенибиз 2014-жылдан кийинки окуяларда биз туура эмес чечим кабыл алгандыгыбыз анык болуп калышы мүмкүн.

Динара Ошуракунова: Биринчиден, кошуналар менен тең, жакшы мамиле түзүшүбүз керек. Азыр ошондой жасап жатабыз. Эгерде бир согуш чыгып кетсе дегенди алганда, албетте, коркунуч жаралат. Эгемендүү башка өлкө биздин эгемендигибизди сактап калганга кандай жардам бере алат?

Экинчиден, Борбор Азияда коркунучтар бар. Чек ара, суу маселелери абдан курч. ШКУ деле бар, ЖККУ деле түзүлгөн. Ошонун баарын ошол жерден талкуулап, согуш деген сөздү сүйлөбөй эле чогуу келишим түзбөйбү деген суроолор пайда болот да.

Үчүнчүдөн, албетте, кичинекей өлкөбүз. Бул жерде Орусия эле эмес, Американын да базасы турат. Эки чоң мамлекеттин талашы деген ой жаралат. Ошондой талаш-тартышта кичинекей мамлекеттин кызыкчылыгын карап атышабы-жокпу? Бул да суроо.

Айтматовдун махабат тууралуу чыгармасы табылды

Айтматовдун жарык көрө элек романы табылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” жазуучунун кызы Ширин Айтматова билдирди. “Жер жана флейта” романынын кол жазмасын Айтматовдун үй-бүлөсү жазуучунун иш бөлмөсүндөгү кагаздарды ирээттеп жаткан учурда табышкан.

- Ширин, адегенде кол жазма кандай жагдайда табылганын айтып берсеңиз.

- Мен Айтматовдун буга чейин белгисиз кол жазмасы табылганы тууралуу июнь айында эле, өлгөн күнүнүн 4 жылдыгында айткам. Бирок эмнегедир азыр гана бул кабарга кызыгуу пайда болууда.

Ушул тапта Чыңгыз Айтматов фонду жана апам атамдын архивин ирээтке келтирип жатышат. Анда өтө көп кагаз, документтер, бүтүрүлө элек чыгармалар бар экен. Ошолордун арасынан ушул роман табылыптыр. Апам окугандан кийин мен окуп чыктым. Мага абдан жакты, күчтүү чыгармадай көрүндү, Айтматовдун алгачкы эмгектерине окшойт экен. Менимче, анда жазуучу өзүнүн эң мыкты чеберчилигин көрсөткөн.

- Роман болжол менен качан жазылган экен?

Ширин Айтматова
Ширин Айтматова
- Болжол менен 70-жылдардын аягында же ортосунда орус тилинде жазылыптыр. “Жер жана флейта” деп аталат, анын жумушчу аталышы да бар экен. Бул биз үчүн эми тарыхый роман болуп калат да. Анда Чоң Чүй каналын куруу мезгили баяндалган. Башкы каармандын сүйүүсү, ошол кездеги Советтик Кыргызстандагы – же Киргизиядагы окуялар чагылдырылат, адаттагыдай эле философиялык ой толгоолор да көп.

- Сиздин оюңузда, эмне үчүн роман өз убагында жарык көрбөй калган?

- Мен билбейт экем. Ал кезде коммунисттик цензура күчтүү эмес беле. Романда махабат жөнүндө абдан эле ачык, сезимдерин жаап-жашырбай жазыптыр. Апам, балким, атам уялгандыр деп ойлойт.

- Кайсы бир деңгээлде өзүн өзү цензуралоо болгон турбайбы?

- Эми аны азыр эч ким айта албайт. Советтик режимди сындоо, же ага окшогон нерселер жок. Романда автордун жан дүйнөсү, сезимдери чагылдырылган. Архивдин арасында дагы бир повесть табылды, мен аны окуй элекмин. Атам илгери апама ошондой повестим бар деп айтып берген экен, бирок апам аны эч качан көрбөптүр. Ал “Агам менен кезигишүү” деп аталат.

- Эч ким билбеген дагы канча чыгармалар бар болушу мүмкүн? Айтматовдун архиви чоңбу?

- Архив чоң эле. Аягына чыга элек чыгармалары абдан көп, жаңы баштаган кол жазмалары бар экен. “Кар жана алтын” деген аталыштагы романында Кыргызстандагы алтын кендери жана мөңгүлөрдүн эрип жатышы боюнча проблема чагылдырылган. Анда автор көз ачыктык кылып, Кумтөрдүн сценарийин дээрлик так айтып бериптир.

- Ошонун бардыгы Айтматовдун музейине коюлабы?

- Азыр Айтматовдун үй-музейин ачууга даярдыктар көрүлүүдө. Имаратты улам улам оңдоп-түзөп жатышат. Архив да абдан чоң. Мурда алардын электрондук версиясы жок эле, кагаздар үйүлүп эле жатат. Фонд ошол эмгектерди чыгарууну пландап жатат. Адегенде жаңы табылган чыгармалар ошол эле бойдон чыгабы, же аларды редакциялаш керекпи деген маселени чечип алуу зарыл. Кол жазмаларды эксперт, адабият таануучуларга көрсөтүш керек.

- Болжол менен “Жер жана флейта” романын биз качан окуй алабыз?

- Балким эмки жылы деп ойлойм. Редакцияланса, бул көп эле убакытты алат. Бирок бир жылдан кийин китеп чыгып калар.

1978-жыл
1978-жыл
- Сиз Айтматовдун тексттери менен иштеген адистерге көрсөтүү зарыл дедиңиз, бирок ошол адамдарды көбү тилекке каршы өтүп кетпедиби...

- Адатта атам эң алгачкы вариантты чыгармаларын немис тилине которгон Фридрих Хицерге көрсөтчү. Ал киши атамдын жакын санаалашы болчу. Хицердин көзү азыр жок. Москвалык адабият таануучу Владимир Коркин да эбак эле өтүп кеткен. Кимге кайрыларыбызды билбей да турам.

- Комментарийлердин биринде мындай ойду окуп калдым: Айтматов өзү романды катып, чыгаргысы келбесе, азыр басуу канчалык туура? Этика жагынан кандай болот?

- Менимче, чыгармада Айтматов купуя сактаган, жашырган сырлары деле жок. Китепти басып чыгаруу туура эмес иш болуп калат деген ойдон алысмын. Ошол жылдары романды чыгаргысы келбесе, ал саясий кырдаалга байланыштуу болушу мүмкүн. Ал кезде өкүм сүргөн саясий климаттан улам, атам кааласа да, кээ бир нерселерди жаза албай калган деп ойлойм. Окурмандар окугусу келсе, эмне үчүн чыгарбаш керек? Жазуучунун эмгектери элдин энчисине айланып калган.

Полиция мигранттарды текшерүүдө

Полиция мигранттарды текшерүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:39 0:00

Камбар-Ата-1 кандай шартта курулат?

Сүрөттө: Камбар-Ата-2 ГЭСи. Жаңы курулчу Камбар-Ата-1 ГЭСинин кубаттуулугу 1 млн. 900 кВт болуп, өлкөдөгү эң ири ГЭСтердин бири болмокчу.

Орусиянын каражатына курулчу эң ири долбоор - Камбар-Ата-1 ГЭСи кандай шартта курулат жана куну канча турат?

Негизи эле орусиялык каражатка салынчу бул ГЭСтен Кыргызстан эмне пайда көрөт, кандай зыян тартышы ыктымал?

Кыргызстандын энергетика министри Автандил Калманбетовдун ынандырганы боюнча, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу менен Кыргызстандын энергетика тармагындагы көйгөйлөр чечилет:

- Кыргызстандагы энергетика булактарынын баары өткөн кылымдын 60-70 жылдары курулган, Камбар-Ата-2 ГЭСин кошпогондо. Экинчиден, биз жалгыз эле Токтогул суу сактагычын карап отурабыз, өзгөчө кышында электр энергиясына суроо-талап көбөйгөн учурда Токтогул суу сактагычынан аябай көп сууну кетирүүгө аргасыз болобуз. Эгерде Камбар-Ата-1 иштеп калса, Кыргызстанга да, Борбор Азияга да жакшы болот.

Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча Орусия менен келишимдер 2008-2009-жылдары эле түзүлсө да, ал максат ишке ашпай калган. Автандил Калманбетовдун айтуусунда, өткөн бейшембиде кол коюлган келишимдер мурдагылардан айырмаланат. Башкача айтканда, Камбар-Атаны жана Нарын дарыясынын жогору жагына 4 ГЭС куруу жөнүндө гана макулдашууларга кол коюлуп, быйылкы келишимдер кыска мөөнөт ичинде ишке киришет:

- Макулдашууда жазылды: кол коюлгандан кийин бир айдын ичинде техникалык-экономикалык негиздемесин каржылоого каражатты Орусия табат, беш айдын ичинде техникалык-экономикалык негиздеме аткарылат деп. Буйруса беш айдын ичинде ТЭН бүтсө, андан кийин курулушка кызуу киришебиз.

Афтандил Калманбетовдун айтуусунда, Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын каскадын курууда жергиликтүү ишканаларга артыкчылык берилет.

Камбар-Ата-1ди жана Жогорку Нарын каскадынын курулушуна каражатты Орусия табат да, Камбар-Ата-1ден түшкөн пайданы эки тарап 50% бөлүп алат. Ал эми Жогорку Нарын каскадын курууда курулушка салынган каражатты ордуна келтиргиче кыргыз тарап пайданын 25% алып турат, дагы 25% акционердик коомдун атайын “ишенимдүү башкармалыгына” берилет.

Камбар-Ата-1 ГЭСинин техника-экономикалык негиздемесин тургузууга 15 млн. доллар сарпталары айтылууда, ал эми ГЭСтин курулушуна анын кубаттуулугуна жараша 2 млрд. доллардан 4 млрд. долларга чейин каражат сарпталышы мүмкүн.

Жогоруда айтылгандай, Кыргызстанда энергетикалык объекттерди куруу боюнча мындан үч-төрт жыл мурун жетишилген келишимдер ишке ашпай калган. Буга кыргыз тараптын "жабык сүйлөшүүдөгү" убадасын аткарбаганы себеп болгон. Атап айтканда, АКШнын Бишкектеги аскер базасын чыгаруу тууралуу чечимин ошол кездеги президент Курманбек Бакиев аткарбай койгон сон Москва кыргыз бийликтерине эмгиче эле шектенүү менен карайт.

Ошондон улам бул жолку макулдашууларда кайсы тарап келишимде айтылган шарттарды аткарбай койсо, ошол тарап кеткен чыгашаны төлөөгө милдеттендирилди деген маалыматын орусиялык серепчи Аркадий Дубнов “Азаттык” менен бөлүштү:

- 2009-жылкы ушундай эле келишимдин аткарылбай калышы тараптардын бири-бирине ишенбөөчүлүгүнө негиз берип жатат. Менимче, Орусия тарапта “кыргыздар келишимди бузат, ага сарпталган каражатты жана күчтү жокко чыгарат” деген саясий кооптонуу турса, Кыргызстан тарап орустар ГЭСтердин курулушуна киришип, аягына чыгарарына ишенбей турушат. Ошондуктан келишимди бир жактуу бузуу боюнча атайын өзүнчө пункт иштелип чыкты, ага ылайык тараптар бири-бири менен эсептешип алып, анан гана келишимди буза алышат.

Аркадий Дубнов Кыргызстанда мындай ири энергетикалык объекттерди курууга эки тарап бирдей кызыкдар деп эсептейт. Анын пикиринде, Кыргызстан бул иште Орусия менен өзүнүн геосаясий таламын көздөп, Ташкентти ынандыруу максатын беттеп тургандай.

Орусия Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана өлкөнүн энергетика тармагын инвестициялоо кызыкчылыгын билдирген 2008-жылы эле айрым адистер бул аракети менен орустар Борбор Азияда геосаясий үстөмдүгүн орнотууну көздөп жатат деп айтып чыгышкан. Мындай пикирлер азыр да жок эмес, ал тургай Кыргызстанда энергетикалык объекттерди биргелешип куруу тууралуу макулдашууларга кол коюлгандан кийин да “бүттү, эми суу менен электр энергиясына Орусия ээлик кылат, биз өзүбүз алардан сурап, сатып алабыз” дегендер чыгууда.

Бирок мындай кооптонууларга негиз жоктугун адис-энергетик Райымбек Мамыров белгилейт. Анын айтуусунда, Токтогул суу сактагычы ГЭСи менен, электр линиялары Кыргызстандын колунда турганда Кыргызстан эч качан суу жагынан да, электр энергиясы жагынан да эч кимге көз каранды болбойт:

- Камбар-Ата-1 ГЭСинин чөйчөгүнө 5 млрд. куб метр суу гана батат, ошондуктан, суу жагынан маселе болбойт. Экинчиден, Камбар-Ата-1 ГЭСи иштеп чыккан электр энергиясы биздин линиялар менен таратылат. Үчүнчүдөн, Камбар-Ата-1 ГЭСинде Кыргызстандын үлүшү теңме-тең. Бул дагы өзүнчө рычаг болуп саналат, ошондуктан, чочулоого негиз жок.

Кыргыз-орус макулдашуусуна ылайык, Камбар-Ата-1 ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин түзүү үчүн беш ай убакыт берилген, ал эми ГЭСтин курулушу келерки жазда башталмакчы. Маалыматтарга караганда, ГЭСтин курулушу 2021-жылы аяктайт, Камбар-Ата-1 ГЭСи ишке кирсе, жылына 5 млрд. кВт электр энергиясын иштеп чыгат. ГЭСтин кубаттуулугу 1 млн. 900 миң кВт болот, бул Токтогул ГЭСинин кубаттуулугунан 700 миң кВтка көп.

Түркмөнстан: президентсиз футбол да болбойт

Ашхабадда түркмөн президентинин кубогун көрүүгө миңдеген мамлекеттик кызматкерлер келишкен. Бирок Армения менен Кыргызстандын футбол оюну өз убагында болбой калды.

20-сентябрда күн кайнаган ысык. Ашхабад стадионунда күйөрмандардын формасын кийген студенттер менен мектеп мугалимдери, медайымдар менен бухгалтерлер жылына өткөрүлүүчү президенттик мелдешти күтүп отурушту. Жергиликтүү мамлекеттик гезиттер "бул күнү Армения менен Кыргызстандан командалар беттешет" деп жазган.

Көрөрмандардын арасында футбол менен иши деле жок, кел дегенинен келдик, эми көрсө көрүп кетели дегендер аз эмес эле. "Азаттыктын" Түркмөн кызматынын бул кезде стадиондо жүргөн кабарчысы билдиргендей, убакыт өтүп жатты, бирок футбол талаасына эч ким чыккан жок.

Түркмөнстанда футбол оюнуна баруу калктын айрым категориялары үчүн милдеттүү болгону менен, аларга күйөрмандары үчүн тигилген формалар мамлекет тарабынан берилбейт. Бул кийимди мамлекеттик кызматкерлер ишке киргенде, же студенттер жогорку окуу жайда билим ала баштаганда милдеттүү түрдө өз акчасына сатып алат.

Мамлекеттик кызматкерлердин жетекчилери же студенттердин окутуучулары ар бир футбол оюнунда алардын топ башчысы болуп кызмат кылат. Күйөрмандар качан, эмне деп кыйкырып, кандай эрежеге баш ийиш керектигин ошолор көзөмөлдөйт.

20 миң кишиге эсептелинген Ашхабад стадионунда Армения менен Кыргызстандын мелдеши түштөн кийин саат 3тө башталарын мамлекеттик гезит жазган. Бирок көрөрмандар мээ кайнаткан ысыктан кыйналып отурганда футболчулардын ордуна талаага микрофон кармаган бирөө чыгып, көрөрмандарды президент келип калса, аны кандай тосуп алуу керектигин үйрөтө баштады:

– Стадионго президент келгенде ар бириңер ордуңардан туруп, “менин сүйгөн өлкөм Түркмөнстан! Биздин коргоочубузга даңк!” деп хор менен айтасыңар. Кана эми ордуңардан туруп, менден кийин кайталагыла!

Көрөрмандарга ышкырып, кол чабууга уруксат жок экендиги эскертилди. Ошондой эле топ киргизгендеги адаттагы “гол” дегендин ордуна “утук” деп кыйкыргыла деген көрсөтмө болду. Утук – түркмөн тилинде “утуш” дегенди билдирет.

Эртеси, 21-сентярбда түркмөн сыналгысынан Армения менен Кыргызстандын беттешүүсү көрсөтүлдү. "Азатыктын" кабарчысы оюн кайда болгону телепрограммада айтылбаганын, бул жөнүндө башка маалымат табуу мүмкүн болбогондугун билдирди.

Кыргызстандын футбол федерациясынын маалымат кызматы футболчулар тобу Түркмөнстанга президенттин кубогуна катышканы кеткенин бышыктады. Бирок федерациянын басма сөз кызматынын өкүлү Төлөгөн Шаршеев "Азаттыкка" бул оюндар тууралуу өздөрүнө кабар түшө элек экен, бул өлкө менен чөнтөк телефон аркылуу байланыш да жок экенин билдирди.

Оюн алгач айтылгандай 20-сентябрда эмне себептен болбой калгандыгы тууралуу мамлекеттик маалымат каражаттары түшүндүрмө берген жок.

Миш-миш сөздөргө караганда, ал күнү президент Гурбангулы Бердимухаммедов Лебаб облусуна расмий сапар менен кеткен имиш. Ал эми президентсиз футбол ойногон болбойт да, туурабы?

Кыргыз элитасы сынга кабылды

Президент Атамбаев Орусия башчысы Путинге Кыргызстандын бийлик төбөлдөрүн тааныштырууда. Бишкек, 20-сентябрь, 2012.

Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстандагы расмий сапары түрдүү түкшүмөлдөргө негиз берди.

Бишкектен чыккан “Деньги и власть” гезити орус президенти Путин Кыргызстанга келип кеткенден кийин кыргыз саясий элитасын сындаган чуулгандуу макала басты. Коомчулуктун талкуусуна кабылган макаланын автору Виталий Хлюпин “ЦентрАзия” сайтынын редактору.

Хлюпиндин макаласы Путин келип-кеткен күндүн эртеси, гезиттин 21-сентябрдагы санына чыкты. Макалада Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев, жаңы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана мурунку президент Роза Отунбаева баштаган саясий элита сынга алынган.

Маселен Сатыбалдиевди "Акаев, Бакиев жана Атамбаевдин көңүлүн тапкан айлакер, ык таба билген коррупционер” катары сүрөттөгөн. Мурдагы президент Отунбаеваны Ош окуялары үчүн күнөөлөп, саясаттагы чабал адам катары баа берип, пайдалуу иш колунан келген эмес деп айткан.

Макалада кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн маңызы, максаты жана келечеги жок, Кыргызстан гастербайтерлер өлкөсү, көз карандысыз эмес деп жазылган. Автор Орусиянын Кыргызстандагы экономикалык долбоорлору жана алардын ишке ашуусунан күмөн санап, Путинди бул долбоорлорду ишке ашырууга шыкактагандарды “акмак” деп атаган.

“Деньги и власть” гезитинин башкы редактору Турат Акимов макалада Кыргызстандагы реалдуу саясат сүрөттөлгөн деп эсептей турганын “Азаттыкка” айтты:

- Мен макаланы ошон үчүн бастым. Намыскөйлөрдүн кичине намысы ойгонуп, чыйылдап-чыркырап аракет кылалы деп бастым. Биздин саясатчылар эмне? Мисалы Путин. Ямалда жүрдү, ал жактан учуп келип Павлодарда болду. Ал жактан Бишкекке түнкү саат 11.30да келди. Түнү менен таңкы 5ке чейин Атамбаевди иштетип, эртең менен 9-10дордо келишимдерге кол койдуруп, түштө кайра Дүйшөмбүгө учуп кетип калды. Биздикилер болсо мамлекеттеги элин бага албайт. Чындап келгенде 1 миллион элибизди орустар багат. Чынында куру намыстанып атабыз. Мен макаланы атайлап эле намысыбыз ойгонсун деп коюп койгом.

Акимов саясий элита алмашмайынча, абал оңолбойт деген пикирин да кошумчалады:

- 20 жылдан бери эмне керек экенин билбейт. Же каганат керекпи, же “паханат” керекпи, демократиябы, капитализмби, же коммунизм керекпи билбейт. Жыл сайын каалагандай Конституция алмаштырат, өкмөттү алмаштырат. Ошентип жогору жакта болбогон оюндар жүрүүдө. Биздин элитаны толугу менен алмашытырыш керек. Булар эч нерсеге жарабайт. Үч саат болсо да, үч күн болсо да, үч жыл болсо да уурдайт. Уурадагандан башка эч нерсени ойлобойт.

Талдоочу Марс Сариев Хлюпиндин айткандарында аздыр-көптүр чындык бар деп эсептейт. Бирок саясий элитаны бир жактуу жамандаганына кошулбайт:

- Хлюпиндин бирөөнү мактаганын көргөн жокмун. Түркмөнбашыдан баштап Орто Азиядагы саясатчынын баарын жамандайт. Жазгандарын окуп көрсөңөр, Орто Азиядагы кайсы мамлекетти албасын “булар бай-манап, ой жүгүртүүсү, психологиясы ошондой, булар киши болбойт, адам болбойт”, деген позицияда турат. Мындай көрүнүштөр да бар. Бирок элитанын баары андай эмес да. Бизде да элита өнүгүп атат, башка муун келатат. Анан ал болсо баарын кара менен боёп, жамандап салат. Бул деструктивдүү позиция.

Серепчи Эмил Жураев болсо Кыргызстан айрыкча июнь окуяларынан кийин маалымат чабуулуна кабылганын, ошондуктан буга даяр болушу керектигин айтып, бийликтегилер мындай нерселерди ылгап көңүл бурбай койгонду, бурса жооп берүүнү үйрөнүүсү зарыл деген пикирин билдирди:

- Башка чет мамлекеттерде, чет элдиктерден чыккан ойлорго “Маалымат согушун жарыялашты, биз эмне кылабыз” дегендей өтө сезимтал болушат. Менимче, бул кайсы мамлекетте болбосун кадимкидей эле көрүнүш. Экинчиден, так ушу макала, же ушундай макалаларда маселе Кыргызстан, кыргыз элитасы эмес, ошол басылма, ошол басылмага жол тапкан саясат таануучулар, же комментаторлор жөнүндө болуш керек.

Бул макала кыргыз элитасынын намысына тийер-тийбеси белгисиз. Азырынча президенттин, тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматтары буга расмий комментарий бере элек.

Хлюпин редакторлук кылган “ЦентрАзия” сайтынын өзү буга чейин кыргыз коомчулугунда талкуу жараткан. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы андагы Ош окуясы боюнча айрым макалалар улут аралык жаңджалды козутууда деп айыптап, кылмыш иш козгоо өтүнүчүн казак кесиптештерине жөнөткөн болчу.

Виталий Хлюпин окуу жайды Казакстанда аяктап, саясий илимдер боюнча кандидаттык жактаган. "ЦентрАзия" сайтына 2001-жылдан тарта редакторлук кылат.

Паспорту жок кыргыздар

Жалал-Абаддын Түрк-Абад аттуу чек ара кыштагына Өзбекстандан көчүп келген кыргыздар жарандык алалбай кыйналууда. Алар жумуштун жоктугунан ар кимдин ишин бүтүрүп, акы табышат.

Бир жыл мурда Өзбекстандан үй-бүлөсү менен көчүп келген Шарип Бегматов Барпы айыл өкмөтүндөгү кайын журту ушул айылдан сатып берген жерге үй курарын жана жумуш менен каражаттын жоктугунан курулушту өз колу менен бүтүрөрүн айтты.

Үчтөн бир дубалы чийки кыш менен урулган үйү кышка дейре бүтпөсө, быйыл да кайындарыныкында жашоону чамалап турат. Ал этникалык кыргыздарга жарандык берүү жагын жеңилдетүүнү өтүндү:

- Документтерди толтуруп койдум. Ал жерде “анысы кем, мунусу кем” деп эле өтө чуркатат экен. Барып-келип жүрө берип эле убакыт өтүп жатат. Аялым чуркап жүрөт. "Кайрылман" күбөлүгүң бар экен дейт. Нотариуска барсак туура эмес болгонун айтты. Барабыз, кайра оңдотобуз. Ушинтип эле убактыбыз короп атат. Эми бизди кыйнабай эле, паспорт алуунун жеңил жолун таап берсе жакшы болмок.

"Кайрылман" күбөлүгүнө ээ болгону менен кыргыз жараны боло элек Саадат Абдулаева да жумушсуздуктун азабын тартууда. Үч балалуу бул келинге тигүүчүлүк кесибине ылайыктуу ишкана Түрк-Абадда жок. Каражаттын тартыштыгынан орто мектепти быйыл бүткөн уулу билимин андан ары уланта албай калды.

Көчмөн кыргыздар таза сууну жарым чакырым аралыктан ташып ичет. Алар өздөрү байырлаган жерге электр зымдарын тартып алышкан. Саадат жарандыгы болбогондуктан Өзбекстандагы туугандарынан кабар алганы баратканда жана ал жактан кайтканда чек арада кыйла түйшүк тартканын билдирди:

- Сузакка паспорт алайын деп эки жолу барсам, "нике күбөлүгүңүз Өзбекстандыкы экен" деп, эки жолу тең кайтарып жиберди. Паспортко тиешелүү кагаздарды толтурганга деле акча керек экен да. Акча жогунан алалбай атабыз. Жумушум жок, балдарымды күйөөм Орусияда иштеп жүрүп багат. Балам ишке жарап калды, колунан бардыгы келет: телевизор, телефон оңдойт, уста. Окууга киргизейин десем акча жок. Корообузда жада калса чычкак улагыбыз да жок.

Өзбекстанда иштеп жүрүп, ошол жактан пенсияга чыккан Чыныгүл Чотонованын уулу жер сатып алып, үч жыл мурда келген Түрк-Абадга үй курган. Кыргыз жарандыгына анын эки баласы муктаж. Ал Кыргызстандын паспорту тийсе эле уулун Орусияга жумушка жиберерин айтты:

- Балама иш жок. Кечээ мен бирөөнүн жүгөрүсүн кайрып берип, 300 сом мээнет акы таап келдим. Балам тиги-булардын чөбүн орот, байлайт. Өзүм Кыргызстанда, Жийде айылында төрөлгөм, кийин өзбекстандык адамга турмушка чыккам. Ата-энем ушул жакта. Өзбекстандагы пенсиябызды бул жакка которуп бере турган болсо, үй-бүлөбүз менен эле ушул жакка көчүп өтөбүз.

Кыргыз жарандыгы бар Камчыбек Абдуллаев эптеп бүткөн тамынын терезе көздөрүн жылтырак кагаз менен тосуп отурат. Ал Өзбекстандан көчүп келгенден бери ар кимдердикинде жашап жүрүп, жер сатып алып, ага чийки кыш менен там куруп алган. Бирок анын жубайы кыргыз паспортун алуу кыйын болгондуктан Өзбекстандын жараны бойдон жүрөт. Балдарына жөлөк пул да алган эмес:

- Түрк-Абадга келгениме эки жыл болду. Көздү жумуп, Орусияга барып иштеп келип, ушул алты сотик жерди сатып алдым. Эптеп үй курдум, же полу жок. Бир бөлмөсүн араң бүтүрдүк. Бирөөнү карап, жардам күткөнүбүз менен батирден батирге көчүп жүрө берет экенбиз да. Эми бир аз жардам беришти, төшөнчү, одеял, чай ичкенге чайнек-пияла дегендей, андан башка жардам болбоду. Бир уул, эки кызым, аялым бар. Өзүм он жыл мурда Чүйгө көчүп баргандыктан паспорт алып алгам, балдарым да жарандык алышкан. Бирок аялыма жарандык берише элек.

Ошентип эптеп там-таш курса, жумушу жок, иш табылса, жарандыгы жок этникалык кыргыздарды ушул кезде кыш камылгасы ойлондурууда. Өзбекстан өз аймагыбыз деп, чек ара бойлой казган терең ор (аң) Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарындай эле коншу өлкөгө чектеш Түрк-Абад кыштагын да айланып өтөт.

Орусия Кыргызстандын карызын кечти

Кыргыз-орус президенттеринин жолугушуусу. Бишкек, 20-сентябрь, 2012.

Кыргызстан менен Орусия 20-сентябрда бир катар макулдашууларга жетишти.

Ал келишимдердин мазмуну кандай? Аларды турмушка ашыруу Кыргызстанга, Борбор Азияга кандай таасирин тийгизет?

Орус президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга 20-сентябрдагы бир күндүк сапарында 6 документке кол коюлду. Алардын ичинен Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу, Кыргызстандын Орусияга карызын жөнгөрүү жана орус аскердик базасына байланыштуу келишим негизгилерден.

Тышкы карыз жана аскердик базага байланыштуу келишимдер бири-бирине байланышкан. Маселен, Кыргызстандын 500 млн. долларга жакын карызынын 190 млн. доллары дароо кечилсе, калган 300 млн. доллар 2016-жылдан баштап, 10 жылдын ичинде бөлүп-бөлүп кечилет. Мына ошол карыз кечүү башталгандан тартып, Орусиянын Кыргызстандагы аскердик базалары боюнча 15 жылдык жаңы келишим күчүнө кирет.

Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча келишимде курулуш качан башталышы так көрсөтүлгөн эмес. Ал маселе долбоордун техника-экономикалык негиздемесине жараша болот. Ал эми негиздемени даярдоого 5 ай мөөнөт коюлду.

Кыргызстан менен Орусия Камбар-Ата-1 ГЭСине 50 пайыздан ээлик кылат. “Камбар-Ата-1 ГЭСи” жабык акционердик коомун директолор кеңешинде беш мүчө болот. Анын үчөөсү кыргыз тараптан, экөөсү орус тараптан болот. Башкармалыкта да беш киши болот, анын үчөөсү орус тараптан экөөсү кыргыз тараптан болот. Бирок эки органдын төрагалыгына талапкерди көрсөтүү артыкчылыгы орус тарапка берилген.

Кыш мезгилинде Камбар-Ата-1 ГЭСинен электр энергиясын экспорттоо артыкчылыгы Кыргызстанга берилген. Жогорку Нарында төрт ГЭС боюнча да ушундай эле мазмунда келишим түзүлгөн.

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов жетишилген келишимди тарыхый деп атап, буларга токтолду:

- Кол коюлган келишимдер кыргыз тарапка дагы, орус тарапка да пайдалуу болду. Жыйырма жылдан бери Нарын каскадын салабыз деп айтылып келген. Тилекке каршы ишке ашкан эмес. Эми ушул макулдашуу ишке ашып элибизге, мамлекетке, экономикабызга пайда алып келээрине үмүттөнөм.

Жекшенкуловдун пикиринде, долбоордун ишке ашырылышы менен Кыргызстандын мамлекет катары да салмагы артып, Кытай, Пакистан жана Ооганстанга электр энергиясын экспорттоого мүмкүнчүлүк алат.

Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна кошуна Өзбекстан кескин каршы чыкканы белгилүү.

Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Мирослав Ниязов ГЭСтерди курууда Кыргызстан улуттук кызыкчылыгына жараша кадам таштады дейт:

- Өзбекстан каршы болуп жатат. Бирок Кыргызстанда башка жол жок. Биздин негизги байлыгыбыз суу. Суу деген байлык эртели-кеч товар катары каралыш керек. Жараткан Өзбекстан, Казакстанга мунай, газ берсе, Кыргызстан, Тажикстанга суу берди. Ошон үчүн муну цивилизациялуу жол менен, маданияттуу жол менен чечип алышыбыз керек. Корктуп-үркүткөндөн пайда чыкпайт. Зыян гана болот.

Мирослав Ниязов Орусия менен түзүлгөн келишимдерди жогору баалады.

Экономика жана антимонополдук саясат министри Темир Сариевдин билдирүүсүнө караганда, жаңы курулган ГЭСтер өзүн актаганга чейин башкаруу орус тарапта болот.

Ал эми жумшала турган каражаттын көлөмү тууралуу Сариев буларды билдирди.

- Эми так көлөмү техникалык-экономикалык негиздеме бүткөндөн кийин айтылат. Бирок алдын-ала биздин адистер санап чыкканы боюнча, Жогорку Нарын ГЭСтерине 400-450 млн. доллар,ал эми Камбар-Ата-1ге 2 млрд. тегерегинде каражат жумшалат деп айтылган.

Бул каражаттын баарын орус тарап камсыз кылат.

Талдоочулардын баамында, Камбар-Ата-1 ГЭСинин тең жарымына ээлик кылуу менен орус тарап региондун энергетикалык эле эмес, суу саясатына да таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Мына ушул маселе Өзбекстанды өзгөчө тынчсыздандырууда.

Ал эми Орусиянын өз инвестициясын коргоо кепилдиги Кыргызстанды Москва менен бул кадамды бирге таштоого кошумча демөөр болууда. Ал эми Казакстан Кемин-Алматы электр чубалгысын тартууга даярдыгын билдирүү менен Кыргызстандагы энергетикалык долбоорлорго мамилесин билдирген десек жаңылышпайбыз.

Сариев: Орусия түшүндү...

Марс Сариев

Кыргыз-орус алакасы жана Борбор Азиядагы геосаясий жагдай тууралуу саясат таануучу Марс Сариев ой бөлүштү.

- Орусия президенти Владимир Путиндин Бишкекке келиши менен эки ортодо талкууланып жаткан долбоорлор, келишимдер боюнча толук мунаса табылып, эки өлкөнүн алакасы жаңы деңгээлге чыгат деп ишенүүгө болобу?

- Албетте. Кыргызстан менен Орусиянын мамилеси жаңы деңгээлге чыгат. Чоң келишимдер боюнча макулдашууга жетишилип, Путин айткан Евразиялык моделге акырындап жылып баратабыз.

- Кыргыз-орус алакасынын жакшырышы, деги Путиндин өзүнүн Бишкекке келиши, Кыргызстандын Борбор Азиядагы башка өлкөлөр менен мамилесине, деги эле региондогу кырдаалга кандай таасир этет? Буга чейин өзбек президенти Ислам Каримов Камбар-Ата-1 ГЭСин курулушуна каршы болуп, эскертүү жасаганы маалым.

- Туура айтасыз. Чын эле Өзбекстан Камбар-Ата ГЭСи жана Тажикстандагы Рогун ГЭСинин курулушун жакшы кабыл албайт. Ошондуктан бир жагынан Кыргызстан, Тажикстан жана анан Казакстан, Орусия чоң массив болот. Бул тарап өзүнчө эле Орусияга ооп баратат. Өзбекстан болсо өзүнчө четтеп, Америка менен тыкыс байланыш түзүп, ал тарапка ыктап жатат. Натыйжада эки оюнчу Орто Азияны геосаясий жаракага алып келе жатат.

- Мунун кесепети кандай болушу мүмкүн?

- Менин оюмча, гидроэнергетикалык долбоорлор бир жылда эле салына койбойт. Он чакты жылга созулат. Ошондуктан бул мөөнөт аралыгында сүйлөшүп, бир компромисске келет го деп ойлойм. Андай сөз табылбаса, бул чоң долбоорлор ишке да ашпай калышы мүмкүн.

- Кыргызстан негизи көп векторлуу тышкы саясатты жүргүзгөн өлкө катары сыпатталып келет. Бирок соңку келишимдер Кыргызстандын толугу менен Орусияга бурулуп, Орусияга көз каранды болгонун көрсөтпөйбү?

- Менимче, Кыргызстан толугу менен Орусияга бурулбайт. Башка мамлекеттер, анын ичинде Батыш менен мамилесин да үзбөйт. Бирок экономика, аскер тармагында жана саясат жаатында мурунку көп векторлуу саясатка караганда, Орусия менен тыкысыраак мамиле кылабыз. Себеби азыр заман өзгөрүлүп кетти. Азыр дүйнөдө эмне болуп жатканын байкап жатасыздар. Ошондуктан бизге стратегиялык бир өнөктөш менен тыкыс иштеш керек болуп жатат.

- Борбор Азиядагы айрым өлкөлөрдүн каршы позициясына карабай, Орусиянын энергетикалык долбоорлорду каржылоого макул болуп жатышынын себеби эмнеде? Орусиянын Кыргызстанды колдон чыгарып жибербөө аракетиби, геосаясий чечимби?

- Туура, бул геосаясий чечим. Себеби бул долбоорлор миллиардаган каражатка турат. Ал долбоорлордун кайтарымы жакын аралыкта болбойт. Экономика жагынан Орусияга жакынкы мөөнөттө пайда алып келе албайт. Ошондуктан бул геостратегия. Себеби Орусия Орто Азияны колунан чыгаргысы келбейт. Американын Өзбекстанга карата чоң долбоорлору бар. Бир жагынан Кытай бул өз долбоорлору менен чөлкөмгө кирип бара жатат. Ошондуктан Орусия түшүндү. Орто Азияны жоготсо Орусия өзү талкаланат.

- Эми Путиндин сапарында аскердик, энергетикалык жана карыз маселелери боюнча жалпы алты документке кол коюлаары айтылып жатат. Камбар-Ата-1 ГЭСин алсак, мындай макулдашууларга буга чейинки бийликтердин тушунда деле жетишилгени менен ишке ашкан эмес. Эми бул жолку келишим ишке ашаарына көзүңүз жетеби?

- Азыр айтыш кыйын. Себеби, Өзбекстан Орто Азияда стратегиялык мамлекет болот. Орусиянын Өзбекстан менен мамилесин стратегиясын жакшыртуу ниети бар. Муну азыр так кесе айтуу кыйын. Ошондуктан мунаса табуу керек. Мүмкүн Кыргызстан менен Тажикстандагы ГЭC куруу долбоорлоруна Өзбекстан да катышып калышы мүмкүн. Себеби Өзбекстан позициясын эсепке албаса, бул долбоорлор ишке ашпай калышы мүмкүн.

Кабылда жардырууга кабылган кыргыз жараны

Эсенбек Ниязалиев Ооганстанда казакстандык бир компанияда тик учактарды тейлеп иштечү. (Өздүк архивдеги сүрөт.)

18-сентябрда Ооганстандагы жардырууда мерт болгон кыргыз жараны Эсенбек Ниязалиевдин сөөгү 21-сентябда Бишкекке алынып келээри кабарланууда.

Кабылдагы АКШ элчилигинин авиапаркын тейлеп иштеген маркум Эсенбек Ниязалиев ал күнү бейкапар үйүнөн чыккан. Кызматкерлерди ташыган үч кичиавтобустун бирине отуруп, адаттагыдай эле аэропортко сапар алган. Тизилген кичиавтобустар аба майданга жакын калганда, жан кечти биринчи унаанын жанында өзүн жардырып жиберет. Таң эрте саат алтыда болгон жардыруудан Эсенбек Ниязалиев менен кошо 12 адам дароо жан берген.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нуржигит Кадырбеков учурда кыргыз жаранынын сөөгүн алып келүү аракети жүрүп жатканын билдирди:

- Кыргызстандын Ооганстанда өзүнүн өкүлчүлүгү азырынча жок болгондуктан, биз анын сөөгүн мекенине кайтаруу боюнча документ маселелерин ал жактагы Тажикстандын элчилиги менен бирге бүтүрүп жатабыз. Ошондой эле бул иште АКШнын элчилиги да көмөк көрсөтүүдө.

Орусиянын Ооганстандагы элчилигинин пресс-атташеси Степан Аникеев көз жумгандардын арасында Түштүк Африка Республикасы менен Ооганстандын да жарандары бар экенин “Азаттыкка” кабарлады. Жардырууну «Хезб-и-Ислами» уюму мойнуна алып, АКШда жеке адамдар тарабынан даярдалган анти-исламдык «Бейкүнөө мусулмандар» тасмасы үчүн өч алышканын билдирди.

Терактта мерт кеткен кыргыз жаранынын артында жубайы менен үч баласы калды деп билдирди “Азаттыкка” маркумдун тууганы Сталбек Шаршеев.

- Жумушун жакшы көргөн, мүнөзү мыкты киши эле. Өмүр бою аскердик кызматтарда жүрүп, анан жарандык жумушка өтүп кеткен. Өзүнүн кесиби авиамеханик болчу да. Анан менин балам да жолумду жолдосун деп баласын Кыргыз авиациялык колледжине өткөргөн эле.

Теги Талас өрөөнүнөн болгон кыргыз жараны өмүрүн тик учакка арнап, атайын окууну бүтүргөндөн кийин Коргоо министрлигинин тик учактар эскадрилиясында иштеп баштаган. 2009-жылы «Аэростан» деген компанияга кетип, Ооганстандын бир нече шаарларында эмгектенген.

Жакында эле 48 жашка толгон Эсенбек Ниязалиев Казакстандын «Бурундайавиа» жүк ташуучу компаниясы менен келишим түзүп, тик учактарды тейлөө боюнча техникалык кызматкер катары иштегенине эки ай болгон.

Ал аз убакытта эле өзүн кесипкөй катары көрсөтүүгө жетишкен, деп билдирди маркум менен Кабылда чогуу иштешкен кесиптеши Рустам Махмутов.

- Жакшы адис болчу. Адамдар менен бат сөз табышкан, тамашакөй. Жумуш боюнча ага эч кандай суроолор жок болчу. Ал жумуштан качпай, өз ишин жакшы аткарчу. Биздин компанияда ал тик учактарды асманга учаардын астында текшерчү. Эми ушундай окуя болуп калды. Эмне кылабыз, тагдыр экен да...

Ушундай эле ойлорун «Бурундайавианын» Алматыдагы башкы кеӊсесинин өкүлдөрү да “Азаттыкка” айтышты. Бул окуя тууралуу маалымат издеп жатып, интернеттеги социалдык түйүндөрдөн маркумдун сүрөттөрүн таап калдык. Өз курагынан жаш көрүнгөн, кара тору келген Эсенбек Ниязалиевдин базалардагы, тик учактын ичинде, кесиптештери менен отурушта күлүп-жайнап түшкөн сүрөттөрү бар экен.

Маркумдун жакындары кабарлашкандай, Эсенбек Ниязалиевдин сөөгү 21-сентябрда таң менен Бишкекке жеткирилмекчи.

Тышкы иштер министрлиги Эсенбек Ниязалиев Ооганстандагы соңку беш жыл ичиндеги терракттарда мерт болгон алгачкы кыргызстандык жаран экенин билдирди. Көп жылдардан бери Талибан менен НАТОнун коалициялык күчтөрү согушуп келаткан бул өлкөдө кыргызстандыктар көбүнэсе аба базаларында иштеп келишет.

Маделханов: Ошто консулдук ачуу - заман талабы

Ушул айдан тарта Ош шаарында Казакстандын консулдугу ишин баштаган. Өлкөнүн түштүгүнөн Казакстанга иштегени кеткендердин саны арбын экендиги экинчи борбор калаага консулдук ачууга себеп болгону айтылган эле. Консул Мухан Маделханов “Азаттыкка” маек курду.

- Мухан мырза, Ош жергесине кош келипсиз! Ошто Казакстандын консулдугун ачуунун канчалык зарылчылыгы бар эле?

- Ошто Казакстандын консулдугун ачуу маселеси президент Алмазбек Атамбаевдин казак жергесине иш сапар менен барган учурда көтөрүлгөн. Анткени биздин элчилик Бишкекте жайгашкан. Борбор калаа менен Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын арасы бир топ алыс. Баткенде, же түштүктүн башка бир аймагында иштеп, окуп жүргөн казак атуулдарына убакыт жана каржы жагынан үнөм болсун деген максатта консулдук ачылды. Консулдукту ачуу керек болчу.

- Кыргызстанда иштеп жана жашап жүргөн казакстандык жарандар негизинен Бишкек жана Ысык-Көлдө ишкерлик менен алектенишет. Бул жааттан алып караганда Ошко консулдук ачуу канчалык негиздүү?

- Жалал-Абад жана Баткен аймактарында да казакстандык ишкерлер эмгектенишет. Биз аларга укуктук жактанбы, же башка жардамдар керек болобу, көмөк берип турабыз. Биздин биринчи максатыбыз ошол. Ошондой эле Кыргызстандын аймагында казак жараны, же болбосо Казакстандын аймагында кыргыз жараны кай бир татаал жагдайга туш келип калса, түздөн түз көмөк көрсөтөбүз.

- Консулдук Кыргызстандан Казакстанга иштегени кетип жаткан жарандарга кандай жардам бериши мүмкүн?

- Оштон Казакстанга иштегени кеткен мигранттар көп экен. Бул тууралуу бизге шаар мэри, облустун губернаторлору жолугушуу учурунда айтышты. Биздин өлкөгө иштегени кетип жаткандар кайрыла турган болушса, колубуздан келгенче кеп-кеңеш берүүгө даярбыз.

- Бир айга жакын убакыттан бери Ош шаарында иштеп жатасыз. Эки жыл мурун башынан кандуу калабаны өткөргөн шаардын бүгүнкү абалына кандай баа бердиңиз?

- Эки жыл муруңку калаба аябай өкүнүчтүү болду. Эми андай согуш кайталанбасын. Мен жана кесиптештерим калаада кайра куруу иштери аябай жакшы жүрүп жатканын байкадык. Бир гана бийлик эмес, жашоочулар өздөрү да тынчтыкта жашоого, шаарды өркүндөтүүгө жапатырмак киришиптир.

- Айрым чет өлкөлүк уюмдар Ошто дагы эле чыңалуу бар деп жатышат. Сизге бул байкалдыбы?

- Мен чет өлкөлүк уюмдардын берген баасына көз карашымды билдире албайм. Бирок мен андай жагдайды байкай элекмин. Менимче баары жакшы...

Москва: кыргыз мигранттары полицияга кол салды

"Азаттыктын" архивиндеги сүрөттүн бул окуяга тиешеси жок.

Москвада кыргыз жана тажик мигранттары орус полициясына кол салганы кабарланды.

Москвадан келген кабарларга караганда, 14-сентябрда чыккан чатакка катышкан 5 кыргызстандык кармалып, камакка алынды. Орус күч түзүмдөрүнүн маалыматында, алар мыйзамсыз соода кылган мигранттарды текшерип келген полиция кызматкерлерине кол салып, токмоктошкон. Бирок кыргызстандык мигранттар окуянын чыгуу себеби башкача да болушу мүмкүн экенин айтышууда.

Орусиянын күч кызматтарынын маалыматы боюнча, окуя 14-сентябрда Москвадагы Дуров көчөсүндө болгон. Анда полиция кызматкерлери көчө боюнда тыюу салынган жайда соода кылган кыргызстандык жана тажикстандык алты мигрантты кармап кетип жатканда мекендештерин куткаруу үчүн ошол жердеги жүздөй адам чогулуп келип полицияга кол салган. Натыйжада беш полиция кызматкери жараат алган.

Окуя болгон жерге кошумча күч тартылып,12 мигрантты Москванын Мещан райондук ички иштер бөлүмүнө алып кетишкен. Кармалгандардын бешөө кыргызстандыктар. Калгандары Тажикстандын жана Египеттин жарандары.

Москва шаардык полициясынын маалымат кызматынын өкүлү Алексей Шапкин орусиялык “Вести” телеканалына сүйлөп жатып, полицияга кол салгандарга кылмыш иши козголгонун билдирди:

- Бул иш дыкаат текшерилди. Анын жыйынтыгында Москванын Мещан райондук тергөө комитети тарабынан бул окуяга катышы бар адамдарга кылмыш жана административдик кодекстердин беренелерине ылайык, иш козголду. Азыр кылмышка тиешеси бар башка адамдар да аныкталууда.

Окуяга кыргыз жарандарынын катышканын Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен тастыкташты. Элчиликтин маалымат катчысы Айымкан Кулукееванын “Азаттыкка” кабарлашынча, камалгандардын ичинен Кыргызстандын бир жаранына кылмыш иш козголсо, 4 жаранга административдик кодекске ылайык иш ачылды:

- Биздин элчиликтин кызматкерлери бул окуяга кыргызстандыктардын катышы бар экенин тактады. Ага ылайык, окуяга тиешеси бар делип 3 кыргызстандын жараны жана Орусия жарандыгын алган 2 мекендешибиз кармалыптыр. Алардын ичинен Халматов жана Абдразаков аттуу кыргызстандын жарандары, Орусия жарандыгын алган Суеркулов, Кадыров аттуу эки мекендешибиз административдик жазага тартылат. Ал эми 1994-жылы Ноокат районунда туулган Таирбек уулу Заирбекке бийлик өкүлүнө кол салган деген берене менен кылмыш иши козголуптур.

Кулукееванын айтымында, элчилик кызматкерлери учурда камактагы кыргыз жарандарына укуктук жардам беришүүдө.

Буга чейин да Орусияга Борбор Азиядан барган эмгек мигранттары арасында ар түркүн кылмыштардын көбөйгөнү тууралуу арбын айтылып келген. Бирок бийлик өкүлдөрүнө кол көтөргөн окуялар каттала элек болчу.

Москвадагы кыргыздардын “Кыргыз биримдиги” уюмунун төрагасы Абдыганы Шакировдун айтымында, орус полициясынын мигранттарга орой мамилесинен улам да ушундай чыр чыгышы мүмкүн:

- Кыргызстан,Тажикстан, Өзбекстан сыяктуу мамлекеттерден келген мигранттарга полиция орой мамиле кылган учурлар көп эле болот. Бирок мамиле мурдагы жылдарга салыштырмалуу оңолуп калган. Ошондуктан бул окуянын чыгуу себептерин талдап көрүш керек.

Ошол эле учурда Шакиров Москвада Кыргызстандан барган мигранттардын арасында жергиликтүү мыйзамдарга баш ийбей, бейбаштык кылгандары да жок эместигин белгилейт:

- Албетте биздин кыргыз мигранттардын да туура эмес иштери абдан эле көп. Маселен, азыр Москвада эч ким көчөдө соода кылбай калган. Мындан 10-15 жыл мурун ушундай болчу. Бирок азыр анын баары жоюлган. Биздин мигранттар аны сактабай эле жергиликтүү калктын кыжырын кайнатып туруп алышат. Балким ошондон улам полиция тазалаганга аракет кылса керек.

Полицияга кол көтөргөндөрдүн иши тергелип бүтүп, бүгүн Мещан райондук сотуна өткөрүлүп берилди. Орусия мыйзамдарына ылайык, административдик жазага тартылгандар 15 күнгө чейин камалса, бийлик өкүлүнө кол салган деген берене менен айыпталгандар 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Апта: Путин бет алды, Каримов каарыды

Өтүп бараткан аптада орус президентинин Кыргызстанга келери тастыкталды. Президент Алмазбек Атамбаев парламентти мыйзам чыгаруу менен көбүрөөк алек болууга үндөдү.

Борбор Азия регионундагы суу-энергетикалык маселе кайрадан биринчи орунга чыга баштады. Маселенин курчушуна орус президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга сапар менен келип, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча келишимге кол коюлуш мүмкүндүгү себепкер болду.

Белгилүү болгондой, Владимир Путин 20-сентябрда Бишкекте расмий сапар менен болот. Сапар учурунда эки тарап аскердик, финансылык, эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу, эң башкысы Кыргызстанда бир катар энергетикалык объекттерди, анын ичинде ири Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча келишимге кол коюушу күтүлүүдө.

Мына ушул маселе кошуна мамлекеттерди бүлгүнгө салып, алардын мамлекет башчылары согуш менен коркута баштады. Өзбекстан президенти Ислам Каримов 6-7-сентябрда Астанага жасаган сапары учурунда “региондогу суу-энергетикалык маселе согушка алып келиши мүмкүндүгүн” эскертти. Ташкен Тажикстанда Рогун, Кыргызстанда Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна кескин каршы болуп келатат.

Өзбекстан тарап бул ГЭСтер сейсмикалык жактан туруксуз жерлерде курулат жана региондогу суу балансын бузат деп чыр салууда. Ташкендин чыр салганына карабай Тажикстан Рогунду бир нече жылдан бери өз күчү менен куруп жатканы маалым. Ошонун айынан эки өлкөнүн мамилеси курчуп, Тажикстан блокадага алынып турат.

Бирок Ислам Каримовдун Астанадагы сөзү көбүнэсе Кыргызстанга багытталгандай болду. Анткени ал “кайсы бир улуу держава менен ГЭСтерди куруу боюнча кол коюуга чейин экспертизадан өткөрүп, суунун этегинде жашаган элдердин келечеги кандай болорун түшүндүрүп берели” деп айткан. Байкалып тургандай улуу держава Орусия менен Кыргызстан энергетикалык долбоорлор боюнча кол коюунун алдында турат. Ошондуктан Өзбекстан президентинин сөзү Кыргызстанда бир катар кызуу талкууларды жаратты.

Оппозициялык партиянын лидери Камчыбек Ташиев 12-сентябрда парламентке президент келгенде Ислам Каримовдун согуш жөнүндөгү сөзүн көтөрүп чыкты:

- Мына, кечээ биздин коңшубуз Өзбекстандын президенти Ислам Каримов так айтты: жакынкы арада Орто Азия мамлекеттерде суу боюнча согуш чыгып кетиши мүмкүн деди. Ким менен согушканы даярданып жатат ал киши? Эгерде ошондой согуш чыгуу мүмкүн болсо биздин күч органдарыбыз, армиябыз согушка даярбы, даяр эмеспи? Ал киши ушундай маселени айткандан кийин биз аны эмне үчүн талкуулаган жокпуз? Президент айтып жатат ошондой сөздү, ошондуктан капыстан ошондой алаамат чыгып кетсе коомубуз, мамлекетибиз даярбы?

Президент Алмазбек Атамбаевдин ага жообу мындай болду:

- Биринчиден, Ислам Абдуганиевич Каримовдун сөзүнүн мааниси коңшулар ынтымак жашап, тил табышуу керек дегенге барат. Убагында Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча ошол кездеги президент Бакиев жалаң гана Орусия менен курабыз деп кол коюптур. Ошондуктан Казакстан менен Өзбекстандын нааразылыгы күчөп жатат. Биз орус тарабына "50% бизде, 50% силерде. Бирок ошол өзүңөрдөгү 50 пайыздан Казакстан менен Өзбекстанга үлүш берсеңер ынтымакта куруп алат элек" дедик. Бул маселелер боюнча мен Ислам Абдуганиевич менен сүйлөшүп жатам. Мага ишенип койгула, андай коркунуч азыр жок. Ал башка мамлекеттин дарегине айтылып жатат.

Президенттин айтымында, жакынкы айларда Коргоо кеңешинин жыйыны болуп, анда кеңири алкактагы маселелер талкууланат.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковдун билдирүүсүнө караганда, учурда Владимир Путиндин сапарында кол коюла турган келишимдердин үстүнөн иштер, даярдыктар уланып жатат. Ошондуктан азырынча конкреттүү кайсы документтерге кол коюлушун айтуу эртелик кылат.

Бирок Кыргызстан менен Орусия жетише турган келишимдер август айынын орто ченинде Орусиянын биринчи вице-премьер-министри Игорь Шуваловдун сапары учурунда кол коюлган үч протоколдун негизинде болмокчу. Ал протоколдордо эки тарап аскердик, карыз, энергетикалык багытта кызматташуу жана жакынкы айларда алар боюнча келишимдерге кол коюуну макулдашкан.

Атамбаев парламентти таркатууга каршы

12-сентябрда парламентте Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон жаңы өкмөт мүчөлөрү парламент жана президент алдында кызматка киришүү антын беришти. Ант берүү аземинен кийин президент Атамбаев өкмөт мүчөлөрүн таза иштөөгө чакырды:

- Жаңы түзүлгөн өкмөт өзүнүн ишин ырааттуулук менен алып барыш керек. Мурунку өкмөттүн жакшы иштерин, реформаларын улантып, өкмөттүн ишинде ордун басуучулук болуш керек. Кыргыз элине татыктуу кызмат өтөп, өз ишиңерди так жана таза аткаргыла.

Президенттин сөзүндө парламенттин дарегине олуттуу сындар айтылды. Жогорку Кеңеш өкмөттүн ишине көп кийлигишип, айрым учурларда прокуратура ролун аткарып калганы белгиленди.

Бирок да парламентти таркатуу боюнча демилгелерди колдобосун мамлекет башчысы белгилеп өттү:

- Айрым саясатчылар Жогорку Кеңешти тез арада таратып, Конституциялык реформа өткөрүү талабын коюп жатышат. Албетте Баш мыйзамдагы айрым кемчиликтер бар экенин көрүп турабыз. Бирок биздин пикирибизде, жаңы парламенттик шайлоолор жана Конституцияны өзгөртүүнүн тегерегиндеги талаш-тартыштар, жаңыдан шайлоо өткөрүү туруктуулуктун сакталуусуна, экономиканын, өлкөнүн өнүгүүсүнө жакшы шарт түзбөйт. Президенттин, Жогорку Кеңештин, өкмөттүн, соттордун, жергиликтүү бийликтин ыйгарым укуктарын мыйзамдардын, Конституциянын негизинде тактаса болот деп эсептейм.

Белгилүү болгондой, парламент ичинде да, сырткы оппозиция катарында да Конституцияны өзгөртүү, парламентти таркатуу демилгеси көтөрүлүүдө. Бирок азырынча көпчүлүк саясатчылар жакынкы айларда боло турган Бишкек шаардык жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдык көрүүгө киришти. Өзгөчө Бишкек шаардык кеңешине шайлоо күчтүү атаандашуу жана курч мүнөздө өтөөрү күтүлүүдө.

Экономикада эмне кеп?

Мына ушундай саясий күрөштүн алдында өлкө экономикасынын быйылкы жылдын сегиз айындагы көрсөткүчтөрү жарыяланды. Ага ылайык өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ички дүң жыйымдын көлөмү 4.6% кыскарган. Бирок Кумтөрдү кошпогондо экономика 3.9% өскөн. Ал эми инфляция 2% түзгөн.

Бул көрсөткүчтөр Кыргызстан экономикасы “тирүүлүктөн” кабар берип жатабы деген сурообузга экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев мындай жооп берди:

- Биздин экономикада “өлүү” да жок, “тирүүлүк” да жок. Былтыр кандай болсо ошондой. Биздеги негизги өндүрүш айыл чарбасы аба ырайына жараша болуп турат. Аба ырайы быйыл кургакчыл болду. Жаз кеч келди. Демек айыл чарбасынын продукциясынын көлөмү былтыркыдан алда канча төмөн. Бул Кумтөрү да жок эле белгилүү болуп турат. Жеке пикиримде, экономикада “өлүү” да жок, “тирүүлүк” да жок. Эл өз арбайын өзү согуп, өз оокатын өзү кылып жатат. Чакан жана орто ишканалар өз ишин токтоткон жок. Дүкөндөр толтура турат. Базар толтура турат. Баалардын өзгөрүшү өкмөттүн саясатынан эмес, дүйнөлүк баалардын өсүшүнө же төмөндөшүнө жараша болууда. Инфляция болуп жатабы же болбой жатабы - аны статистика катары гана көрсөтүп жатат. Аны башкарып, ошону жөндөп, азайышына же көбөйүшүнө таасир эткен өкмөттү көргөн жокмун.

Каржы министри Ольга Лаврова өлкөнүн экономика жана финансы системасында түзүлгөн абалды оор катары баалап, бирок бюджеттин корголгон беренелерин каржылоо үзгүлтүккө учурабасын билдирди. Ал ошондой эле бюджеттин тартыштыгы 23 млрд. сомдон ашып, аны жабуу үчүн баалуу кагаздарды чыгаруу жана сырттан насыя алуу жагы каралып жатканын кошумчалады.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бюджеттеги тартыштыкты чечүү үчүн секвесторго барарын билдирген эле. Бирок ал кадам качан жасалары азырынча белгисиз. Экономист Айылчы Сарыбаев Кыргызстан шартында секвестор зарыл, бирок ал бийликтен башталыш керек дейт:

- Эмнеден башташ керек? Өзүнөн башташ керек. Жогорку Кеңештин аппаратынан, ошого кеткен каражаттан, өкмөттөн, президенттик аппараттан башташ керек. Ал жакта президенттин башкаруу чарбасы бар, өкмөттүн алдында, парламенттин алдында башкаруу чарбалары бар. Анын баарын өз алдынча кирешеси, чыгашасы бар ишкана кылып коюшпайт. Ошолорго абдан көп көрүнбөгөн каражат кетүүдө. Анан ар бир депутатка 8 млн. сомдон кетет. Эмне үчүн? Ал эмне жумуш кылат? Ойлонуп, эсептеп көргөн киши барбы?

Кыргызстан экономикасында дагы бир таң калычтуу жагдай бул импорт менен экспорттун өтө чоң тескери сальдосуна карабай улуттук валюта сомдун туруктуулугунда болууда. Экономика жана антимонополдук саясат министри Темир Сариев аны эмгек мигранттарынын Кыргызстанга акча которуулары менен байланыштырат.

Улуттук банктын маалыматы боюнча, быйылкы жылдын алты айында эмгек мигранттары мекенине 860 млн. доллар которушкан. Бул расмий дайын болгон сан. "Ал эми реалдуу сумма андан көп болуш керек", деп эсептейт Улуттук банк.

Мына ушул эмгек мигранттарынын акча которуулары тышкы соодадагы ири тескери сальдону түзөп турат. Маселен, жети ай ичинде импорт 2 млрд. 800 млн. доллардан ашса, экспорт 863 млн. долларды гана түзгөн. Тескери сальдо 2 млрд. долларга жакындап барган.

Ошентип эмгек мигранттары өз үй-бүлөсүн эле бакпастан, мамлекеттин финансылык системасынын туруктуулугуна да салым кошууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG