Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Борбор Азия

Агадилди эскерип көчөгө чыккандар. Чымкент, 27-февраль, 2020-жыл.
Агадилди эскерип көчөгө чыккандар. Чымкент, 27-февраль, 2020-жыл.

Казак эли тергөө абагында көз жумган активист Дулат Агадил менен коштошууда. Бир топ кишилер ал «жүрөгү кармап» өлүшү ыктымал деген бүтүмгө ишенбей, «жок кылышты» деп бийликти күнөөлөштү.

Казакстанда убактылуу кармоо жайында ажалы жеткен Дулат Агадил бейшембиде жерге берилди. Агадилдин өлүмү казак коомчулугун кайрадан козгоп, полициядан тартып «Элбашы» Нурсултан Назарбаевге чейин сын-пикир менен нааразылыкты күчөттү.

Сөөк салынган табытты көтөрүп, келме келтирип бараткандар бир убакта «Чал, кет!» деп дуулдап жиберишти. Казакстанды 30 жыл бою башкарып, былтыр президенттиктен кеткен, бирок али да бийлиги зор Назарбаевге ачуулангандар демейде ушул сөздү колдонушат.

Нур-Султандын суугуна карабай Агадилди акыркы сапарга узатканы өлкөнүн чар тарабынан миңдей киши чогулду. Дагы бир нече активист тажияга жөнөп баратканда кармалып, үйдөн чыкпоо тууралуу тилкат жазып берген соң коё берилгени кабарланды.

Агадил жерге берилгенден кийин түш оой «Астана» концерт залынын жанына чогула баштаган адамдарга полиция жолтоо болуп, 20дан ашыгын кармаганын КазТАГ агенттиги билдирди.

Алматыда Дулат Агадилди эскериш үчүн чогулгандар. 27-февраль, 2020-жыл.
Алматыда Дулат Агадилди эскериш үчүн чогулгандар. 27-февраль, 2020-жыл.

Маркум активистти эскерип Актөбө, Чымкент, Орол, Тараз жана Алматы шаарларында ондогон адам пикетке чыгып, куран окуду.

Дулат Агадил Казакстандагы орчундуу жана көйгөйлүү саясий, социалдык, экономикалык маселелерге байланыштуу өз пикирин ачык айтып келген. Сот акыйкаттыгын талап кылып, резонанстуу процесстерди, митингдерди онлайн режимде чагылдырып, блогер катары да таанылган.

Агадил «уруксатсыз митинг өткөрдү», «полицияга баш ийбей койду» деген негиздер менен буга чейин бир канча ирет кармалып, былтыр эле жалпысынан 60 күндүк өмүрүн абакта өткөрүптүр.

Акыркы ирет 24-февралда баш калаада кармалып, 25инде тергөө абагында көз жумган. Полиция «буга жүрөк оорусу себепкер болушу мүмкүн» деп жатат. Мындай бүтүм пикетке чыккандарды ынандырган жок. Алардын бири оппозициядагы саясатчы Жасарал Куанышалин мындай деди:

«Дулат - Казакстандын жаңы тарыхында өзүнүн эрдиги менен көзгө түшкөн зор азамат. Аны нече ирет кармашты. Нечен ирет куугунга салышты. Ушунун баарын көргөн бийлик ал азаматты башка амал менен токтото албасына көзү жетти. Ошол себептен «көзүн тазалагыла» деген жогорудан буйрук түштү, буга эч кандай күмөн жок. Мына ошону бийликтин желдеттери, кандуу колдуу каракчылары ишке ашырды. Бул не деген нерсе? Бул Назарбаев, анын кандуу колу башкарып жаткан элибиз баягы Сталин заманында өмүр сүрүп атат деген сөз».

Куанышалин андан ары Агадилдин өлүмүн коомчулукту коркутуу аракети катары баалап, «режимге каршы аракеттерди күчөтөлү, коркуп-жазгана турган жагдай жок» деп сөзүн улантты. Ушул эле жыйынга келген режиссер Еркин Ракышев да маркум замандашын кызуулана эскерди:

Еркин Ракышев.
Еркин Ракышев.

«Дулат Агадилдин калк алдында кандай эмгеги бар?» десек, ал «жеримди чет элдиктерге сатпасын, Кытайларга бербесин» деп башын сайып күрөштү. Көп балалуу энелерибизге арачы түшүп, ошолор жардам акы алсын, балдары ыйлабасын деп күрөштү. Казактын келечеги жаркын болсун деп күрөштү. Дулат Агадил ошол жолдо далай соттолду. Көптөгөн куугунтуктарды көрдү».

Эскерүүгө чогулгандар Агадилдин өлүмү ачык-айкын иликтенишин, «буйрукту аткаргандар жана бергендер жазаланышын» талап кылышты.

Бул көрүнүшкө эл аралык коомчулук да тынчсыздануу менен көз салууда. Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти, Британиянын Казакстандагы элчилиги, ЕККУнун өкүлчүлүгү Агадилдин өлүмү «толук жана терең» иликтенишин күтүп жатышканын билдиришти. Алардын кайрылууларында адам укуктарын коргоо, саясий эркиндикти камсыз кылуу үчүн президент Касым-Жомарт Токаев убада кылган реформалар ыкчам ишке ашырылышы керек экендиги белгиленди. Президент Токаев активисттин өлүмүнө байланыштуу пикирин билдире элек.

Маркум Дулат Агадил 43 жашта болчу. Артында келинчеги, алты баласы калды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Аязды тоготпой, бугу минген ненистер
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:58 0:00

Орусиядагы учу-кыйыры көрүнбөгөн Ямал тундрасында 60 градустук суук кадимки Арктиканы элестетет. Бул өрөөндө кыш ноябрь айынан майга чейин созулат. Аңчылык кылып, балык уулап, бугу баккан жергиликтүү ненис эли сөөк какшаткан суукка көнүп бүткөн. Тери алачыктын ичинде отту алоолонто жагып, сырттагы аязды капарына албай тирлик кылып келе жаткан элдин турмушу тууралуу баян.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG